Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (173-174) 13 Май 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тоолор жана чек аралар мүмкүнчүлүк катары: аяр абалдагы аймактарды өнүктүрүүдө Швейцариянын тажрыйбасы

2026-05-13 / Аймактарды өнүктүрүү
Тоолор жана чек аралар мүмкүнчүлүк катары: аяр абалдагы аймактарды өнүктүрүүдө Швейцариянын тажрыйбасы

Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты Лидия БУДИСА даярдаган серептин материалдарынын негизинде

Кыргызстан – бийик тоолуу өлкө. Тоо ландшафты өлкөнүн өнүгүүсүнүн бардык өңүттөрүнө таасирин тийгизип, чакырыктарды да, мүмкүнчүлүктөрдү да жарата алат. Бирок чакырыктарга туура жооп кайтаруу, көйгөйлөрдү чечүү жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн бийик тоолуу жана жетүүгө оңой болбогон аймактарды өнүктүрүү боюнча даректүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу зарыл. КРнын Экономика жана коммерция министрлиги 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун даярдоодо. Программанын аналитикалык бөлүгүн даярдоо жана бул жаатта мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында министрлик жумушчу топту түздү. Жумушчу топко аналитикалык колдоону Өнүктүрүү саясат институту көрсөтүүдө жана бул маселе башка тоолуу өлкөлөрдө кандай чечилип жатканын түшүнүү үчүн ӨСИнин консультанты Лидия БУДИСА эл аралык практиканы, анын ичинде Швейцариянын, Непалдын, Норвегиянын жана Грузиянын тажрыйбаларына сереп жасап чыкты. Тема Кыргызстандын көптөгөн жергиликтүү жамааттарынын жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын козгойт, ошондуктан “Муниципалитет” журналы тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү башка өлкөлөр кантип башкарары жөнүндө макалалардын сериясын улантууда. Бул жолу Швейцариянын тажрыйбасы тууралуу макалалардын сериясы улантылат (Грузиянын тажрыйбасы жөнүндө макаланы журналдын №168, Непалдын тажрыйбасы тууралуу макаланы №171, ал эми Норвегиянын тажрыйбасы тууралуу макаланы №172 сандарынан таба аласыз).

ТООЛУУ АЙМАКТАР ӨЗҮНЧӨ ЭМЕС, СИСТЕМА АРКЫЛУУ ӨНҮГҮҮДӨ

Швейцариянын тажрыйбасынын биринчи маанилүү тыянагы күтүлбөгөндөй жөнөкөй угулат: өлкөдө тоолуу же алыскы аймактарга гана арналган өзүнчө мамлекеттик программа жок. Мындай райондорду колдоо жалпы регионалдык саясатка “киргизилген”, ал эми Швейцариянын Жаңы регионалдык саясаты негизги улуттук механизм болуп саналат. Анын максаты “бардыгына бир аздан субсидия берүү” эмес1, аймактардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү, түзүмдүк өзгөрүүлөрдү колдоо, конкреттүү бир аймактын күчтүү жактарына таянуу аркылуу кошумча наркты түзүүгө жардам берүү жана кантондор ортосун-дагы (Швейцариянын административдик бирдиги, масштабы боюнча райондорго же облустарга окшош, себеби кантондор аймактын өлчөмү жана калкынын саны боюнча олуттуу айырмаланат) жана транс чек аралык кызматташтыкты жогорулатуу.

Бул муниципалдык башкаруу үчүн принципиалдуу маселе: тоолуу жана чек ара райондору “жардам сурагандар” катары эмес, өз экономикасы бар аймактар катары каралат, эгерде мамлекет конкреттүү чектөөлөрдү алып салууга жардам берсе, тезирээк өнүгө алат, ал эми жергиликтүү бийлик жана бизнес милдеттенмелерди жана кошо каржылоону өзүнө алат. 

КИМ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖООП БЕРЕТ:  ФЕДЕРАЦИЯ, КАНТОНДОР, МУНИЦИПАЛИТЕТТЕР ЖАНА ӨНӨКТӨШТӨР

Швейцариялык модель Конфедерациянын, 26 кантондун жана жергиликтүү деңгээлдин ортосундагы бөлүштүрүлүп берилген жоопкерчиликке негизделген. Улуттук борбор стратегияны, аспаптарды жана отчеттуулуктун алкагын белгилейт; кантондор жалпы стратегияны ишке ашыруу программаларына которот жана артыкчылыктарды аныктайт; регионалдык ассоциациялар, муниципалитеттер, ишканалар, университеттер жана коомдук топтор конкреттүү долбоорлорду түзүп, аткарышат.

