Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары» улуттук сынагынын жыйынтыктары

2013-07-30 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары

Беш адамдан турган көз карандысыз сынак комиссиясы ар бир материалды атайын критерийлер менен баалап чыкты.

1-июнда үч жылдан бери өтүп келаткан «Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары» улуттук сынагынын лауреаттары салтанаттуу жыйында сыйланды.
 
Бул сынак «Сорос – Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институтунун «ММК – бюджеттин айкындуулугунун механизми» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
 
Сынактын шарттарына ылайык, ага өз эмгектерин 2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында жарыялаган бардык журналисттер катыша алмак. Конкурстук иштер үчүн тема катары төмөнкү багыттар сунушталды: 2012-2013-жылдардагы республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, бюджеттин чыгашаларынын ак ниеттүүлүгү жана натыйжалуулугу жана казуучу тармактарда жана энергетикада айкындуулук. Баары болуп 2013-жылдагы сынакка Кыргызстандын бардык облустарынан 43 автордон 340 материал түштү (салыштыра турган болсок, 2012-жылы 50 журналисттен 414 материал, 2011-жылы 37 автордон 257 материал түшкөн). Белгилей кетчү жагдай, бул жылы чоң активдүүлүктү аймактагы ММКнын өкүлдөрү көрсөтүштү.
 
Беш адамдан турган көз карандысыз сынак комиссиясы ар бир материалды атайын критерийлер менен баалап чыкты. Сынактын жеңүүчүлөрү төрт номинация боюнча аныкталды: орус тилинде эфирдик ММК, басма ММК, кыргыз тилинде басма ММК, ошондой эле интернет-ММК.
 
Салтанаттуу иш-чарага 40тан ашуун адам катышты: мамлекеттик кызматчылар, бизнес жамаатынын, медиа уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле борбордук жана аймактык ММКнын редакторлору жана журналисттер.
 
Дипломдорду жана сыйлыктарды тапшырган ардактуу конок катары КР Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы – Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Нурсулуу АХМЕТОВА, КР экономика министринин орун басары Адылбек КАСЫМАЛИЕВ, Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек ДҮЙШЕЕВ, ошондой эле «Сорос – Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамил ИБРАГИМОВ чакырылды.
 
Бул иш-чаранын өнөктөштөрү катары чыккан КР Улуттук банкы, ошондой эле КР Микрокаржылык уюмдардын ассоциациясы банктар жана микрокаржылык уюмдар темасы боюнча мыкты макалаларды жарыялаган айрым журналисттерге өз белектерин тапшырышты. Мындан тышкары Өнүктүрүү саясат институту да жергиликтүү бюджетке арналган материалдары мыкты деп табылган катышуучуларга шыктандыруучу байгелерди тапшырды.
 
ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА белгилегендей, «журналисттер ушул өңдүү иш-чараларга көп катышат, бирок алар негизинен ишке байланыштуу болот – материалы үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк маалыматты алыш керек болот. Анткен менен аларга гана арналган салтанаттуу аземдер чанда гана өтөт. Бул майрамды биз атайын журналисттер үчүн өткөрүп, ошону менен бул кесиптин маанилүүлүгүн жана барктуулугун белгилегибиз келди».