2015-04-07 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын 11 муниципалитети социалдык тапшырык механизми аркылуу социалдык долбоорлорду ишке ашырууга киришкен. Артыкчылыктуу керектөөлөр кантип аныкталып, техникалык тапшырмалар кантип түзүлгөнү жана БӨУ-аткаруучулар арасында сынактар кантип өткөрүлгөнү тууралуу маалыматты “Муниципалитет” журналынын 2014-жылдагы №4 жана №8 атайын чыгарылыштарынан таба аласыз (www.municipalitet.kg). 2015-жылдын жазында 11 муниципалитеттин баары катаал сынактык тандоодон өткөн бейөкмөт уюмдар менен муниципалдык социалдык тапшырыкты аткаруу тууралуу келишим түзүп калышты.
Долбоор аткаруу фазасына кирди.Бардык долбоорлор муниципалдык социалдык тапшырык механизми аркылуу жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Бул Кыргыз Республикасынын муниципалитеттеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык кызмат көрсөтүү боюнча долбоорду бейөкмөт уюмга тапшырган алгачкы мисалдардын бири. 11 пилоттук муниципалитет жарандык коом уюмдары менен кызматташтык аркылуу социалдык көйгөйлөрдү чечсе болорун жана чечиш керектигин көрсөтүүдө.
Жергиликтүү бюджеттерге финансылык колдоону Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) "Жарандык коомду колдоо фонду" долбоору көрсөтүп жатат.Эми 2015-жылдын апрелинде долбоорлорду аткарууда кандай жылыштар байкалганы, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүнүн жаңы механизмин жайылтуу процессинде жана секторлор аралык өз ара аракетте муниципалитеттер менен БӨУ-аткаруучулар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгону тууралуу кыска маалымат берели.
Кыргыз Республикасында муниципалдык деңгээлде мамлекеттик социалдык тапшырыкты ишке ашыруу практикасы буга чейин болгон эмес. Бардык ченемдик база мамлекеттик социалдык тапшырыкка гана эсептелген, ал эми тапшырыкчы катары Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги гана чыкчу. Ушундан улам механизмди муниципалдык деңгээлде жайылтууда тапшырыкчы катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ал эми аткаруучу катары бейөкмөт уюмдар чоң кыйынчылыктарга туш болуп, татаал суроолор, чечилбеген ченемдик жана техникалык көйгөйлөр пайда болгону таң калтырбайт.“МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоорунун” алкагында ӨСИ күчүнүн жетишинче жана мүмкүнчүлүгү болушунча муниципалитеттерге консультациялык жардам көрсөтүп, документтердин форматын иштеп чыгып, ченемдик кенемтени толуктап, суроолорго жооп берип, отчеттуулукту даярдоодо жардам көрсөтүп келатат. Муниципалитеттер мындай кырдаалда өтө кыйналууда жана тобокелчиликке барып жатышат. Анткени практика болбогондуктан жаңылып калуу ыктымалдуулугу да жогору.Бул тобокелчиликтерди азайтууга аракет жасап, ошондой эле процесстин болочок катышуучуларына жардам көрсөтүү максатында ӨСИ адистери кыйынчылыктарды жана көп узатылган суроолорду жалпылаштырды.
Коммуникациялык көйгөйлөр Жаңы механизмди жайылтууда кыйынчылыктар дээрлик ар бир кадам сайын пайда болууда. Мисалы, социалдык тапшырык тууралуу жарыяны жайгаштырууну жана маалымат өнөктүгүн алалы.Ошол замат көптөгөн суроолорго жооп берүүгө туура келди. Сынакка катышып жаткан бейөкмөт уюмдарга кандай талаптар коюлуш керек? Социалдык тапшырыктын аталышын (темасын) кантип туура түзүп, максатын канткенде так көрсөтүүгө болот Документтердин толук пакетин даярдоо үчүн сынактын катышуучуларына канча убакыт берсе туура болот? Бул суроолордун айрымдары “Социалдык тапшырык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде чечилди, башкалары болсо кырдаалга жараша жана терең ойлонулуп чечилип турду.
