2014-12-22 / Көңүл чордонунда
2014-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен биргеликте “Жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы көйгөйлөр” темасына тегерек стол өткөрүштү.
Талкуу электр энергиясына жете албаган жаңы керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен камсыздоо маселесинин, ошондой эле ЖК депутаттары Кенжебек БОКОЕВ менен Кожобек РЫСПАЕВдин бул көйгөйдү чечүүгө багытталган мыйзам долбоорунун тегерегинде болду. 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын энергетика тууралуу бөлүмү менен байланышы мыйзам долбооруна өзгөчө маанини берүүдө (биринчи кезекте ички керектөөчүлөргө ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергияны жеткирүүнү камсыздоо жаатында).
Тегерек столдун программасына ылайык, КР Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек РЫСПАЕВ сөз сүйлөдү. Депутаттын ишениминде, жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну биринчи кезекте бөлүштүрүүчү компаниялар колго алыш керек. “Алар электр энергиясын сатат жана калк бул үчүн акча төлөп жатат. Ошону менен бирге электр өткөрүүчү жаңы линиялардын курулушу менен дээрлик эч ким алектенген жок. Кээде бул үчүн чыгашаларды өзүнө ЖӨБ органдары же калк алууда. Ошондуктан энергияны ким сатса, ошол жаңы түйүндөрдү куруш керек деп мыйзамда так бекитилиш керек”.
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек ТУРДУБАЕВдин катышуусу жана позициясы талкууга курчтук кошкондой болду: “Жаңы конуштарды электрификациялоо – буга чейин мындай жогорку деңгээлде көтөрүлбөй келген өтө актуалдуу маселе”. Министр бүгүнкү күндө энергокомпаниялар жаңы конуштарды электрификациялоого жөндөмсүз болгонун, себеби алардын бюджетинде бул максатка каражаттар каралбаганын өкүнүч менен мойнуна алды. «Бөлүштүрүүчү компаниялардын бюджеттеринин чыгаша бөлүгү 4 млрд. 412 млн. сомду түзөт. Ал эми бүгүнкү күндө биздин алдын ала эсептөөлөрүбүз боюнча,жаңы конуштарды электрификациялоо үчүн гана 4 млрд. 474 млн. сом талап кылынат. Ошондуктан бөлүштүрүүчү компаниялардын каражаты болгон түйүндөрдү ишке жарактуу абалда гана кармап турууга жетет. Алар жаңы конуштарды электр менен жабдуу маселесин өз алдынча чече албары анык.Ушул жерде жана мындан ары Максим ЦОЙдун материалынан үзүндүлөр колдонулду. Толук текстти төмөнкү шилтеме боюнча таба аласыз. 2014-жылдын 26-декабры, http://www.vb.kg/298134 Ошондуктан бул маселени депутаттар көтөрүп чыкканы жакшы болду”, - деп белгиледи Энергетика жана өнөр жай министрлигинин башчысы.
Ал ошондой эле бардык чыгашаларды бюджетке үйүп коюу адилетсиз болорун, ошондуктан алардын бир бөлүгү тарифке киргизилиши керектигин кошумчалады.“Азыркы тариф бул чыгымдарды жаппайт жана биз бул тууралуу ачык айтышыбыз керек. Жаңы конуштарды электрификациялоону каржылоо маселесин бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү же донорлорду тартуу менен узак мөөнөттүү долбоорду түзүү аркылуу чечүүгө болот. Ошол долбоорго ылайык орто мөөнөттүү тарифтик саясатты азыртадан эле түзөтүү керек. Экинчи жол, менин баамымда, көбүрөөк реалдуу. Бирок айкалыштырылган мамиле да мүмкүн”, - деп сөзүн жыйынтыктады ТУРДУБАЕВ.
Талкууланган теманын алкагында КР Финансы министрлигинин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылар,айылдык кеңештердин төрагалары жана депутаттары, көз карандысыз эксперттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жигердүү сөз сүйлөп, кызыкдарлыгын билдиришти. Мисалы, Энергетика министрлигине караштуу коомдук байкоочу кеңештин мурдагы мүчөсү Рита КАРАСАРТОВА “капиталдык курулуш” беренесин каржылоо энергетикадагы эң негизги көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет деген ойдо. Анын баамында, сунушталып жаткан мыйзамдык толуктоолор кырдаалды оңдой албайт.
