Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Окуянын чоо-жайы

2014-08-01 / ПИЛОТ:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Окуянын чоо-жайы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу социалдык маселелерди чечүү ишин бейөкмөт уюмдарга тапшыра алат жана муну жасаш керек. Бул үчүн Кыргызстанда муниципалдык (мамлекеттик) социалдык тапшырык механизми киргизилип жатат. Мында тапшырыкчы болуп ЖӨБ органы – мэрия же айыл өкмөтү, ал эми аткаруучу болуп бейөкмөт коммерциялык эмес уюм (БӨУ) чыгат. Жарандык коомду колдоо боюнча GIZ Долбоорунун (Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомчулугу) каржылык колдоосу алдында муниципалдык социалдык тапшырык (МСТ) боюнча GIZ/Fonds Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Кыргыз Республикасындагы 12 муниципалитетке бейөкмөт уюмдардын күчү менен актуалдуу социалдык маселелерди чечүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жардам берип келатат. Социалдык тапшырыктарды каржылоо үчүн бир миллион сом көлөмүндө (ар бир муниципалитетке) каражаттарды Жарандык коомду колдоо боюнча GIZ Долбоору (Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомчулугу) берет жана ал каражат ӨСИ аркылуу 12 ЖӨБ органынын жергиликтүү бюджеттерине түшөт.Ошону менен бирге ӨСИ ЖӨБ органдары менен биргеликте каражаттардын максаттуу сарпталышын, социалдык долбоорлорду аткаруунуннатыйжалуулугун көзөмөлдөйт.

2014-жылдын орто ченинде 12 пилоттук муниципалитет артыкчылыктуу социалдык көйгөйлөрдү аныктоо боюнча иштерди аткарып, алардын ичинен эң актуалдуу бешөөсүн тандап алган. Андан соң муниципалитеттер 1228 жарандын жана БӨУ өкүлдөрүнүн катышуусунда чогулуштардын алкагында үчтөн эң артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тандап алышты. Бул тууралуу кененирээк “Муниципалитет” журналынын толугу менен муниципалдык социалдык тапшырыкка арналган апрель айындагы санынан (№4, 2014-ж.) окусаңыз болот.Эми болсо социалдык тапшырыкты ишке ашыруу иши андан ары кандай жүрүп жатканы тууралуу айтып берүүгө убакыт жетти. Эмесе, бүгүн “Муниципалитет” журналы МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоорунун негизги окуяларынын күндемин сунуштайт – ЖӨБ жана БӨУ үчүн тренингдер, техникалык тапшырмаларды түзүү, табыштамаларды чогултуу,сынактарды өткөрүү жана Чүй облусунда мамлекеттик социалдык тапшырыкты ишке ашыруу тажрыйбасын үйрөнүү үчүн окуу сапарын уюштуруу. 
Социалдык долбоорлорду иштеп чыгууну үйрөнөбүз 2014-жылдын жаз жана жай мезгилдеринде 12 пилоттук муниципалитетиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана активисттер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына негизделген социалдык тапшырык процессин уюш- туруунун жол-жоболору менен толугураак таанышып чыгышты. Бул үчүн МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоору “Социалдык тапшырыкты ишке ашырууда ресурстарды мобилдештирүү” жана “Социалдык программалардын долбоорлорун иштеп чыгуу” деген аталыштагы эки тема боюнча окууларды уюштурду.“Социалдык тапшырыкты ишке ашырууда ресурстарды мобилдештирүү” тренинги муниципалитеттердин социалдык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн каражаттарды издөө жана тартуу көндүмдөрүн жогорулатууга арналган. Ушул тренингдин алкагында ЖӨБ органдарынын БӨУ үчүн дагы да кененирээк техникалык тапшырмаларды түзүү укугуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө карата көптөгөн суроолор пайда болду. ЖӨБ органдары. “Социалдык тапшырыкты ишке ашырууда ресурстарды мобилдештирүү” тренингинин катышуучуларынын структурасы. “Социалдык программалардын долбоорлорун иштеп чыгуу” тренингинин катышуучуларынын структурасы социалдык тапшырыкты муниципалитеттин деталдуу тапшырмасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу катары карай турганы маалым болду. МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоорунун кызматкерлери кырдаалды өзгөртүү үчүн окууларды уюштуруп коюу гана жетишсиз экенин, аларга мындан ары да жол көрсөтүп, пилоттук муниципалдык социалдык тапшырыктын бийиктигинен айтыла жүргөн мамлекеттик сатып алууларга чейин “түшүп кетип”, муну менен жаңы механизмди пилоттоштуруунун маңызын бурмалоого жол бербөө үчүн ЖӨБ органдарына кепкеңештерди берүү талап кылынарын түшүнүштү.“Социалдык программалардын долбоорлорун иштеп чыгуу” аттуу темадагы тренингде социалдык долбоорлоонун стандарттык суроолору кирди:
 
  • “социалдык долбоор” деген эмне, социалдык долбоордун мүнөздөмөлөрү жана жашоо цикли;
  • долбоордук команданы башкаруу, командада ролдорду аныктоо, майнапсыз команданын белгилери;
  • долбоордун сүрөттөлүшү, максаты жана тапшырмалары;
  • жумушчу план жана долбоордун бюджети;
  • долбоордун логикалык алкагы;
  • долбоорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
  • долбоордун туруктуулугу.
