Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Шаарга болгон укук
МАИНД (MIND) – Италиянын мобилдүүлүк технологиясынын уникалдуу мисалы. Кыргызстанда колдонсо болобу?
Материалды ӨСИнин адиси Михаил БЕРСЕНЕВ даярдады. Материалды даярдоодо ачык Интернет-ресурстарындагы маалыматтар колдонулду
Жыл сайын күздүн башталышы менен мэриянын калаадагы абалды жакшыртуу жаатындагы жигердүү аракеттерине карабастан Бишкек тыгында калат. Азырынча күтүлүп жаткан жыйынтыкка жете элек болсо да, шаардыктар киргизилип жаткан жаңы тартиптин кесепеттерин тигил же бул жол менен сезе башташты. Бирок, процесс акырындык менен башталды – коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелер азырынча шаардын жогорку бөлүгүндө гана иштеп жатат, ал эми кийинки кадамдар жакын арада жасалмакчы. Кыргызстанда, тактап айтканда, Бишкекте жолдордун транспортко толуп калышына жана логистикага байланыштуу көйгөйдү чечүүдө жаңы ыкмаларды киргизүү маселеси көптөн бери курч турат. Бишкектин тургундарынын саны эбак эле 1 миллиондон ашкан1, күн сайын каттамга 2100гө жакын коомдук транспорт2 чыгат (жеке чакан автобустар, муниципалдык автобустар жана троллейбустарды кошкондо) жана жарым миллионго жакын машина
катталган. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдө жана шаарларда да ушундай эле көйгөй бар жана алар да тандоонун алдында турушат, жашоочулар жана коноктор үчүн мүмкүн болушунча аз жоготуулар жана көбүрөөк ыңгайлуулук менен бул маселени чечүүнүн жолдорун издеп жатышат. Мисалы, Италиянын Милан шаары: Европанын чок ортосунда жайгашкан – ал барган сайын европалык маанидеги түйүнгө айланууда. Миланда 12 жыл мурун инновациялык МАИНД (MIND – англис тилинен “акыл-эс” деп которулат) району пайда болгон. Бул райондо азыртадан эле “акыл-эстүү келечектин” жашоо моделдери иш жүзүндө сыналып жатат, мында транспорт жана логистика маселелерин чечүүгө көп көңүл бурулууда. Миландын тажрыйбасы эмнеси менен кызыктуу жана алардын бирин Кыргызстанда колдонууга болобу?
1 1 145 000[3] адам (2022). Булак: https://ru.wikipedia.org/wiki/Бишкек#cite_note-Население_2023-3
Инновациялык МАИНД1 (Milan InNovative Discrict) району 2011-жылдан бери Миландан 15 км түндүк- батышта жайгашып, 1 миллион чарчы километр аянтты ээлейт, ошол эле учурда аймак негизги транспорт тармактарына туташтырылган. 2015- жылы Миланда “Планетаны тойгузуу, жашоо үчүн энергия” Expo 2015 дүйнөлүк көргөзмөсү өткөн, ага 20 миллиондон ашык адам келген. Жаңы район ишканаларды, стартаптарды, университеттерди жана изилдөөлөрдү, институттарды жана үчүнчү секторду бириктирип турат.
МАИНД долбоору Arexpo2 жеке компаниясы менен Эл аралык австралиялык LendLease3 компаниясынын ортосундагы тыгыз мамлекеттик- жеке өнөктөштүктүн натыйжасында пайда болгон.
МАИНД технологиясы өлкөнүн социалдык- экономикалык өсүшү үчүн ишкердик чөйрөнү түзүү жана өнүктүрүү максатын көздөйт. Келечекте ал илимий-техникалык прогресске, изилдөөчүлөр менен бизнестин ортосундагы өз ара тажрыйба алмашууга, ошондой эле жигердүү жарандык коомдун да, катардагы тургундардын да катышуусуна көмөктөшкөн глобалдык маанидеги европалык уюлга айланышы керек.
