Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Социалдык тапшырыктардын аткарылышы

2015-04-07 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Социалдык тапшырыктардын аткарылышы

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя АА: “Баластан” долбоору

Каныш-Кыяда артыкчылыктуу маселени тандап алуу процессинин 254 катышуучусу жамааттагы өзгөчө маанилүү жана актуалдуу социалдык көйгөй бул – сапаттуу мектепке чейинки тарбияга жана билим берүүгө жеткиликтүүлүктүн чектелүү болгонун аныкташты. Ошондуктан муниципалитет “Каныш-Кыя ААда 2 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар үчүн кошумча билим берүүнү жана сергек эс алууну уюштуруу” темасы боюнча социалдык тапшырыкты аткарууга сынак өткөрүү чечимин кабыл алды. Сынактын жеңүүчүсү болуп “ТОС Курулуш” КУ табылды. Муниципалдык социалдык тапшырыкты эффективдүү аткаруу үчүн 18 кишиден турган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлдү.
Анын курамына жамааттын лидерлери, айыл өкмөттүн адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, социалдык мекемелердин кызматкерлери кирди. Биринчи транштын алкагында “ТОС Курулушу” КУ төмөнкүдөй иштерди аткарды: өткөрүлгөн тендердин негизинде “Кочорбаев К” ЖИ жаңы эмерек жасады (балдар жана мугалимдер үчүн отургучтар, столдор), Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылдарындагы бала бакчаларда экиден бөлмө бөлүндү, 2ден 6 жашка чейинки 75 баланын тизмеси түзүлдү, сынактын негизинде 5 педагогтарбиячы тандалып алынды, 3 сааттан 2 нөөмөттө окуу өтөт, 5 жолу ачык сабактар өткөрүлдү, ЖӨБ органдары менен биргеликте аткарылган иштер тууралуу маалымат берүү боюнча коомдук угуулар өттү. Долбоорду ишке ашырууда өнөктөштөр – Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү, Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” жана Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик” бала бакчалары.“ТОС Курулуш” КУ менен байланыш жолдору:(+996) 777 731 192, электрондук дарек: kanysh-kya@mail.ru,saikal0814@yandex.ru, Сайкалбү АБДЫЛДАЕВА