Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кара-Көл шаары (Жалал-Абад облусу): “Балдар бөтөн болбойт” долбоору

2015-04-07 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Кара-Көл шаары (Жалал-Абад облусу): “Балдар бөтөн болбойт” долбоору

Кара-Көл шаарында артыкчылыктуу көйгөйдү тандап алуу процессинин 503 катышуучусу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга алардын дараметине жараша кошумча билим берүү жана тарбиялоо үчүн шарттардын жоктугун жамаат үчүн өзгөчө маанилүү жана актуалдуу социалдык маселе катары аныктап алышты.

 “Балдар бөтөн болбойт” долбоорун ишке ашыруу боюнча социалдык тапшырыктын аткаруучусу катары “Аймира” коомдук фонду тандалып алынды. Долбоор мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн борбор түзүү максатын көздөйт. Ал жерде ошондой адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн шарттар, саламаттыкты колдоо системасы түзүлүп, алар эмгек базарында талап кылынган кесиптерге окутулушат.Муниципалдык социалдык тапшырыкты Кара-Көл шаары (Жалал-Абад облусу):“Балдар бөтөн болбойт” долбоору эффективдүү аткаруу үчүн 8 адамдан турган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлдү.Анын курамына жамааттын лидерлери, айыл өкмөттүн адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, социалдык мекемелердин кызматкерлери кирди.
Биринчи транштын алкагында “Аймира” коомдук фонду төмөнкүдөй иштерди аткарды: реабилитациялык борбор оңдолду; эки социалдык кызматкер ишке алынды (юрист жана психолог); реабилитациялоо, билим берүү, психологиялык жана юридикалык кызмат көрсөтүү программалары иштелип чыкты; ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 128 бала аныкталды; долбоордун мазмуну жана туруктуулугу, биргелешкен мониторинг тобунун пландары тууралуу катышуучуларга маалымат берүү үчүн тегерек стол уюштурулду. Долбоорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр: Кара-Көл шаарындагы №88 кесиптик лицейи, шаардык социалдык коргоо башкармалыгы, шаардык билим берүү башкармалыгы, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү. “Аймира” КФ менен байланышуу үчүн: (+996) 772 663 122, (+996) 551 171 438, электрондук дарек: Pf-aymira@mail.ru, Анаркүл МАШАЕВА, Айчүрөк АЗИМКАНОВА