Тренингдин көптөгөн катышуучуларын баарынан да долбоорду ишке ашыруунун механизми; долбоорго кошсо боло турган жана кошпош керек болгон иш-чаралардын түрлөрү; кайсы иш-чаралар долбоордун натыйжаларына эң көп таасирин тийгизе турганы; көрсөткүчтөр кандай болушу керектиги, күтүлгөн тобокелчиликтер кайсылар болгонун кызыктырып жатты.Долбоордун бюджети тууралуу маселе, кандай нормалардын негизинде административдик чыгашаларды, айлык акыны, иш сапар менен эмгек акыны чогуу эсептөө зарыл деген суроолор тренингдин катышуучуларынын кызуу талкуусуна түштү. Ошондой эле долбоорлордун туруктуулугун камсыздоо маселеси кыйынчылыктарды жаратты. Бирок бул маселени чыгашалар жана кирешелер боюнча таблица чечти, аны катышуучулар практикалык көнүгүүлөрдүн алкагында толтуруп беришти. Баары болуп тренингдерге 240 киши катышты, алардын ичинен 99 адам, же 23 пайызы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болушту.Тренингдер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун да, бейөкмөт уюмдардын да өкүлдөрүн муниципалдык социалдык тапшырыкты биргелешип ишке ашырууга кандайдыр бир деңгээлде даярдагандай болду. Бирок ошол эле кезде үйрөнчү жана ойлонуп чыкчу дагы көп нерсе бар экенин да убакыт көрсөттү.

Келечектеги социалдык тапшырыктар үчун техникалык тапшырмаларды түзүү Пилоттук муниципалитеттердин жамааты артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап алганын, алардын ичинен эң “ысыгын” тандаганын, ал муниципалдык социалдык тапшырыктын предмети болушу керектигин эскерте кетели. Аны жайгаштыруу үчүн муниципалитеттер ошол тапшырыкты аткара турган бейөкмөт уюмдар үчүн техникалык тапшырманы иштеп чыгыш керек эле. Бардык техникалык тапшырмаларга төмөнкүдөй бөлүмдөр кирди:

  • бир кыска абзац менен баяндап, көйгөйдү сүрөттөө;
  • социалдык программалардын (долбоордун) максаттары, аларды чыгармачылыкка эркиндик калтыргыдай жана маселени чечүү үчүн инновациялык жолду тапкыдай түзүш керек эле;
  • социалдык, демографиялык жана башка зарыл болгон мүнөздөмөлөрдү камтыган максаттуу топтор; география (долбоорду аткарчу аймак); күтүлгөн натыйжалар же социалдык программадан (долбоордон) таасирлер.
Бирок техникалык тапшырмаларды жазууда МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоору бир топ кыйынчылыктарга туш келди. Биринчиден, муниципалитеттер максаттар менен тапшырмаларды өтө көп чаташтырып, орто-аралык натыйжаны максаттан айырмалай алышпайт. Мисалы1 муниципалитет мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (МЧА) күндүз жашай турган борборду түзүүнү максат кылат. Чындыгында максат – мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кошумча көндүмдөрүн өнүктүрүү жана социалдаштыруу.Экинчиден, муниципалитеттерди техникалык тапшырмага конкреттүү аракеттерди, конкреттүү товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жазып коюу аракетин чоң кыйынчылыктар менен токтотушту. Ошону менен бул сатып алуулар артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө алып барбайт.Мисалы, жамаат жаштар жана эркектер арасындагы аракечтикти артыкчылыктуу көйгөй деп атаган чакта муниципалитет техникалык тапшырмага паркты калыбына келтирүүнү жазып койгон экен.Ошону менен бирге муниципалитет калыбына келтирилген парк эркектердин жана жаштардын бош убактысын толтурууга жардам берип, аларды үйбүлөсү менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө түртөт деп эсептейт. Бирок дал ушул парк жамаатты аракечтиктен куткарып калат деп эч ким далилдеп берген эмес. Социалдык долбоорлордун сынагы жаңы,муниципалитетке белгисиз, маселени чечүүнүн инновациялык чечимин табуу үчүн өткөрүлөт.Үчүнчүдөн, маалыматты кыска баяндоо жана МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоору сунуштаган техникалык тапшырманын формасын толтуруу көп кыйынчылыктарды пайда кылды. Бул болсо ушул өңдүү документтерди даярдоодо муниципалитеттердин көндүмдөрү чабал болгонунан кабар берет.МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоорунун кызматкерлери техникалык тапшырмаларды кайра иштеп чыгууга кайтарып, бир нече саат бою муниципалитеттерге телефондон да, жеринде да кеп-кеңештерди берүүгө мажбур болушту. Катышуучулар чарчап,ачууланып, үмүтүн үзүп, бирок кайрадан баш көтөрүп жатышты жана натыйжада биргелешкен аракеттер менен 12 пилоттук муниципалитетте муниципалдык социалдык тапшырыкты аткаруу үчүн техникалык тапшырманы түзүп чыга алдык. Андан ары бардык техникалык тапшырмалар МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоорунун квалификациялуу юристтери жана профилдик министрликтердин адистери өткөргөн юридикалык жана атайын экспертизага түштү.
Маалымат өнөктүгү жана табыштамаларды чогултуу Ошентип 2014-жылдын июнь айында бардык техникалык тапшырмалар даяр болуп, муниципалитеттер муниципалдык социалдык табыштамаларды ишке ашырууга сынак жарыялашты. Сынактар ийгиликтүү өтүүсү үчүн кеңири маалымат өнөктүгүн өткөрүп, бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдардын көңүлүн бурдуруу маанилүү эле. Маалымат өнөктүгүнүн алкагында улуттук да,жергиликтүү да деңгээлдерде кадамдар жасалды.Улуттук деңгээлде сынактар тууралуу маалымат электрондук почтанын бардык мүмкүн болгон каналдары аркылуу жайылтылып, сайттарга жайгаштырылды. Ошондой эле “Вечерний Бишкек” гезитине муниципалитеттерге шилтеме жасоо менен сынактар тууралуу жалпылаштырылган жарыя чыкты.Өзүнчө социалдык топтордун, мисалы, балдардын же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кызыкчылыгын коргоо менен алектенген тармактык секторалдык бейөкмөт уюмдардын көңүлүн сынакка бурдуруу максаты коюлду. Жергиликтүү деңгээлде өнөктүк жергиликтүү басма сөздө жарыяларды,ошондой эле сырткы жарнаманын бардык түрлөрүн – постерлерди, кулактандырууларды, плакаттарды, баннерлерди, чакырууларды камтыды.