Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш АА
Чечим жолунда артыкчылыктуу маселелер
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Көчөлөрдө жарыктын жоктугуна байланышкан кыйынчылыктар өлкөнүн көпчүлүк аймактарында көйгөйлүү тема. Бул маселе облус жана район борборлорунан алыс жайгашкан жерлерде да, чоң шаарларга жакын турган айылдарда да актуалдуу бойдон кала берүүдө. Тилекке каршы 20 миң калкы бар Багыш айылы да булардан айырмалуу болгон жок. Бул айылда көчөдөгү жарык борбордук Гагарин көчөсүндө гана бар. Жарык берилбегендиктен көчөлөрдү бойлой кышында таң атпай сабакка барган окуучулар да, кечинде жумуштан үйүнө кайтып бараткан айылдыктар да жаракат алышкан. Караңгы көчөлөр жергиликтүү жаштарга жана балдарга бош убактысын көчөдө коопсуз жана пайдалуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.2012-жылы Багыш айылдык аймагы ЭӨЖӨБОЖ Долбоорунун пилоту болуп калды. Демилгелүү топтор айыл өкмөтү менен биргелешип өткөргөн ЭКБА-иш-чараларынын натыйжасында көчөлөрдө жарыктын жоктугу эң артыкчылыктуу маселе деп табылып, Багыш ААнын биргелешкен аракеттер планына киргизилген. Бирок жергиликтүү бюджеттеакча каражаты жетишсиз болгондуктан бул чечим улам кийинкиге калып келген.
Эмнелер жасалды? Айылдык аймактын жаш активисттери алакан жайып отура бербестен бул маселени чечүүгө өздөрү да киришти. 2014-жылы орто мектептин 1977-жылкы бүтүрүүчүлөрү демилге көтөрүп, мектепти аяктаганынын 20 жылдыгын белгилөө үчүн чогулган акчаны натыйжалуу сарптап, ошол каражатты Биргелешкен аракеттер планында аныкталган тапшырмалардын бирин ишке ашырууга багыттоону чечишти. Бүтүрүүчүлөрдүн жана демилгелүү топтордун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүп, календардык план иштелип чыгып, милдеттер бөлүштүрүлдү. Иш кызыды. Демилгени ишке ашыруунун жалпы бюджети 237 миң сомду түздү, алардын ичинен 153и –бүтүрүүчүлөр берген акча, 30 миңи – жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат. Жергиликтүү жамаат жумушчуларды 20 миң сомго ысык тамак менен камсыздап турду. Ал эми калктын ашар усулу менен эмгек салымы 34 миң сом деп бааланды.
Натыйжалар Көчөдө 2 км 750 метр аралыкка электр жарыгы өткөрүлүп, 37 “кобра” лампасы, 4 электр автомат-“пакети”, 4 электрди эсептегич орнотулду. Долбоордон түз пайда көргөн бенефициарлардын саны 2 365 адам, кыйыр пайда көргөндөр 200 киши болду.
Төл сөз Гулунса АЛЫМОВА, айыл тургуну, беш баланын энеси жана үч неберенин чоң энеси: “Көчөлөрдү жарыктандыруу иши мага окшогон чоң энелерди кубантты. Анткени кыш мезгилинде эртең менен эки баламды мектепке узатып, кечинде бир неберемди тосуп алчумун. Эми мен алардын коопсуздугу үчүн коркпойм. Көчөлөр караңгы болгондуктан кеч кирери менен дүкөнгө бара албай калчумун. Эми бул маселе да чечилип калды”.Эркин МАМБЕТАЛИЕВ,айылдык кеңештин депутаты М
Окшош материалы:
-
№5-6 (78-79) / 2018-05-08 Кыргыз Республикасында жергиликүү өз алдынча башкаруунун азыркы абалы: жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө административдик мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар
-
№5-6 (78-79) / 2018-05-04 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын форумунун РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
-
№5-6 (78-79) / 2018-05-03 АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ: ЖӨБ менен мамлекеттин өз ара аракеттенүү механизмдери жолго салынат
-
№4 (77) / 2018-04-03 Аймактык башкаруу жана өнүгүү: өнүгүүнүн административдик- буйрук берүүчү жана прогрессивдүү жолу ортосундагы тандоо
-
№4 (77) / 2018-04-03 ЖӨБдүн мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдери: регионду өнүктүрүү зарылчылыгы
-
№3 (76) / 2018-03-06 ЖӨБ Союзунун мүчүлүрүнүн бюджет жөнүндө парламенттик угууларга катышуусу
-
№3 (76) / 2018-03-06 ЖӨБ Союзунун Башкаруусунун жыйыны
-
№3 (76) / 2018-03-02 Эмне үчүн ЖӨБ органдары коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенбеши керек?