Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
“Бал” кластери. Ийгиликтин сыры – аарылардай эле эмгектенүү
Түрмөктүн материалдарын EGED программасынын алкагында ӨСИнин жана БАЖБАнын буйрутмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА даярдады
“Бал” кластери популярдуу жана модалуу, Ат-Башы балынын брендин колдойт жана балчыларга жардам берип келет. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында райондо өткөрүлгөн фестивалдарда жана жарманкелерде бал ар дайым суроо-талапка ээ болгон азык. Балдын идишин ачканда, ар бир сатып алуучу мындай сүрөттү элестете алат: гүл талаасында күн батып баратат, бул маалда бал үйлөрү алтын илешкектүү суюктукка толуп, андан соң баркыттай таттууга айлана баштайт. “Аарылардын өмүрү өтө кыска экенин билчү белеңиз? – он үч жылдык стажы бар бал челекчи жыгачтын рамкасынан момду дыкааттык менен кесип берүүдө. – Бал чогултуу учурунда жумушчу аарылар кырк күнгө чейин гана жашашат. Өмүрү ушунчалык кыска болсо да, алар акыркы мүнөттөргө чейин эмгектенишет”. Ат-Башы районунун балчылары да ушинтип эле эмгектенишет, ал эми аларга ийгиликке жетүүгө координация, мамлекеттин колдоосу жана кесиптик ассоциация жардам берип келүүдө.
Рахатбек ТОКТАЛИЕВ балчылык менен он үчүнчү жылдан бери алектенет. Кайсы бир кездери балчылык жөн гана ышкысы болчу. Бал чогулткан мезгилде Рахатбек гүлдөрдү издеп, бир жайлоодон экинчисине 150 бал челекти ташыйт.
Нарын облусундагы Куланак – абдан өндүрүмдүү жайлардын бири. Жайында ал эспарцет жана тоо тектеринин гүлдөрүнө толуп калат. Бал челектер жашыл жайытта түркүн аралча болуп жайылып, тоонун абасы жумушчу аарылардын ызылдагына толуп калат. Бирок, балчылардын бир калыптагы жана жайбаракат жашоосу чындыгында түйшүккө толгон.
“Мен башында бул ишти оңой деп ойлогондуктан киришкен элем, – деп мойнуна алды Рахатбек. – Бирок, чынында, түйшүгү өтө көп экен. Алардын эң башкысы – бул балды сатуу”. Кыйынчылыктарды чогуу жеңүү үчүн Ат-Башы районундагы жыйырма дыйкан “Ат-Башы Ак Бал” кооперативине биригишкен. 2022-жылы бирикме “Рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу” долбоорунан 80 миң АКШ долларынын тегерегинде грант утуп алган. Бул долбоорду Суу ресурстары, айыл чарбасы жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги ишке ашырып келүүдө. Бул грантка 400 аары, бал чыгаруучу жайды, күн батареяларын жана лабораториялык жабдууларды сатып алышкан.
Бүгүнкү күндө “Ат-Башы Ак Балынын” миң бал челеги жылына 100 тоннага чейин жогорку сапаттагы бал өндүрүүгө мүмкүндүк берет, ал кошумча нарк чыжырынын лидери – “Нур Бал” кайра иштетүүчү ишканасына жеткирилет. Ички рыноктон тышкары, бал чакан партиялар менен Жапонияга да экспорттолот.
Кооперативдин планында балды кайра иштетип, экспортко даярдай турган логистикалык борбор куруу каралган. Мындай база өндүрүштү натыйжалуу башкарууга, продукциянын сапатын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Дыйкандар алдыга максат койгонду үйрөнүштү, ал эми бири-бирин түшүнө билүү жарты ийгилик эмеспи. Балчылардын ниетин колдоо максатында Ат-Башы айыл өкмөтү EGED Программасынын колдоосу менен СЭӨПны толуктап иштеп чыгып, кластердик колдоону өзүнүн өнүктүрүү программасына киргизип, логистикалык борбор үчүн жер тилкесин бөлүп берди.