“МАИНД району тил табышуу концепциясына, адамдар ортосундагы алмашуу үчүн ачык болгон бирдиктүү чоң экосистеманы түзүү идеясына, азыркы жана келечек муундар үчүн ойдогудай жашоо шарттарын камсыз кылуу умтулуусуна негизделген. Курулушка байланышкан чечимдерден мобилдүүлүккө чейин – долбоордо архитектура, туруктуулук жана технологиялардын ортосундагы тыгыз биримдик бар, адамдар менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы гармония принциптери жетекчиликке алынат. МАИНД кластерине турак жай имараттары, илимий кампус, изилдөө лабораториялары жана стартап акселератору кирет. Илимий кампуста 60 миң адам, анын ичинде 3 миң студент жашап, иштей алат”, – деп айтылат REDEVELOPER.RU сайтында4.
Инновациялык район экологиялык болот: аянттагы энергия булактары улам жаңыланып, ал эми бузулган павильондордун материалы 98% кайра иштетилет. Имараттарды куруу үчүн негизги материал катары жыгач тандалып алынган.
Баштапкы эсептөөлөр боюнча, бул инновацияны ишке ашыруунун баасы 4,5 миллиард еврого бааланууда.
Жергиликтүү мекемелер жана Италиянын өкмөтү менен өнөктөштүктө районду кургандар – Arexpo жана LendLease компаниялары 4 тараптын катышуусу менен бизнести жана инвестицияларды тартуу боюнча комплекстүү стратегияны ишке ашырышууда:
Милан мамлекеттик университети – Statale кампусу жалпысынан 190 000 чарчы метрден ашык аянтты ээлейт жана окутуучуларды, изилдөөчүлөрдү жана студенттерди кошкондо 23 000ден ашык адамды батыра алат. CRA-Carlo Ratti Associati иштеп чыккан архитектуралык концепция италиялык жана европалык университеттердин короолорунун салттуу пландоосун камтып, “Кампус 2.0” – бул эксперименттер үчүн ачык жана илимий билимди жайылтуучу мейкиндик болгонун көрсөтөт.
IRCCS Галеацци-Сант-Амброджо ооруканасы Галеацци ортопедиялык институту менен Сант- Амброджо клиникалык институтунун биригүүсүнүн натыйжасында пайда болгон. Улуттук саламаттыкты сактоо системасы аккредитациялаган бул кеңири жана дымактуу улуттук жана эл аралык саламаттыкты сактоо долбоору. Бул жерде таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары бар адамдарга мобилдүү болууга жардам берүү үчүн дарылашат.
Human Technopole илимий-изилдөө институту жекелештирилген жана профилактикалык медицинага карата жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу менен алектенет.
Fondazione Triulza адамдардын ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты колдоо; туруктуу экономиканы, этикалык каржылоону жана жарандардын жоопкерчиликтүү керектөөсүн сүрөө боюнча маалыматтык жана окутуу иш-аракеттери менен алектенет.
Бул экосистеманын алкагында түзүлгөн синергия 3 артыкчылыктуу багыттын айланасында өнүгүүдө:
- көлөмдүү маалыматтар (Big Data) жана жасалма интеллект, акылдуу материалдар жана түзмөктөр;
- геномика, жекелештирилген медицина жана кам көрүү;
- келечектүү жана кошумча өндүрүш. Техникалык эмес маанисинде “кошумча өндүрүш” түшүнүгүнүн ордуна анын синонимдери көп колдонулат. Алар: “үч өлчөмдүү басып чыгаруу” же “3D-басып чыгаруу”.
Мунун баары МАИНД районун оорулардын алдын алуу, өркүндөтүлгөн диагностика жана көңүл чордонунда адам турган алдыңкы саламаттыкты сактоо үчүн жагымдуу чөйрөгө айлантууда. 2032-жылга чейин бул жакка келгендердин саны күнүнө 60 000ден ашат деп күтүлүүдө, бул МАИНДди калкынын саны боюнча 200 ири италиялык муниципалитеттердин бирине айландырат.
Мобилдүүлүк – мыкты чечим!