Бул система түшүнүктүү циклдерге уюштурулганы маанилүү. Улуттук алкак жети жылга көп жылдык программа менен белгиленет (Жаңы регионалдык саясатта 2024-2031-жылдар каралган), анын алкагында төрт жылдык федералдык операциялык циклдери жана төрт жылдык кантондук ишке ашыруу программалары бар, ал эми долбоорлордо адатта эки-үч жылдык горизонт болот. Мындай убакыт шкаласы бардык катышуучуларды тартипке салат: узак мөөнөттүү максаттар жоголбойт, бирок ошол эле учурда долбоордун портфелин түзөтүү жана жаңыртуу үчүн үзгүлтүксүз мүмкүнчүлүк берилип турат.

АЛАР НЕГИЗГИ СУРООНУ КАНТИП ЧЕЧИШҮҮДӨ: КАЙСЫ АЙМАКТАР  “МУКТАЖ” ДЕП ЭСЕПТЕЛЕТ?

Бул ыкманын экинчи күчтүү жагы – тандоонун айкын логикасы бар. Жаңы регионалдык саясаттын колдонуу чөйрөсү аймактын деңиз деңгээлинен бийиктигине эмес, түзүмдүк чабалдык түшүнүгүнө, башкача айтканда, экономикалык, демографиялык жана географиялык факторлордун айкалышына негизделген. Документте мындай зоналарды аныктоо үчүн колдонулган өлчөнүүчү критерийлер көрсөтүлгөн.

Практикалык жактан алганда, бул төмөнкүдөй көрүнөт: жеткиликтүүлүк (ири шаардын борборуна жетүү үчүн канча убакыт кетет), иш менен камсыз кылуу түзүмү жана өндүрүмдүүлүк, жашоочулардын эмгек рыногуна кошулуусу, демографиялык динамика, кирешенин деңгээли, инфраструктуранын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, муниципалитеттердин типологиясы, ошондой эле чек аранын жайгашкан жери эске алынат. Чек ара картадагы формалдуу сызык катары эмес, жашоочулардын олуттуу үлүшү күн сайын чек араны кесип өткөн же муниципалитет ага жакын жайгашкан реалдуу экономикалык кырдаал катары каралат, мындан улам эмгек рыногу жана жергиликтүү бизнес үчүн атаандаштык ички аймактардан айырмаланат. Чек арага жакын аймактарда бул, адатта, адамдардын жумушка барып-келүүсү, медициналык жардам жана окуу үчүн баруусу, чарба үчүн товарларды жана тетиктерди сатып алууну жана жакыныраак же пайдалуураак болсо, жакынкы рынокто өнүмдү сатууну билдирет.

Келечектеги программага бир эле убакта тоолуу өрөөндөр, алыскы айылдар, өзгөчө логистикасы бар чек ара аймактары кире турган Кыргызстан үчүн бул маанилүү белги: критерийлер алдын ала түшүнүктүү жана өлчөнүүчү болууга тийиш, антпе-се акча элге жана экономикага көбүрөөк натыйжа берет деген принцип боюнча эмес, “сураганда кимдин үнү катуураак чыкса, акча ошого бөлүнөт” деген принцип боюнча бөлүштүрүлүп калат. 

ӨКМӨТ ТООДОГУ БИЗНЕСКЕ КАНТИП ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ: “КОЛДОО ҮЧҮН КОЛДОО” ЭМЕС, ӨНӨКТӨШТҮК ИШКЕ АШЫРЫЛЫП ЖАТАБЫ? 

Швейцариянын тоолуу аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү үч чечимдин айкалышы сыяктуу көрүнөт.

