Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Биздин пенсиялар өзгөрүүлөргө муктаж

2014-11-05 / Көңүл чордонунда
Биздин пенсиялар өзгөрүүлөргө муктаж

Жыл сайын өкмөт имаратынан ар кандай түрдөгү жана мазмундагы канча ченемдик-укуктук актылар чыгып турат? Алар жүздөп саналат. Алар эмне тууралуу, кандай максаттарды жана милдеттерди көздөйт, натыйжада адамдардын жашоосунда эмнелерди өзгөртүүдө? Кыргызстан калкынын негизги катмарына бул кагаздар белгисиз бойдон калууда, анын үстүнө өзгөчө кызыгууну деле жаратпайт. Бирок кээде андай болбойт. Биздин пенсиялык системабыздагы чыныгы реформалардын отчету баштала турган өзгөчө документ өкмөттүн 2014-жылдын 9-октябрындагы “КРнын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Токтому болуп калышы ыктымал. Документке кол койгон премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин бул чечимине кайсы бир ишкер айтмакчы, бизнес өкүлдөрү тура калып кол чабууга даяр. Мынчалык узакка жана оорчулук менен – дээрлик 20 жыл бою – министрлер кабинетинин бир дагы токтому жаралган эмес. Ɵзгөрүүлөр жана толуктоолор “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамга тиешелүү. Алар акыры бүгүнкү күнгө чейин мамлекет ичиндеги кандайдыр бир мамлекетке айланган Соцфонддун системасына белгилүү бир логиканы киргизүүдө. “Салык консультанттар палатасы” коомдук бирикмесинин башчысы Татьяна Ким Соцфондду кара кутуга салыштырат.

- Кутунун ичинде эмне бар? Эч ким чындап эле билбейби? – дейт ал.Бул ведомство бир колу менен камсыздандыруу үчүн чегеримдерди чогултса, экинчи колу аларды бөлүштүрөт, ошол эле маалда төлөөчүлөрдү каттоо, эсепке алуу жана көзөмөлдөө, текшерүү жана жазалоо менен алектенет. Соцфонддун өзүнүн бюджети бар, ал болсо пенсиялык органдын бардык постсоветтик жетекчилери чын дилинен берилип коргогон “Мадрид сарайынын сырларына”окшошуп да кетет.Бул системанын сырдуу лабиринттерине жарык берип, аны ачык-айкын кылууга аракеттенген аткаминерлер же коомдук уюмдар эртеби-кечпи бул оюнан баш тартчу. Анткени бул жерден биздин өлкөдө экономикалык да, социалдык да саясатты аныктабаган Соцфонд өңдүү структурадан эч ким күтпөгөн күчтүү каршылыкка кабылчу. Бардык сыр бир күнү ашкере болуш үчүн өзүбүздүн ;Сноуденибиз болсо гана...
Бирок эгерде тамашаны жыйыштыра турган болсок, анда өкмөттүн үстүбүздөгү жылдын 9-октябрындагы токтому Соцфонддон камсыздандыруу үчүн чегеримдерди жыйноо жана башкаруу боюнча функцияларды алып, аны ыйгарым укуктуорганга – Салык кызматына өткөрүп берүү менен ведомствонун сырларын ачыктоого аракет кылды.Салык кызматы 8 салыкты жыйнап келет, муну менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо боюнча негизги жүктү көтөрөт, андыктан дагы бирөөсүн – социалдык салыкты көтөрө алат деп эсептешет документтин авторлору. Акыркы бир нече жылдан бери Соцфондго салыштырмалуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) өз ишмердигин кайра карап чыгып, аны кардарлар үчүн дагы да ачык, айкын, тейлөө жагынан жеткиликтүү кыла алды. “Бирдиктүү терезенин” киргизилиши, отчетторду электрондук түрүндө тапшыруу мүмкүнчүлүгү, текшерүүлөрдүн жана отчеттуулуктун санын азайтуу, ошондой эле ишиндеги башка