Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Кыргызстандын делегациясынын Швейцарияга окуу сапары: Жаңы регионалдык саясат иш жүзүндө кандай иштейт
Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин демилгеси жана Мамлекеттик башкаруу боюнча жогорку изилдөөлөр институту (МБЖИИ, Лозанна) менен өнөктөштүктө “Урба-план” уюмунун колдоосу алдында 2025-жылдын июнь айынын этегинде жергиликтүү башкаруу жана Жаңы регионалдык саясат темасы боюнча окуу сапары уюштурулду.
Иш сапардын негизги максаты: административдик-аймактык реформадан кийин калкка кызмат көрсөтүүнүн ыкчам жана натыйжалуу болушу үчүн, биринчи кезекте, муниципалдык ишканалардын иши жана муниципалитеттердин ортосундагы кызматташуу маселелери боюнча жергиликтүү жана регионалдык башкаруучулар арасында талап кылынган практикалык билимдерди берүү.
Делегацияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жана КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилери жана кызматкерлери жетектеп барышты; делегациянын курамында ошондой эле “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн, анын ичинде Өнүктүрүү саясат институтунун, ЖӨБ Союзунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын өкүлдөрү жана башка өнөктөштөр болду. Сапардын программасы МБЖИИде жумушчу жолугушуулардын жана талкуулардын айланасында түзүлдү. Ага Мартьяль ПАСКЬЕ жана Маркус ХИНТЕРЛАЙТНЕР катышкан Швейцариянын саясий системасы жана көп деңгээлдүү башкаруу боюнча тематикалык презентациялар кирди. Өзүнчө сессия Николя КЕФФЕРдин катышуусу менен жергиликтүү автономияга жана муниципалитеттердин ортосундагы өз ара байланышка арналды. Жаңы регионалдык саясат, борбор менен жергиликтүү деңгээлдеги координация, жеке сектордун ролуна басым жасоо менен “чет жактагы” аймактарды өнүктүрүү жөнүндө маанилүү баарлашуу болду. Бул блокту Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынан Сабина КОЛЛЬБРУННЕР жана Давид КРАМЕР өткөрүштү. Күн тартибине ошондой эле калдыктарды иштетүү жана энергоутилизациялоо боюнча практикалык кейстер, анын ичинде “Тридель” объектисине сапар кирди, ошондой эле Стефан КОСТАНТИНИ жана Люк-Оливье ШТРАМКЕнин катышуусу менен Валорб муниципалитетинин мисалында мейкиндикти пландаштыруу жана жарандардын жергиликтүү чечимдерге катышуусу талкууланды.
Иш сапардын катышуучуларынын бири, КР Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Искандарбек МАМАТОВ жыйынтыктарга мындайча баа берди: “Швейцарияга сапардын жүрүшүндө алган билим жана тажрыйба талапка ылайык жана актуалдуу болду. Кыргызстан бир нече жылдан бери аймактарды даректүү жана башкарылуучу өнүктүрүүгө масштабдуу түрдө өткөрүп келатат. Биздин өлкө абдан татаал ландшафтка ээ жана бул жагынан биз Швейцария табиятынан улам көрүп жаткан чакырыктарга туш болуп жатабыз. Тоолуу жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча европалык өнөктөштүн тажрыйбасы абдан пайдалуу болду, айрыкча учурда Кыргызстан мындай аймактарды колдоо боюнча өзүнүн программасын даярдап жатканда. Ал эми Швейцариянын Жаңы регионалдык саясаты бизге кызыктуу чечимдерди сунуштай алды, биз аларды өз жерибизде ишке ашыра алабыз. Кээде салыштырмалуу чакан долбоорлор, мисалы, асма жол же инновациялык чарба бүтүндөй бир район үчүн жаңы экономикалык импульс болуп берерине ынанып жатабыз. Бирок эң негизги сабак – бул негизги муктаждыктарды канааттандыруу үчүн инфраструктураны каржылоо чөйрөсүндө гана эмес, инновациялык жана секторлор аралык долбоорлорду, анын ичинде райондор аралык, муниципалитеттердин ортосундагы жана секторлор аралык деңгээлде мамлекеттин көңүл буруусу, мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Биз Швейцариянын Жаңы регионалдык саясатынан алынган сабактарды Кыргызстандын тоолуу жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча саясатыбызга жана тажрыйбабызга киргизе баштадык деп ишенимдүү айта алам”.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Швейцариянын Жаңы регионалдык саясатынын алкагындагы долбоорлордун мисалдары
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Тоолор жана чек аралар мүмкүнчүлүк катары: аяр абалдагы аймактарды өнүктүрүүдө Швейцариянын тажрыйбасы
-
№2 (172) / 2026-03-09 Дайындардан чечимдерге чейин: тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүүдө Норвегиянын тажрыйбасы Кыргызстанга эмнелерди бере алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Аярлуулук картасынан баштап каржылоого чейин: Непал тоолуу жана алыскы аймактарды кантип колдоп жатат
-
№12 (170) / 2025-12-30 СЭӨП 2.0: жаңы инклюзивдүү методикалар: алар кантип жеринде иштей баштады?
-
№10 (168) / 2025-10-04 Бийик тоолуу аймактарды өнүктүрүү: “сокур” колдоодон өнүгүүнүн даректүү чараларына өтүү: Грузиянын тажрыйбасы
-
№9 (167) / 2025-09-21 "Устат-шакирт" моделинин жаңы версиясы же Шакирттик аярлуу топторду өнүктүрүү чарасы катары
















