Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ШААРГА БОЛГОН УКУК МААЛЫМАТКА ЖЕТҮҮДӨН БАШТАЛАТ

2017-04-20 / Шаарга болгон укук

АЗЫРКЫ МААЛ. БИШКЕК. “КОШУНА УЧАСТОКТО БАК-ДАРАКТАРДЫ КЫЙЫП ЖАТ ЫШАТ. АЛ ЖЕРГЕ ЭМНЕНИ КУРУУ ПЛАНДАЛЫП ЖАТКАНЫН КАЙДАН БИЛСЕК БОЛОТ?” – ДЕП СУ­РАШУУДА БЕЛГИЛҮҮ “ДИЗЕЛЬ” ФОРУМУНДА ШААРДЫКТАР. БУЛ ФОРУМДА УШУ Л ӨҢДҮҮ СУРООЛОР СЕЙРЕК ЭМЕС. ТАЖРЫЙБАЛУУ ФОРУМЧУЛАР ЭМНЕ КЫЛЫП, КАЙДА КАЙРЫЛЫШ КЕРЕКТИГИ АЙТЫП, МЫЙЗАМГА ШИЛТЕМЕЛЕРДИ БЕРИШЕТ... БИРОК МУНУН Б ААРЫ КУ­РУЛУШ ИШТЕРИНИН БАШТАЛГАН ФАКТЫСЫНА ГАНА РЕАКЦИЯ БОЛУП КАЛА БЕРҮҮДӨ. БИШКЕКТЕГИ КӨП БАТИРЛҮҮ ҮЙДҮН ЖАШООЧУСУ БИР КҮНҮ ЭРТЕҢ МЕНЕН ОЙ ГОНООР ЗАМАТ КЕЧЭЭ ЭЛЕ БАК-ДАРАКТАР ТИГИЛИП ТУРГАН ЖЕРДЕ, ЖЕ БАЛДАР АЯ НТЧАСЫНЫН ОРДУНДА КЕЗЕКТЕГИ КОММЕРЦИЯЛЫК ОБЪЕКТ КУРУЛУП ЖАТКАНЫН КӨРБӨЙТ ДЕГЕН КЕ­ПИЛДИК ЖОК. ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАРАНДАРДА ШААРДЫН ЖАНА КУРУУЧУЛАРДЫН ПЛА НДАРЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТКА ЖЕТКИЛИКТҮ ҮЛҮГҮ ЖОК?

ҮЙ ЖАНЫНДАГЫ ЖЕР УЧАСТОГУ Жерге болгон жеке менчик Кыргызстан­да 1999-жылы киргизилген жана жеке үйлөрдүн участоктору өз чек арала­рын алышкан. Көп батирлүү турак үйлөрдүн чек араларын аныктоо кыйын болгон.КР көп батирлүү турак үйлөрдүн чек арала­ рын аныктоо боюнча жобого ылайык, жашоочу­лардын өздөрү үйдүн жанындагы жер участогун (ҮЖЖУ) тариздөөнүн демилгечилери боло алы­шат. Алар жашоочулардын жалпы чогулушунда чечим кабыл алып, чогулуштун протоколу менен жер участокторунун чек араларын аныктоо бо­юнча ыйгарым укуктуу органга (Бишкек Башкы архитектура) кайрылышат. Бул орган өтүнмөнү карап, чек араларды аныктап, бул планды кайра жашоочуларга жиберет. Чек аралары белгилен­ген план көрүнүктүү жерде 3-4 күн илинип туру­шу керек. Ошондон кийин жашоочулар участок­тун белгиленген чек аралары менен макулбу, же жокпу – ушуну чечип, Бишкек Башкы архитекту­расына кабарлашат. Жашоочулар макул болгон учурда бул чек аралар бекитилет. “Көп кабаттуу үйдө менчикке өз укукту кантип катташ керек?” деген китеп-нускама чыккан.

