Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Инвесторго бийлик менен системалуу мамиле керек: Кыргызстандын райондору үчүн Чымкенттин жана Түркстандын сабактары

2026-06-29 / Борбордук Азия. Келечек
Инвесторго бийлик менен системалуу мамиле керек: Кыргызстандын райондору үчүн Чымкенттин жана Түркстандын сабактары

Айнура БАЛАКУНОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты

2026-жылдын апрель айынын ортосунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жана бизнес өкүлдөрүнүн делегациясы Казакстанга жол алышты. Алар коңшу өлкө инвестициялык саясатын кантип түзүп, өнөр жайды кантип өнүктүрүп, региондорду экономикалык өсүштүн борборлоруна кантип айлантып жатканы менен таанышып чыгуу максатын көздөп барышты. Окуу сапары 2026-жылдын 15-18-апрель күндөрү Чымкент жана Түркстан шаарларында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу (EGED)” программасынын алкагында өттү.
Иш-чарага КР Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарлары, Жети-Өгүз, Ат-Башы, Ноокат, Кемин, Базар-Коргон, Айтматов жана Кадамжай райондорунун мамлекеттик администрацияларынын экономика бөлүмдөрүнүн башчылары жана аппарат жетекчилери катышты. Ошондой эле окуу сапарына бизнестин өкүлдөрү, Координациялык кеңештердин мүчөлөрү, анын ичинде Ноокат жана Ат-Башы райондорунун Ишкерлер ассоциацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери жана консультанттары катышты.
Бийлик өкүлдөрү үчүн Чымкентке жана Түркстанга окуу сапары жөн гана тажрыйба алмашуу үчүн эмес, ошону менен бирге регионалдык өнүктүрүүнү башкаруунун иштиктүү модели менен тааныштыруу максатында да уюштурулду. Казакстан маанилүү жылышты көрсөтүүдө: бул жерде инвестициялар – бул башкарылуучу мамлекеттик системанын бир бөлүгү, анда мыйзамдардан баштап, инфраструктурага чейин ар бир элемент жалпы жыйынтык үчүн иштейт.

Делегация акиматтардын жана инвестициялык түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуп гана тим болбостон, ошондой эле аймактын экономикалык экосистемасын түзгөн негизги уюмдарда да болду. Чымкентте катышуучулар Shymkent Invest жана “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасынын иши, инвесторлорду коштоо жана ишкердик климатты жакшыртуу тажрыйбасы менен тааныша алышты.

Казакстандын ийгилигинин өзөгүндө инвести-циялык саясатты толук институционалдаштыруу принциби жатат. Бул инвестор бюрократия менен алышып, жалгыз калбайт дегенди билдирет. Өлкөдө улуттук деңгээлден регионалдык деңгээлге чейин долбоорлорду коштоонун вертикалдуу интеграцияланган системасы түзүлгөн. Мамлекет өзүнө иш жүзүндө инвестициялык процесстин менеджеринин ролун алган. Мисалы, өкмөттүн деңгээлинде инвестициялык штаб жана бардык мамлекеттик органдарды бириктирген санариптик платформа иштеп жатат, бул долбоорлорду ишке киргизүүнү тездетүүгө жана келип чыккан көйгөйлөрдү реалдуу убакыт режиминде чечүүгө мүмкүндүк берет.

Регионалдык деңгээлде Shymkent Invest сыяктуу адистештирилген агенттиктер инвестицияларды башкаруунун негизги аспабы катары чыгууда. Бул жөн гана консультациялык борбор эмес, бул – идеядан баштап ишкананы ишке киргизүүгө чейин инвесторду бардык баскычтарда коштоп жүргөн толук кандуу оператор. Мындай мамиле ишенимди калыптандырат жана транзакциялык чыгымдарды азайтат. Агенттиктин маалыматы боюнча, акыркы жылдары шаардын экономикасына 149 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылып, портфелде он миңдеген жумуш орундарын түзүү менен 1,9 триллион теңгеге бааланган 200гө жакын долбоор бар.