Натыйжада 12 муниципалитет бейөкмөт уюмдардан 39 табыштама алды, орточо эсеп менен бир жамаатка болжол менен 3 табыштамадан тийди.Анткен менен табыштамалардын саны бир муниципалитеттен экинчи муниципалитетке салыштырмалуу олуттуу түрдө айырмаланып турду. Мисалы,көптөгөн ЖӨБ органдарына экиден гана табыштама тийди. Бул минималдык сан, ошону менен бирге сынак өттү деп эсептелинет. Башкаларга, мисалы,Терек-Сай ААга 7 табыштама түштү. Табыштамалардын санында мындай айырмачылык эмнеге байланыштуу болду? Биринчи кезекте муниципалитеттин аймагында муниципалдык социалдык тапшырыкты аткарууга жөндөмдүү тиешелүү бейөкмөт уюмдун жоктугу. МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоору сынакка улуттук тармактык жана секторалдык БӨУ катышат деп үмтөткөн. Бирок алар ар түрдүү себептер менен азырынча процесске сырттан байкоо салып турууну чечишти. Долбоорлордун суммасы борбор калаанын ченеми боюнча көп болбогонун,ал эми донордун каражаттарына караганда бюджеттеги каражатты башкаруунун түйшүгү бир кыйла көп болгонун эсепке алганда бул таң калычтуу деле эмес. Экинчи жагынан оң жагы да бар – баш калаадагы ири БӨУлар жергиликтүү социалдык тапшырыктар сынагына катышкан жок жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын сынактан жеңүү мүмкүнчүлүгү жогорулады. Анткен менен келечекте ири секторалдык БӨУлар жергиликтүүлөр менен инновациялар, тажрыйбалар жана атайын билимдери менен бөлүшүп тургандын үстүнөн иштеш керек. Сынактын катышуучуларына бейөкмөт уюмдарга талаптар стандарттуу болгонуна карабастан,көптөгөн бейөкмөт уюмдар документтердин зарыл болгон пакетин тапшыра алышкан жок. Карыз жоктугу тууралуу Салык инспекциясынан жана Социалдык фонддон маалымдама, өткөн жыл үчүн баланстык отчеттун көчүрмөсү жана кирешелер менен чыгашалар тууралуу отчеттун көчүрмөсүн тапшыруу өзгөчө көп кыйынчылыктар менен коштолду. Кээ бирлерге болсо долбоордун өзөктүк аткаруучуларынын таржымалы жана башка документтер жетпей жатса, башкалардын документтери нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмес.Экинчи жагынан бул болсо БӨУ табыштаманы түзүү үчүн жетиштүү тажрыйбага ээ болбогонунан, башка жагынан алып караганда, табыштамалардын жол-жобосу жана аларга карата талаптар өркүндөтүлбөгөнүнөн кабар берет. Жалпысынан муниципалитеттердин өздөрү да табыштамаларды кабыл алуу баскычында документтердин толук же толук эместигин текшербей ката кетирип алышты. Натыйжада, төрт муниципалитетте сынак өтпөй калды жана аны кайрадан жарыялоого туура келди.
СЫНАК - ТОЛГОН ТОКОЙ СУРООЛОР Акыры табыштамалар алынды жана сынак өткөн жерде сынактык комиссиянын мүчөлөрү аларга баа берип, арасынан эң татыктуусун тандап алыш керек болчу. Баса, сынактык комиссияга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гана өкүлдөрү эмес, ошондой эле жамааттын өкүлдөрү да, аны менен катар долбоор жалпысынан ошолордун маселесин чечүүгө багытталган максаттуу топтун өкүлдөрү да кирди.Долбоордун пилоттук мүнөзүн эске алуу менен,сынактык комиссиянын жыйынын эки баскычка бөлүү чечими кабыл алынды. Биринчи баскычында комиссиянын мүчөлөрү түшкөн сунуштарды өз алдынча баалап чыгышты. Алар адегенде бардык талап кылынган документтердин бар болуп-болбогонун текшерип, андан соң сапаттын критерийлерине жана табыштаманын техникалык тапшырмасына шайкештигин текшеришти. Бул үчүн баалоо баракчаларын толтурушту. Балоо баракчалары сынактын шарттарына жараша түзүлгөн жана баалоонун төмөнкүдөй критерийлерин камтыган:
 
  • сынактын тематикасына, максаттарына жана шарттарына шайкештиги;