Бирок иш жүзүндө баары бир кыйла татаал: көпчүлүк Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери (ТМШ) айлап, атүгүл жылдап соттордо ҮЖЖУну каттоого уку­гун коргоп келишет. Көптөгөн талаштуу учурлар мэрия үй жанындагы аймактарды бизнесмен­дерге ижарага бергенине байланыштуу болууда. Ошондой эле ҮЖЖУну тариздөөдө жашоочу­лардын укуктары бузулганы тууралуу көптөгөн даттануулар “Биздин укук” коомдук фондуна келип түшөт. Себеби Бишкек башкы архитек­тура өзгөчө ыңгайлуу, жол боюнда же токтот­мо жайларга жакын, көп батирлүү үйгө жанаша жайгашкан жерлерди ҮЖЖУга кошпой коет. Жер участоктору көп батирлүү үйлөрдүн жашоочула­рынын жалпы үлүштүк менчиги болуп эсептелет жана алар аны колдонуу, же ижарага берүү туу­ралуу чечимди өздөрү кабыл алышат. Ал эми узак мөөнөттүү келчекте ТМШнын финансылык туруктуулугу шаар үчүн өтө маанилүү. Тилеккекаршы ушул күнгө чейин көпчүлүк көп батирлүү үйлөр үчүн ҮЖЖУну тариздөө маселеси чечил­беген көйгөй бойдон кала берүүдө.

БАЛКИМ КЕПТИН БААРЫ ЖАШООЧУЛАРДЫН МААЛЫМАТКА ЭЭ БОЛБОГОНУНДА ЖАНА ПАССИВДҮҮЛҮГҮНДӨ БОЛУП ЖҮРБӨСҮН? Ал арада курулуш компаниялар Бишкекте жигердүү иш жүргүзүп, өкмөттө курулуш бизне­синин кызыкчылыктарын сүрөп, ошону менен катар өз кыйынчылыктарына даттанып келишет. Курулушчулар союзунун төрагасы, «Бишкекку­рулуш” курулуш компаниясынын башкы директо­ру жана парламенттин мурдагы депутаты Аскар­бек МОЛДОБАЕВ буларды айтат: «Курулуш бизнеси менен бийликтин кызыкчылыктары ал­бетте дал келбейт. Биз көбүрөөк пайда табууга умтулсак, бийлик салыкты көбүрөөк чогултууга умтулат. Экинчи маселе – уруксат берүүчү до­кументтерди алууда жергиликтүү бийлик менен тирешүүлөр. Тилекке каршы аткаминерлер калк менен талаш-тартыштарда тараптардын бири катары катышпайт. Адатта жергиликтүү тургун­дар тигил же бул курулманын курулушуна каршы чыгышат жана бул болсо түрдүү жаңжалдар ме­нен коштолуп келет. Бул жагынан алып караган­да өз маселебизди өзүбүз чечүүгө туура келет: жергиликтүү бийлик да, өкмөт да бул жерден бизге жардам бербейт»1.

Маалымат каражаттарында шаардыктардын көп кабаттуу үйлөрдүн жапырт курулушуна жана алардын сапатына байланыштуу суроолоруна жана тынчсызданууларына жооп катары Бишкек Башкы архитектура буларды ырастайт: «Чарчы метр үчүн соңку баасына карабастан бардык долбоорлор аны түзүү, долбоорлоо баскычынан өтөт жана эксплуатациялоого берүү бирдиктүү системага ылайык ишке ашат. Бул система Кыр­гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи­тектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбалык мамлекеттик агенттик (АКТжКЧМА) та­рабынан иштелип чыккан»2.