Биринчиден, мамлекеттик акча биргелешкен каржылоо катары иштейт. Федералдык акча кантондор менен программалык макулдашуулар аркылуу келет, бирок кантон салыштырмалуу өлчөмдөгү сумманы кошууга милдеттүү, ал эми муниципалдык жана жеке каражаттар адатта долбоордун деңгээлинде кошулат. Бул “кагазда калчу долбоорлорду” кескин түрдө кыскартат: эгерде жергиликтүү өнөктөштөр инвестиция салууга даяр болбосо, бул долбоор же керек эмес, же жеткире иштелип чыга элек дегенди билдирет (кошо каржылоо негизги инфраструктурага эмес, экономикалык долбоорлорго карата колдонуларын эстен чыгарбоо керек).

Экинчиден, эки негизги финансылык аспап колдонулат: кайтарымсыз гранттар жана насыялар. Документте насыялар экономикалык инфраструктуранын негизги аспабы катары сүрөттөлөт: бизнес-парктар, логистикалык борборлор, инновациялык кластерлер. Гранттар инновациялык тармактарды жана чакан инфраструктураны колдойт. Бул инфраструктура ишкердикти баштоого жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган (мисалы, эт жана сүт азыктарын, мөмө-жемиштерди өндүрүүдө, туристтик кызмат көрсөтүүдө жана жергиликтүү экономиканын ушул сыяктуу тармактарында).

Үчүнчүдөн, илимий мекемелер жана инновацияларды өнүктүрүү аянтчалары менен өнөктөштүк өзгөчө ролду ойнойт. Документте жакын жердеги кантондор жана өнөктөштөр менен биргелешип иштеген Регионалдык инновациялык системанын алты платформасы, ошондой эле Regiosuisse тармагы жөнүндө сөз болот. Regiosuisse – бул тажрыйба алмашуу, окутуу жана колдоо үчүн инфраструктура. Тоолуу муниципалитеттер үчүн бул өзгөчө баалуу, себеби ал администрацияда жана бизнесте объективдүү түрдө кадрдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү азыраак болгон аймактарга компетенцияларды жана технологияларды “тартып келүүгө” мүмкүндүк берет.

ТОО КАНТОНУ “ПРАКТИКАЛЫК  ЧЕЧИМДЕРДИН ЛАБОРАТОРИЯСЫ” КАТАРЫ: ГРАУБЮНДЕНДИН МИСАЛЫ

Ири жана өзгөчө тоолуу аймак катары Граубюнден кантонунун мисалын карап көрөлү, мында ири борбордун агломерациясынан башка дээрлик бүт аймак Жаңы регионалдык саясаттын чегине кирет. 2024-2027-жылдарга Кантонду өнүктүрүү программасы географиялык чектөөлөрдү өнүгүү потенциалына айландыруу аракети катары сыпатталган жана бул ар бир муниципалдык жетекчиге түшүнүктүү болгон бир нече багыттар аркылуу ишке ашырылат: туризмди модернизациялоо, санариптик жана транспорттук байланыш, ресурстарды (жыгач, суу, энергетика) туруктуу пайдалануу, ошондой эле муниципалитеттер менен коңшу аймактардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү.

Документте “артыкчылыктарды практикалык иш-аракеттерге өткөрүү” катары көрсөтүлгөн долбоорлордун конкреттүү мисалдары өзгөчө пайдалуу.

Мындай мисалдардын бири – чакан жана орто ишканаларга циклдик өндүрүш жана калдыктарды азайтуу ыкмаларын сынап көрүүгө, жалпы санариптик платформаны түзүүгө жана пилоттук өнүмдөр үчүн атайын маркировкаларды ишке киргизүүгө жардам берген Циклдик экономиканын кантондордун ортосундагы Альп тармагы. Айрым тармактык борборлорду колдоо үчүн ишканалардын “критикалык массасы” көп болбогон Кыргызстандын тоолуу райондору үчүн мындай тармак реалдуу жолду көрсөтүп турат: бизнести административдик таандыктыгы боюнча эмес, жалпы көйгөй жана жалпы пайда боюнча бириктирүү. Иш жүзүндө адатта чакан өндүрүштү жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо жөнүндө сөз болуп жатат: кайра иштетүү менен сүт жана эт чарбасы, кургатылган мөмө-жемиштер жана чөп-чарлар, балчылык, жыгач иштетүү жана техникалардын ремонту, үй-бүлөлүк конок үйлөрү жана туристтерге кызмат көрсөтүү, ошондой эле чакан логистикалык жана соода кызмат көрсөтүүлөрү.

