2013-08-30 / көңүл чордонунда
Бүт дүйнө башкаруунун горизанталы тууралуу көптөн
бери айтып келатса, биз командалык-административдик
вертикалды кургубуз келип жатабы?
Парламент эмгек өргүүсүнө тараар алдында өкмөт Жогорку Кеңешке башкаруунун аймактык органдары арасындагы ыйгарым укуктарды олуттуу түрдө кайра бөлүштүрүүнү караштырган мыйзам долбоорун киргизүү менен өлкөдөгү башкаруу системасын өзгөртүүгө аракет жасады. Парламенттин эки профилдик комитети – бюджеттик жана конституциялык – долбоорду чийки жана Конституция менен бюджеттик система жагынан алып караганда көптөгөн талаштуу нормаларды камтыйт деген негиз менен четке какты. Июлда мыйзам долбооруна карата регионалдык активден колдоо алуу максатында өкмөттүк десант өлкөнүн бардык райондоруна жөнөп кетти. Өкмөт сентябрда бул мыйзам долбоорун кайрадан парламентке жиберүүнү пландоодо. Бирок бул жолу аймактагы башкаруучулардын макулдугуна ээ болуп, “тапталган” түрдө сунуштаганы турат. Ал эми премьер-министр мындайча айтканда бийлик вертикалын ушинтип күчтөндүрүү зарылчылыгын ийне-жибине чейин түшүндүрүп, маалымат каражаттарына маек курууда. Мындай кеңири маалыматтык өнөктүк коомчулукту өкмөттүн демилгеси өз учурунда көтөрүлгөнүнө, зарыл болгонуна жана концепциясы анык экенине ынандырыш керек болчу. Бирок чуулгандуу “бийлик вертикалы” эксперттик жамаатты тынчсыздандырууда. Алар аймактарды башкарууда тартиптин зарылдыгын мойнуна алганы менен, ошол эле учурда өкмөт сунуштаган ыкмалар алар күткөн натыйжага алып келерине олуттуу түрдө күмөн санашат. Атүгүл эксперттер өкмөт ойлоп тапкан реформа өлкөдөгү кырдаалды туруксуздандырышы ыктымал деп кооптонушууда.
Райондук деңгээлде башкарууда өкмөттө чындап эле көйгөйлөр көп
Өкмөттүн аймактык башкарууну тартипке келтирүү ниети түшүнүктүү жана өзүн актайт. Бир дагы мамлекеттик программа соңку керектөөчү – жаранга жетпей жатат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү дээрлик жакшырбай жатат, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жумшак айтканда, артта калууда. Бишкекте жаралган бардык гениалдуу идеялар аймактык деңгээлде чыныгы индикаторго айлана албай, Бишкекте эле жок болууда. Ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү өзү менен өзү алек: өз иштерин координациялабайт, алардын жарандарга таасирин чындап чагылдырган көрсөткүчтөргө ээ эмес. Натыйжада адамдар алардын жашоосун жакшы жагына өзгөргөнүн сезбегендиктен бийликке ишеними да жоголууда.
Аймактык башкаруу “сыркоолоп” калганын түшүнүү өкмөттү бул көйгөйдү изилдеп чыгууга түрттү, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтор түзүлдү, түрдүү пикирлерге орун берилди, “айыктыруу” үчүн адекваттуу ыкмалар боюнча сунуштар иштелип чыкты. Өнүктүрүү саясат институту да өз сунуштарын жана сунуштамаларын берди.
Райондук деңгээлде башкарууну жакшыртуунун көптөгөн жолдору бар. Бирок бул үчүн өкмөттүн ичинде, министрликтер менен алардын аймактык бөлүмдөрү ортосундагы өз ара мамилелерди кайра куруп чыгуу жаатында эбегейсиз чоң, көп күчтү алган эмгек талап кылынат. Мисалы, Айыл чарба министрлигинин райондук структуралары акимиаттардын бир бөлүмү боло алмак жана мындай кубулуш жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды күчтөндүрмөк. Ошондой эле акимдерге ведомстволордун башка аймактык бөлүмдөрүн координациялоо боюнча көбүрөөк ыйгарым укуктарды сөзсүз бериш керек.
