Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
2025-жылдын 5-мартында Ноокат шаарында ишкерликти колдоого жана региондогу туризмди өнүктүрүүгө арналган тегерек стол өттү. Иш-чарага жергиликтүү бийликтин, бизнестин, банктар дын жана ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Талкууну Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы демилгелеп, EGED Программасынын техникалык колдоосу менен өттү.
Чакан жана орто бизнеске мамлекеттин колдоосу, каржылоонун механизмдери, ошондой эле ишкерлер туш болуп жаткан тоскоолдуктар талкуунун негизги темалары болду. Ноокат районунун туристтик дараметин өнүктүрүүгө, инвесторлорду тартуу жана инфраструктураны жакшыртуу пландарына өзгөчө көңүл бурулду.
“Ишкердик биздин районду өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп саналат. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан колдоо программалары, анын ичинде банктар аркылуу жеңилдетилген насыяларды алуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталып жатат. Банк жана финансы мекемелеринин өкүлдөрү кызыкдар тараптарга чакан бизнес үчүн каржылоонун жеткиликтүү аспаптары тууралуу айтып беришти”, – деди Ноокат районунун акиминин орун басары Мамажунус АБИЛОВ.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле жергиликтүү экономиканын драйвери катары туризмди өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Катышуучулар меймандостукту өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү кооз жерлерди таанытуу чөйрөсүндө бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгилешти. Туристтик хабдарды ачуу жана жаңы туристтик каттамдарды түзүү демилгелердин арасында бар.
Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча ишкердик активдүүлүктү күчөтүү, анын ичинде гранттык программалар боюнча окутуу семинарларын жана консультацияларды өткөрүү боюнча чаралар сунушталды. Ал эми 2025-жылдын 21-майында Эл аралык бизнес күнүн өткөрүү пландалды. Бул күнү туризмди жана ишкердикти өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо улантылат.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Алма, кокон гилас, алча чымындары менен күрөш: Кадамжай району СЭӨП аркылуу мөмө-жемиштердин экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө