Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Швейцариянын Жаңы регионалдык саясатынын алкагындагы долбоорлордун мисалдары
Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты Лидия БУДИСА даярдаган серептин материалдарынын негизинде
Швейцариянын Жаңы регионалдык саясаты тоолуу, айыл жана чек арага жакын аймактарды көңүл сыртында калтырбай, субсидияларды гана сурап отурбастан, аларга өзүнүн экономикасынан киреше табууга жардам бере тургандай түзүлгөн. Бул ыкманын жүйөсү абдан иштиктүү: мамлекет жана кантондор ишкердикти өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнесте инновацияларды өркүндөтүүгө жана кошумча наркты көбөйтүүгө, башкача айтканда, аймакка көбүрөөк продукция өндүрүүгө жана сатууга жардам берген демилгелерди жана долбоорлорду колдойт. Чек ара аймактарында бул адамдардын жумушка келип-кетүүсү, медициналык жардамга жана окууга баруусу, чарба үчүн товарларды жана тетиктерди сатып алуусу, ошондой эле жакын же пайдалуу болсо, коңшу рынокто продукция сатуу дегенди билдирет.
Сөз жалгыз “витриналык” объектилер жөнүндө эмес, колдонмо чечимдердин чоң агымы жөнүндө болуп жатканы маанилүү. REGIOSUISSE платформасында ар кандай колдоо программаларынын миңдеген долбоорлору сүрөттөлгөн база бар. Бул база жеке ийгиликтерди эмес, кайталануучу иштеп кете алган схемаларды көрүүгө мүмкүндүк берет: муниципалитеттер жана бизнес кантип тил табышууда, биргелешкен программалар кантип таризделет, кандай кызмат көрсөтүүлөр жана инфраструктура тоскоолдуктарга айланат жана ал кантип жоюлат.
Кийинки төрт окуя тоолуу жана чек ара аймактарында дал ушундай схемаларды сүрөттөйт. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү маалымат, себеби биздин тоолордо жана чек араларыбызда экономика дагы эле алыстыкка, мезгилдүүлүккө, логистикага жана рынокко жеткиликтүүлүккө жараша аныкталып келет.
Швейцариянын сабагы жөнөкөй: туруктуулук бизнес үчүн түшүнүктүү эрежелер, муниципалитеттердин жана райондордун ортосундагы өнөктөштүк жана иштеп жаткан аймактар аралык программалар бар жерде пайда болот, ал эми чечимдер жалпы ураандарга эмес, “өнүм – рынок – жумуш орундары – жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр” деген конкреттүү чынжырга негизделет.
Төрт окуяга шилтемелер:
-
Тичино кантону чек ара статусун кантип кызматташуу жана мобилдүүлүк аркылуу артыкчылыкка айландырууда
-
Арк Юрассьен: кантондордун ортосундагы координация жана транс чек аралык масштаб тоо экономикасынын “кадыресе режими” катары
-
Юра кантонунун чек ара стратегиясы – кызматташуу, каржылоонун артыкчылыктары жана колдоо көрсөтүүнүн анык эрежелери аркылуу
-
Университеттер жана илимий уюмдар тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн өзүнчө катышуучусу катары
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Кыргызстандын делегациясынын Швейцарияга окуу сапары: Жаңы регионалдык саясат иш жүзүндө кандай иштейт
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Тоолор жана чек аралар мүмкүнчүлүк катары: аяр абалдагы аймактарды өнүктүрүүдө Швейцариянын тажрыйбасы
-
№2 (172) / 2026-03-09 Дайындардан чечимдерге чейин: тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүүдө Норвегиянын тажрыйбасы Кыргызстанга эмнелерди бере алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Аярлуулук картасынан баштап каржылоого чейин: Непал тоолуу жана алыскы аймактарды кантип колдоп жатат
-
№12 (170) / 2025-12-30 СЭӨП 2.0: жаңы инклюзивдүү методикалар: алар кантип жеринде иштей баштады?
-
№10 (168) / 2025-10-04 Бийик тоолуу аймактарды өнүктүрүү: “сокур” колдоодон өнүгүүнүн даректүү чараларына өтүү: Грузиянын тажрыйбасы
-
№9 (167) / 2025-09-21 "Устат-шакирт" моделинин жаңы версиясы же Шакирттик аярлуу топторду өнүктүрүү чарасы катары
