жаңы тенденциялар көзөмөлдөөчү орган менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелерде буга чейин болуп келген чыңалууну азайтып,бара-бара өнөктөш мамилелерге айланды. Албетте учурдагы салык системасын алдыңкы деп айтууга болбойт, бирок жакшы жагына өзгөрүүлөр байкалып турат. Мисалы, ачыктыкты алалы. Салык төлөөчүнүн акчасы тууралуу сөз болуп жаткан чакта сапат өзгөчө маанилүү. - МСКнын баарына абдан жакшы белгилүү болгон кемчиликтери жана жетишпегендиктери бар. Бирок эгерде мен салык тууралуу көбүрөөк билгим келсе, тармактар боюнча бөлүп чыгууну кааласам,анда мен мындай маалыматты алалам, - деген пикири менен бөлүштү Татьяна Михайловна. – Ушул эле нерсени ири компаниялардын, чакан жана орто бизнес жүргүзгөн ишканалардын салыктары, казынаны толуктоодо райондордун жана облустардын салымдары тууралуу айтса болот. Сандар ошол эле бойдон калат. Ал эми Соцфонддо болсо, кирешелер таблицасындагы маалыматтар болгондо да миллиарддаган сомго айырмаланып турат.Экономика министрлигинин эксперттери мурдатан эле эсептеп чыккандай, МСК менен Соцфонддун маалыматтар базасында төлөөчүлөрдүн саны боюнча Салык кызматынын пайдасына олуттуу айырмачылыктар бар. Эгерде юридикалык жактар боюнча айырма анчалык чоң болбосо да, Салык кызматы администрациялаган жеке ишкерлер,дыйкан-фермердик чарбачылыктар боюнча салык төлөөчүлөрдүн саны Соцфонддун төлөөчүлөрүнүн санынан бир нече эсеге ашат. Ошондуктан алар МСКга салык жыйноо функциясын өткөрү бергенде камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноо автоматтык түрдө 1,5 миллиард сомго көбөйөт.Акыр соңунда эсепке алуу жагын да тартипке келтирсе болот – ким камсыздандыруу төлөмдөрүн чегерүүдөн качып жатканын аныктоо мүмкүн болот. Анткени маңызын карай турган болсок, салык төлөөчүлөр тууралуу маалыматтар Салык кызматында да, Соцфонддо да окшош болуш керек эмеспи. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда мындай болгон жок.Пенсия системасында учурда орун алган практиканы өзгөртүү зарылчылыгынын башка дагы бир катар себептери бар. IFC’нин эксперти Эмил Абдыкалыковдун баамында, маанилүү себептердин бири – бизнестин жүгүн азайтуу. Анткени ошонун эсебинен Фонд иш алып барууда, анын бюджети түзүлүүдө жана кары-картаңдарга, багар-көрөөрү жок аз камсыздалган үй-бүлөлөргө төлөөлөр жүзөгө ашырылууда: - Текшерүүлөр, ай сайын Соцфондго отчет тапшыруу – мунун баары ишкер үчүн убактысын жана нервин алган милдет. Ошону менен бирге “бирдиктүү терезе”болгон үчүн салык инспекциясына жүрүштөр жеңил өтөт. Ал эми Соцфонддун райондук бөлүмдөрүнө баш багуу, өзгөчө кураторлор менен сүйлөшүүлөр көптөрдө стрессти пайда кылууда.Бул түшүнүктүү эле, эгерде МСК коррупциялык белгилерди жок кылуу үчүн инспектор менен салык төлөөчүнүн баарлашуусун мүмкүн болушунча азайтууну максат кылса, пенсия ведомствосунда мындай кураторлук колдоого гана алынат.Ошону менен бирге биздин бизнес өкүлдөрү дүйнөдөгү эң жогорку салыкты төлөөгө мажбур болгонун унутпайлы. Австралияда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн коюму – 18 пайыз, Швецияда – 18,5, АКШ менен Грузияда – 15, Британия менен Казакстанда – 11, Нидерланддар менен Германияда – 10, Корея Республикасында – 9. Дагы бир көңүл бурчу жагдай, аталган өлкөлөрдүн баарында төгүмдөрдү жыйноо жана башкаруу функциясын салык органы жүзөгө ашырат.