Шаардын көз карашынан алып караганда, МАИНДдин негизги умтулууларынын бири – адамдардын жашоосунун жана кыймылынын келечектеги үлгүлөрүн изилдөө жана сыноо. Ушундан улам МАИНД мобилдүүлүктүн эң жаңы жана новатордук технологиялары жана чечимдери үчүн эл аралык сыноо аянтчасы катары иш алып барууну пландаштырууда. Бул жерде “чек араларды жокко чыгарууга” умтулушууда: Милан университетинин кампусу өзүн эксперименттерди жүргүзүү жана илимий билимди жайылтуу үчүн ачык мейкиндик катары көрсөтүүдө (i), IRCCS Галеацци- Сант-Амброджо ооруканасы өзүнүн бейтаптарына сапаттуу кызмат көрсөтөт, ошондой эле таяныч- кыймыл аппаратынын ооруларын изилдөөгө басым жасайт (ii), ал эми имараттар жаратылыш жана парктар менен биригет, бул таза абанын булагы гана эмес, ошондой эле табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга же алдын алууга жардам берет (iii).
Учурда иштеп жаткан коомдук транспорт системасына кошумча Group Rapid Transit (GRT5) системасынын автономдуу шаттлдары да ишке берилет. GRT шаттлдарынын иштөө принциби лифтке окшошуп кетет: жүргүнчү транспорттук каражатты чакыруу үчүн аялдамадагы баскычты, андан кийин көздөгөн жерди тандоо үчүн транспорттун ичинде дагы бир баскычты басат. Шаттл келгенде, башка колдонуучулар аны алып кетүүгө чакырбаса же жолдон отуруп калбаса эле, ал түз эле тандаган жерине барат. Бул күтүүгө кеткен убакытты кыскартууга жана транспорт каражаттарын суроо-талап болгондо гана пайдаланууга мүмкүндүк берет. Баштапкы этапта шаттлдар Rho-Fiera6 темир жол бекетин жана МАИНДдин Чыгыш дарбазасын бириктирет:
ал автобус каттамдарына окшоп иштеп борбордук бульвар боюнча эки багытта жүрүп, белгиленген аялдамаларда гана токтойт. GRT системасы өскөн сайын райондун чегинен чыгып, башка транспорттук системаларга туташа алат. Ошондой эле GRT системасы “роботтор башкарган такси” кызмат көрсөтүүсүнө айланышы мүмкүн, мында ал коомдук транспорт системасын алмаштырбастан, болгону аны толуктайт.
MoLo мобилдүүлүк жана логистика борбору
MoLo7 мобилдүүлүк жана логистика борбору МАИНДдин батыш чек арасында курулат, анын курулушу 2023-жылдын сентябрында башталган – бул участокто Lendlease краны орнотулуп калды. MAD Кытай архитектуралык студиясынын маалыматы боюнча, 7 кабаттуу MoLo комплексинин бийиктиги 28,5 метр жана узундугу 170 метр болот. Ал 1500 орунга эсептелген 5 кабаттуу унаа токтотуучу жайды камтыйт. Жашыл өсүмдүктөр жана жылтыратылган металл тепкичтер башкы имараттын жана көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын сыртына көрк кошмокчу. Ал эми MoLo комплексинин сыртынын жогорку деңгээлдери фотогальваникалык панелдер менен жабдылып, анын аянты 8000 чарчы метрден ашат.
MoLo комплексинин ичи мындай болот: биринчи кабатында 3000 чарчы метр болгон соода аянтчалары, ошондой эле лабораториялар, супермаркеттер жана кеңселер орун алат. Биринчи кабаттагы ачык коридор имарат аркылуу өтүүгө мүмкүндүк берет, ал эми бул жакка келген адамдардын башынын үстүндө булут сымал шып толкундай болуп кыймылдап турат. Ушул эле коридор жакын турган Ро-Арезепаркы менен байланыш түзүүгө жана “ички жана тышкы мейкиндиктердин ортосундагы чек араны жокко чыгарууга” арналган. Имараттын негизги фасаддары тик ландшафт жана жашыл бак-дарактар менен кооздолот – мунун баары коңшу парк менен айкалышып, бейпилдик, гармония маанайын пайда кылып, табиятка жакындатат.