Имараттардын бийиктигине жана жер ти­тирөөлөргө туруктуулугуна карата Бишкек Баш­кы архитектура мындай пикирин айтты: «Бийик имараттардын курулушу – бул биринчи кезекте шаардагы аймактарды үнөмдөө жана зарыл бол­гон инженердик коммуникацияларды өткөрүүдө компакттуулук. АКТжКЧМАнын функциясына курулуп жаткан имараттарда турмуш тиричили­гин камсыздоо боюнча маселелерге мониторинг жүргүзүү кирет. Жер титирөөгө туруштук бере алган курулуш жана инженердик долбоорлоо институту долбоорлоо жана курулуш боюнча че­немдик база менен камсыздалат. Өз кезегинде долбоордук уюмдар имараттарды долбоорлоо баскычында зарыл болгон талаптарды эсепке алат. СССР маалында колдонулган Турак жай ченемдерине жана эрежелерине салыштырма­луу коопсуздук чаралары бир кыйла катаалдаш­канын белгилей кетүү зарыл».

КР Сейсмология институту 2016-жылы чыккан №2 (8)3 журналында Кыргыз Республикасында­гы шаарлардын сейсмологиялык коопсуздук те­масына карата буларды жазган: «Коопсуздук ча­раларын күчөтүү көйгөйүн кеңири коомчулукта талкуулоонун өзү коомдун көңүлүн төмөнкүлөр­гө бурат: курулуштун өз наркынан тышкары 50 пайыздан 100% чейин төлөп, эртең эле күчөтүш керек болгон жаңы үйлөрдүн жана башка ку­рулмалардын санын көбөйтпөш керек. Мындан тышкары бул жеке жана коомдук сейсмикалык коопсуздук көз карашынан алып караганда өтө кооптуу».

Демек Бишкек Башкы архитекутра долбоор­лоонун жана курулуштун бардык нормалары сакталган шарттарда бийик курулуштарды кол­доого даяр экен. Бирок берилип жаткан урук­саттар натыйжада шаарда “таш жунглилеринин” пайда болушун, алар калаадагы транспорттук жана экологиялык кырдаалды ого бетер курчу­туп жатканын, кошуна маңдайдагы үйлөрдүн жашоочулары жаңы тургузулган үйлөрдүн ай­ынан күндүн бетин көрбөй калып жатканын, бала бакчалардын жана сейил бактардын ордунда үйлөр куруп жатканына алып келгенин кантип түшүнөбүз?

ӨЗ УБАГЫНДА МААЛЫМДОО: ШВЕЙЦАРИЯДА БУЛ КАНТИП ИШТЕЙТ? Шаардыктардын кошо катышуусу, же шаар­дын партисипативдүү өнүгүү принциби – коом­чулук курулуш долбоору тууралуу маалыматты өз убагында алууга болгон мыйзамдуу укугу. Мунун тарапкерлери да, каршылаштары да бар. Өз убагында маалымдоо – бул батирлердин пла­ны, чарчы метрлери жана курулуш компаниясы­нын дайын-даректери жазылган баннерлерди курулушу башталып калган үйдүн кашаасына илип коюу эмес. Бул – тапшырыкчыдан баштап долбоорлоого катышкан инженерлерге чейин бардык катышуучулардын дайындары жазылган долбоор тууралуу толук маалымат. Ошондой эле баннерде сөзсүз түрдө курулуш аяктачу мөөнөт жазылып, бул милдеттүү түрдө сакталууга тий­иш (болбосо, курулуш компаниясына айып пул салынат). Объекттин көлөмүнө жараша курулуш процессин жаңжал коштобошу үчүн уруксат алганга чейин курулуш жүрчү жерге жакын үй­лөрдүн жашоочулары арасында маалымат өнөк­түгүн (воркшоп) өткөрүү зарыл. Эрте баскычта мындай практика албетте курулуш жана “пайда алуу” процесстерин жайлатат. Бирок келечекте курулуш компаниялары, саясат жана коомчу­лук курулуш процессинин ачык-айкындуулугуна көнүп калган маалда ойдогудай диалог түзүлөт.

