Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Суу айымы”, же бала бакчанын педагогу кантип Бирдик айылындагы 100дөн ашык үйдү таза суу менен камсыз кыла алды?

2022-02-14 / Жашоо шартты жакшыртып, өнүктүрүү үчүн каражаттарды тартуу
“Суу айымы”, же бала бакчанын педагогу кантип Бирдик  айылындагы 100дөн ашык үйдү таза суу менен камсыз кыла алды?

Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылдык аймагында Таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесин жетектеп берүү сунушталганда башталгыч класстын мугалими Айгерим УТУРКЕЕВА бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жүргөн.

Өзү кош бойлуу экенине карабастан бул өтүнүчтөн баш тарта алган жок: “Такыр өкүнгөн жокмун. Мен бир маалда адамдар менен иштешүү, аларга жардам берүү, керектүү адам болуу мага кубаныч тартуулаганын сездим, - дейт УТУРКЕЕВА. – Ар бир ремонт көз алдымда болду, тетиктерди өзүм сатып алчумун, иштин майда-чүйдөсүнө аралашып турдум”.

2017-жылы Айгерим айылдык аймакты көрктөндүрүү боюнча конкурста Гроздь айыл өкмөтүнүн азыркы башчысы Тимур ЖУМАЛИЕВдин атаандашы болгон. Алар ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун каржылоосун алуу мүмкүнчүлүгү үчүн ат салышкан. Айгерим Бирдик айылындагы жүз жаңы үйгө жалпы узундугу бир жарым чакырымды түзгөн суу түтүктөрүн өткөрүүнү сунуштап, “Суу – жашоо булагы” долбоорун даярдаса, Тимур ЖУМАЛИЕВ Гроздь айылында футбол талаасын куруу демилгесин көтөрүп чыккан. “Техникалык мүнөздөгү сунушту даярдоо мен үчүн кыйын болгон жок, – дейт Айгерим. – Мен ТСКАКБны эки жылдан бери жетектеп келгендиктен демилгем айылдаштарымдан колдоо табаарын жакшы билчүмүн”. Ошондой эле болду, аймактын тургундары анын долбоорун жактырышкан.

Айгерим жыл бою документтер менен иштеген. Акыры, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору грант түрүндө миллион сом бөлүп берген суу менен камсыздоо тармагын салтанаттуу ишке киргизген күнү да келди. “Бул абдан толкундандырган маал эле, себеби ачылышка бир нече күн калганда, 2017-жылдын 25-октябрында төртүнчү кызымды төрөдүм, – деп бөлүштү келин. – Көптөн бери күтүп жүргөн ачылыш аземин өткөрүп жибере албай, ымыркайымды көтөрүп алып, экөөбүз чогуу катышып келдик. Тармак менен баланын туулган күнү биз үчүн маанилүү болуп калды, эми эки майрамды бир күндө белгилеп жүрөбүз”.

Айыл эли Айгерим УТУРКЕЕВАнын ийгилигине көзү жетип, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо анын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришкен. “Гроздь кеңешинин өзгөчөлүгү – аялдар квота боюнча эмес, шайлооулардын эң көп добушун алып өтүштү. Бул бизге, аялдарга, жоопкерчиликти ого бетер күчөтөт, - дейт УТУРКЕЕВА. – Депутаттык ишиме ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун тренингдери жардам берип жатат. Бюджеттик угууларды өткөрүү, аткарылган иштерге мониторинг жүргүзүү, артыкчылыктуу маселелерди аныктоо – бул мен ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жардамы менен өздөштүргөн көндүмдөр. Эмне үчүн мен депутат болууну чечтим? Көбүрөөк инвестиция тартуу үчүн. Бул иш менин колумдан келет. Аймакта азыр бир топ көйгөйлөр бар. Канализация таштандыларды жок кылуунун заманбап жана ыңгайлуу жолу болуп эсептелгенине карабастан, биздеги кожолуктар дагы эле септиктерди колдонуп келишет. Жакында Гроздь жана Бирдик айылдарына канализация системасын куруу боюнча сунуштарды даярдайм, мен эсебим боюнча, бул жумуштарга кеминде жыйырма миллион сом талап кылынат”.

Айгерим УТУРКЕЕВА ТСКАКБдагы алгачкы тажрыйбасын көп эскерет. Ал бирикмеге жетекчи болуп келээри менен ага Гроздь айылындагы 24 батирлүү үч кабаттуу үйдүн жашоочулары кайрылышкан. Үйдүн жертөлөсүндөгү канализация түтүктөрү чирип, бардык саркынды суу түз эле жер төлөгө агып кеткени көйгөйлүү маселе эле. Таштандылардын деңгээли жарым метр бийиктикке жеткен. Ал эми ошол чыла жылдар бою чирип отуруп, үйдүн тегерек-четинен сасык жыт кетчү эмес. Биринчи кабаттын жашоочулары өзгөчө кыйналышты. Үй акырындап отуруп басылып бараткан.

Тургундар өз күчү менен ремонт жасоого аракет кылып, телевидениени чакырып, ар кандай органдарга кайрылып келишкен. Бирок маселени эч ким чече алган эмес. “Мен бул акылга сыйбаган көрүнүштү көргөндө айламды таппай калдым. Атайын кызматтар жасай албаган нерсени мен кантип оңдомок элем? “Бул кыздын колунан эмне келмек эле?” деп, адамдар да шек санап турушту. Бирок, менде бир нерсе ойгонгондой болду: мен жасабасам, анда муну ким жасайт? дедим. Бул чыныгы чакырык болду”, - деп эскерет Айгерим.

Ошентип эки күндөн кийин башынан көптү өткөргөн үйдүн жер төлөсү да тазаланды. Бул кантип ишке ашты?

“Үй-бүлөм мени колдобосо, мен өзүм эч нерсе кыла алмак эмесмин, – дейт УТУРКЕЕВА. – Жолдошум, иним жана кайын атам – колунан баары келген адамдар, алар ТСКАКБда сантехник болуп иштешет, алар болгон кара жумушту өз мойнуна алышты: адегенде имаратты чыладан тазалап, андан соң бардык иштебеген жерлерин оңдоп чыгып, түтүктөрдү алмаштырышты”.

2019-жылы ТСКАКБнын ордуна “Ынтымак Гроздь” муниципалдык ишканасы түзүлүп, ал таза суу менен камсыздоо функцияларын өзүнө алган. Биздин каарман ушул күнгө чейин сүйүктүү мекемесинде эмгектенип келатат. Ал эми 2020-жылдын 1-апрелинде Айгерим бешинчи кызын жарык дүйнөгө алып келди. Бирок эми бул таптакыр башка окуянын башаты...