Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөт башчысы пландаганды жакшы билсе, анда ал өнүктүрүү үчүн ресурстарды тарта алат

2022-02-14 / Жашоо шартты жакшыртып, өнүктүрүү үчүн каражаттарды тартуу
Айыл өкмөт башчысы пландаганды жакшы билсе, анда ал өнүктүрүү үчүн ресурстарды тарта алат

Ар бир айыл өкмөттө жасалчу иштер өтө көп. Тургундардын кайрылууларына жооп берип, чукул маселелерди тез арада чечип, мамлекеттик органдардын каттарына жооп берүү зарыл. Бирок өнүктүрүү маселелери менен алектенип, эртеңки күндү, келечек муунду да унутпаш керек. Жергиликтүү бюджет талаптагыдай каражат бөлүүгө чамасы жетпей турганда ишке ашыруу үчүн убакытты, идеяларды, каражатты кайдан тапса болот?

Кыргызстанда 377 айыл өкмөтү же 84 пайызы мамлекеттик казынадан жардам алып, дотацияда турат. Муниципалитеттердин бюджеттери кызматкерлердин өтө жупуну эмгек акысына, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, социалдык төлөмдөргө жумшалат. Ушинтип отуруп, өнүктүрүү үчүн каражат өтө аз калат.

Күчтүү айыл өкмөт башчылары кошумча каржылоо булактарын сырттан издешет. Долбоорлорго катышууга аракет кылып, КР Финансы министрлигине дем берүүчү гранттарды сурап кайрылып, түз инвесторлорду тартып келишет. Буга карабастан, 2021-жылдын 21-октябрында ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык кеңешмесинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек ЖАПАРОВ “айыл өкмөт башчылары демилге көтөрбөгөнүн, калктын ишеними аз болгонун, аймактардын экономикалык өнүгүүсүндө жыйынтыктардын жоктугун” белгилеген. 

Аткаминердин айтымында, көпчүлүк айыл өкмөттөрү жергиликтүү бюджетти толтуруунун кошумча булактарын издешпейт. Анткен менен өлкөдө көптөгөн донордук уюмдар иштеп жатат. Эл аралык түзүмдөр акчасын мектептерде тамактанууну жакшыртууга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө, таза суу менен камсыздоого жана башка көптөгөн максаттарга жумшашат. Ошондуктан алар айыл өкмөттөрү менен сөзсүз байланышат.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ишке ашырган, аймактардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн гранттар программасы - “инвестициялык машыктыргыч” кызыктуу механизм болуп калды. Гранттык каражаттарды тартуу үчүн бул программага каалаган айыл өкмөтү (Талас жана Баткен облустарынын муниципалитеттеринен башкасы) катыша алат. Жыйынтыгында айыл аймактары 128 миллион сом бөлүнгөн 128 долбоорду ишке ашырды, ал эми миллиондон ашык адам бул долбоорлордун таасирин сезди. Маселен, бала бакча ачылса, ага жүз бала барат. Суу түтүктөрү тартылып келсе, миң адам таза суу ичип калат. Гранттын 70 пайызга жакыны инфраструктуралык объектилерди калыбына келтирүүгө багытталган.

Тренингдер жана “инвестициялык машыктыргыч” ЖӨБ органдарынын ишине зор таасирин тийгизди. Жетекчилер аймакка тыштан акча тартып келип, муну менен аны өнүктүрө аларын түшүнүштү. Бюджетти “жулмалап”, калк менен айтышуунун кереги жок, болгону изденүүчү, стратег, прогрессивдүү башкаруучу жетиштүү.

Бул каражаттарды таап келүүдө негизги милдет айыл өкмөт башчыларына жүктөлгөн. Жетекчи каражат тартуу менен кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртө алат. Ошону менен бирге ал өзгөрбөс бир эрежени сактоого тийиш – жамааттын пикири менен эсептешип, бардык процесстерге жарандарды тартышы керек.

Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруунун лидерлери бул тууралуу кандай ойдо?

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек КАМБАРОВ: “Мен жакында эле айыл өкмөт башчы болдум, бирок азыртан эле катуу чыңалууну сезип жатам: түрдүү уюмдар жана адамдар менен көп иштешиш керек экен, аларды кепке тартып, ынандыруу зарыл. Биздин аймак борбордон алыс, тоонун ортосунда жайгашкандыктан эки эсе көп күч талап кылынат. Себеби, аймакка акчаны эч ким өзү алып келбейт. Ар бир муниципалитет кандайдыр бир жетишкендикке умтулушу керек деп ойлойм. Долбоорлорду издеп, өтүнмөлөрдү жазып, дал ушул силердин жамаатыңар маанилүү иштерди жасоого муктаж болгонун далилдешиң керек. Бир сөз менен айтканда, донорлор бизге пландарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бериши үчүн абдан жигердүү болуш керек. Эгерде мындай болбосоң, үнүң эч кимге жетпей калат. Учурда параллелдүү түрдө бир нече донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз туризмге, айыл чарбага, мал чарба продукциясын кайра иштетүүгө инвестицияны тарткыбыз келет”.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат МУКАЛАЕВ: “Биздин аймакта болуп жаткан иштердин баары долбоорлорго же конкурстарга катышканыбыздын эсебинен ишке ашууда. Айыл өкмөттүн бюджети көп иштерди жасоого мүмкүнчүлүк бербейт. Акчанын көбү кызматкерлердин айлыгына жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө эле кетип калат. Мен төртүнчү жолу айыл өкмөт башчы болуп келдим, кандай долбоорлор ишке ашырылып, кандай донорлор иштеп, кандай максаттарды көздөп жатканын жакшы билем. Өтүнмөлөр кантип жазылаарын да билем. Ошондуктан, менин тажрыйбам тапшырмаларды аткарууга тез арада киришип кетүүгө мүмкүндүк берет. Албетте, облус борборуна, Бишкекке көп каттоого туура келет, көп маселелерди онлайн чечүү мүмкүн эмес. Бирок ушундай иштердин акыбети кайтат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташуу мен жергиликтүү кеңештин депутаты, андан кийин Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысы болгон мезгилге туура келген. Көптөгөн жакшы жыйынтыктарга жетише алдык. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунан үйрөнгөнүмдү азыр Жыргалаң айыл өкмөтүндөгү ишиме да киргизип жатам. Долбоор жыйынтыкталып жатат, бирок бизге колдоо керек: себеби айыл өкмөт башчылардын көбү жаңы, депутаттар болсо кайрадан шайланбадыбы”.

