Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сүлүктүдөгү марафон 1 миллион 700 миң сом чогултту

2013-12-23 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары
Сүлүктүдөгү марафон 1 миллион 700 миң сом чогултту

Сүлүктүдөгү марафон 1 миллион 700 миң сом чогултту...

 

2013-жылдын 10-августунда Сүлүктү шаарында жолдордогу тешиктерди бүтөө үчүн кошумча каражат чогултуу максатында марафон өттү.
 
Марафонго 300гө жакын адам катышты. Алардын ичинде шаардын карапайым тургундары да, көмүр казуучу компаниянын, коммерциялык жана мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрү да, ошондой эле облустун, райондун жана шаардын жетекчилери да болушту.Мындан тышкары өз шаарынын өнүгүүсү үчүн жеке салымын Сүлүктүдө туулуп-өскөн, республиканын булуң-бурчунан жана чет өлкөдөн иш-чарага катышуу үчүн атайын келген замандаштар да болду.
 
Бир нече сааттын ичинде эле катышуучулар 1 миллион 700 миң сомдон ашык акча чогултушту. Бул каражаттын баары талкаланган жолдорду оңдоп-түзөө үчүн жумшалмакчы.
 
Марафондун катышуучуларынын сөзү боюнча, бул демилгени угаар замат жергиликтүү тургундарда оптимизм, шаардын жетекчилигинин ишинин ачык жана айкын болуп жатканына ишеним пайда болду.
 
“Акчаны атайын орнотулган тунук кутуга ташташ үчүн түрдүү улуттагы адамдар кезекте турушту. Кайсы бир учурда кутунун жанында кымгуут пайда болду – өз кичи Мекенине колдон келген жардамын берип калууга умтулгандар өтө көп болду”, - дейт Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү Жылдыз КЕРИМОВА. “Биздин институт марафондун маалыматтык өнөктөшү болду. ЕККУнун “Кен казуучу компаниялардын жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттешүүсү жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү” долбоорунун алкагында биз дал ушул иш-чара үчүн “Шахтер жолу” шаардык гезитинин атайын чыгарылышын басып бердик. Каалоочулардын арасында өспүрүмдөрдүн жүргөнү бизди абдан кубандырды. Алар жүгүрүп келип, сары майдай сактап жүргөн акчасын кутуга таштап жатышты. Ошондой эле пенсиясынын аздыгына карабастан пенсионерлер да, бюджеттик кызматкерлер да айлап чогулткан маянасын алып келип жатышты”.
 
“Сүлүктүнүн мэри болуп жаңы иштей баштаганда, калкка ички жолдорду жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзөбүз деп сөз бергем, - дейт шаар башчысы Абдизакир ИБРАГИМОВ. – Эч ким үчүн сыр деле эмес, өкмөт ички жолдорду оңдоого зарыл болгон сумманы караштырбайт. Көп жылдардан бери мындай иштер “ашар” ыкмасы менен, тургундардын өз күчү менен ишке ашырылып келатат. Ремонттук иштерди биз борбор-дук көчөлөрдөн баштаганбыз. Төрт көчөгө майда кум төктүк. Ал эми Элмуратов ат. көчөдө биз узундугу 446 метр болгон лотокту өткөрүп, 482 миң тешикти бүтөп,1500 чарчы метр жолду оңдодук ж.б. Ушул жана башка иштерге 49,5 млн. сом кетти. Эгемендик күнүнө карата жолго асфальт төшөйбүз. Ал дээрлик даяр болуп калды. Пландар көп эле. Бирок баары каржыга келип такалат. Акча чогултуу иштерине активдүү катышып жаткан жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирем. Биз сөзсүз түрдө ар бир сом үчүн отчет беребиз”.
 
Марафондо жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн,активисттерден, казуучу жана коммерциялык компаниялардын өкүлдөрүнөн Эсеп палатасы түзүлдү. Комиссиянын негизги миссиясы – ремонттук иштердин аткарылы-шына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле марафондон чогулган каражаттын сарпталышына көз салуу.
 
Маалымат үчүн:
 
Бүгүнкү күндө жолдордун ремонту башталып калды. Негизги унаа жолунун узундугу 12,7 км түзөт. Акыркы айлардан бери шаардагы эң көп талкаланган жолдун капиталдык ремонтуна жергиликтүү бюджеттен 12 млн. сом бөлүндү. Жолдун 2,1 км толугу менен асфальт төшөлдү, анын кендиги 6,3 метр, калыңдыгы 7 см болду. Ошондой эле Товарная көчөсүнөн Элмуратов көчөсүнө чейин тешиктерди бүтөө үчүн ремонт иштери жасалат. Мунун баары жергиликтүү бюджеттин жана жергиликтүү кен казуучу компаниялардын эсебинен жасалат. Бардык каражаттар тендерди жеңип алган подрядчы - “Ак-Тилек”АК эсебине которулду. Ремонт иштери 2013-жылдын күз айларында аяктайт деп пландалууда.