Дагы бир мисал – Сурсельва аймагындагы токой өнөр жай кластери, ал тоо жыгачы үчүн “кошумча нарк чынжыры” идеясынын айланасында курулган. Чийки затты чыгаргандын ордуна, аймак жергиликтүү кайра иштетүүнү күчөтөт, жумуш орундарын түзөт жана ал тургай техникалык окуу жайга кесиптик модулду киргизет. Бул кейс токойлуу аймактар үчүн гана маанилүү эмес: бул мамлекеттик колдоо аймактын ресурстарын, жергиликтүү кайра иштетүүнү жана кадрларды даярдоону бириктиргенде чындап эле иштей баштаарын көрсөтүп турат. 

Үчүнчү мисал – Давостогу туризм инновациялык лабораториясы, ал стартаптарга жана чакан мейманкана бизнесине санариптик жана климатка туруктуу туризм жаатында иш мейкиндигин жана насаатчылыкты берет, ошондой эле ишканалар интернет-маркетинг жана дайындарды башкаруу көндүмдөрүн алган санариптик туризм академиясы. Тоолуу туристтик аймактарда дал ушул нерсе жетишпей жатат: жаратылыштын кооздугу көп, ал эми туруктуу киреше алуу үчүн башкаруучулук жана санариптик көндүмдөр аз.

Акыры, документте өрөөндөрдү темир жол менен байланыштырган электр шаттлдары жана транспортту биргелешип пайдалануу платформалары сыналган өрөөндөрдөгү “интеллектуалдык мобилдүүлүк” долбоорлорунун мисалы келтирилген. Бул технологиянын артында өтө жөнөкөй идея турат: бизнес жана адамдар үчүн “формалдуу алыстык” маанилүү эмес, мында жумушка, окууга, кызмат көрсөтүүгө жетүү үчүн жолго кеткен убакыт жана мүмкүнчүлүк керек.

АЙМАГЫ ТООЛУУ ДА, ЧЕК АРАГА ЖАКЫН ДА БОЛГОНДО: ТИЧИНОНУН МИСАЛЫ 

Кыргызстан үчүн “тоолуу” менен “чек аралаш” аймактар бири-бирине дал келген учурлар өзгөчө кызыктуу. Швейцариядагы Тичино кантону өлкөнүн калган бөлүгүнөн Альп тоо кыркалары менен бөлүнгөн, бирок түндүк Италия менен тыгыз байланышта болгон тоолуу жана чек ара аймагы. Мындай кош география эки эселик аярлуулукту пайда кылат: тоолуу өрөөндөрдө жеткиликтүүлүк чектелүү, тышкы эмгек рыногуна көз карандылык жана чек ара боюндагы атаандаштык пайда болот.

2024-2027-жылдарга Жаңы регионалдык саясат программасында бул аярлуулуктарга жооп бири-бирин толуктаган эки максат катары туюндурулган: чет жактагы өрөөндөрдү жандандыруу жана чек ара боюндагы экономиканын туруктуулугун жогорулатуу. Өрөөндөр туруктуу туризм, тоолуу айыл чарбасы жана чакан өндүрүш менен байланышкан ишкердиктин жаңы формаларын колдойт. Ал эми түштүк шаардык коридордо чаралар инновацияларга, чакан жана орто бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө назарды бурат; Ломбардия менен транс чек аралык интеграция өнүгүү ресурсу катары каралат.

Бул жерде “чек аралаш” тобокелдик катары гана чечмеленбегени маанилүү. Тескерисинче, транс чек аралык инновациялык коридор таза технологиялар, биотехнологиялар жана санариптик трансформация чөйрөлөрүндөгү биргелешкен долбоорлорду колдошу мүмкүн, алар улуттук каражаттар жана Interreg транс чек аралык кызматташуу программасы (2021-2027-жылдарга Interreg VI A программасы, Италия–Швейцария) менен биргеликте каржыланат. Бизнес көбүнчө коңшу рыноктун логикасы менен жашаган Кыргызстандын чек арага жакын райондору үчүн бул күчтүү сабак: саясат бир эле учурда жергиликтүү экономиканы кадрларды жана кирешелерди “сууруп алуудан” коргоп, ошону менен бирге коңшулукту кооперация жана рынокторду кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүк катары колдонушу керек.