Ак-Суу районунун акиминин орун басары, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Максат ДОРБАЕВ: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында иштегениме 16 жылдан ашты: салык кызматкери, социалдык адис, жооптуу катчы болдум, 28 жашымда биринчи жолу айыл өкмөт башчысы болдум. Азыр 37 жаштамын, Ак-Суу районунун акиминин орун басары болуп иштейм. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташуум 2012-жылы Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жүргөндө башталган. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору аймакка жамаат менен биргеликте өнүгүү планын иштеп чыгууга жардам берген. Пландын аткарылышынын жыйынтыгында аймакка көлөмү 89 миллион сомдук инвестиция келген. 2015-жылы менин демилгем менен стратегиялык план кайра жазылып чыккан. Ошентип кайрадан жигердүү мезгил башталган эле: жолдорго асфальт төшөлүп, электр жарыгы орнотулуп, суу жеткиргенбиз. 2017-жылы Ак-Чий айыл өкмөтү өкмөттүн “Мыкты аймак” конкурсунда 2-орунду ээлеген. Бул конкурста инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу баалоонун критерийлеринин бири болгон. Жалпысынан 2012-2019-жылдар аралыгында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташуунун натыйжасында долбоордон алган билимди, анын ичинде “инвестициялык машыктыргычты” колдонуу менен Ак-Чий айылдык аймагы тыштан 700 млн. сом жардам алууга жетишкен, 34 долбоор ишке ашырылган: мектептер, бала бакчалар жана башка инфраструктуралык объектилер курулган. Каражат республикалык бюджеттен, бейөкмөт уюмдардан жана эл аралык уюмдардан тартылып келген. Ошол тажрыйбага таянуу менен 2019-жылдан 2021-жылга чейин айыл өкмөт башчы болуп иштеген Ноокат районуна инвестиция тартууга жетиштим. Ошондо мен ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунан алган билимимди колдондум: ачык бюджет жана жарандарды бюджеттик процесске тартуу принциптерин киргиздим. Натыйжада бир жыл ичинде айыл өкмөттүн бюджети 14 миллион сомдон 16 миллион сомго чейин көбөйгөн. Учурда Челпек айыл өкмөтүнүн стратегиялык планын жазууга жардам берип жатам. Планды жазуудагы жаңы ыкманын маңызы мындай: планда колдо болгон каражаттын эсебинен чечүүгө мүмкүн болгон көйгөйлөрдү гана көрсөтпөстөн, башка кызыкдар тараптарга көрсөтүү үчүн жалпысынан муктаждыктарды жана көйгөйлөрдүн баарын баяндап, жамаат ошол жардамды алса, кандай жыйынтыктарга жете алаарын да кошо белгилеп жазыш керек. Муктаждыктарды сабаттуу түрдө чечмелеп, сүрөттөп берүү, өз салымыңды да кошуу үчүн кошо каржылоого даярдыгыңды көрсөтүү жардамды тартып келүүгө көмөктөшөт. Азыр мамлекеттик кызматкер катары мен ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен иштөө процессинде зор тажрыйбага ээ болдум деп айта алам. Эми айыл өкмөт башчылары менен иштешип жатканда, өнүктүрүүгө кошумча каражаттарды кантип натыйжалуу тапса болоорун айтып, кеңеш берип турам”.

Тойчубай ПИРМАТОВ, Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы: «Мурда биз социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларыбызды иш жүзүндө кантип аткараарыбызды түшүнбөй иштеп келгенбиз. Программалар “кагазда жашачу”, ал эми биз программаларыбыздан өзүнчө жашадык. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен биз программаларды иштеп чыгуунун жаңы ыкмасын үйрөндүк. Мисалы, 2020-2022-жылдарга айылдык аймактын өнүктүрүү программасы эми жыл сайын бюджетти кабыл алуу менен бирге такталып турат. Көчөлөрдү жарыктандырып, арыктарды тазалап же жаңы мектеп салабыз десек, жылын, суммасын көрсөтүшүбүз керек, эгерде буларды программада көрсөтпөстөн талап кылсак, акча бөлүнбөйт. Бюджет жыл сайын программага ылайык такталып турат. Маселен, арыкты тазалоо үчүн мурда 100 миң сом көрсөтүлсө, быйыл күйүүчү май кымбаттап кеткендиктен бул суммага тазалай албайбыз. Ошондой эле өзгөртүүлөр да киргизилип жатат. Ар бир айыл өкмөттө жаңы Бюджеттик кодекске ылайык ушундай программа болушу керек”.