Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таш-Көмүр шаары (Жалал-Абад облусу): “Таш-Көмүр шаарынын жаштарын коомдун социалдык-маданий өнүгүүсүнө тартуу” долбоору

2015-04-07 / Пилот:Кыргызстанда муниципалдык социалдык тапшырык.
Таш-Көмүр шаары (Жалал-Абад облусу): “Таш-Көмүр шаарынын жаштарын коомдун социалдык-маданий өнүгүүсүнө тартуу” долбоору

Таш-Көмүр шаарында артыкчылыктуу көйгөйдү тандап алуу процессинин 638 катышуучусу шаардагы жаштардын социалдык-маданий өнүгүүсү үчүн шарттардын жоктугун жамаат үчүн өзгөчө маанилүү жана актуалдуу социалдык маселе ка-тары аныктап алышты.

Муниципалдык социалдык тапшырыктын аткаруучусу болуп “Таш-Көмүр шаарынын жаштарын коомдун социалдык-маданий өнүгүүсүнө тартуу” долбоорун сунуштаган “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук уюму тандалып алынды. Долбоор жаштардын жана муниципалдык структуралардын өз ара аракети аркылуу Таш-Көмүр шаарынын жаштарын социалдык-маданий жактан өнүктүрүү максатын көздөйт.Муниципалдык социалдык тапшырыкты эффективдүү аткаруу үчүн 7 адамдан турган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлдү.Анын курамына жамааттын лидерлери, айыл өкмөттүн адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, социалдык мекемелердин кызматкерлери кирди.
Биринчи транштын алкагында “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук уюму төмөнкүдөй иштерди аткарды: шаардын өнүгүүсүндө жаштардын жигердүүлүгүн жана катышуусун жогорулатуу үчүн шаар жаштарынын Конгрессин уюштуруу жана өткөрүү; 12 адамдан турган жаштардын социалдык маданий өнүгүүсү боюнча шаардык жаштар Кеңеши түзүлүүдө; Таш-Көмүр шаарынын бардык органдарынын жана структураларынын жеткиликтүүлүгүнө жана ишинин айкындуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн шаардын сайты түзүлүп, иштей баштады; китепкананы маалымат-ресурстук борборго айландыруу үчүн ремонт иштери жасалды.“Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук уюму менен байланышуу жолдору: (+996 312) 896 304, 896 312, (+996) 773 819 459, (+996) 553 437008, электрондук дарек: office@dr.kg, ТИЛЕБАЛДЫ уулу Элийзар, Эльнура КАЛЫБАЕВА, Айсулуу МЕЛИСБЕК