Акчага кайрыла турган болсок, жумушчу топ алардын райондук деңгээлде зарылчылыгын биринчи кезекте негиздеп берди. Кеп райондук бюджеттин, же акимдердин ушул өңдүү каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн бар-жогунда эмес, акча айкын тапшырмаларды аткаруу үчүн берилиши керектигинде болуп жатат. Жумушчу топ төмөнкү тапшырмаларды аткаруу үчүн акимге чындап эле каражат керектигин аныктап чыкты: 1) райондо пайда болгон күтүүсүз кырдаалга өз маалында жооп кайтаруу; 2) райондук деңгээлде өзүнүн социалдык саясатын иштеп чыгуу жана аткаруу; 3) социалдык инфраструктураны кошо каржылоого каражат менен жергиликтүү, өзгөчө дотациядагы жамааттардын керектөөлөрүн камсыздоо.
Мындай мамиле акимге акчанын зарылдыгы тууралуу сөз козгоого жол ачат. Бирок бул нерсе бюджеттик системаны “сындыруу” керек дегенди түшүндүрбөйт. Жумушчу топ ошол маселелерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү да чечүү үчүн каржылоонун булактары боюнча айкын сунуштарды берди: 1) ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоого дем берүүчү гранттардын өлчөмү; 2) социалдык инфраструктурага кам көрүү үчүн пайдалуу кендерди иштетүүдөн түшкөн чегерүүлөрдөн каражаттар; 3) жалпы мамлекеттик салыктар боюнча көрсөткүчтөрдү ашыкча аткаруудан улам пайда болгон каражаттар. Аким жогоруда айтылган тапшырмаларды аткаруусу үчүн мына ушулар жетиштүү болмок.
Бирок өкмөт башка жолду тандап алып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен акимдердин ыйгарым укуктарын күчөтүүнү чечип, көңүлүн жергиликтүү өз алдынча башкарууга бурду. Өкмөт мындай мамиле аймактарды мамлекеттик башкарууда башаламандык көйгөйүн чечет деп байоолук менен ишенип турат. Эмне үчүн? Жоопту премьер-министр гана билет, бирок министрликтердин ыйгарым укуктарын териштирүү – өтө чоң чыңалууну жана бир кыйла узак мөөнөттү талап кылган, түйшүгү көп, саясий жактан тобокелчиликтүү, техникалык жактан татаал иш деп божомолдосо болот. Ар бир министр кандайдыр бир саясий колдоо тобуна ээ, анын ичинде аны көрсөткөн саясий партиядан да бул колдоону алат жана өкмөт үчүн министрликтин ыйгарым укуктарын кайра карап чыгуу түрдүү саясий күчтөр менен татаал, нервди алган сүйлөшүүлөрдү баштап, өтө чоң көлөмдөгү техникалык ишти аткаруу керек дегенди түшүндүрөт. Ага караганда саясий добушка ээ болбогон, өзүн коргой албаган жергиликтүү өз алдынча башкаруудан ыйгарым укуктарды жана ресурстарды тартып алуу жеңил жана анчалык кооптуу эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен эч кандай сүйлөшүүлөр да талап кылынбайт, чечтиң – жасадың, ал эми алар аны аткарууга мажбур. Дагы бир жолу кайталайбыз, бул болгону божомол. Анткен менен эмне үчүн өкмөт реформанын татаал, бирок сабаттуу жана натыйжалуу жолун четке какканынын башка ачык жана так түшүндүрмөсү ойго келбей турат.
Жергиликтүү жамааттан ресурстарды алып коюу – элдин акыйкаттыкка ишенимин жокко чыгаруу жана коррупция үчүн шарт түзүү
Өкмөттүн сунуштарынын тизмеси ондон ашык пункттарды камтыйт. Алар бардык жергиликтүү ресурстарды башкарууну акимдердин колуна топтоп берүүгө жана ашкере ыйгарым укуктарды берүүгө багытталган. Биздин баамыбызда, бул болсо өлкөнү көзөмөлдөн чыккан коррупцияга дуушар кылышы мүмкүн, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасына азыркыдан да чоң теңсиздикти алып келиши ыктымал. Сөз жерлерди, жайыттарды жана акчаны башкаруу тууралуу жүрүп жатат. Өкмөт бул ресурстарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ордуна жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы – аким өзү башкаруусун каалап турат.