Соңку текстти түзгөндөн кийин жарыянын өзүн жайгаштырууда кыйынчылык жаралды. Бул эмнеге байланыштуу болду? Көпчүлүк муниципалитеттер алыскы тоолуу райондордо жайгашкан, ал жакка облустук жана республикалык журналисттер өтө кыйынчылык менен жете алышат. Жол эле бир нече саатты алып коет жана бир топ каражат да кетет. Албетте интернет аркылуу жарыяны жиберүү жакшы болмок. Бирок жарыя түзүүнүн чоо-жайын,анын масштабын дайыма эле телефондук байланышты жана электрондук каттарды колдонуп түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес.Жарыяларды кеңири таратуу жана жарандык коом уюмдарына кошумча маалымат берүү борбордук жана аймактык БӨУларды маалымдоого жол ачканы менен, сынакка табыштамалар көп деле түшкөн жок. Мыйзамда көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык, сынакка катышууну каалаган бардык бейөкмөт уюмдар облус борборунан жүздөгөн километр алыстыкта жайгашкан муниципалитетке жеке өздөрү барып, журналда катталып, ошондон кийин гана табыштаманын формасын алыш керек болчу. Ошондуктан шаарларда, мындан тышкары облус борборлоруна жакын жайгашкан аймактарда сынакка катышууну каалагандар жетиштүү болду.
Ал эми алыскы аймактардан сунуштар аз түштү. Ошону менен бирге сынакка катышууну каалаган БӨУ муниципалитетке эки жолу барууга туура келди – биринчи жолу документ алып, кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн, экинчи жолу табыштаманы берүү үчүн. Бул маселени электрондук кол тамганы киргизүү ыкмасы чече алат. Анын жардамы менен БӨУ документтерди алыста туруп деле алып, өткөрө алмак. Сынактык комиссияга катышуу – бул абройлуу,ошону менен бирге кыйын Он бир пилоттук муниципалитеттин ичинен биринчи аракеттен эле сынак жетөөндө гана өттү.Калган төртөө сынакты экинчи жолу жарыялоого мажбур болду. Айрым муниципалитеттерде сынактын өтпөй калуусуна 1 гана долбоордук сунуш түшкөнү себеп болсо, айрымдарында табыштама толук эмес болгон.Мазмуну, сапаты жана документтердин пакетинин толуктугу жагынан көптөгөн табыштамалар талаптарга туура келген жок. Көп учурда документтер нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмес, Социалдык фонддон, салык кызматынан маалымат каттар алынбай калган, катышуучулар мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү кошпой койгон. Бирок комиссиянын отурумун өткөрүүдө кыйынчылыктар документтерди туура түзүү жана тапшыруу менен гана чектелген жок.
Алгачкы отурумдун жүрүшүндө сынактык комиссиянын дарамети жетишсиз экени белгилүү болду.Комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү табыштамаларды кантип баалап, баалоодо кайсы пункттар өзгөчө маанилүү роль ойной турганын түшүнө албай турушту. Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн адистери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана социалдык багыттар боюнча профилдик уюмдардын кызматкерлери киргенине карабастан сапаттуу баалоо жүргүзүү үчүн даярдыктын жалпы деңгээли, иш тажрыйбасы жана көндүмдөрү комиссиянын ар бир мүчөсүндө ар кандай болду. Айрымдарына критерийлердин маанисин түшүнүү жана мындан улам алардын олуттуулугун баалоонун жалпы үлүшүндө көрө билүү кыйынга турду.Мындан тышкары комиссиянын мүчөлөрү социалдык тапшырыктын маңызын толук түшүнгөн жок жана сынактык табыштаманы баалоодо адатта негизги көңүлдү окутууга, иш-чарага жана социалдык тапшырыктын алкагында кызмат көрсөтүүнүн өзүнө эмес, ремонттук-курулуш иштерине буруп жатышты.
Социалдык бейөкмөт уюмдар, кайдасыңар? БӨУнун өздөрүнө жана алардын социалдык тапшырыкты ишке ашыруу дараметине токтоло турган болсок, бул көпчүлүк пилоттук уюмдар үчүн дагы бир көйгөй болду. Муниципалитеттердин өздөрүндө жергиликтүү расмий катталган жарандык коом уюмдары өтө аз болгонун эсепке алганда, социалдык тапшырыкты ишке ашыруу үчүн тиешелүү тажрыйбасы, жөндөмдүүлүгү жана мүмкүнчүлүгү бар БӨУну табуу бир кыйла оор болду.Аймактарда БӨУ бар. Иш тажрыйбасына ээ БӨУлар да бар. Бирок алардын арасында социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган, анын ичинде мектепке чейинки курактагы балдарды кошумча билим берүү менен камсыздаган, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, карылар, аз камсыздалган үйбүлөлөр менен иш алып барган долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасына ээ уюмдар дээрлик жок болду.
Анткен менен экинчи жолу жарыя бергенден кийин сынак калган төрт муниципалитетте да өттү.Комиссиянын мүчөлөрү талаптарга көбүрөөк жооп берген, тагыраак айтканда зарыл болгон практикалык тажрыйбасы, алардын ишмердигин тастыктаган документтери, ошондой эле мамлекеттик органдар алдында карызы болбогонун ырастаган маалымат каттары бар табыштамаларды тандап алды.Борбордук адистешкен БӨУ, тематикалык түйүндөр жана анчалык терең адистешпеген чакан жергиликтүү уюмдар ортосунда консорциумдар аймактарда социалдык БӨУнун жетишсиздигин жеңүүнүн жолу болуп эсептелет. “МСТ боюнча GIZ/Fonds Долбоорунун” аткаруучулары ири улуттук БӨУдан көптү күткөн. Бирок бул үмүттөр акталган жок – андай уюмдар алыскы айылдарга барбай коюшту.
Анткен менен консорциумдун эки мисалын долбоор таба алды – Тогуз-Торо районунда белгилүү оштук БӨУ – “Ар бир бала үй-бүлө” коомдук фонду жергиликтүү БӨУлар – “Үмүттүү наристе” жана “ТТ Алакан” менен консорциумга бирикти. Бул долбоорду ишке ашырууда өнөктөштөрдүн милдеттенмелери так аныкталды. “ТТ Алакан” коомдук уюму Каргалык айылдык аймагы менен биргеликте реабилитациялык борборду түзүү боюнча иш алып барса, “Үмүттүү наристе” коомдук уюму ата-энелерди мобилдештирүү, алардын активдешүүсүн күчтөндүрүү, калкты долбоордун ишмердиги тууралуу маалымдоо боюнча иштерди жүргүзөт. “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунун милдетине борборду жабдуу, кызматкерлерди, ата-энелерди,жергиликтүү БӨУнун кызматкерлерин жана ЖӨБ өкүлдөрүн түзүлгөн борбордун туруктуулугун камсыздоого үйрөтүү кирет.
Бул кызматташтыктын натыйжасында жергиликтүү БӨУнун дарамети өсөт деген үмүт чоң. Экинчи мисал катары Талас облусундагы Өмүралиев ААны айтсак болот. Бул жерде өлкөдө белгилүү облус борборунда орун алган “Айкөл” БӨУ долбоорду жергиликтүү Жаштар кеңеши менен консорциумда аткарып жатат.Долбоордо “варяг” катары “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук бирикмеси чыгууда. Бул – Бишкекте жайгашкан, бирок Таш-Көмүр шаарында өткөн сынакта жеңип алган жаштардын ири бейөкмөт уюму. Муну оң тажрыйба катары караса болот. Анткени долбоордун жыйынтыгы боюнча шаарда жаштардын жигердүүлүгү өсүп, ал эми долбоордун алкагында түзүлгөн маалымат борбору жергиликтүү жаштардын бейөкмөт уюмунун пайда болуусу үчүн аянтча болуп бериши мүмкүн.
Социалдык инфраструктура – мамлекеттин милдети Жеңүүчү БӨУну тандоо жана андан кийин сынактын жыйынтыктарын жарыялоо бул татаал жолдо баскычтардын бири гана болду. Эми буйрутмачылар менен аткаруучулар долбоорду такташып, толуктап, долбоорду ишке ашыруу, анын андан кийинки туруктуулугун камсыздоо боюнча пландарга түзөтүүлөрдү киргизиш керек эле. Социалдык тапшырыктын аткаруучулары техникалык эксперттер менен биргеликте ремонттук-курулуш иштерине кетчү чыгымдар канчалык реалдуу чагылдырылганын аныктоого тийиш болчу.
2015-жылдын январында социалдык тапшырыкты ишке ашыруу процесси башталды. Анын биринчи бөлүгү ремонттук-курулуш иштери болду. Негизи эле ремонт жана курулуш социалдык тапшырыктын бөлүгү болбош керек эле. Ага кеткен каражат социалдык кызмат көрсөтүүгө арналган. Бирок бардык муниципалитеттер жана БӨУ-аткаруучулар чоң көйгөйгө туш болду – жамааттарда социалдык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон инфраструктура жок болуп чыкты. Бул көйгөйдүн тамыры терең.
Советтер союзу маалында көптөгөн социалдык жактан аярлуу жарандар көбүнчө жабык типтеги атайын мекемелерден гана кызмат көрсөтүүнү алчу. Мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды республиканын булуң-бурчунан бир нече интернаттарга алып келишчү. Мындан улам өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мындай түрдөгү кызмат көрсөтүү үчүн арналган имараттар дээрлик жок болгон. Алар Кыргызстан эгемендик алгандан кийин деле курулган жок. Ошондуктан имараттын жоктугу социалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өзөктүү көйгөйлөрдүн бирине айланды. Бул маселени чечүү менен мамлекет алектениш керек. Себеби муниципалитеттер да,жергиликтүү бюджет да мындай көлөмдөгү капиталдык салымды көтөрүп кетүүгө азырынча даяр эмес.