Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (159) 30 Январь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Социалдык өнүгүү: “Кызыл” үйдөн инновациялык китепканага чейин: райондун маданий “жүрөгү”

2024-12-24 / Абалың кандай, район?
Социалдык өнүгүү: “Кызыл” үйдөн инновациялык китепканага чейин: райондун маданий “жүрөгү”

Түрмөктүн материалдарын EGED программасынын алкагында ӨСИнин жана БАЖБАнын буйрутмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА даярдады

Китепкана жөн гана китеп сактоочу жай эмес, бул билимди жана маалыматты башкаруу борбору, жамааттын маданий “жүрөгү”.

Ат-Башы районундагы биринчи китепкана “Кызыл үй” деп аталып, өткөн кылымдын 1930-жылы ачылган. Ал маалда китепканада 300гө жакын басылма бар болчу. 

1946-жылы китепкананын функционалы кыйла жакшырган: абонемент системасы түзүлүп, 20 орундуу окуу залы, методикалык бөлүм ачылган.

Китепкана өз тарыхына аяр мамиле жасайт жана анын алгачкы кызматкерлеринин ысымдары да белгилүү. Алар: САБИРОВ (улуту татар), Майлыбаш АШИМОВ, Ажар ЖОЛДОШЕВА, Халил КАБЫЛОВ (1955-ж.), Жумабүбү ААЛИЕВА (1964-ж.), З. ААЛИЕВА (1974 – 1987-ж.ж.). 2019-жылы китепкананын башына Ат-Башы айылынын жигердүү тургуну, учурда Ат-Башы районунун Координациялык кеңешинин төрайымы Сымбат АТТОКУРОВА келген. Координациялык кеңеш – бул EGED программасынын колдоосу менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүү процессинде ар кайсы тараптардын күч-аракеттерин координациялоо үчүн түзүлгөн бийлик менен жамааттын ортосундагы диалог платформасы.

Сымбат АТТОКУРОВА, Ат-Башы районунун Координациялык кеңешинин төрайымы: “Координациялык кеңештин ролу – аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бардык катышуучуларын бириктирүү, артыкчылыктуу багыттарды биргелешип аныктоо, өнүгүүнүн варианттарын талкуулоо, кызыкчылык топторунун ортосунда мунаса табуу. Бул иш катышуучулардын, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүп, аларды аймактарды өнүктүрүүдө маанилүү чечимдерди кабыл алууга түрткү берди. Координациялык кеңеш аркылуу мамлекеттик түзүмдөрдүн, бизнестин жана калктын эриш-аркак иштешүүсү күчөдү, бул күч-аракеттердин кайталанышын жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоого мүмкүндүк берет.

Конкреттүү максаттарга жетүүгө басым жасап, натыйжалуулукту жана ачык-айкындуулукту өлчөө коомдук ишенимди бекемдейт.

Координациялык кеңеште иштөө инсан катары калыптанууга, өзүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт – стратегиялык ой жүгүртүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, долбоорду башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет, ошондой эле лидерлик сапаттарды бекемдейт”.

Ат-Башы районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуунун жаңы ыкмаларынын жардамы менен китепкана жаңы жашоосун баштады. Бул ыкмалардын катарында билим берүүгө инновациялык технологияларды тартуу каралган. 2024-жылы китепкананын жаңы имараты курулуп, муну менен китеп борборун өнүктүрүү жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Эми бул жерде салттуу китепкана кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары тил курстары, угуучулардын ар кандай категориялары үчүн тренингдер өңдүү билим берүү кызматтары да көрсөтүлөт. Бул үчүн китепкана келишимдин негизинде репетиторлорду жана оку-туучуларды тартат, ал эми мекеменин өзү жакшы жабдылган: Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар компьютерлер орнотулган, китептерди издөөнүн ыңгайлуу системасы уюштурулган, китеп окуганы келгендер ыңгайлуу жана кооз эмеректерде отурат, тамактанып алуу үчүн атайын жер бөлүнгөн. Эми райондун борборуна китеп издеп же башка иштер менен келген элеттиктер керектүү курстардан өтүп, убакытты жана акчаны үнөмдөй алышат.

Китепкана инновациялык деп жөн жерден аталган жок – бул жерде баары акыркы техно-логиялар боюнча уюштурулган. Азыркы учурда китепкана директор Асылкүл ШАПКЕЕВАнын жетекчилиги астында өнүгүүсүн улантууда: “Биз китепканабыз менен сыймыктанабыз. Жаңы имараттын ачылышын чыдамсыздык менен күттүк. Нарын облусунда ушул өңдүү жабдылган башка бир да китепкана жок деп айта алам. Китеп фонду 20 миң нускадагы басылмалардан турат. Бул жерде бир нече окуу залдары бар – кичинекей балдар үчүн өзүнчө бөлмө бөлүндү, алар жомокторду, аңгемелерди окуй алышат. Негизи эле китепкана Ат-Башы районунун бардык жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарда китеп окуп, кошумча билим алчу жайга айланды”.

Жаңы китепкананын курулушу коомдук ишмер, бизнесмен жана меценат, “Дордой” ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар САЛЫМБЕКОВдун финансылык колдоосу менен ишке ашты. Китепканага ысымы ыйгарылган Бүбүсайра КЫДЫКОВА (1922-2015) – Салымбековдун китепкана системасында көптөн бери иштеген апасы. Татыктуу уулунун күч-аракети менен Бүбүсайра энеден ушундай жакшы эс-тутум калды.

Ат-Башы районунун борбордук китепканасы “Мыкты райондук китепкана” жана “Жылдын мыкты китепканасы” аттуу республикалык конкурстардын жеңүүчүсү болгон. Мындан тышкары, балдар үчүн бөлүм “Жылдын мыкты облустук балдар китепканасы” деп табылган.

Райондун китепканалары эл аралык донорлордун долбоорлоруна катышып, кызматкерлерге жана окурмандарга билим берүү жана маданият чөйрөлөрүндөгү окуяларга катышууга мүмкүнчүлүк берип келишет.

Бүгүнкү күндө китепкана туристтер көп келген жайлардын бирине айланды. Мында коноктор маданият жана тарых менен тааныша алышат. Китепкана “Ат-Башыдагы туризм-2024” аттуу туризм фестивалынын кабыл алуучу борборлорунун бири болуп калганы да жөн жеринен эмес. Ошентип, секторлорду өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле мультипликативдик натыйжага жетишүүгө мүмкүндүк берүүдө: китепкананы колдоо менен район СЭӨПнын артыкчылыктуу багыты болгон туризмди өнүктүрүүгө да көмөк көрсөтүп жатат.

Окшош материалы: