Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү бюджетти натыйжалуу пландоо – Сүлүктү шаарынын өнүгүүсүнүн негизи

2013-07-30 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары

Тренинг-семинар мэриянын кызматкерлерин,шаардык кеңештин депутаттарын, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүн жана казуучу компаниялардын жетекчилерин каржылык сабаттуулукту арттыруу жолу менен жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүнүн негиздерине окутуу максатын көздөдү.

2013-жылдын 29-майында Сүлүктү шаарында «Жергиликтүү бюджетти натыйжалуу пландоо – Сүлүктү шаарынын өнүгүүсүнүн негизи» деген аталыштагы тренинг семинар өттү. Иш-чараны ЕККУнун Бишкектеги Борборунун колдоосу менен «Казуучу компаниялардын жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттешүүсү жана жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн арттыруу» долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун адистери өткөрдү.
 
Тренинг-семинар мэриянын кызматкерлерин, шаардык кеңештин депутаттарын, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүн жана казуучу компаниялардын жетекчилерин каржылык сабаттуулукту арттыруу жолу менен жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүнүн негиздерине окутуу максатын көздөдү. Өнүктүрүү саясат институтунун адистери катышуучуларга чыгаша жана киреше бөлүктөрүн кошкондо бюджетти туура пландоонун механизмдерин, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин кирешесин жогорулатуунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп беришти. Мындан тышкары семинардын катышуучулары мэрия Сүлүктү шаарын өнүктүрүү боюнча Меморандумга кол койгон беш казуучу компаниянын өкүлдөрү менен шаарды өнүктүрүүнүн биргелешкен планын талкуулашты.
 
Семинардын процессинде дагы бир казуучу компания – алтынчысы – кызматташууга жана шаардын өнүгүүсүнө көмөктөшүү ниетин билдирип, семинарда эле Сүлүктү шаарынын мэриясы менен Кызматташтык тууралуу меморандумга кол койгону күтүүсүз жагымдуу окуя болду.
 
Семинарда жер казынасын пайдаланууга тиешелүү мыйзамдардагы жаңылыктар берилип, талкууга алынды.
 
Катышуучулардын сөзүнүн бирине караганда мындай окутуучу иш-чаралар абдан маанилүү, анткени мэриянын кызматкерлеринин, депутаттардын, бизнесмендердин жана жамааттын билим деңгээли жалпысынан коомдун, келечеги кең шаардын өнүгүүсүнүн ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.