Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Душанбеде мониторингдин жардамы менен өнүгүүнүн жыйынтыктарын кантип жакшыраак башкарса болорун талкуулашты

2026-06-29 / Борбордук Азия. Келечек
Душанбеде мониторингдин жардамы менен өнүгүүнүн жыйынтыктарын кантип жакшыраак башкарса болорун талкуулашты

Надежда ДОБРЕЦОВА, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору

2026-жылдын 27-апрелинен 30-апрелине чейин Душанбеде Тажикстан Республикасында мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө багытталган өнүгүүнү башкаруу боюнча Биринчи эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференциянын темасы – “Тажикстанда стратегиялык пландоого, мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө, ошондой эле туруктуу өнүгүү үчүн кызматташууга көмөктөшүү”. Иш-чара формалдуу отчеттуулуктан жыйынтыктарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө өтүүгө арналды, мында мамлекеттик программалар сарпталган каражаттар менен гана эмес, ошону менен бирге калктын бакубатчылыгына тийгизген реалдуу таасири боюнча да бааланат.

Конференцияга министрликтердин жана ведомстволордун, ГБАО, Согда, Хатлон, РРП жана Душанбе акимиаттарынын өкүлдөрү, пландоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча адистер, жарандык коом, илимий коомчулук жана эл аралык өнөктөштөр катышты. Конференцияны Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине караштуу Илимий-изилдөө экономика институту уюштурду. Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Улуттук өнүктүрүү кеңешинин Катчылыгы, Европа Биримдиги, DCC, UNRC, UNDP, FCDO, UNICEF, Дүйнөлүк банк, ADB, JICA, Helvetas жана жарандык коом уюмдары тең уюштуруучу болуп чыгышты.

Программа практикалык төрт күндүк цикл катары түзүлдү. Биринчи күн облустардын, шаарлардын жана райондордун адистерин стратегиялык пландоо документтерин түзүү, мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча жаңыланган колдонмо менен иштегенди үйрөтүүгө арналды. Андан соң катышуучулар 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүнү жергиликтүү өнүктүрүү документтерине интеграциялоо, туруктуу өнүгүү максаттарын жергиликтүү деңгээлде ыңгайлаштыруу, МжБ боюнча кадрларды даярдоо, мониторинг системаларын санариптештирүү жана социалдык отчеттуулук маселелерин талкуулашты.

Мониторинг жана баалоо системасын өркүндөтүү боюнча Улуттук жол картасынын түзүлүшү конференциянын күтүлгөн жыйынтыгы болду. Жол картасы мамлекеттин, эксперттердин, жарандык коомдун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин бириктирүүгө, далилдерге негизделген чечимдерди кабыл алууну күчөтүүгө жана социалдык отчеттуулук жана жарандык мониторинг аркылуу калктын ишенимин бекемдөөгө жардам бериши керек.