Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кырдаалга сереп: коммунизм жок – демек электрификациялоо да керек эмеспи?

2014-12-22 / Көңүл чордонунда
Кырдаалга сереп: коммунизм жок – демек электрификациялоо да керек эмеспи?

Электрификациялоо коммунисттердин тынчын алган. Ал эми демократтардынчы?

 
Өлкөнүн ири шаарларынын жана айылдарынын тегерегиндеги туш келди курулуштар, башкача айтканда “жаңы конуштар” – бул бүтүндөй өлкөнүн санаасын алган тема. Ички миграциянын жана калктын өсүшүнүн айынан анын мааниси да кошо өсүүдө.
 
Кыргызстанда 1989-жылы түрдүү аймактардан шаарларга агылган ички миграция бейформал жана жарым-жартылай расмий конуштарга – жаңы конуштарга алып келди. Алар эки экономикалык борбордо – Бишкекте жана Ошто катуу кеңейип жатат. Башка шаарларда жана айылдарда да жаңы конуштар пайда болууда. Ал жактарда негизинен жаш үй бүлөлөр же башка региондордон же өлкөлөрдөн келген мигранттар орун-очок алууда.Советтер Союзу маалында жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана алардын электр энергиясына жеткиликтүүлүк маселеси мамлекеттик пландоо жана мамлекеттин бардык структураларынын жана электр энергия жаатындагы атайын курулуш уюмдарынын (мисалы, Кыргызэлектркурулушу, Кыргызайылкурулушу ж.б.) катышуусу менен каражаттарды бөлүштүрүү аркылуу чечилчү. Мында жергиликтүү мамлекеттик структуралар тапшырыкчы болчу. Болжолдуу баалоо боюнча, жыл сайын Киргиз ССРинин энергосистемасына 65 млн. доллар бөлүнүп турчу. Электр энергиясы менен дээрлик бардык калктуу конуштар камсыздалып, борборлоштурулган электр менен жабдуу системасы калктын 99% камтычу.
 
Эгемендик алгандан кийин Кыргыз Республикасынын энергетикалык сектору олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду: “Кыргызэнерго” АК өңдүү бирдиктүү ири энергохолдинг функционалдык белгилери боюнча бир нече компанияга кайра уюшулган. Ал эми жаңы аймактарды электр менен жабдууну камсыздоо маселеси унутта калып, эч кимдин компетенциясына кошулган эмес. Натыйжада жаңы аймактарды электрификациялоо үчүн эч ким жоопкерчилик албагандай кырдаал түзүлдү. “Кыргызэнерго” АК кайра уюшулгандын жана анын мүлктүк комплексин бөлүштүрүүнүн натыйжасында бир катар электр энергетикалык компаниялар пайда болду. Эми электр энергиясынын өндүрүшүн «Электрстанциялар» ААК жүзөгө ашырып келет. Электр энергиясын жогорку вольттогу түйүндөр менен өткөрүүнү “Кыргызстандын Улуттук электр түйүнү” ААК жүзөгө ашырат.Электр энергиясын соңку керектөөчүгө чейин 35 кВт жана андан төмөн түйүн боюнча бөлүштүрүү функциясын негизинен төрт аймактык (монополдук) электр бөлүштүрүүчү компания аткарат.Алар: “Түндүкэлектр” ААК, “Чыгышэлектр” ААК, “Ошэлектр” ААК жана “Жалал-Абадэлектр” ААК.
 
Ошондой эле чакан жеке компаниялар да бар. Бөлүштүрүүчү компаниялар өз уставына ылайык, электр энергияны сатып алууну, жеткирүүнү,бөлүштүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырат. Ал эми электрди жеткирүүчү линияларды өткөрүүнү,трансформаторлорду жана ЭЖЛ таянычтарын сатып алууну ЖӨБ органдарынын компетенциясына кирген жергиликтүү маанидеги маселелер деп эсептешет. ЖӨБ органдары жана мамлекеттик органдар, анын ичинде КР Каржы министрлиги (КР каржы министри О.ЛАВРОВАнын КР ЖК депутаты К.Ж.РЫСПАЕВге 2014-жылдын 22-январындагы №08-2-1/70 катын караңыз) өз кезегинде бул маселени мамлекеттик маанидеги маселелерге киргизет) жана аны чечүүнү энергокомпаниялардын карамагына жиберет. Кургак калдык – эч ким электрификациялоо маселелери үчүн жооп бербейт. Ал эми жарандарчы? Колдон келген айласын табышат. Бийликке кандай “кысым” болгонуна жараша түрдүү натыйжалар чыгышы мүмкүн. Бирок электрификациялоонун негизги кыймылдаткыч күчү болуп жамааттын өзү кала берүүдө. Бүгүн жаңы керектөөчүлөрдү (кардарлар) электр менен жабдуу маселеси жеке чечилет, анда бардык мүмкүн болгон жергиликтүү жана тышкы ресурстар жеке маанайда чечилет: ЖӨБ органдары өз эсебинен (республикалык бюджеттен дотация болбогон учурда);
 
  • ЖӨБ органдары + жамаат;
  • ЖӨБ органдары + жамаат + дем берүүчү гранттардан каражаттар;
  • ЖӨБ органдары + жамаат +БЭС;
  • ЖӨБ органдары + жамаат + электр энергияны жеке жеткирүүчү;
  • ЖӨБ органдары + жамаат + донордук каражаттар;
  • жамаат + донордук каражаттар.
Болжолдуу баалоолор боюнча жаңы конуштардын саны:
 
  • Бишкек шаарынын четтеринде – 52 жаңы турак жай массиви (Чүй облусунда башка региондорго салыштырмалуу жаңы конуштар көбүрөөк, анткени бул регионго миграция көбүрөөк агылат);
  • Ош шаарынын тегерегинде – 8 жаңы конуш (Фуркат, Ишкаван, Түштүк, Ташлак, Жапалак, Дача участогу, Ак-Тилек ж.б.);
  • Жалал-Абад шаарынын тегерегинде 10 жаңы конуш, облустагы жаңы конуштардын саны такталган эмес);
  • Ысык-Көл облусунда: Каракол шаарында 6 жаңы конуш, Балыкчыда – 4, баары электрификациялоого муктаж; райондордун кесигинде кошумча: Ысык-Көл – 13, Тоң – 9, Жети-Өгүз – 15, Ак-Суу – 10, Түп - 181;
  • Нарын облусу башка региондорго миграция менен айырмаланат, бирок буга карабастан облуста жаңы конуштар чакан масштабда бардык калктуу конуштарда бар.
Бул калктын санын өсүшүнө жана жаш үйбүлөлөрдүн пайда болушуна байланыштуу. Жаңы конуштардын жалпы саны 100дүн тегерегинде;
 
  • Баткен жана Талас облустарында жарымжартылай расмий жаңы конуштардын көйгөйлөрүнө кошумча башка өлкө менен чек аралардын аспекттери да кошулууда,ал жактарда бул көйгөйлөр актуалдуураак.
Электр энергияны керектөөнүн жылына 3-5% өсүшү жаңы кубаттуулуктардын өсүшүнөн ашып кетүүдө. Акыркы беш жылда калктын электр энергияны керектөөнүн салыштырмалуу салмагы 8 пайызга өскөн.2013-жылы ЮНИСОН Коомдук фонду жүргүзгөн “Электр энергиясын бөлүштүрүү системасын баалоо” аттуу социологиялык изилдөөгө ылайык, электр жарыгына жаңы кошулууларга болгон керектөө аймактар боюнча төмөнкүдөй:
 
  • Бишкек шаары– 32, 7%,
  • Жалал-Абад облусу– 28,7%,
  • Чүй облусу– 13,9%,
  • Ош облусу– 8,9%,
  • Нарын облусу – 5%,
  • Ысык-Көл облусу– 3%,
  • Баткен облусу– 3%.
Бул маселенин актуалдуулугу күн сайын калктын өсүшү, жаңы үй-бүлөлөрдүн санынын көбөйүшү, жерлердин жеке турак жай курулушуна трансформацияланышы менен артып баратат.Мунун баары комплекстүү мамлекеттик мамилени жана энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча өкмөт менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Ошол эле кезде негизинен дотациялык болуп эсептелген жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоого муктаж болгон ЖӨБ органдарынын татаал каржылык шарттарын эсепке алуу менен, жаңы керектөөчүлөрдү (кардарларды) электр энергиясы менен камсыздоо боюнча маселени чечүү милдетин ЖӨБ органдарынын мойнуна жүктөп коюу эртелик кылат.
 
Колдонуудагы мыйзамдар эмне дейт?
 
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик органдардын, анын ичинде бөлүштүрүүчү компаниялардын жана ЖӨБ органдарынын жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну уюштуруу жана камсыздоо боюнча ыйгарым укуктары жетишээрлик деңгээлде так жазылган эмес.Бул болсо электр энергиясына жеткиликтүүлүгү чектелүү карапайым жарандарга түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Айталы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жооптуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө көмөктөшүш керек деп айтылган. Анткен менен жергиликтүү маанидеги маселелер өзүнө “жалпы колдонуудагы жерлерде жарыктандырууну уюштурууну гана камтыйт (18-бер. 1-б. 17-п). Ал эми калктын электр энергияга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелери болсо жергиликтүү маанидеги маселелердин категориясына кошулган эмес,бирок өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарда да каралган эмес (20-бер.) Ошентип жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууга кошуу маселеси мыйзам чыгаруучулардын көңүл чордонунан түшүп калган.
 
Ошол эле кезде “Электр энергетикасы жөнүндө” КР Мыйзамынын 14-беренеси менен “Лицензиялардын ээлерине алар иштеген аймактагы бардык кардарларды электр менен жабдууну камсыз кылуу милдети жүктөлөт. Кардарлар алыскы райондордо электр менен жабдууну камсыз кылууга өтүнүч билдире алышат”.Керектөөчүлөрдү электр менен жабдуу боюнча тийиштүү беренеге карабастан бөлүштүрүүчү ишканалар тарабынан мыйзамдык актынын нормасы аткарылбай келет же башка мааниде чечмеленет: бөлүштүрүүчү ишканалар 14-берененин күчү бар болгон керектөөчүлөргө гана жайылат деп эсептешет, же болбосо бул норманы бөлүштүрүүчү ишканалар финансы каражатынын жоктугунан улам ачык эле четке кагышат.
 
Ошол эле кезде бөлүштүрүүчү ишканалар өз товарын – электр энергияны жеткиргени жана сатканы үчүн керектөөчүлөрдөн акы алат (“Электр энергетикасы жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесинин 26-абзацы). Экономиканын мыйзам- дарына ылайык, товардын сатуучусу өз базарын өз эсебинен кеңейтет, товарын сатаардан мурда сатуучу дүкөн же күркө куруш керек болот. Анын сыңарындай эле бөлүштүрүүчү ишканалар же акциялардын мамлекеттик пакетинин ири үлүшүнө ээлик кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуучуларга (кардарларга) электр энергияны жеткирүү жана сатуу үчүн биринчи кезекте электр жабдуусун куруп берүүгө милдеттүү. Чындыгында болсо Кыргызстанда чарба жүргүзүүнүн советтик системасынын принциптери сакталып калган жана ушул күнгө чейин иштеп келатат. Жеткирүүчүлөр трансформаторлор жана электр өткөргүч линиялары орнотулган алдын ала даярдалган участокторду тейлешет. Жаңы райондорду – жаңы конуштарды – кошуу жол-жобосу бөлүштүрүүчү компаниялардын уставдарында каралган эмес.
 
Электр энергияны жеткирүү процессинде иштетилген электр жабдуусу ушул ишканалардын балансында болбогон учурда да бөлүштүрүүчү ишканалар керектелген электр энергиясы үчүн эсеп жазып берген жана керектөөчүлөрдөн акы алган карама-каршылыктуу учурлар да орун алып келет. Мындай кырдаал негизинен жабдууларды башка катышуучулар – калк, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана өзгөчө эл аралык донор уюмдар орноткон маалда жаралат.Бөлүштүрүүчү ишканалар “Электр энергетикасы жөнүндө” КР Мыйзамынын 14-беренесинин жоболорун кынтыксыз аткарган учурда жаңы аймактарды электр менен жабдууга байланышкан ортодогу көйгөйлөрдү жок кылып салса болот. Анткен менен мыйзамдарда так белгиленген нормалардын жоктугу башкаруу органдарына мыйзамды кырдаалга жана пайдасына жараша чечмелөөгө жол ачкан эки маанини берген кырдаалды жаратууда.
 
Мамлекеттик органдар же электр энергиясына жеткиликтүүлүк маселесин көзөмөлдөгөн таасирдүү аткаминерлер тарабынан саясий эрк болгон учурда гана жаңы керектөөчүлөрдү кошуу тууралуу маселе оң чечилиши мүмкүн. Ресурстар жана каалоо болбогон учурда бул маселе терс чечилет. Бул керектөөчүлөр үчүн адилетсиз шарттарды түзгөн жол берилгис кырдаал.

Бектур ОРОЗБАЕВ, ӨСИнин ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси

Окшош материалы: