Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
“Сүт” кластери. Кыялдан башат алган өздүк бренд: “Ак-Каймак” базарды кантип багындырды
Түрмөктүн материалдарын EGED программасынын алкагында ӨСИнин жана БАЖБАнын буйрутмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА даярдады
Чолпон ӨМҮРКАНОВА менен Таалай ШАРШЕЕВдин үй-бүлөсүнүн таржымалы жөнөкөй тилектен башталган: алар башка бирөөлөр үчүн иштебестен, аз айлыктан баш тартып, өз билимин жана көндүмдөрүн колдоно башташты. Алардын жолу оңой болгон жок. Бирок азыр бардык кыйынчылыктар артта калды. Жубайлардын мисалы тырышчаактык жана эмгек чакан иш-аракет кантип кирешелүү бизнеске айланып кете алаарын тастыктап турат. Чолпон – “Ат-Башы ишкерлери” Ассоциациясынын мүчөсү. Бул ассоциация Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында “Сүт” кластерин өнүктүрүү максатында райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана Координациялык кеңештин колдоосу менен түзүлгөн. Координациялык кеңештин көмөгү менен райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы уюштурган Инвестициялык форум маалында Чолпон өз продукциясын тийиштүү деңгээлде кеңири чөйрөгө тартуулай алды, бул болсо ыктымалдуу кардарларды көбүрөөк тартууга мүмкүндүк берди.
Өз ишин ачуу чечими көпкө ойлонулуп кабыл алынган. 2019-жылы Нарын шаарынан кичи мекени Ат-Башыга келгенден кийин Чолпон жана Таалай сатыкка чыгаруу үчүн курут жасап көрүүнү чечишкен. Биринчи тажрыйба ийгиликтүү болуп, курут тез эле сатылып кеткен. Бул жубайларды йогурт жана каймак сыяктуу сүт азыктарынын башка түрлөрүн чыгаруу жөнүндө ойлонууга шыктандырды.
Идеяны андан ары ишке ашыруу максатында үй-бүлө Ат-Башыда биротоло орун алып, кыйла көбүрөөк көлөмдө продукцияны даярдоо үчүн коңшу айылдардан сүт жыйноо менен алектене баштаган. Алгач баары кыйын болду: көчөдө казанда сүттү кайнатышчу, өндүрүш үчүн жай тар эле, кардарларды да табуу оңой болгон жок. Акыры ишкерлер продукциянын бир нече түрү менен рынокко чыкканда, алар өзгөчө суроо-талап бар экенин көрүшкөн эмес, себеби атаандаштык күчтүү эле. “Бирок биз эң оболу өзүбүзгө ишенип, алакан жайып отурбайбыз деп чечкенбиз”, – деп эскерет ошол күндөрдү Шаршеев.
Убакыттын өтүшү менен биринчи кардарлар кайтып келип, сүт азыктарын алардан гана сатып ала башташты. Кардарлар азыктын табигый жана назик даамын белгилешти. Бул болсо ишкерлерди ого бетер шыктандырды. “Өндүрүштүк эксперименттер” башталгандан беш ай өткөндөн кийин эле Чолпон менен Таалай насыя алып, жеке ишкерликке документтерди тариздеп, жабдууларды сатып алышкан. Дал ошол убакта алар өз продукциялары үчүн “Ак Каймак” брендин ойлоп табышкан.
Акчанын тартыштыгынан улам үй-бүлөнүн цехти кеңейтүүгө чамасы жетпегендиктен, үйдүн бир бөлүгү өндүрүшкө айландырылган.
2021-жылдын январында ишкерлер жаңы продуктуну – түрк айранын ишке киргизишти. Башында кардарлардын назарын буруу үчүн айранды акысыз таратышкан. Ал эми айранды базарга биринчи жолу алып чыкканда ошол замат 7 000 сом табышкан. Бул ийгилик болду. “Биз жөн эле аракет кылып көргүбүз келди, бирок мындан чоң бизнеске жол ачылды”, – деп эскерет ӨМҮРАКУНОВА.
Продукциянын бардык түрлөрүнө суроо-талап өсүп, дүкөндөр өндүрүүчүлөргө товарды алардын сатуу пункттарына гана жеткирүү өтүнүчү менен түз кайрыла башташты.
Ушул тапта “Ак Каймак” бренди менен бышкан май, куруттун бир нече түрү, быштак, йогурт, каймак түрүндө берилген. Азыктар Ат-Башы жана Кочкор райондорунун, Нарын шаарынын дүкөндөрүндө жана базарларында, ошондой эле “Глобус” соода борборунда да сатылып келатат. “Биздин өнүмдөр адамдарга жагарын билчүбүз, себеби аларды өндүрүүгө жан-дилибизди берип, сапаттуу жасайбыз. Биздин бизнесибиз өсүп жатат, бизге сүт тармагы райондун экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп калганы маанилүү, бийлик бизге көңүл буруп жатканын сезебиз жана бул бизди кубандырат. Ал эми район жана Координациялык кеңеш өткөрүп жаткан иш-чаралар биздин продукцияны андан ары да таанытууга жардам берүүдө”, – дейт Чолпон.
Окшош материалы:
-
№12 (158) / 2024-12-31 Ат-Башы районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоого себепчи болгон жагдайлар
-
№12 (158) / 2024-12-31 Ак-Моюн айылдык аймагы: туризм жана экология – муниципалдык СЭӨПнын алкагында айкалыштырылган маселелер
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Туризм” артыкчылыгы: Ат-Башы районунун туристтик брендин өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Мөмөлөр” кластери. Нарын дарыясынан крокодилди табуу мүмкүн эмес, бирок Нарында кулпунайды өстүрсө болот
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Бал” кластери. Ийгиликтин сыры – аарылардай эле эмгектенүү
-
№12 (158) / 2024-12-31 “Эт” кластери. Ат-Башынын “Жанар жана Бек” ишканасы күч мекемелерин консерваланган эт менен камсыздайт
-
№12 (158) / 2024-12-31 Ат-Башы районунун портрети: уламыштар жеринен баштап, ар тараптуу жана агрардык, өнөр жайы өнүккөн аймакка чейин
-
№12 (158) / 2024-12-31 Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: тандап алган жолуңузга ишениңиз! Биз да өз жолубузду тандап алдык