Жайыттарды эми гана тең салмактуу абалга алып келе баштаган, аларды башкаруу ишин айкын жана адилеттүү кылган башкаруу системасы – жайыт комитеттеринин жана жайыт билеттердин ордуна башкарууну райондо дээрлик чексиз бийликке ээ болчу бир адамдын колуна өткөрүп берүү сунушталып жатат. Башкача айтканда, мындан ары чабандар мал жаюу маселесин кеңешип чечпестен, баары райондук акимдин алдына тизе бүгүп барууга, аны ынандырууга мажбур болушат.
Андан ары айылдык аймактар ортосунда теңдештирүүчү гранттарды бөлүштүрүү ишин райондук деңгээлге өткөрүп берүү сунушталып жатат. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттердин арасында бул гранттарды республикалык бюджет жөнүндө мыйзам бөлүштүрүп келатат. Сунушталып жаткан өзгөрүүлөр жергиликтүү деңгээлде коррупцияны күчөтөт. Анткени бардык бюджеттик маселелер боюнча айыл өкмөт башчысы акимге же райондук каржы башкармалыгына барат – макулдашуу үчүн. Мындан тышкары айылдык аймактардын кирешесинин канча үлүшүн райондук бийликтин карамагына өткөрүп берүү керек деген маселени чечүү укугу Жогорку Кеңешке эмес, өкмөткө өткөрүлүп жатат. Мында дагы ушул кезге чейин бул үлүш көрсөтүлүп келген республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды өзгөрткөнгө караганда өкмөт менен макулдашуу жеңил.
Өз маегинде премьер-министр Каржы министрлигин айыл өкмөтүн монополиялык түрдө башкарып калды деп айыптады. Бул өтө таң калдырат. Анткени теңдештирүүчү гранттын көлөмү формула боюнча эсептелинет жана республикалык бюджет жөнүндөгү жылдык мыйзамда көрсөтүлөт. Ал эми ушул формуланын аксап жатканы – бул башка маселе. Бирок бул нерсе формуланы оңдогондун ордуна жаңы коррупциялык схеманы түзүү керек дегенди БИЛДИРБЕЙТ. Жалпысынан ушундай мамиле мындайча элес берүүдө: Каржы министрлигинин эсептик иштеги мүмкүнчүлүгүнө нааразы болгон өкмөт акыйкаттык, математикалык тактык жана ниетинин берметтей актыгы үчүн жоопкерчиликти 40 райондук акимге жүктөгөнү турат. Биздин өлкөдөгү башкаруу салтын эсепке ала турган болсок, бул – өтө кайраттуу чечим. Бирок ал жүйөлүүбү? Акчаны башкарууда мыйзамда көрсөтүлгөн математикалык ыкмалардын ордуна адам факторун тандап алууну өкмөт кантип негиздеп бере алат?
Мунун бардыгы ансыз да жакыр жергиликтүү бюджеттердин канын соруп, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн жана сапатынын деңгээли ого бетер түшүп, коррупциянын деңгээли кескин жогорулайт. Өкмөттүн суу түтүктөрүнө, чатырга, ФАПтарга жана башкаларга байланыштуу жарандардан даттанууларды албай калуу үмүтү ого бетер начарлаган жашоо шартына карата арыздарга көмүлүп калат.
Райондук кеңештерди жана райондук бюджеттерди кайра жандандыруу, ошондой эле акимдерге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине кийлигишүү укугун берүү – башкаруу системасынын конституциялык негиздерин жокко чыгаруу. Өкмөт райондук кеңештерди жана райондук бюджеттерди кайра калыбына келтирүүнү сунуштап жатат. Бирок биздин өлкөнүн Конституциясында райондук кеңеш өңдүү бийликтин институту жана райондук өңдүү бюджеттин түрү каралган эмес.