  • катышуучунун тийиштүү багытта мурдагы ишинен алган тажрыйбасы;
  • кырдаалга анализ жасоо, маселелерди жана тапшырмаларды так аныктоо;
  • жергиликтүү социалдык программаларга ылайык, долбоордун максаттуу топтордун маселелерин чечүүгө жана керектөөлөрүн канааттандырууга багыттуулугу;
  • пландалып жаткан иш-чаралардын анын максаттарына жана тапшырмаларына шайкештиги
Андан соң комиссия мүчөлөрүнүн жеке баалары жыйынтыктоочу баа болуп кошулуп, табыштамалардын рейтинги пайда болду. Бирок соңку чечимди кабыл алуу үчүн бул жетишсиз эле. Анткени комиссиянын мүчөлөрү бардык техникалык учурларды эсепке алуу менен чечим чыгаруу үчүн зарыл болгон бардык билимге ээ эмес эле. Ошондуктан эң көп балл алган долбоорлор укуктук жана техникалык экспертизага жиберилди.Андан соң комиссия жыйынынын экинчи баскычы өттү. Ал коомчулук үчүн ачык болду. Ал жерде бардык кызыкдар жактардын, анын ичинде максаттуу топтордун жана сынактын катышуучулары болгон бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия экспертизанын жыйынтыктарын угуп чыгып, сынактын жеңүүчүлөрүн таануу тууралуу соңку чечимди кабыл алды.Сынактык комиссиянын ушул иши нормаларга жана жол-жоболорго карата процесс азырынча толук иштелип чыга электигин көрсөттү. Мындан тышкары комиссиянын бардык эле мүчөлөрү баалоо критерийлери, долбоордук сунуштар деген эмне экенин түшүнө бербейт, бюджетти “окуганды” билишпейт. Практика көрсөткөндөй, сынактык комиссиянын ийгиликтүү жана сапаттуу иши үчүн аларды атайын окуудан өткөрүш керек.
Техникалык экспертизанын сабактары Эмесе, сынактык комиссиянын алгачкы жыйыны эң көп балл топтой алган табыштама-лидерлерди аныктады. Анткен менен комиссия мүчөлөрү берген эң жогорку баа табыштама жеңүүчү болуп табылат дегенди билдирбейт. Долбоордун пилоттук мүнөзүн, тапшырыкчы-муниципалитеттер үчүн да,БӨУ-арыз берүүчүлөр үчүн да социалдык тапшырык механизми жаңы болгонун эсепке алуу менен табыштамалар мамлекеттик социалдык тапшырыктын талаптарына жана техникалык тапшырмалардын шарттарына шайкеш келип-келбегенин текшерүү керек эле. Ушул текшерүүнү сапаттуу өткөрүү үчүн муниципалитеттер табыштамаларга техникалык жана нормативдик экспертизаны уюштуруп берүү өтүнүчү менен ӨСИге кайрылышты.Күтүлгөндөй эле экспертиза бейөкмөт уюмдар табыштама жазууда бут тоскон чоң көйгөйлөрдү аныктай алды. Ошону менен катар бул көйгөйлөр техникалык себептерге да, ошондой эле муниципалдык социалдык тапшырыктын маңызын түшүнбөгөндүктөн да пайда болгон.Негизги көйгөй – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан муниципалитеттер социалдык тапшырыктын жардамы менен кандайдыр бир деңгээлде инфраструктуралык маселелерди чечип алууга аракет кылышкан. БӨУ-арыз берүүчүлөр табыштамадан күтүлгөн нерселерди жакшыраак түшүнүп, муну менен жеңишке жетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү максатында ЖӨБ органдары менен кеңешкени түшүнүктүү. Ал эми ЖӨБ органдары бейөкмөт уюмдарга табыштамага ремонттук-курулуш иштердин чоң көлөмдө кошууну, атүгүл социалдык тапшырык болуп эсептелбей турган жабдууларды жана материалдарды сатып алууну сунушташкан.Бул күтүлбөгөн окуя болду деп айтууга болбойт.Өнүктүрүү саясат институту муниципалитеттер кандай болгон күндө да муниципалдык социалдык тапшырыктын алкагына физикалык инфраструктуралык иштерди кошуп кетүүгө аракет жасайт деп күткөн. Ошондуктан башында эле ремонттуккурулуш иштер долбоордун социалдык максаттарына байланган болуш керек, ал эми алардын жалпы наркы долбоордун жалпы суммасынан 50 пайыздан же 500 миң сомдон ашпаш керек деп белгилеп койгон.