“Мыйзам чыгаруучулар жаңы электр түйүндөрүнүн курулушун кайрадан эле республикалык бюджеттен, бөлүштүрүүчү компаниялардын каражатынын эсебинен каржылоону, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерди бул ишке тартууну сунуштап жатышат. Башкача айтканда, кайра эле баары бир жерге үйүлүп калууда. Натыйжада бардык тараптар айыпты бири-бирине гана оодара баштайт. Анткени сөз чоң каражаттар тууралуу болуп жатпайбы. Ал эми республикалык бюджетте адатта таңсыктык, айыл өкмөтүндө электр менен жабдуудан тышкары башка толгон-токой көйгөйлөр бар”, - деп белгиледи КАРАСАРТОВА.Анын айтымында, жеке инвесторлорду тартып, чарба жүргүзүүчү субъекттер ортосунда нормалдуу өз ара мамилелерди куруу менен маселени жөнгө салса болот. “Эгерде жергиликтүү бийлик органдарында акча болсо, алар электр түйүндөрүн кура алышат. Бирок ошол активдерди энергокомпаниялардын балансына өткөрүп берүү менен шаар “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын карыздарынан улам электр жарыгысыз отуруп калууда. Эмне үчүн муниципалитет энергетикалык инфраструктуранын кеңейүүсүнө ири көлөмдөгү каражатты салса да жарыксыз калууда деген суроо пайда болот”, - деп суроо узатат коомдук активист. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жигердүү өнүктүрүү керектигин да кошумчалайт.
Инвесторлорду жаңы электр түйүндөрүнүн курулушуна тартуу үчүн келечекте аларда энергияны төмөн баада алуу мүмкүнчүлүгү болот деген кепилдик берилиш керек. Мындай учурда алар аны калкка учурдагы тариф боюнча сата алышат.“Рынокко чукул арада көбөйүп кеткен ортомчул электр компаниялар кирип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк деген жакшы идеяны бузуп салышкан.Алар инфраструктуранын өнүгүүсү менен алектенишпейт. Бирок ошону менен бирге электр жарыгын алып сатуунун эсебинен чоң киреше табышат. Ошондуктан ар кандай демилге пайда болгон учурда баарынын оюнда “күңүрт схемалар”түзүлдү деген шектенүүлөр пайда болот”, - деп белгиледи КАРАСАРТОВА.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да эмоционалдуу жана ачык сүйлөштү. Айталы, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубан АЗИМОВ ачык айтты: “Так белгиленген эрежелер жана бул көйгөйдү чечүү үчүн жооптуулар мыйзамдарда көрсөтүлбөгөндүктөн бүгүнкү күндө биринчи кезекте ЖӨБ органдары оор кырдаалда калууда.
Анткени калктын саны өсүүдө, жаңы турак жайлар курулуп, конуштар кеңейүүдө. Натыйжада аларды электрификациялоо маселеси көтөрүлүп келет. Калк бул маселе менен БЭСке кайрылат, бирок ал муну жергиликтүү маанидеги маселе деп эсептеп,жарандарды айыл өкмөтүнө жиберет. Натыйжада калк жергиликтүү бийликтин өкүлү катары айыл өкмөттөн электр жабдууларын жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып алууну жана орнотууну талап кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамга ылайык, айыл өкмөтү жалпы колдонуудагы жерлерди жарыктандырууну гана камсыздаш керек, жаңы конуштарды электрификациялоо маселеси болсо жергиликтүү маанидеги маселелердин категориясына кошулган эмес.Эгерде бул маселени жергиликтүү бюджеттин эсебинен чече баштасаң, жергиликтүү бюджеттеги каражатты максатсыз пайдаландың деген айып менен түрмөгө түшөсүң. Эгерде бул маселени чечүүдөн баш тартсаң, анда сени калк жана жергиликтүү кеңештин депутаттары жек көрүп калышат.
Туңгуюк кырдаал түзүлүүдө! Адамдарга жардам берейин десең өзүң үчүн маселе жаралып калат. Бирок маселени чечүүнүн кандайдыр бир жолдорун таап, трансформаторлорду коюп, линияларды өткөрүп, калкты электр энергиясы менен камсыздасаң да келечекте мындан да оор кырдаалда каласың. Себеби андан кийин ошол электр жабдууларын тейлешиң керек, ал эми айыл өкмөтүнүн штатында электриктер да, тейлөө укугу да жок. БЭС өз кезегинде өзүнө жоопкерчиликти алып, бир нерсе жасагысы келбейт. Жасаган күндө да жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып алынган бардык электр жабдууларды анын балансына өткөрүп берүүнү талап кылышат. Ал эми муниципалдык менчик жөнүндө мыйзам ЖӨБ органдарына муниципалдык менчикти башка жактарга бекер берүүгө тыюу салат. Мына ушундай курч маселелер бүгүнкү күндө бардыгыбызды тынчсыздандырып турат. Мыйзамдардагы ушундай карама-каршылыктарды чукул арада жөнгө салыш керек. Болбосо кайсы бир айыл өкмөт башчысы адамдарга жардам берем деп жатып, өзү бир заматта айыпталуучуга айланып калышы мүмкүн”. ЖӨБ өкүлү мыйзам долбооруна маанилүү тактоо киргизүүнү сунуштады: ЖӨБ органдары электрификациялоо максатында жергиликтүү бюджеттеги каражатты колдонгон учурда ошол каражаттарды ЖӨБ органдарына республикалык бюджеттин же энергокомпаниялардын каражатынын эсебинен толуктап берүүнүн жол-жобосун жазуу керек. “Көпчүлүк аймактар дотацияда кала берүүдө, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн аларга каражат жетишпейт. Ошондуктан керектелген электр энергиянын эсебинен же акча менен өз ара эсептешүү аркылуу жергиликтүү бюджеттин каражатынын ордун толуктоо жолдору мыйзамда каралыш керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Кубан АЗИМОВ.
Көтөрүлгөн маселенин коом үчүн маанисин жана актуалдуулугун эсепке алуу менен, ишчаранын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.РЫСПАЕВ катышуучулардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен, тегерек столдун төмөнкүдөй резолюциясын кабыл алууну сунуштады:
-
иш-чаранын катышуучулары ЖК депутаттары К.БОКОЕВ жана К.РЫСПАЕВ демилгелеп чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзам долбоорун жалпысынан жактырышты;
-
КР Өкмөтүнө Жогорку Кеңештин Отунэнергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине аталган мыйзам долбоору боюнча КР Өкмөтүнүн бүтүмүн киргизүү сунушталды;
-
Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине тегерек столдун катышуучуларынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен отурумда мыйзам долбоорун жана КР Өкмөтүнүн бүтүмүн карап чыгуу сунушталды.
Мыйзам долбоорунун маңызы - "суроо-талабы бар кардар" деген түшүнүктү киргизүү
Мыйзам долбоору менен “Электр энергетика жөнүндө” КР Мыйзамын “электр жабдууга сурооталапты жүзөгө ашырган кардар” жаңы түшүнүгү менен толуктоо сунушталат. Анда электр энергиясы менен камсыздоого муктаж болгон жаңы керектөөчүлөр камтылган. Мыйзамда каралган “тиричилик үчүн колдонгон абонент, тиричилик үчүн колдонгон керектөөчү” аныктамалары, тилекке каршы, электр энергиясын колдонуп жаткан керектөөчүлөргө тиешелүү жана электр менен жабдууга муктаж жаңы керектөөчүлөр (кардарлар) үчүн мыйзамда аныктама каралган эмес.
Суроо-талап жолдогон жаңы кардарларды электр менен жабдууну камсыздоо үчүн мыйзам долбоору менен “Электр энергетика жөнүндө” КР Мыйзамын жаңы 14-1-беренеси менен толуктоо сунушталат. Бул беренеге ылайык, суроо-талап жолдогон жаңы кардарларды электр менен жабдууну камсыздоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр энергетикалык ишканалар тарабынан республикалык бюджеттеги каражаттардын эсебинен жана электр энергетикалык ишканалар өз программаларын аткаруусунун алкагында алардын каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылыш керек.Ошону менен бирге мыйзам долбоору ЖӨБ органдарына мүмкүнчүлүк болгондо жана жергиликтүү бюджетте каражат табылган учурда жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну жүзөгө ашыруу укугун берет. Бул норма ЖӨБ органдарына ушул маселени чечүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн бермекчи.
Андан ары мыйзам долбоору жаңы керектөөчүлөрдү алардын макулдугу менен өз каражаттарынын эсебинен электр менен жабдууну камсыздоого уруксат берет. Ошону менен бирге керектөөчүлөрдүн өзүн-өзү электр менен жабдууну камсыздоого багытталган материалдык чыгымдарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен же электр энергетикалык ишканалардын өз каражаттарынын эсебинен толуктап берүүгө тийиш. Ошону менен бирге керектөөчүлөрдү электр менен жабдуу жана электр жабдууларын тейлөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электр энергетикалык ишканалар менен, ошондой эле кардарлардын электр энергетикалык ишканалар менен өз ара мамилелеринин тартибин КР Өкмөтү белгилеш керек. М