Өкмөттүн дагы бир сунушу юристтердин айласын кетирүүдө. Сөз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери мыйзамдарды бузган учурда акимдерге ошол чечимди жокко чыгаруу укугун берүү тууралуу болуп жатат. Маселенин мындай өңүттө каралышы Конституцияга карама-каршы келүүдө. Анткени өлкөнүн негизги мыйзамында атайын орган – прокуратура каралган. Ал бийликтин аткаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызматтык адамдары мыйзамдарды так жана бир түрдүү аткаруусуна көз салып турат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары мыйзамга каршы келген учурларда прокуратура органдары белгиленген тартипте прокурордук эскертүү тууралуу тиешелүү актыларды киргизүүгө милдеттүү. Ал эми Конституция боюнча чечимдерди жокко чыгаруу укугу жогору турган органдарга жана сотко тиешелүү. Айыл өкмөтү үчүн жогору турган орган райондук аким эмес, жергиликтүү кеңеш эсептелинет. Конституцияда жогоруда айтылган нормаларды өзгөртмөйүнчө эч ким, анын ичинде өкмөт да өзү каалагандай эле акимдерге прокуратура органдарынын конституциялык ыйгарым укуктарын ыйгарып, муну менен иш жүзүндө өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына көз сала турган дагы бир көзөмөл органын түзө албайт.
Өкмөттүн мындай демилгеси өз каалоосун өлкөнүн негизги мыйзамынан жогору коюп, Конституцияга такыр дал келбеген прецендентти жаратышы мүмкүн.
Сандар да алдай алат
Өкмөт айыл өкмөтүнүн сабатсыздыгы жана коррупцияга батканы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун саясий, административдик жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүн азайтууга негиз болуп бергенин ырастоодо. Өз маегинде премьер-министр 2012-жылдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча статистиканы келтирди. Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, 2012-жылы бийлик органдарынын өкүлдөрүнө карата 170 кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 124ү – айыл өкмөт башчыларына, алтоо – муниципалитеттерге каршы (баса, айыл өкмөтү муниципалитеттердин катарына кошулбаганы кызык, балким бул жерде шаар жөнүндө сөз болуп жатышы ыктымал). Башка булактар болсо айыл өкмөтүндө 253 коррупциялык кылмыш аныкталганын билдиришти (айрымдары боюнча кылмыш иши козголбогон өңдүү). Бир караганда мэрия жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар салыштырмалуу тазараак чыкты, ал жактарда 121 ушул өңдүү кылмыш аныкталган. Статистика таасирлендирет жана айыл өкмөтүндөгү паракорлорго элдин нааразылыгы акыйкат болмок. Эгерде “бирок” деген болбосо... Эгерде кылмыштардын санын ошол кылмыш жасалган органдардын санына бөлсөк, таптакыр башка көрүнүш келип чыгат.
Эмесе, 459 айыл өкмөтүнө 253 кылмыш, же бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына 0,6 кылмыш туура келет. 71 акимиатка жана мэрияга 121 кылмыш, же бир башкаруу органына дээрлик эки эсе (1,7) көп кылмыш туура келет. Мамлекеттик каттоо кызматынын 60 бөлүмүнө (болжол менен) бир органга 0,8 кылмыш туура келет. Ошентип коррупциялык кылмыштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караганда көбүрөөк жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана башка мамлекеттик органдарда жасалып жатат!
Ушул маалыматтарды акыйкат карай турган болсок, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – бул башкаруу системасынын эң коррупцияланбаган бөлүгү деген тыянакка келсек болот! Бул түшүнүктүү – жергиликтүү бюджетте уурдаганга дээрлик эч нерсе жок!
Башкаруу органдарынын типтери боюнча тилкеде кылмыштардын санынын ордуна курган цифраларды берүү – өкмөт башчынын ойлонуштурулбаган кадамы, ал өтө эле көз боёмочулукка коошуп кетүүдө. Бул кытайлар жапондорго караганда бакубаттуу жашайт, анткени Кытайдын ИДПсы жалпы өлчөмдө Жапонияныкына салыштырмалуу жогору деп айтууга барабар. Бүткүл дүйнө ИДПны калктын киши башы менен өлчөгөн сыяктуу эле кылмыштарды да жалпылаштырбастан, бир органга өлчөш керек.