АЧЫК ДИАЛОГ ЖҮРГҮЗҮҮ КААЛООСУ –ЖАРАНДЫК, КУРУЛУШ ЖАНА САЯСИЙ ЖАМААТТАРГА ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТШвейцарияда 1980-жылдардан бери секун­дасына 1 м2 курулат. Калкынын саны 8 миллион кишиден жогору жана аянты 41 288 км2 болгон Швейцария Европадагы калкы жыш жайгашкан өлкөлөрдүн катарына кирет. Салыштыруу үчүн – бир эле Ысык-Көл облусу 43 000 км2 болот. Тоолуу аймактарды эсепке алганда, Швейцария аймагынын 30% гана жашоо үчүн ыңгайлашкан. Тоолуу райондордо 1 км2 300-400 киши жашайт, ал эми Цюрих өңдүү ири шаардык агломерация­ларда, же Женева көлүнүн тегерегинде жыштык 1 км2 4000ден 10 000ге чейин жашоочуну түзөт.

Бардык пландалган курулуш объекттеринин долбоорлору тууралуу коомчулукка маалыматберилиши керек – бул талап Швейцарияда эч кынтыксыз аткарылат. Бул мындайча ишке ашат: курулушка уруксат алууга өтүнмө тийиштүү жер­гиликтүү органга түшкөндө, участокто ошол за­мат пландалган курулуш объекттеринин көлөмүн белгилөө үчүн курулуш секи орнотулат. Эгерде курулуш шаарда пландалып жатса, анда план­далган объекттин макети шаардын жалпы ма­кетинде сөзсүз орнотулуп, кызыкдар шаардык­тар иш күндөрү кенен таанышып чыга алышат. Ошентип жашоочулар жана калган кызыкдар жактар жеринде пландалып жаткан курулуштун көлөмүн элестетип, ал канчалык алардын кызы­кчылыктарына каршы келээрин биле алышат. Курулуш темир жолдорго, тоонун боюна, же транспорт түйүнүнө жанаша курула турган бол­со, курулуш секилери объекттердин жайгашкан жерин жана көлөмүн так көрсөтүүгө тийиш. Ку­рулуш секилерин орнотуу менен бир эле маалда мамлекеттик же муниципалдык гезитте (мисалы, биздеги «Слово Кыргызстана» гезитиндегидей) басылмаларда долбоор тууралуу маалымат жа­рыяланат.

Гезитти коомдук имараттардын маа­лымат такталарында, атүгүл айрым борбордук кафелерден табууга болот. Гезитке жарыяланган учурдан тартып отуз күндүн ичинде шаардыктар долбоор менен таанышып чыгып, эгерде алар­дын укуктары же курулуш ченемдери бузулуп жатса, сотко даттана алышат.Уруксат берүү процессине чейин, же талаштуу маселелерди жөнгө салганга чейин секилер ор­дунда кала берет. Администрациянын уруксаты болмоюнча, аларды бузууга болбойт.Курулушка уруксат алынгандан кийин секилер бир нече күндүн ичинде алып салынат.

МЕЙКИНДИКТИ ПЛАНДОО ТУУРАЛУУ Биринчи кезекте мыйзамдарда параметрлер бекитилген. Ошол параметрлер боюнча коомдук жана жеке кызыкчылыктар бузулганбы, же жокпу деп текшерилет. Швейцариянын бул федерал­дык мыйзамына ылайык, курулушка уруксат берүү процессинде компетенттүү орган долбо­ордо төмөнкүлөрдү текшерет:

  •  долбоордун функционалдык багытын (ту­рак жай зонасында турак үй, өнөр жай зо­насында өнөр жай, же аралаш зона ж.б.);
  • участоктун жеткиликтүүлүгү / инфраструк­турасы;

участоктун чек арасынан (кызыл сызык) аралык, бийиктик эрежелеринин сакта­лышы, жыштык коэффициентинин сакта­лышы (бир чарчы метрге жашоочулардын саны) ж.б.;

  • абанын тазалыгынын сакталышы жана ка­туу добуштарга чектөө;
  • аймактын сырткы көрүнүшүн сактоо;
  • жана башкалар.