“Ат-Башы Ак Балы” бизнес идеядан түзүлгөн – европалык PDO сертификатын алуу максаты көздөлгөн, бул сертификат продукция белгилүү бир аймакта өндүрүлгөнүн жана ага мүнөздүү сапаттарга ээ болгонун тастыктайт. “Мындай сертификатка Кыргызстандан биз гана талапкер болуп жатабыз, – деди кооперативдин төрагасы Рахат ТОКТАЛИЕВ. – Бирок, аны алуу үчүн бизде бал чогултулган жана белгилүү бир шарттарда сактала турган, лабораториялык текшерүүдөн өткөн, кайра иштетилген жана таңгакталып салынган база болушу керек – мунун баары бир жерде болууга тийиш. Биз ушундай борборду кургубуз келет жана учурда каражат издеп жатабыз, бизге 100 миң долларга жакын каражат керек. Сертификатты алып, соода-логистикалык борборду түзүү менен биз балчылыктын үч негизги көйгөйүн чече алмакпыз. Ал көйгөйлөр: чийки зат чоң көлөмдө жок, продукциянын сапаты төмөн жана бал сатылчу рынок өтө кичинекей. Биз үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кластерди өнүктүрүүнүн маанисин түшүнүп, колдоп жатканы маанилүү, ал эми логистикалык борборду куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү буга ачык далил болуп саналат”.
“Базарда сапатсыз продукция көп, айрыкча оңой эле жасалмалап коюуга боло турган ак бал са-тылууда, – деп бөлүштү “Ат-Башы Ак Балдын” кошо негиздөөчүсү Ажыбек АЖЫБАЕВ. – Бул сапатты көзөмөлдөө системасы жолго салынбаганынан улам болуп жатат. Кыргызстанда балчылар адатта чийки затты талап кылынгандай шарты жок сакташат: бири сарайда, экинчиси бөлмөдө, үчүнчүсү дагы башка ылайыксыз жерде кармайт. Эгерде таза балдын негизги массасын антибиотиктер менен аралаштырып салса, экспортко даярдалган бардык партия жараксыз деп таанылат. Мындай окуя пандемияга чейин болгон: Мединага жөнөтүлгөн 20 тонна бал Кыргызстанга кайтарылган. Товар лабораториялык параметрлер боюнча өтпөй калган – жиберилип жатканда текшерилгени менен, анда антибиотиктер бар экени аныктал-ган. Негизи эле көптөгөн өлкөлөрдө балдын сапаты дээрлик 20 критерийлер боюнча текшерилет, бизде болсо эки гана критерий бар. Ошондуктан биз анализди Алматыда аккредитациялоодон өткөн лабораторияга тапшырабыз”.
“Бал” кластерин райондун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун артыкчылыктарына киргизүү жалпы күч-аракет менен логистикалык борбор курулуп, Ат-Башы балынын бренди чет өлкөлөрдө таанылып, жакшы суроо-талапка ээ болуп, жаңы деңгээлине чыгат деп үмүттөнүүгө мүмкүндүк берүүдө.
Окшош материалы:
-
№12 (158) / 2024-12-31 Ат-Башы районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоого себепчи болгон жагдайлар
-
№12 (158) / 2024-12-31 Ак-Моюн айылдык аймагы: туризм жана экология – муниципалдык СЭӨПнын алкагында айкалыштырылган маселелер
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Туризм” артыкчылыгы: Ат-Башы районунун туристтик брендин өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Мөмөлөр” кластери. Нарын дарыясынан крокодилди табуу мүмкүн эмес, бирок Нарында кулпунайды өстүрсө болот
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Сүт” кластери. Кыялдан башат алган өздүк бренд: “Ак-Каймак” базарды кантип багындырды
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Эт” кластери. Ат-Башынын “Жанар жана Бек” ишканасы күч мекемелерин консерваланган эт менен камсыздайт
-
№12 (158) / 2024-12-31 Ат-Башы районунун портрети: уламыштар жеринен баштап, ар тараптуу жана агрардык, өнөр жайы өнүккөн аймакка чейин
-
№12 (158) / 2024-12-31 Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: тандап алган жолуңузга ишениңиз! Биз да өз жолубузду тандап алдык