Чымкенттин экономикалык модели

Чымкент – Казакстандын эң тез өнүгүп келаткан мегаполистеринин бири, калкынын саны миллиондон ашат жана региондук дүң продуктунун көлөмү дээрлик 3 триллион теңгени түзөт. Шаар өлкөнүн эң динамикалуу өнүгүп жаткан экономикалык борборлорунун бирине айланып, олуттуу инвестициялык дараметке ээ. Шаардын аянты 1,1 миң км2 ашат, ал эми калкынын саны агломерацияны эске алганда 1,3 миллион адамга жетет, бул аны Казакстандын эң ири жана калкы жыш жайгашкан борборлорунун бирине айландырууда. VI кылымда негизделген Чымкент 2018-жылы республикалык маанидеги шаар макамын алган жана акыркы жылдары негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн көрсөтүүдө. Шаардын экономикасы чакан жана орто бизнестин эсебинен жигердүү өнүгүүдө, бул жерде 250 миңден ашык адамды иш менен камсыз кылган 140 миңден ашык ишкердик субъект иштейт. Орточо эмгек акы 334 миң теңгеден ашат, ал эми регионалдык дүң продукциянын көлөмү дээрлик 4,7 триллион теңгеге жетти. Инвестициялык активдүүлүк да олуттуу көрсөткүчтөргө ээ: 2024-жылы инвестициялардын көлөмү болжол менен 768 млрд теңгени түздү, ал эми өнөр жай өндүрүшү 1,1 трлн теңгеден ашты.

Чымкенттин ыңгайлуу географиялык жайгашуусу анын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Шаар эл аралык транспорттук коридорлордун, анын ичинде “Батыш Европа – Батыш Кытай” стратегиялык каттамынын кесилишинде жайгашкан, бул аны логистикалык түйүнгө айландырып, инвестициялык жагымдуулугун арттырууда. Миңдеген чакырым радиуста 200 миллионго жакын адам жашайт, бул кеңири сатуу рыногун түзүп, аймактын экспорттук дараметин күчөтүп жатат.

Бирок ийгиликтин өзөктүк фактору – бул башкаруу модели. Чымкентте артыкчылыктуу тармактар так аныкталган. Алар: өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, туризм, билим берүү жана саламаттыкты сактоо. Бул ресурстарды бир жерде топтоого жана кокустан чыккан долбоорлорго чачырабастан, түшүнүктүү инвестициялык сунуштарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Шаардын өнөр жай секторунда ири жана орто өндүрүштөрдү кошо алганда 700дөн ашык ишкана бар. Чымкент мунайды кайра иштетүү, текстиль өнөр жайы, фармацевтикалык продукцияларды, курулуш материалдарын жана тамак-аш өндүрүү сыяктуу бир катар тармактар боюнча өлкөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Пахтаны кайра иштетүү, килемдерди, макарон азыктарын жана цемент өндүрүү багыттары өзгөчө орунда турат, мында шаардын жалпы республикалык көлөмдөгү үлүшү олуттуу көрсөткүчтөргө жетүүдө.

Индустриалдык зоналар жана атайын экономикалык зоналар инвестициялык инфраструктуранын маанилүү элементи болуп саналат. Шаарда жалпы аянты 800 гектардан ашкан бир нече ири өндүрүш аянтчалары иштеп жатат, аларда жүздөгөн миллион долларлык инвестициялар жумшалган жүздөгөн долбоорлор ишке ашырылган. Алардын арасында “Оңтүстік”, “Тассай”, “Жулдыз”, “Бозарык” индустриалдык зоналары жана “Ордабасы” жеке зонасы бар. Булардын ар бири даяр инженердик инфраструктураны, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү тарифтерди жана өндүрүштөрдү жайгаштыруу үчүн жагымдуу шарттарды сунуштай алат.

Аларда жалпы наркы 300 миллиард теңгеге жакын жүздөгөн долбоорлор ишке ашырылып, 11 миңден ашык жумуш орундары түзүлүүдө. Индустриялык зоналар – бул жөн эле аймак эмес, бул инженердик тармактары, логистикасы жана административдик колдоосу бар даяр инфраструктура, адатта буларда темир жолдору да болот.

Инвесторлорго мамлекеттик жеңилдиктер кеңири каралган, анын ичинде корпоративдик киреше салыгынан, мүлк салыгынан жана жер салыгынан, ошондой эле импортко бажы алымдарынан жана КНСтен бошотулган. Буга кошумча субсидия берүүнүн, чыгымдардын ордун толтуруунун жана экспорттук ишти колдоонун механизмдери да бар. “Оңтүстік” атайын экономикалык зонасы өзгөчө ролду ойнойт, себеби бул жерде 2030-жылга чейин текстиль, химия, машина куруу жана башка тармактарды өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген шарттар күчүндө болот.

Транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, анын ичинде шаардын аэропортунун базасында авиациялык хабды түзүүгө өзгөчө көңүл буруш керек. Долбоор жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, кампа логистикасын жана тиешелүү кызматтарды өнүктүрүүнү камтыйт, бул Чымкенттин эл аралык сооданын жана транзиттин регионалдык борбору катары ролун кыйла күчөтүүдө.

Ошентип, Чымкент ыңгайлуу географиялык жайгашууну, өнүккөн өнөр жай базасын, жигердүү ишкердик чөйрөнү жана инвесторлорду мамлекеттик комплекстүү колдоону айкалыштырат. Мунун баары инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн туруктуу аянтчаны түзүп, шаарды Борбордук Азиядагы бизнес жүргүзүү үчүн өзгөчө жагымдуу багыттардын бирине айландырууда.

2013-жылы мамлекет менен бизнестин ортосундагы диалогду күчөтүү механизми катары түзүлгөн “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасы системанын негизги элементи болуп саналат. Палата чакан, орто жана ири бизнести бириктирет, мыйзамдарды иштеп чыгууга катышат, ишкерлердин укуктарын коргойт жана инвестициялык долбоорлорду коштойт.

Иш жүзүндө “Атамекен” системалуу ортомчунун ролун аткарат: регионалдык палаталардын, тармактык кеңештердин жана 170тен ашык ассоциациянын тармагы аркылуу ал бизнестин бирдиктүү позициясын түзүп, анын мамлекеттик саясатта эске алынышын камсыз кылат. Бул административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана инвесторлор үчүн шарттарды божомолдой алууга мүмкүндүк берет, дал ушул көрүнүш адатта инвестициялык чечимдерди кабыл алууда чечүүчү фактор болуп саналат.

Коңшу өлкөлөрдүн ишкерлер ассоциацияларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу сапардын негизги жыйынтыктарынын бири болду.

“Сапар региондордун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана аймактарды экономикалык өнүктүрүү маселелеринде жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн компетенцияларын жогорулатууга көмөктөшөт деп күтүп жатабыз. Биринчи кадам жасалды – сапардын жүрүшүндө Ноокат ишкерлер ассоциациясы жана Ат-Башы районунун Бизнес ассоциациясы Чымкент шаарынын “Атамекен” УЭП менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюшту”, – деп белгиледи Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

Сапардын алкагында делегациянын өкүлдөрү текстиль өндүрүшүнөн (Bal Tekstil, Balabi Tekstil) баштап, Qazalpack, “Еврокристалл”, ASIA TRAFO жана Alsera KZ сыяктуу өнөр жай компанияларына чейин бир катар ишканаларда болушту. Бул сапарлар катышуучуларга инвестициялык саясат иш жүзүндө кантип ишке ашырылып жатканын көрүүгө мүмкүндүк берди. Бул инвестициялык саясат жумуш орундарын түзүү, өндүрүштү өнүктүрүү жана жергиликтүү кошумча нарк чынжырчаларын түзүү аркылуу аткарылып жатат.

Түркстан – бул туристтик витрина гана эмес, ал ошондой эле өндүрүштүк кластер Түркстандын негизги өзгөчөлүгү – бул жерде инфраструктурага гана эмес, анын маңызы боюнча толуктугуна да көңүл бурулат. Шаар тарыхты, маданиятты жана заманбап технологияларды бириктирип, жалпы бир элести жаратат. Мындай өзгөчөлүк туризмди экономиканын толук кандуу драйверине айландырууда. Сапардын катышуучулары Түркстанда инвестициялар менен туризмдин айкалышынын натыйжалуулугун көрө алышты. Бул жерде инвестициялык саясат кайталангыс туристтик өнүмдү түзүү менен тыгыз байланышкан.

Туристтик объектилерге – мавзолейге, “Алтын Самрук” музейине, “учуп жүрчү театрга” баргандар инвестициялар региондун маданий өзгөчөлүгүн кантип күчөтүп, ошол эле маалда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө күбө болушту.

Ат-Башы районунун Координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары Сымбат АТТОКУРОВА белгилегендей, сапар бизнести колдоонун жана жумуш орундарын түзүүнүн реалдуу механизмдерин көрүүгө мүмкүндүк берди, бул механизмдер  натыйжалуу экени далилденди: “Мамлекеттин ишкердикти колдоо чаралары, ошондой эле ишканаларды кеңейтүү аркылуу жергиликтүү калк үчүн туруктуу жумуш орундарын түзүү боюнча системалуу иштер өзгөчө таасир калтырды. Өлкөнүн, облустардын, райондордун жана айылдардын өнүгүүсү ар бирибиз кошкон салымдан жана жигердүүлүгүбүздөн тикелей көз каранды экени айкын болду. Заманбап турист жөн гана кооз жерлерди эмес, эмоцияларды жана тарыхты издей турганын түшүндүк. Демек, биз туристтик өнүмдөрүбүздү уламыштар, сценарийлер, тейлөө аркылуу башкача таңгакташыбыз керек. Биз бул ыкманы аймактарда туризмди өнүктүрүүдө колдонууну пландап жатабыз”.

Катышуучулар TURKISTAN INVEST мамлекеттик ишканасынын ишмердиги менен тааныша алышты. BNK Irrigation жана Aqniet Holding сыяктуу резидент-ишканалар иштеген чакан өнөр жай паркы да өзгөчө кызыгууну жаратты. Казакстанда кеңири таралган чакан индустриялык зоналар “кирип иштей бер” принциби боюнча ишке ашып келет. Мында бизнес үчүн даяр инфраструктура жана административдик колдоо бар.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын экономика бөлүмүнүн жетекчиси Жеңишбек ТОКОН уулу да сапар жогорку деңгээлде уюштурулганын жана анын программасы мазмундуу болгонун белгиледи. Ал сугат системаларынан тартып өнөр жай өндүрүштөрүнө жана күнөскана комплекстерине чейинки заманбап технологиялар менен таанышуу Кыргызстандын аймактарында ишке ашыруу үчүн конкреттүү идеяларды бергенин кошумчалады: “Айыл чарба жерлерин сугаруунун заманбап технологиялары, айнек жана калай идиштерди өндүрүүчү ишканалардын иши, килем жана байпак өндүрүшүн өнүктүрүү, ошондой эле заманбап күнөсканаларда помидор өстүрүүнүн инновациялык ыкмалары өзгөчө эсте калды. Инфраструктурасынын жана тейлөөнүн жогорку деңгээли менен айырмаланган Чымкент жана Түркстан шаарларындагы музейлер жана тарыхый объектилер да чоң таасир калтырды. Бул сапар бизге кандай аспаптар чындап иштей турганын так түшүнүүгө жардам берди. Биз бизнести колдоодон тартып өнөр жайды жана туризмди өнүктүрүүгө чейин конкреттүү чечимдерди көрө алдык”.

Түркстанда медицина, билим берүү жана тейлөө экономикасы, анын ичинде туристтер үчүн жогорку технологиялык борборлор жана инфраструктура жаатында долбоорлор ишке ашырылууда. Мисалы, региондогу инвестициялык долбоорлор 20 пайыздан жогору кирешелүүлүктү болжолдоп, 5-6 жылдын ичинде өзүн актайт деп күтүлгөндүктөн аларды бизнес үчүн жагымдуу кылууда.

Эмнелер өздөштүрүлдү?

Казакстандын тажрыйбасына жасалган талдоо көрсөткөндөй, инвестицияларды тартуудагы ийгилик үч негизги принципке негизделет. Биринчиси – системалуулук: инвестициялар туш келди пайда болбостон, башкарылат. Экинчиси – институционалдуулук: жыйынтык үчүн жооп берген конкреттүү түзүмдөр бар. Үчүнчүсү – жигердүүлүк: региондор сырттан демилге күтүп отурбастан, өздөрү инвесторлорду издеп, сунуштарды беришет.

Ошол эле учурда ийгиликтүү моделде да кыйынчылыктар бар болгонун түшүнүү маанилүү. Казакстандын эксперттик чөйрөсүндө инвестициялар бирдей эмес бөлүштүрүлгөнү жана тышкы капиталга көз каранды болгону талкууланууда. Бул инвестицияларды тартып жатканда терең ойлонулган регионалдык саясат жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугу керектигин көрсөтүүдө. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Казакстандагы көпчүлүк адамдар квазимамлекеттик органдарды, мисалы, инвестицияларды башкаруу боюнча агенттиктер иштеген форманы түзүүнүн жана кармоонун максатка ылайыктуулугу жана натыйжалуулугу жөнүндө суроолорду узатууда. Кыргызстан үчүн негизги тыянак – фрагментардык демилгелерден системалуу ишке өтүш керек. Чымкент менен Түркстандын тажрыйбасы инвестиция түшүнүктүү оюн эрежелери, даяр инфраструктура жана күчтүү колдоо институттары бар жерге келерин көрсөтүп турат.

Окуу сапары экономикалык өнүгүү ресурстар маселеси эмес, башкаруу маселеси экенин тастыктады. Дал ушул башкаруу чечимдери бүгүнкү күндө аймактардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору болуп калууда.

“Биз үчүн ишканаларды көрүп эле тим болбостон, алардын масштабы эмнелердин эсебинен кеңейип жатканын түшүнүү да маанилүү болду. Биз экспортту колдоо кандай иштээрин, бизнеске өсүүгө жана тышкы рынокторго чыгууга кандай чаралар чындап жардам берип жатканын көрдүк. Бул тажрыйбаны биз өзгөчө жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоп, жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн өз аймагыбызга ылайыкташтыра алабыз”, – деп бөлүштү Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын экономика бөлүмүнүн башчысы Марат ЭШАТОВ.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын экономика бөлүмүнүн жетекчиси Жеңишбек ТОКОН уулу Кыргызстандын региондорунун өзгөчөлүгүн эске алуу маанилүү экенин белгиледи. Ал эми Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Кадырбек АЖИЕВ окуу сапарынын практикалык жыйынтыктарына баа берди. “Биз бардык моделдерди түздөн-түз өткөрүп алууга мүмкүн эмес экенин түшүнүп турабыз. Мисалы, Ысык-Көл облусунда айлана-чөйрөнү, кайталангыс экосистеманы сактоо маанилүү, ошондуктан бул жерде туруктуу туризмге басым жасалат. Бирок ошол эле учурда биз алган билимибизди инвесторлор менен иштөөдө, чакан бизнести өнүктүрүүдө жана биздин шарттарга шайкеш келген жаңы демилгелерди түзүүдө колдонууга даярбыз”.

Окуу сапары мындай өзгөрүүлөр мүмкүн экенин көрсөттү. Андан да маанилүүсү, алар ийгиликтүү модель кандайча иштээрин түшүнүүдөн башталат.

Сапар фасилитациялык сессия менен аяктады, анда делегация Кыргызстанда инвестициялык операторлорду түзүүдөн тартып, индустриялык зоналарды өнүктүрүүгө жана туризмдеги жаңы ыкмаларга чейин кандай чечимдерди ыңгайлаштырууга болорун талкуулашты.

Катышуучулардын баамында, алынган тажрыйба аймактарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү үчүн негиз болуп берет.

Сапардын программасына жасалган талдоонун, өткөрүлгөн жолугушуулардын, катышуучулар менен талкуулардын жана фасилитациялык сессиянын жыйынтыктарынын негизинде регионалдык экономиканы мындан ары өнүктүрүүгө жана мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган практикалык мүнөздөгү сунуштар түзүлдү.

Кыргызстандын аймактарында инвестицияларды башкарууну жакшыртуу үчүн сунуштамалар