Батыш дарбазасы, Зенит жана Горизонт (West Gate Living, Zenith жана Horizon)
Үч өзүнчө имарат – Батыш дарбазасы, Зенит жана Горизонт – Decumano, IRCCS Галецци ооруканасы жана Розериодогу Италия почта механизация борборунун ортосунда курулат. Батыш дарбазасы райондун 1-жарымы менен бирге 2024-жылдын аягына чейин курула турган биринчи долбоор катары пландаштырылган. Бул жерде турак үйлөрдү, мейманканаларды, кеңселерди жана инновациялык борборлорду куруу пландалууда. Ал эми калган эки имараттын өзгөчөлүгү – Зенит жана Горизонт, алар жыгач сыяктуу экологиялык таза материалдардан болот. Зенит Италиядагы эң бийик жыгач имарат жана Европадагы эң бийик имараттардын бири болот: 13 кабат жана бийиктиги 56 метр. Мындан тышкары, анын биринчи кабатын колдонууга болот, тышкы жана ички мейкиндиктин ортосундагы байланышты түзүп, жигердүү социалдык өз ара аракеттенүүгө көмөктөшөт.
Кыргызстанда мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча идеялар
Кыргызстанда “биримдиктин руху” күчтүү, Бишкекте ар түрдүү кесиптеги адамдарды бир жалпы аянтчага бириктирүү тенденциялары бар. Мисалы: мамлекеттик “Инновациялык борбор1” жана Ololo2 креативдүү хабдары.
Кыргызстан үчүн мобилдүүлүк жаатындагы кийинки кадамдарды жаңы транспорттук системалардын түзүлүшү менен байланыштырса болот, себеби азыр иштеп жаткан системалар жолдордо машиналардын саны көбөйгөндүктөн өз функцияларын аткара албай жатат.
Жалпы узундугу 14,8 км болгон жеңил метронун эки3 линиясын эстакадаларга (борбордо) жана жерге (шаардын четинде) салуу пландаштырылууда – алар чакан көлөмдөгү кыймылдуу курамды колдонушат.
Биринчи линия алгач 4-5 орто аралыктагы станцияларды түштүк микрорайондорду жана борборду байланыштырып, кийинчерээк түндүктөгү шаардын сыртына чейин узартылат. Ыктымалдуу станциялар: “12-кичи району”, “Асанбай”, “Сүйөркулов”, “Медеров”, “Вокзал”, “Борбор”, андан кийин “Телемунара”, “Каражыгач”, “Дордой базары”.
5-6 орто аралыктагы станциялары бар экинчи линия чыгыштан батышка созулуп, борбор аркылуу өтөт, мында түшүп калып, багытты өзгөртүүгө жол берген станциялар болот. Ыктымалдуу станциялар: “Учкун”, “Аламүдүн”, “Чүй проспектиси”, “Чыгыш”, “Борбор”, “Спорт сарайы”, “Илимдер академиясы”, “Ош базары”, андан кийин балким “Прикумская”, “Дэн Сяопин проспектиси”, “Батыш”.
Ошондой эле Бишкекте челноктук шаар четинде- шаар ичинде жүргөн электр поезд-аэроэкспресс линиясын куруу пландалып жатат, ал “Кемин” темир жол станциясын жана шаардын борборун шаар четинде жайгашкан “Манас” эл аралык аэропорту менен байланыштырмакчы. Ал эми келечекте линияны шаардан 25 км аралыкта жайгашкан Казакстан менен чек арага чейин (Чу шаары багытында) узартуу пландалууда.
Жалпысынан, жеңил метро жана шаардык электр поезд линиялар системасы ири микрорайондорду, маанилүү транспорттук түйүндөрдү жана адамдар көп барган коомдук жайларды байланыштырат. Система шаардык жүргүнчүлөрдүн 60-70 пайызын ташыйт деп болжолдонууда. Аны 2025-жылы түзүү пландалып жатат жана шаардын жаңы башкы планына киргизилген.
Мындай системаны курууга 444 млн АКШ доллары сарпталат деп күтүлүүдө. Курулушка чет элдик инвесторлор тартылат.
Бишкектин жеңил метросу Борбор Азиядагы төртүнчү метро болуп калышы мүмкүн (Ташкент жана Алматы метросунан жана Астананын жеңил метросунан кийин).
Ошондой эле биз унаа токтоочу жайлардын санын көбөйтүп, велосипед жана скутер сыяктуу транспорттун альтернативалык түрлөрүн колдонууга шыктандырышыбыз керек – айрыкча күн жылуу мезгилде туура болот, адамдын ден соолугуна да пайдалуу.
GRT системасынын жана ага окшогондордун пайда болушу, азыркы транспорт системасын этап- этабы менен өзгөртүп, улам жакшыртуу менен мыкты перспектива болуп калышы мүмкүн.
Мобилдүүлүк жана инновация жанаша жүрүшү керек. Себеби, биз дүйнөбүздү канчалык өркүндөтсөк, ылдамдыгыбыз да ошончолук тез болот. Ал эми башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына карап, өзүбүз үчүн көп сабак алып, алардын катасынан качууга, дүйнө таанымыбызды кеңейтүүгө, ошондой эле келечекте башкаларга үлгү болуу үчүн уникалдуу тажрыйбабыз менен бөлүшүп тура алабыз.
2 Жеке компания, бирок акционерлеринин көбү мамлекеттин өкүлү. Ал 2011-жылы Expo Milano 2015 көргөзмөсүн өткөрүү үчүн арналган аянттарды сатып алуу максатында негизделген. Көргөзмө аяктагандан кийин алар объектти жакшыртуу үчүн көп иштешти, эми административдик жол-жоболордун ишенимдүүлүгүн камсыз кылып, жергиликтүү жамааттын активдешүүсүнө кам көрүү менен MINDди өнүктүрүүнү улантышууда. Алар жеке компаниялар менен мамлекеттик мекемелердин ортосунда ортомчулук кылууга даяр.
3 Компания курулушту гана эмес, ошондой эле инвестицияларды жана өнүгүүнү да ийгиликтүү айкалыштыруу идеясынан келип чыккан. Алар 1957-жылы ачылган, ошол кезде алардын командасында 35 кызматкер жана 10000 фунт стерлинг болгон. 60 жылдын ичинде акча жүгүртүүсү 124 миллиард долларга жетти. Азыр алар MIND Village деп аталган 8 000 чарчы метр кеңсе аянтын ижарага беришүүдө, ал эми кийинки этаптарда 356 000 чарчы метр кеңсе аянтын, 1 083 батир (100% ижарага берилет) жана дагы 35 000 чарчы метр аянтты берүүнү пландап жатышат.
5 https://www.eltis.org/sites/default/files/trainingmaterials/21582_ policynoteswg4_1.indd_low.pdf
6 https://transformtransport.org/research/article/milan-innovation-district-mind/
7 https://www.mitomorrow.it/milano-verra/mind-milano-innovation-district-roserio/
1 https://www.instagram.com/innovationcenter.kg/
3https://cyclowiki.org/wiki/%D0%91%D0%B8%D1%88%D0%BA%D0%B5%D0%BA%D1%81%D0%BA%D0%BE%D0%B5_%D0%BB%D1%91%D0 %B3%D0%BA%D0%BE%D0%B5_%D0%BC%D0%B5%D1%82%D1%80% D0%BE
Окшош материалы:
-
№4 / 2017-04-29 ШААРДАГЫ КАШААЛАР – ОБОЧОДОГУ КЫЙРАТУУЧУ ПРАКТИКА
-
№4 / 2017-04-26 БИШКЕКТЕ БАШАЛАМАН КУРУЛУШТУ КАНТИП ТОКТОТОБУЗ?
-
№4 / 2017-04-20 ШААРГА БОЛГОН УКУК МААЛЫМАТКА ЖЕТҮҮДӨН БАШТАЛАТ