Башкача айтканда, ремонттук курулуш иштердин зарылчылыгы социалдык иштердин керектөөлөрү менен шартталган. Мисалы,Талас облусунун Өмүралиев ААнын долбоорунда жаштарды салттуу билимдерди чогултууга жана сактоого тартуу, комузда ойноого үйрөтүүнү уюштуруу үчүн Маданият үйүндөгү окуу аудиториясын ремонттоо талап кылынган.Анткен менен ремонт, курулуш жана сатып алуулар долбоордун суммасынан 80 пайызды ээлеген, ал эми алардын багыты коммерциялык мүнөзгө ээ болгон табыштамалар да болду. Тилекке каршы айрым муниципалитеттер долбоордон чыгып калуу тобокелчилиги алдында калды, анткени алардан түшкөн долбоорлор социалдык тапшырыктын алкактарына эч эле сыйган эмес. Мисалы, муниципалитеттердин бири БӨУ-арыз берүүчүгө ... маданият сейил багына аттракциондорду жана башка көңүл ачуу үчүн жабдууларды сатып алуу кеңешин берген. Андан кийин аларды пайда табуу үчүн ижарага берүү пландалган экен. Муниципалитет ушундай долбоорду мисалы, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жана бизнести колдоонун алкагында ишке ашырууга укуктуу. Бирок бул социалдык тапшырыкка эч кандай тиешеси жок таптакыр башка окуя.Бирок ремонттук-курулуш иштери жана жабдууларды сатып алуу социалдык тапшырыктын керектөөлөрүнө шайкеш келген тапшырыктарда да суроолор жана кыйынчылыктар болбой койгон жок.Долбоорлордун олуттуу бөлүктөрүндө ремонтко жана материалдарга кетчү чыгымдар начар эсептелген, жумуштардын айрым бир түрлөрү эсепке алынбай калган, дефекттик акттар түзүлгөн эмес жана аларды түзүү үчүн комиссия уюштурулбай калган. Мисалы, муниципалитеттердин биринде сметаны эсептөөдө зарыл болгон арматуранын саны, эшик-каалагалардын аянты ашкере көрсөтүлгөн, монолит менен каптоо үчүн ВР торчосу каралган эмес, бетондун көлөмү ашык айтылган, жасалга үчүн материалдар эсепке алынбай калган ж.б. Электр бөлүгүндө иштерге кетчү материалдар – кошкучтар, розеткалар, кошулуу үчүн кабелдер ж.б. эсепке алынган эмес.Башка бир муниципалитетте болсо сатып алынган плинтустардын саны пландалгандан аз болуп калган (17 даана плинтус сатып алып, 32ни орнотушкан), терезени алмштыргандан кийин боорлорун жасалгалоочу материалдар жана жумуштар эсепке алынган эмес. Мисалы, праймер, сарпаңке, «Финиш» шпаклевкасы. Анткен менен бул техникалык кемчиликтер техникалык экспертизадан кийин жоюлган.
2015-жылдагы күтүлөр Эми, сынакты өткөрүп, муниципалдык социалдык тапшырыктын аткаруучусун тандагандан кийин аны ишке ашыруу боюнча чоң иштер күтүп жатат.Процесстин бардык катышуучулары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан муниципалитеттер, бейөкмөт уюмдар, Өнүктүрүү саясат институту жана МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоору көптү үмтөтүп да, тынчсызданып да турат. Долбоордун новатордук мүнөзү көптөгөн кыйынчылыктарды жеңүүгө, жол-жоболорго, ченемдик базага,ишке тартылган жактар тарабынан мамилелерге карата көп сандагы эң күтүүсүз жана өтө татаал суроолорго жооп берүүгө жардам берүүдө.2014-жылдын күз мезгилинде ЖӨБ органдары менен БӨУ ортосундагы келишимдерди түзүүнүн алкагында долбоорлор сынактык комиссиядан түшкөн эскертүүлөр боюнча ийнине жеткириле иштелип чыгып, бюджеттер такталып, отчеттуулук жана мониторинг жол-жоболору сүйлөшүлөт. Процесстин бардык катышуучулары атайын окуудан өтөт, 2014-жылдын соңунда – 2015-жылдын башында муниципалитеттер өздөрүнүн социалдык тапшырыктарын каржылоо үчүн каражаттарды ала башташат.Өнүктүрүү саясат институту долбоор үчүн негизги жооптуу жак катары жалпысынан тапшырыктарды ишке ашыруу кандай жүрүп жатканына көз салат жана бул тууралуу “Муниципалитет” журналынын беттеринде сиздерге баяндап бермекчи.