Жогорудагы көрсөткүчтөрдү биздеги менен салыштыра келгенде бир топ суроолор пайда болот.Башкы суроо: эмне үчүн эң жогорку коюм – 27 пайыз болгон чакта да биздин кары-картаңдардын пенсиясы мынчалык аз? Соцфонддун маалыматы боюнча,2014-жылы пенсионерлердин жалпы саны 589,6 миң болчу, электр энергияга компенсацияларды эсепке алуу менен пенсиянын орточо көлөмү – 4432 сом,жашоо-тиричилик минимуму 4408 сом. Олуттуу бир түзөтүү киргизели: орточо же андан жогору пенсия алгандар – жарымдан бир аз көп, демек калганы – 250 миңден ашык адам жашоо-тиричилик минимумуна да жетпей калып жатпайбы.Албетте жакында эле биздин өлкөгө келип кеткен Грузиянын финансы министринин мурдагы орун басары, экономика министринин орун басары Гиорги Цхакаянын “салык канчалык жогору болсо, адам аны ошончолук төлөгүсү келбейт”деген сөзүнө кошулбай коюу мүмкүн эмес. Цхакая грузин экономикасынын реформаторлорунун бири болгон. Ошол реформанын жүрүшүндө эскирген пенсия системасы жоюлуп, социалдык салыкты жыйноо жана башкаруу боюнча функциялар Салык кызматына, ал эми каттоо жана каражаттарды бөлүштүрүү функциясы Саламаттык сактоо министрлигине берилген. Бүгүнкү күндө акча кайда кетип жатат деп ишкерлердин да, фискалдык органдардын да, пенсионерлердин да башы оорубайт. Аларды салык жыйымын кантип арттырып,калктын турмуш шартын канткенде жакшыртууга болот деген суроо көбүрөөк кызыктырат. Ал эми Кыргызстанда өмүр бою карылык үчүн акча топтоп жүрүп, бирок пенсия курагына жетпей көз жумгандардын акчасы кайда кеткенин жана кетип жатканын бир дагы бийлик органы, анын ичинде Эсептөө палатасы да айта албайт.Ал эми мындайлар, статистика көрсөткөндөй, бизде миңдеп саналат экен. Соцфонд иштей баштагандан бери Кыргыз Республикасынын жарандары бир дагы жолу төмөнкү суроого так жооп алалбай келатат: Карыкартаңдардын акчасын баалуу кагаздарга жумшоо менен ведомство канча пайда көрүүдө жана дивиденддер эмнеге жана кайда жумшалууда?Ал арада бюджетти түзүүдө жана каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулуктун жоктугунан, чабал менеджменттин айынан, Соцфонддун өзгөчө статусунан улам зарыл болгон көзөмөлдүн болбогонунан республикалык казынадан берилчү трансферттердин көлөмү жылдан жылга өсүүдө. Айталы,2014-жылы республикалык бюджетке жүктү күчөтүү менен трансферттер 14 миллиард сомго жеткен.Бул статистиканы билгенден кийин карылыкка инвестиция салуудан баш тарткан сабаттуу жана жаңычыл көз караштагы жаштарды түшүнсө да болот. Анткени иш жүзүндө ай сайын жогорку коюм боюнча социалдык чегерүүлөрдү жасап жаткан ак ниеттүү юридикалык жана физикалык жактар эки жолу төлөгөндөй болуп калууда. Тагыраак айтканда, ошол эле ишкерлерден чогултулган салыктын бир бөлүгүн Соцфондго финансылык колдоо ирээтинде багыттоо менен муну алардын ордуна өкмөт кылып жатат.Ошону менен бирге эң өкүнүчтүүсү, биздин карыларыбыз мындан байып да кеткен жок, бактылуу да болушкан жок, ал эми пенсиясына кошулган 250-300 сомду адамды кемсинткен кайыр садага катары көрүшүүдө. Бул акчага болжол менен 15 бөлкө нан, же үч литр суу май келет.Эгерде баары Соцфондду реформалоо учур талабы экенин көрүп, түшүнүп турса, анда эмне үчүн бул процесс ордун жыла албай жатат? Балким кептин баары мыйзамдарда болуп жүрбөсүн? - Чындыгында салык салуу базасы жана социалдык чегерүүлөр базасы бирдей эле, - деп эсептейт Эмил Абдыкалыков. – Айырмасы ар башка эсептен чыгарууларда. Ошондуктан функцияларды өткөрүп берүүдө ченемдик-укуктук актыларды үндөштүрүү зарыл: эсептен чыгарууларды бирдей кылып, бошотууларды да окшоштуруш керек. Эгерде киреше салыгына тиешелүү мыйзамдар бир түргө келтирилсе, анда салыкчыларды кайра окутуунун кажети болбойт. Эгерде функцияларды бүгүнкүдөй түрүндө өткөрүп берсе – бул башка маселе.Анда инспекторлор түрдүү категориялар боюнча эсептөөнүн өзгөчөлүктөрүн жана методикасын билүүгө тийиш. Бирок бул чечилчү маселе деп айтаар элем. Ушул тапта мыйзамдык база азырынча даяр эмес, бирок бул ишти жөнгө салуу оор эмес.Жакшы адистер үчүн мыйзам долбоорун даярдай коюу жарым күндүк убактысын алат.Көптөрдүн, анын ичинде Татьяна Кимдин баамында, реформалар пенсиялык ведомствонун күчтүү лоббисинен улам да ишке ашпай жатат.Бул ведомствонун кызыкчылыгы – финансылык агымды жыйноо жана көзөмөлдөө функциясын башка органга өткөрүп берүүгө жол бербөө. Анткени анда “Соцфонддун сарайындагы сырлар” сыр болбой калат да. Дагы бир себеп – өзгөрүүлөргө даяр болгон, бирок бир структурадан экинчисине ыйгарым укуктарды жана функцияларды өткөрүп берүүдө боло жүрчү дал келбестиктерден, чаташуулардан корккон аткаруу бийлигинин чечкинсиздиги, камырабастыгы. Грузияда да бул нерсе болгон, бирок ал жакта өкмөт оптималдаштырууга каршы чыккандардын басымына да, пенсионерлердин нааразылыгына жана онтоолоруна да туруштук бере алган.Бардык факторлорду эсепке алуу менен,ошондой эле ыктымал тобокелчиликтерди мүмкүн болушунча азайтуу максатында “Салык консультанттар палатасынын” жетекчиси социалдык чегерүүлөргө жаңы салык салууга баскычбаскычы менен өтүү тууралуу өкмөттүн чечимин колдойт. Адегенде бул жаңы иш эки пилотто бир айылдык жана бир шаардык райондо апробацияланат деп пландалууда.Бирок Татьяна Кимдин айтымында, өкмөт адегенде МСКнын пилотторуна салык жыйноо жана башкаруу боюнча бардык ыйгарым укуктарды документ түрүндө бекитип туруп өткөрүп бериш керек. “Болбосо, социалдык чегерүүлөр боюнча бухгалтерияны текшерүү үчүн инспектор объектке келген чакта аны эч ким тоотпой коюушу ыктымал. Эмненин негизинде компания анын алдында отчет бериш керек?”.Суроолор жана көйгөйлөр көп, бирок өкмөт өз токтому менен Соцфондду оптималдаштырып,бир чоң структураны көмүскөдөн алып чыгуу маселесинде чечкиндүүлүгүн көрсөткөн учурга салыштырмалуу бул көйгөйлөр аз эле. Өкмөт саясий эркин көрсөтө алды, ийгиликтин негизги фактору катары бул нерсе зарыл болгонун мен баарлашкан эксперттердин баары айтып жатышат. Бирок “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештен колдоо табыш керек. Ошондуктан бир суроо ачык кала берүүдө:өкмөттүн экономикалык жана социалдык саясатты адамдарга карата натыйжалуу жана гумандуу кылуу аракетин колдоп берүүгө депутаттардын саясий эрки жетээр бекен.
Лика ЧУМАКОВА
 

Окшош материалы: