Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Социалдык тапшырык – ЖӨБ менен БӨнун жамааттык иши

2015-04-07 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Социалдык тапшырык – ЖӨБ менен БӨнун жамааттык иши

Болгарияда социалдык тапшырык өтө кеңири жайылган. Эмгек жана социалдык саясат министринин орун басары Лазара ЛАЗАРОВАнын маалыматы боюнча, өлкөдө 2014-жылы ишке ашырылган 1100 социалдык кызмат көрсөтүүнүн 211и, же19 пайызы социалдык тапшырык механизми аркылуу бейөкмөт уюмдардын күчү менен аткарылган.Анткен менен өлкөдө бул механизм бир калыпта колдонулбайт. Мыйзам ченемдүүлүк көрүнүп турат – муниципалитет канчалык ири болсо, ал кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге берүүгө ошончолук ыктап турат. Албетте буга объективдүү себептер да бар. Чоң муниципалитеттерде аярлуу топтордун топтолуусу да жогору жана социалдык кызматтардын жарандык коом менен бөлүшүүгө умтулган иштери да көп. Өз кезегинде жарандык коом да көбүрөөк өнүккөн, ири муниципалитеттерде бейөкмөт уюмдардын арасында атаандаштык да, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты да жогору, инновацияларга жана мыкты практикага жеткиликтүүлүк жеңил. Ошондуктан социалдык тапшырыкты өнүктүрүүдө лидерлердин бири өлкөнүн борбор калаасы София эсептелери да таң калычтуу эмес.

София муниципалитетинде бейөкмөт уюмдар социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн дээрлик жарымын ишке ашырат – 30 кызмат көрсөтүүнү муниципалитет өзү ишке ашырат, 29у – БӨУга өткөрүлүп берилген (Евробиримдиктин ыкчам долбоорлорунун эсебинен каржыланган социалдык долбоорлорду жана кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо).Мындан тышкары социалдык тапшырыкты аткаруучулардын аталыштары да көрсөтүлгөн.Өзүңүз көрүп тургандай, айрым уюмдар бирден ашык долбоорду ишке ашыра алат. Ал эми көпчүлүк кызмат көрсөтүүлөр ачык борборлор – жашай турган, күндүз кала турган, өнүктүрүү үчүн, реабилитациялоо ж.б. түрүндө ачылган. Албетте кызмат көрсөтүүлөрдүн мындай формасы жакшы физикалык инфраструктураны, туруктуу кызматкерлерди, жашоону камсыздоо үчүн олуттуу чыгашаларды талап кылат. Ушул борборлордун ар бири туруктуу болуп, аларга муктаждардын кезеги суюлмайынча кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү болуш керек. Ошондуктан Болгариянын социалдык тапшырык системасында Кыргызстанга салыштырмалуу маанилүү, институционалдык айырмачылык бар - бейөкмөт уюм менен кызмат көрсөтүүгө келишимдер Кыргыз Республикасындагыдай (жана КР Социалдык өнүгүү министрлигинин да, кыргызстандык муниципалитеттердин да практикасында болуп жүргөндөй) бир жылга эмес, үч жылга түзүлөт. Ошону менен бирге социалдык тапшырыкты аткарган уюмдун өз имараты да болушу мүмкүн, болбошу да мүмкүн. Эгерде имараты болбосо, анда аны муниципалитет берет, же уюм ижарага алат.
Социалдык тапшырыктын суммасы конкреттүү кызмат көрсөтүүнү каржылоонун стандарттарына ылайык аныкталат. Муниципалитет тарабынан социалдык тапшырыкты каржылоо системасы дегенде ал үчүн алдын ала төлөм анын баасынан болгону 10 пайызды түзүп калышы мүмкүн. Кыргызстандан барган делегацияда “мындай шарттарда тапшырыктын суммасынан калган 90 пайызды каржылоо үчүн өз каражаты жетишсиз болгон жаш бейөкмөт уюм тапшырык алалабы?” деген суроо пайда болду.София муниципалитетинин Социалдык иш дирекциясынын башкы инспектору Илиана СЕЛЕКТЕР жашына жана өз каражатына карабастан тапшырыкты каалаган уюм көтөрө аларын айтты: “Бейөкмөт уюмда ири көлөмдө өз каражаты болушу шарт эмес.Себеби тапшырыктын аткарылышы жана кызмат көрсөткөнү тууралуу отчетту, анын ичинде анын финансылык бөлүгүн биз ай сайын талап кылабыз.
Мындан улам каржылоо, транштарды төлөө да айлык графикке ээ. Мындай графиктин жардамы менен бир жагынан биз ишти үзгүлтүккө учуратып алууну алдын алабыз жана көрсөтүлгөн кызматтарды көзөмөлдөйбүз. Экинчи жагынан бул бейөкмөт уюмга чоң финансылык оорчулукту алып келбейт”.Конокторду кызыктырган социалдык тапшырыкты уюштуруунун экинчи өңүтү сынакты уюштуруу жана өткөрүү жол-жоболоруна, сынактык комиссиянын ишине байланыштуу болду. София муниципалитетинин Социалдык иш дирекциясынын директору Минка ВЛАДИМИРОВА сынак мэриянын нормативдик документтеринде жана мыйзамдарда жазылган жол-жоболорго ылайык өткөрүлөрүн айтты. Мэр сынакты өткөрүү тууралуу буйрукка кол коет.
Ага ошол замат болочок социалдык тапшырыктын техникалык милдети камтылат (Велико Тырново шаарында бул буйрук жети барактан турат). Ошондой эле сынактык комиссиянын курамы бекитилет. Ага адатта төмөнкүлөр кирет: Социалдык иш дирекциясынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер; Социалдык жардам агенттигинин аймактык бөлүмчөсүнүн өкүлдөрү; шаардык кеңештин депутаттары – социалдык жардам жана саламаттык боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү; ошондой эле мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары.Муниципалитет көбүрөөк көңүлдү кызмат көрсөтүүнүн мониторингине бурат. Ай сайын тапшырылып турчу финансылык жана программалык отчеттордон тышкары арыздар боюнча пландуу жана чукул текшерүүлөр механизми да иштейт.Болгондо да бейөкмөт уюмдарды муниципалитеттин өкүлдөрү гана эмес, ошону менен катар тиешелүү мамлекеттик органдардын да кызматкерлери текшерет. Анткен менен субъективдүүлүктөн, жүйөсүз административдик кысымдар оолак болуу максатында бардык текшерүүлөр мамлекет бекиткен стандарттарга ылайык иш жүзүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү салыштыруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Регламенттердин жана стандарттардын жардамы менен катуу көзөмөл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана бейөкмөт уюмдарга өнөктөш болууга тоскоолдук жаратпайт. Минка ВЛАДИМИРОВА БӨУ менен өнөктөштүктүн баалуулугун өзгөчө баса белгиледи: “Биз бейөкмөт уюмдарда чоң жаратмандык күчтү, ресурсту көрүп турабыз. Аларды туура колдонуу менен турмуш шартын бир топ жакшыртууга болот. Ошону менен бирге биз аларды муниципалдык социалдык саясатты түзүүгө тартып жатабыз жана муну жөн гана маалымат алмашуу деңгээлинде эмес, координациялык органдарды түзүү жолу менен ишке ашыруудабыз.Мисалы, мэрияга караштуу социалдык саясат маселелери боюнча координациялык коомдук кеңеш иштейт жана ал чечим кабыл алуу процессине чоң таасирин тийгизе алат. Ошондой эле бизде оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөргө жардам берүү маселелери боюнча координациялык кеңеш да бар. Бул кеңештердин алкагында биз жарандык коом менен биргеликте жашоочулардын бакубат турмушу үчүн Софиянын муниципалдык социалдык саясатын түзүп, ишке ашырып келатабыз”.
БӨУнун үнү: “Биз социалдык жоопкерчиликти алдык жана отчет берүүгө даярбыз” Болгариядагы балдар үчүн уюмдардын улуттук түйүнүнүн жетекчилеринин бири Георгий БОГДАНОВ социалдык тапшырыктын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандык коомдун кызматташтыгынан майнап чыгышы үчүн үч негизги шарт бар болгонун айтат. Биринчиден, тараптардын жалпы максаты болуп, бири-бири тууралуу жакшы маалыматка ээ болуш керек. Башкача айтканда, алар бирин бири жакшы таанып, түшүнө билиши шарт. Экинчиден, тараптар ортосунда ишенимге негизделген мамилелер түзүлүш керек. Бул болсо жеке жактыруудан пайда болбостон, биргелешкен ишке, биргелешкен долбоорлорго негизделет.
Үчүнчүдөн, эки тарап тең сактай турган конкреттүү жана деталдуу жол-жоболор – өз ара жоопкерчилик жана отчеттуулук болууга тийиш. Бүгүнкү күндө Болгарияда мындай шарттар түзүлгөн. Анткен менен бул бир заматта болуп калган жок. Процесс өтө узакка созулуп, татаал жолду басып өттү: “Бытыранды, чабал жана жоопкерчиликсиз БӨУ өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тең укуктуу өнөктөшү боло албайт. Өнөктөштүк жана секторлор аралык өз ара аракет бейөкмөт уюмдардан үч негизги багыт боюнча тынбай иш алып барууну талап кылат. Алар: кесипкөйлүктү жогорулатуу, экспертизаны тереңдетүү жана инновацияларды түзүү; финансылык да, программалык да ишмердик жаатында катаал отчеттуулук; уюмду жана долбоорлорду сапаттуу башкаруу. Болгариядагы бейөкмөт уюмдар ушул жол менен баратышат, бирок бул жеңил эмес.Мындан тышкары жарандык коом чоң балыктын кыр аркасы сымал структурага, тик байланыштарга,түйүндөргө ээ болуш керек. Эгерде мындай болбосо, анда ушунун баарына ээ болгон мындан да чоң балык – мамлекет бери дегенде айрым бейөкмөт уюмдарды назарга албайт, же андан да жаманы – “эки чайнап, бир жутуп коет”.
Георгий БОГДАНОВдун сөздөрү кыргызстандык жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн, болгондо да бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын коомунда байкалып жаткандай, өлкөнүн өнүгүүсүндө БӨУнун ролун чукул кайра карап чыгуу шарттарында өзгөчө актуалдуу жаңырды. Чет өлкөлүк тыңчылар тууралуу мыйзам долбооруна каршы күрөшкө киришип жатып, кыргызстандык БӨУлар жарандык коомдун ролун формулировкалоого аракет жасай башташты. Бирок сектордун ичиндеги көптөгөн системалык көйгөйлөргө туш болушту. Бул көйгөйлөр ушул ролду адекваттуу жана ынандырчудай түшүндүрүп берүүгө бут тосууда. Биринчиден, сектор структуралаштырылган эмес, ал эми коом менен мамлекет БӨУ эмне болгонун, эмне менен алектенерин көп жакшы түшүнө албай турат. Өлкөдө бейөкмөт уюмдардын коомдук финансылык жана финансылык эмес отчет тапшыруу практикасы болгон эмес.
Бул болсо бейөкмөт уюмдардын кошкон салымы жана мамилеси тууралуу маалымат бермек. Коом да, мамлекет да топтомдолгон маалыматтын жана адекваттуу статистиканын жоктугунан улам коммерциялык эмес сектордун социалдык таасирин баалай албай жатат. Бул жерде Болгариянын практикасын изилдеп көрүү туура болмок. Болгарияда БӨУнун социалдык таасирин баалоонун улуттук концепциясы бар, ал эми мамлекеттин жана коомдун акчасына иштеген бардык уюмдар жыл сайын коомго финансылык (1 миллион левден ашык – болжол менен жарым миллион евронун тегерегинде акча жүгүртүлгөндө) жана финансылык эмес отчет тапшырып туруу талабын аткарып келишет.Болгарияда социалдык тапшырык механизмин колдогон жарандык коомдун “кыр аркасы” деп Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр ассоциациясын атаса болот. Ал социалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө өкмөт менен жарандык коомдун ортосунда диалог жүргүзүүгө жардам берип келет.
Инновациялар БӨУ ишинин өнүмү катары Болгариядагы БӨУнун иши менен таанышуу бул өлкөдөгү секторлор аралык өз ара аракеттин жана социалдык тапшырыктын эффективдүүлүгүн жана популярдуулугун түшүндүргөн маанилүү мыйзам ченемдүүлүктү аныктоого жол берди. Бул – социалдык чөйрөдө жарандык коом уюмдарынын ишинде инновациялык мүнөз. Дал ошол инновация Болгариянын башкаруу органдарына БӨУ менен кызматташуунун кошумча баалуулугун көрсөтүп турат. Бирок бул үчүн БӨУ дайыма изденип келет. Бир-эки мисал келтирели. Болгариянын Жергиликтүү жама аттардагы социалдык кызмат көрсөтүүлөр институтунун директору Стени ПЕТКОВА ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөрдү инновациялык жактан колдоону жайылтуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Долбоор үч муниципалитетте – Софияда, Айтесте, Бяла Слатинада ишке ашырылган.
Бул муниципалитеттер кийин муниципалдык деңгээлде бул кызмат көрсөтүүнү бекитип алышкан. Кызмат көрсөтүүнүн маңызы мында: мобилдүү жардам тобу түзүлөт, анын курамына социалдык кызматкер, логопед, психолог, дарыгер жана реабилитациялоо боюнча адис кирет. Бул мобилдүү топтор туруктуу негизде максаттуу топторго кирген үй-бүлөлөргө барып турат жана ошол эле учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен гана эмес, ошол үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен да иш алып барышат. Стени ПЕТКОВАнын баласы да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жана анын ырасташынча, мындай кызмат көрсөтүү жогорку эффективдүүлүккө ээ болду – көпчүлүк үйбүлөлөрдө баланын саламаттыгына же абалына гана эмес, үй-бүлө ичиндеги өз ара байланышты бекемдөөгө да, моралдык климатты жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн психологиялык абалын жакшыртууга да оң таасирин тийгизди. Мындан тышкары үй-бүлөлөр арасында байланыш бекемделип, ал бара-бара туруктуу мүнөзгө айланды.
Дагы бир мисал – Telecare же телефон аркылуу камкордук – бул жалгыз бой кары адамдар менен күнү-түнү байланышты кармап турган кызмат көрсөтүү. Кары адамда мобилдик же шаардык телефонго туташтырылган атайын түзүлүш болот. Аны бир жолу басары менен ар түрдүү суроолор боюнча – ал-акыбалын айткандан баштап, чукул кырдаалда эмне кылуу керектигин сурап, операторго байланыша алат. Өз кезегинде оператор жалгыз бой карыга тиешелүү адисти же атайын бригаданы жиберет. Мындан тышкары түзүлүш сынбай тургандай жасалган, бул болсо карылар жыгылып кетсе, жардамсыз калуусун болтурбайт. Келечекте мындай түзүлүштөрдү өрткө, же ууруларга каршы даярдап чыгаруу пландалууда. Социалдык тапшырыктын алкагында ишке ашырылган бул эки долбоор тең социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекстүүлүгүн камтыган жалпы инновациялык мамилени бириктирет. Ар бир жардамга муктаж адам үчүн социалдык жардам жана кызмат көрсөтүү бир булактан болушу маанилүү. Ошондуктан бир кызмат көрсөтүүдө түрдүү багыттагы адистердин бириктирилиши аны колдонгондор үчүн өтө пайдалуу.
Ошону менен бирге мындай комплекстүү кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик же муниципалдык мекеменин базасында мүмкүн болсо да бейөкмөт уюмдун базасына караганда көбүрөөк аракетти, убакытты жана акчаны талап кылары түшүнүктүү. Мамлекеттин “Үй-бүлөлөрдү мобилдик социалдык колдоо” жана “Телефон аркылуу камкордук” кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алганы көңүлдү бурат. Эми Болгарияда аларга ИСО 9001:2008 деген мамлекеттик стандарт бар. Мына ушинтип реалдуу жыйынтыктар жана өнүмдөр менен секторлор аралык өз ара аракет – БӨУ менен мамлекеттин өнөктөштүгү Болгарияда тамыр жайууда. Кыргызстанга да бул тажрыйбаны колдонууга эч нерсе тоскоол болбогон шекилдүү.