Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
“Эт” кластери. Ат-Башынын “Жанар жана Бек” ишканасы күч мекемелерин консерваланган эт менен камсыздайт
Түрмөктүн материалдарын EGED программасынын алкагында ӨСИнин жана БАЖБАнын буйрутмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА даярдады
Ат-Башы районундагы “Жанар жана Бек” ЖЧКсы деп аталган ишкананы уникалдуу десе болот. Бул ишкана Нарын облусундагы этти кайра иштетүүчү алдыңкы компания болгондон тышкары, чыгарылган продукциянын арасында консерваланган топоздун эти да бар. Райондун СЭӨПсына киргизилген иш-чараларды ишке ашыруунун, мамлекеттик органдар менен тыгыз эриш-аркак иштешүүнүн жана алардын “Эт” кластерин колдоосунун натыйжасында “Жанар жана Бек” өндүрүштү кеңейтүүдө. Мында пайданы ишкананын өзү гана эмес, ошондой эле аны менен байланышкан кооперативдердин өндүрүштүк чынжырчалары да алууда. Чынжырчанын бардык катышуучулары программага киргизилген иш-чаралардан пайда алышууда – мал ылаңдарына карата алдын алуу чаралары, инвестициялык форум, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, кооперативдердин потенциалын жогорулатуу, ветеринардык сервисти өнүктүрүү жана башкалар бар.
Ат-Башы айылындагы ишкана 2014-жылы өз ишин баштаганда, анын өндүрүштүк кубаттуулугу чакан эле болчу. Бирок бир жылдан кийин компаниянын бизнес-планын БУУнун Өнүктүрүү программасы каржылап, өнөр жайлык консервалоо линиясы ишке киргизилген.
“Эталон” соода маркасы менен чыккан “Жанар жана Бек” продукциясын негизинен ӨКМ, ИИМ, Коргоо министрлиги жана Мамматрезерв сатып алат. Жыл сайын 30 тонна консерваланган эт жана балык, 20 тонна консерваланган ботко чыгарылып турат.
Азыр компания өнүгүүнүн кийинки этабынын босогосунда турат: модернизациялоого жана кеңейтүүгө өтүп жатат. Ушул максатта ишкана 2020-жылы мал союу боюнча цех кура баштаган.
Мал союучу цехти жабдууга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен “Жанар жана Бек” “Рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу” долбоорунун конкурстук гранттарынын программасына кайрылган. Бул долбоорду Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги ишке ашырууда. Долбоор компаниянын Ат-Башы районунда эттин кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү боюнча дараметин байкап, 94 миң АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөткөн.
Адегенде ишкана Жол картасын даярдап алган, анда кошумча нарк чынжырынын катышуучуларынын – компаниянын өзүнүн жана кооперативдердин өнүгүүсү чагылдырылган. Чынжырдын лидерлери өздөрүнүн экономикалык ишинин жүрүшүндө чакан катышуучулар –кооперативдер, ветеринардык кызмат көрсөтүүчүлөр жана башкалар менен эриш-аркак иштешкени, алар болсо өз кезегинде бири-бири менен тыгыз интеграциялоо аркылуу киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшырта алганы маанилүү көрүнүш.
Кубаттуулукту жогорулатуу иштин коштоочу түрлөрүн көбөйтүү дегенди билдирет. Эми кызыкдар дыйкандар ишканага чийки затты көбүрөөк көлөмдө жеткирүү процессин жөнгө салуу үчүн биригүүнү көздөп жатышат. Учурда мал менен Ат-Башы жана Нарын райондорунда жайгашкан “Азим С”, “Нур”, “Ат-Башы Кенч”, “Достук Агро” жана “Келечек Агро” аттуу беш кооператив камсыздап жатат. Бул дыйкандардын бирикмелери да аталган долбоордон тоют базасын жана малдын өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн айыл чарба жабдуулары түрүндө гранттык жардам алышкан, себеби долбоорду каржылоо чынжырдын бардык катышуучуларына тиешелүү болчу.
“Жанар жана Бек” аны менен кызматташкан кооперативдерди эт багытындагы бодо мал, ошондой эле концентрацияланган тоюттарды өндүрүү боюнча линия жана айыл чарба техникасынын ар кандай түрлөрү менен камсыз кылууну пландаштырууда.
Ишкана дыйкандар малды союм үчүн көбөйтсө, тоюттандырылбай, тирүүлөй сатканга караганда кеминде 30% көбүрөөк киреше табат деп эсептейт. Башкача айтканда, малчыларда кепилденген чоң киреше булагы пайда болот.
Чынжырчанын бардык катышуучулары – “Жанар жана Бек” жана ага байланыштуу кооперативдер – “Сүт багытындагы бодо малды көбөйтүүнүн жана багуунун негиздери”, “Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу”, “Эт багытындагы малды өстүрүүнүн жана багуунун негиздери”, “Эт багытындагы малдын породаларын тандоодо негизги талаптар” сыяктуу темаларга уюштурулган тренингдерден өтүштү.
Окшош материалы:
-
№12 (158) / 2024-12-31 Ат-Башы районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоого себепчи болгон жагдайлар
-
№12 (158) / 2024-12-31 Ак-Моюн айылдык аймагы: туризм жана экология – муниципалдык СЭӨПнын алкагында айкалыштырылган маселелер
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Туризм” артыкчылыгы: Ат-Башы районунун туристтик брендин өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Мөмөлөр” кластери. Нарын дарыясынан крокодилди табуу мүмкүн эмес, бирок Нарында кулпунайды өстүрсө болот
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Сүт” кластери. Кыялдан башат алган өздүк бренд: “Ак-Каймак” базарды кантип багындырды
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Бал” кластери. Ийгиликтин сыры – аарылардай эле эмгектенүү
-
№12 (158) / 2024-12-31 Ат-Башы районунун портрети: уламыштар жеринен баштап, ар тараптуу жана агрардык, өнөр жайы өнүккөн аймакка чейин
-
№12 (158) / 2024-12-31 Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: тандап алган жолуңузга ишениңиз! Биз да өз жолубузду тандап алдык