Таза технологиялардын кластери ишканалар менен колдонмо илимдер университетинин кызматташуусунун экосистемасын түзөт, ошондой эле биргелешкен долбоорлорго олуттуу мамлекеттик-жеке инвестицияларды тартат. Биомедициналык борбор лабораториялык жайлар жана насаатчылык менен стартаптарды колдойт. Бир өрөөндө энергетикалык цикл модернизациялоо жана чакан ГЭС долбоорлору үчүн биргелешкен инвестициялык фонддун айланасында курулуп жатат, ал эми санариптик лаборатория окуулар жана чакан гранттар аркылуу ишканаларга санариптештирүүнүн деңгээлин көтөрүүгө жардам берүүдө. Ал тургай транс чек аралык мобилдүүлүк долбоору “символикалык” эмес, практикалык маселени чечет: тыгындарды азайтып, жолго кеткен убакытты кыскартуу үчүн чек ара аркылуу коомдук транспортто билеттерди сатуу жана маалымат алмашуу.

Документте кошо каржылоо талабы да баса белгиленет: ар бир жактырылган долбоорго жеке же муниципалдык өнөктөштөрдүн салымдарынын олуттуу үлүшү болушу керек, бул колдоо “жергиликтүү жоопкерчиликсиз тышкы жардамга” айланбоого тийиш.

АКЧА ЖАНА ЭРЕЖЕЛЕР: СИСТЕМА КАНЧА ТУРАТ ЖАНА АЛ ЭМНЕ ҮЧҮН ИШТЕП ЖАТАТ?

2024-2031-жылдарга Конфедерация (Швейцариянын борбордук өкмөтү) грант түрүндө 400 миллион швейцар франкын жана насыя түрүндө 400 миллион швейцар франкын бөлүүдө, башкача айтканда, федералдык милдеттенмелердин жалпы пакети 800 миллионду түзөт. Ошол эле учурда федералдык франк кантондон жана долбоордун өнөктөштөрүнөн дагы бир нече франктарды тартат, натыйжада мамлекеттин салымынын көлөмү кошо каржылоо рычагы болуп калат.

Буга кошумча мамлекет Жаңы регионалдык саясаттын бюджетинен өзүнчө иштеген, структуралык жактан чабал региондор үчүн салыктык жеңилдиктердин фискалдык аспабын колдонот. Бул Кыргызстан үчүн дагы бир сабак: тоолуу жана чек ара аймактарын колдоо өнүктүрүү долбоорлорун, инфраструктуралык чечимдерди жана экономикалык стимулдарды айкалыштырган көп катмарлуу боло алат жана ушундай болушу керек, бирок ошол эле учурда ишкерлер менен муниципалитеттер “программалардын чытырман токоюнда” жоголуп кетпей тургандай айкын логиканы талап кылат.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ ПРОГРАММАНЫ ИШТЕП ЧЫГУУДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ЭМНЕНИ ЭСКЕ АЛУУ ПАЙДАЛУУ БОЛОТ?

Швейцариянын тажрыйбасы системанын күчтүү жактарын гана эмес, ошону менен бирге кыйынчылыктарды да көрсөтүүдө. Тактап айтканда, кантондор ийгиликти ар башкача өлчөй турганы, көрсөткүчтөрдү салыштыруу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгону, ал эми мониторинг көп учурда узак мөөнөттүү өзгөрүүлөргө эмес, кыска мөөнөттүү жыйынтыктарга көңүл бурары белгиленет. Алыскы ишканалар инновациялык тармактарга дайыма эле кошула бербейт, ал эми чабал аймактарда кээде жакшы долбоорлорду кошо каржылоо үчүн ресурстар жетишсиз болуп калат. Бул тоскоолдуктар коргоочу чечимдерди алдын ала караштырууга мүмкүндүк бергени менен пайдалуу болот.

Эгерде сабактарды практикалык түрүндө чогултуп чыга турган болсок, Кыргызстан үчүн беш багыт өзгөчө маанилүү.

Биринчиден, эгерде колдоо көрсөтүү артыкчылыгы менен тоолуу, алыскы жана чек арага чектеш аймактар аныктала турган критерийлердин түшүнүктүү системасын алдын ала белгилесе, келечектеги программа күчтүү болот жана бул критерийлер география менен гана эмес, ошону менен бирге эмгек рынокторуна, инфраструктурага жана кызмат көрсөтүүлөргө жетүү менен да байланышта болушу керек.