  • Аймактарда иштеген атайын институт керек
    Өзөктүк багыттардын катарында “бирдиктүү терезе” принциби боюнча инвесторлорду борборлоштурулган коштоону камсыз кылуучу Shymkent Invest сыяктуу адистештирилген инвестициялык операторлорду түзүү же күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Мындай агенттик ири инвесторлор менен борбордук деңгээлде гана эмес, аймактарда бизнестин бардык категориялары менен да иш алып барганы маанилүү. Туруктуу жумушчу топтор, тармактык кеңештер жана өз ара байланыш түзүү платформалары аркылуу мамлекет менен бизнестин ортосундагы системалуу координацияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле мамлекеттик түзүмдөр менен бизнестин ортосунда ортомчу катары регионалдык ишкерлер палаталарынын ролун күчөтүүнүн, анын ичинде долбоорлорду коштоонун жана ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгү белгиленди.
  • Инвестициялык сунуштарды түзүү зарыл
    Катышуучулар бийлик органдары жер участокторун, инфраструктураны, финансылык шарттарды жана долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн алдын ала иштеп чыккан даяр инвестициялык сунуштарды түзүшү керектигин белгилешти. Сүйлөшүүлөрдү демилгелөө, эл аралык аянтчаларга катышуу жана өнөктөштөрдү максаттуу издөө аркылуу инвесторлорду реактивдүүдөн проактивдүү кылууга карай маанилүү кадам болуп калышы керек. Ишкерлердин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү өнүктүрүү жана колдо болгон ресурстарды жана аймактардын дараметин натыйжалуу пайдалануу артыкчылыктардын катарына киргизилген.
  • Кластерлерди жана зоналарды түзүү жана өнүктүрүү
    Долбоорлорду тездетип ишке киргизүүнүн натыйжалуу аспаптарынын бири катары индустриялык зоналарды жана даяр өндүрүш аянтчаларын түзүү жана өнүктүрүү белгиленди.
  • Туризм: объекттерди эксплуатациялоодон аймактын бейнесин жана бренддерди түзүүгө өтүү
    Туристтик объекттерди жөн гана эксплуатациялоодон аймактын толук кандуу туристтик бейнесин же брендин түзүүгө өтүү зарылдыгына өзгөчө басым жасалды. Катышуучулардын баамында, заманбап туризм жерди гана көрсөтпөстөн, ошону менен бирге аймактын тарыхы, маданияты жана атмосферасы аркылуу эмоционалдык тереңдикти жаратышы керек. “Кербен сарай” комплекси жана “Алтын Самрук” музейи ийгиликтүү мисалдар катары белгиленди. Ошондой эле уламыштарга, тарыхый мурастарга жана аймактардын кайталангыс өзгөчөлүктөрүнө негизделген сторителлинг аркылуу аймактын брендин таңгактоо маанилүү багыт катары аталды. 
  • Бизнес менен өз ара байланышты күчөтүү
    Катышуучулар биргелешкен долбоорлор, инвестициялык демилгелер жана өнүктүрүү программаларына катышуу аркылуу бизнести регионалдык экономиканы өнүктүрүү процесстерине жигердүү тартуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Сапардын жүрүшүндө түзүлгөн эл аралык байланыштар жана өнөктөштүктөр аркылуу ишканалардын экспорттук дараметин өнүктүрүүгө кошумча көңүл бурулду.
  • Сапар маалында алынган билимди кантип колдонсо болот?
    Алынган тажрыйбаны иш жүзүндө колдонуу үчүн кыска мөөнөттүү келечекте 2-3 пилоттук демилгени ишке киргизип, андан ары ийгиликтүү практикалардын масштабын кеңейтүү сунушталды. Негизги демилгелердин катарында бизнести жана инвесторлорду коштоо маселелери боюнча райондук мамлекеттик администрациялардын адистеринин квалификациясын жогорулатып, ошондой эле ишкердикти колдоо милдеттерин эске алуу менен алардын учурдагы иш милдеттерин кайра карап чыгып, талдоо белгиленди. Аймактардын бренддерин иштеп чыгуу, улуттук колорит менен бирдиктүү визуалдык дизайнды киргизүү жана сапаттуу таңгакталган инвестициялык сунуштарды түзүү аркылуу аймактардын маркетингине жана көбүрөөк таанытууга өзгөчө көңүл буруу сунушталды. Ошондой эле фасилитациялык иштердин жүрүшүндө жаралган ар бир демилге үчүн жооптуу адамдарды жана ишке ашыруунун конкреттүү мөөнөттөрүн аныктоо сунушталды. Андан ары колдоонун маанилүү аспабы катары жетишилген жылышты баалоо жана кийинки иш-аракеттерди түзөтүү үчүн 1-2 айдан кийин онлайн-сессияны өткөрүү сунушталды.
  • Жакын коңшулук мамилелерди кантип өнүктүрүш керек?
    Мындан ары өз ара байланыш түзүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын арасында Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы туризм, өнөр жай жана ишкердик чөйрөлөрүндө трансчек аралык долбоорлорду өнүктүрүү белгиленди. Катышуучулар ошондой эле тажрыйба алмашууну тереңдетүү үчүн жооп сапарларын жана стажировкаларды уюштуруу идеясын колдошту. Бизнестин деңгээлинде да, мамлекеттик түзүмдөрдүн деңгээлинде да аймактардын ортосунда туруктуу өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө өзгөчө маани берилмекчи.