Имаратты жана курулманы тургузууга жана модификациялоого уруксат талап кылынат. Объ­екттин багытын өзгөртүүгө жана кайра курууга (мисалы, батирди бий студиясына айландырууга) да уруксат сөзсүз түрдө алынышы керек. Себеби функционалдык маанисинин өзгөрүүсү кошумча инфраструктураны өткөрүүгө жана айлана чөй­рөгө кошумча жүк алып келиши ыктымал.

Мамлекеттик эрежелер минималдуу талаптар болуп эсептелет. Ар бир облус аларды толуктап, күчөтө алат. Кайсы объекттердин курулушуна уруксат талап кылынат, ал эми кайсыларына керек эмес деп так бөлүнгөн эмес. Уруксат алуу жол-жоболору ар бир учурда жеке бааланат. Ку­рулуш ченемдери бардык тапшырыкчылар үчүн бирдей – жеке жактарга, мамлекетке, шаарлар­дын жана райондордун администрацияларына. Улуттук мааниге ээ инфраструктураны өткөрүү үчүн атайын эрежелер иштейт (темир жол, унаа жана аба жолдору, өлкөнү коргоо үчүн има­раттар жана курулмалар, ядролук объекттер). Багыты боюнча аталган зоналардын функция­ларына туура келбеген курулуш пландары бел­гилүү бир шарттарда өзгөчө тартипте уруксат алалышат. Мисалы, тоолуу же токой жеринде киши көп жүрчү жолдо ресторан, же тоодо ре­сторан, мейманкана куруу.

Бишкекте өткөн Биринчи Урбан форумда ку­рулуш секилери тууралуу докладдан кийин Эйфел мунарасынын курулуш тарыхы мисал катары келтирилип, жакшы суроо узатылды. На­аразы болгон шаардыктар, өзгөчө сүрөтчүлөр мунараны “монстр” жана Париж үчүн “уят” ката­ры каргашкан эле. Атүгүл бул темир монстрды жок кылуу боюнча Комитет да түзүлгөн. Эми бол­со Эйфел мунарасы шаардын символуна айла­нып, миллиондогон туристтерди өзүнө тартууда. Кайсы учурга чейин карапайым кесипкөй эмес шаардыктын пикири менен эсептешиш керек?

1-МИСАЛ. ЖЕКЕ ҮЙДҮН КУРУЛУШУ Окуумдун биринчи жылында калкынын саны 1,5 миң киши болгон кыштакта жеке үйдү дол­боорлоого катышып калдым. Ал чакан үй эле - 10х7.3м + 2 м болгон үйдүн жанындагы ку­рулуш. Участоктун чек арасынан негизги объ­ектке чейинки аралык 4 метрден кем болбоого тийиш. Кампа жайлар үчүн бул аралык – 2 ме­трден кем эмес.

Баштапкы план боюнча үйдүн чатыры чоң, оң жактагы жылытылбаган кампаны кошо жабыш керек эле. Январдын башында биздин долбоор тууралуу маалымат жергиликтүү гезитке жарыя­ланды. Бир нече күндөн кийин тапшырыкчынын дарегине оң жакта жашаган кошуналардан доо арыз түштү. Алар чатырдын долбоору курулуш эрежелерин бузуп жатканын айтышкан. Доо арызда үйдүн жанындагы курулманын чатырын өз алдынча кылып, 80 см түшүрүү сунуштал­ган. Бул кошуналар менен жолугушуу болду. Ага кардарыбыз бизди долбоордун автору катары чакырган. Кошуналар тараптан архитектор чакы­рылган. Сүйлөшүүлөр архитектор-архитектор деңгээлинде жүрдү. Кошуналардын архитекто­ру бул облус үчүн курулуш ченемдери жазылган китепти алып, алардын чындыгын тастыктаган бөлүктөрүн окуп берди.Биз чертёжубузда чатырды өзгөртүп, долбо­орду кайра бердик. Бизден кайра жасалган дол­боор түшкөндөн кийин кошуналар доосун кайта­рып алып, кардарыбыз курулушка уруксат алган. Расмий уруксатка доого байланышкан бардык иш-аракеттер тууралуу деталдуу протокол тир­келген.

2-МИСАЛ. ШААРДЫН БОРБОРУНДАГЫ КУРУЛУШ Калкынын саны 18 миңдин тегерегинде бол­гон чакан шаарчанын тарыхый борборунда (са­лыштыруу үчүн: Тунгуч кичирайонунда 12 миң киши жашайт) биринчи кабатында кийим саткан дүкөн жайгашкан кеңсе имаратын бузуп, ошол эле дүкөнү бар көп батирлүү жаңы үй куруу план­далып жаткан. Имараттын функционалдык багы­тын өзгөртүү процессинен кардарлар конкурсту өткөргөнгө чейин эле өтүп коюшкан. Биздин бюро даярдаган долбоор конкурстан утуп алып, эскиз баскычынан кийин биз жумушчу (детал­дуу) пландарды аткарууга кириштик. Шаардынтарыхый бөлүгүндө курулушка уруксат алуу үчүн фасадды жасалгалоо үчүн колдонулган матери­алдар, терезе жана каалгалардын калыңдыгы жана материалдары, алардын үстүңкү бети ж.б. тууралуу маалымат бериш керек. Башкача ай­тканда, уруксат алганга чейин эле биз фасаддын деталдуу чертёжун даярдай баштаганбыз.

Курулуш үч жылда жыйынтыкталат деп план­даштырыган. Бул мезгил ичинде биринчи ка­баттагы кийим саткан дүкөн ошол эле жерден – шаардын тарыхый борборунан убактылуу има­рат алышы керек болчу. Атүгүл ушул убактылуу объектти орнотууга уруксат алуу үчүн да биз­дин бюро өзүнчө долбоор бериши керек эле жана шаардыктарды милдеттүү түрдө кабардар кылышы керек болчу.

Жергиликтүү шаардык органга бул чакан убак­тылуу объекттин пландарын бергенден кийин жергиликтүү гезитте долбоор тууралуу маалы­мат жарыяланды жана ошол эле күнү адистеш­тирилген фирма биздин чертёж боюнча курулуш секисин орнотту. Ошол күндөн тартып шаардык­тарда долбоорду карап чыгып, ага макул болбо­со доо берүүгө 28 күн убактысы бар болчу. Кий­инки күнү эки райондук комитеттен каршы пикир түштү. Анткени план боюнча убактылуу дүкөн жарым-жартылай велосипед токтотмо жайында жайгашмак. Андыктан бир доо велотранспортту жайылтуу боюнча жергиликтүү уюмдан түштү.

“Биз ушул күнгө чейин шаардын бардык долбо­орлорун колдоп келгенбиз. Бирок бул долбоор өтө эле аша чаап кетти” деп жазды райондук комитет­тин президенти. “Ансыз да татаал жер алдындагы өтмө жолдо машинелер, жөө жүргүнчүлөр, вело­сипед тепкендер жана автобус кесилишип калуу­да, эми ушул убактылуу объекттин айынан бул жол да жабылчудай. Өзгөчө бул жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу. Биз балдарыбыз үчүн ого бетер тын­чсызданып турабыз” деп айтылат доо арызда.

Велотранспортту жайылтуу боюнча уюмдан доо: “Курулуш маалында бул борбордук аянтка автобус менен жетүү мүмкүн болбой калаарына байланыштуу кошуна соода борборлордун сатып алуучулары велосипеддер менен келүүгө арга­сыз болушат. Ошондуктан эмне үчүн 68 орундуу велосипед токтомо жайы ушул убактылуу соода объектиси үчүн 8 орунга кыскарышы керектигин түшүнө албай турабыз. Велосипед үчүн дагы 30 орун бөлүнүшү керек”.Натыйжада убактылуу объект бул киши көп жүргөн жерде жайгашпай калды. Негизги има­ратты бузуп, кайра куруу иштери уруксат алууга өтүнмө алынган күндөн кийин эки жылдан соң гана башталган.Эрежелер баарына белгилүү болуп, сактал­ган учурда стагнациядан оолак болуу бир кыйла жеңил.