Мындан тышкары Улуттук статистика комитети тарабынан эсептелип чыккан, жакында эле жарыяланган башкаруу органдарына жарандардын ишеним рейтинги жарандар дал ушул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк ишене турганын ырастоодо. ЖӨБ органдарына ишеним рейтинги дээрлик 17 пунктту түзөт. Ошол эле маалда жарандардын башкаруу системасына жеке ишениминин жалпы деңгээли жалпысынан минус 3,5 пунктту түзгөн!
Бүт дүйнө башкаруунун горизанталы тууралуу көптөн бери айтып келатса, биз командалык-административдик вертикалды кургубуз келип жатабы?
Кыргыз мамлекети өз моделин ага ыңгайлаштырып куруп жаткан жана мамлекеттин ролун жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчү катары түшүнүүгө негизделген жаңы мамлекеттик башкаруунун Концепциясы негизинен башкаруу органдары ортосундагы горизонталдык байланышты караштырат. Кызмат көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктар жана милдеттемелер мыйзамдарды башкаруунун даражалары арасында жакшы бөлүштүрүлгөн деген шартта “вертикалга” эч кандай зарылчылык жаралбайт. Вертикаль – бул өткөн чак, диктатуранын жана пландуу экономиканын шарттарында гана натыйжасын берген командалык-административдик системанын негизи, түркүгү, идеологиясы. Андыктан биз өкмөткө Кыргыз Республикасынын чөйрөсү, коому жана экономикалык системасы мурда эле өзгөргөнүн, бардык ресурстар жана бийлик укуктары армиядагыдай жогорудан төмөн карай бөлүштүрүлгөн командалык-административдик вертикалды четке какканын эскертүүгө мажбурбуз.
Бүгүнкү күндө башкаруунун аймактык деңгээлдеринен белгилүү бир административдик эркиндикти, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, муниципалдар аралык өнөктөштүк, социалдык буйрутма жана башка чыгармачыл мамилени колдонуу мүмкүнчүлүгүн талап кылган таптакыр башка ыкмалар актуалдуу. Бул ыкмалар – Кыргызстандагы башкаруу аппараты үчүн жаңылык, алар даанышмандыкты, кайраттуулукту, жоопкерчиликти жана чынчылдыкты талап кылат. Аларды натыйжалуу пайдалануу үчүн мына ушул нерселер жетишпей турат. Азыркы абалында өкмөт үчүн жеңил жол – жакшы тааныш болгон, мурда пайдаланылган буйрук берген вертикалды архивден алып чыгуу. Бирок азыркы шарттарда өзү жабыр тартпастан өкмөт аны колдоно албайт. Анткени өкмөттүн сунуштары башкаруунун аймактык деңгээлин тартипке келтирүү жана мамлекеттик программаларды натыйжалуу ишке ашыруу өңдүү ак ниет максаттарга жеткирбейт. Кырдаал
ого бетер татаалдашат. Анткени райондук деңгээлде коррупциялык чуңкурга жол ачылганын көрөбүз, ал чуңкурга чоң ылдамдык менен бюджеттик акчанын жаңы миллиарддары жөнөйт жана кумга суу куйгандай жок болот. Ал эми жерлерди жана жайыттарды башкара албай калган калк өз нааразылыгын өкмөткө билдирет. Өкмөт өзүнө өзү чуңкур казып жатат. Күзүндө өкмөт жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укугун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктын жашоо шартын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектеген өзүнүн сунуштарын кайрадан Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүүнү пландоодо. Ошол кезге чейин коом жана парламенттин депутаттары, айткан жерден алыс, жаңылып калбаш үчүн кырдаалды жакшылап байкаштырып, тең салмактуу маалыматтарды алыш керек. Анткени бул ката Кыргызстан үчүн кымбатка туруп калышы ыктымал. Кырдаал төмөнкү сценарий менен өнүгүшү ыктымал – өзүнүн конституциялык укуктары чектелген шарттарда өзгөчө элет жериндеги калк 2010-жылкы үлгүдөгү саясий күрөш ыкмаларына кайрадан кайтып келиши мүмкүн.
Надежда ДОБРЕЦОВА,
Өнүктүрүү саясат институту