Экинчиден, тоодогу бизнести колдоо долбоордук өнөктөштүк жана биргелешкен каржылоо аркылуу натыйжалуу иштейт, мында муниципалитеттер жана ишкерлер өз ресурстарын жумшап, жыйынтык үчүн жооптуу болушат, ал эми мамлекет тобокелдиктерди азайтууга, чынжырды “чогултууга” жана баштап берүүгө көмөктөшөт. Иш жүзүндө адатта чакан өнөр жайды жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо жөнүндө сөз болуп жатат: кайра иштетүү менен сүт жана эт чарбасы, кургатылган мөмө-жемиштер жана чөптөр, балчылык, жыгач иштетүү жана техникаларды оңдоо, үй-бүлөлүк конок үйлөрү жана туристтер үчүн сервистер, ошондой эле чакан логистикалык жана соода кызмат көрсөтүүлөрү.

Үчүнчүдөн, тоолуу жана алыскы аймактарда “технологияларды практикага киргизүү институттары” өзгөчө суроо-талапка ээ. Алар: колдонмо илимдер университеттери, регионалдык лабораториялар, компетенциялардын борбор-лору, чакан ишканалар үчүн насаатчылык жана тажрыйба алмашуу аянтчалары. Ансыз акча көбүнчө экономикага айланбаган инфраструктурага жумшалат.

Төртүнчүдөн, чектеш тоолуу райондор Тичинонун мисалындагыдай кош саясатты талап кылат: чет жакадагы өрөөндөргө параллелдүү колдоо жана чек ара экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, ошондой эле коңшулукту тобокелчиликтен мүмкүнчүлүккө айландырган кызматташтык аспаптары.

Бешинчиден, муниципалдык жетекчилерге жана тургундарга түшүнүктүү болгон жыйынтыкты өлчөөнүн жөнөкөй системасын дароо ишке киргизүү менен, программа элге ынандырарлык болот: кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүндө, жумуштуулукта, чакан бизнестин туруктуулугунда, сапардын узактыгында, негизги кызматтардын реалдуу наркында жана сапатында эмнелер өзгөргөнү белгилүү болот.

ТЫЯНАКТЫН ОРДУНА

Швейцариянын тажрыйбасы жөнөкөй жана универсалдуу чечимди сунуш кылбайт, бирок ишке жарамдуу конструкцияны көрсөтөт: максаттардын келечеги, пландоонун түшүнүктүү циклдери, аймактарды тандоодо өлчөнгөн критерийлер, биргелешкен каржылоо, жергиликтүү күчтүү жактарга таянуу жана тоолордун жана чек ара аймактарынын экономикасы жаратылыштын кооздугуна гана эмес, ошондой эле билимге, байланышка, ишкерлердин демилгелерине жана жергиликтүү бийликтин өнүктүрүүнү колдоо жөндөмүнө да таянганы маанилүү. Тоолуу, чек аралаш жана алыскы аймактарды колдоо боюнча өз программасын түзүүгө даярданып жаткан Кыргызстан үчүн бул өзгөчө баалуу: бул башка бирөөнүн моделин көчүрүп алуу жөнүндө эмес, аралыктар жана чек аралар күн сайын кандайдыр бир башкаруу чечимдеринин күчүн сынап турган жерлерде тургундардын пайдасына иштей турган системаны алдын ала түзүү жөнүндө сөз болуп жатат. 

_____________ 

1 Бул жерде Швейцарияда жана Кыргызстанда жаңы тарыхтын узактыгы ар башка экенин, ал эми эки өлкөнүн тоолуу конуштарында жашоо шарттары олуттуу айырмаланарын түшүнүү маанилүү. Швейцарияда негизги инфраструктураны каржылоонун башка механизмдери бар, бул жашоо шарттарын жогорку деңгээлде сактоого мүмкүндүк берет. Жаңы регионалдык саясатта кеп көбүрөөк даражада экономикалык өнүгүү жөнүндө болуп жатат. Башкача айтканда, Кыргызстан үчүн бул тоолуу айылдардагы негизги инфраструктураны жакшыртуу үчүн субсидиялардан баш тартуу керек дегенди билдирбейт.

 

Окшош материалы: