Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ШААРДАГЫ КАШААЛАР – ОБОЧОДОГУ КЫЙРАТУУЧУ ПРАКТИКА

2017-04-29 / Шаарга болгон укук
ШААРДАГЫ КАШААЛАР –  ОБОЧОДОГУ КЫЙРАТУУЧУ  	ПРАКТИКА

ЛИБЕРИЯНЫН ОРДО КАЛААСЫ МОНРОВИЯДА МАМБА ПОИНТ ДЕП АТАЛГАН БАКУ БАТ РАЙОН БАР. БУЛ РАЙОНГО ДЕҢИЗ ЖАКТАН ЖАКЫНДАГАНДА АМЕРИКАЛЫК ЭЛЧИЛИКТИ Н АК ДУ¬БАЛДАРЫ КӨЗГӨ УРУНАТ. ШААРДЫН БУЛ БӨЛҮГҮ САЛТТУУ ТҮРДӨ КООПСУЗ БОЛУП ЭСЕП-ТЕЛЧҮ ЖАНА ӨЗГӨЧӨ АНЫН ЖЭЭГИНЕ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР МЕНЕН БАЙ ЛИБЕРИЯ ЛЫКТАР КӨП КЕЛЧҮ. БИРОК АТҮГҮЛ УШУНДАЙ БАРДАР АЙМАКТА ДА ЖАКЫРЛАР ЖАШАГАН РАЙОНДОР, МАШИНЕ ЖУУЧУ ЖАЙЛАР БАР ЖАНА АЛАР КУМЖЭЭКЕ БАРЧУ ЖОЛДУ КООПТУУ КЫЛАТ. КУМЖЭЭКТИН ЖАНЫНДАГЫ БАРДЫК ИМАРАТТАР БИЙИК ДУБАЛДАР ЖАНА ТИКЕНЕКТҮҮ СЫМДАР МЕНЕН ТОСУЛГАН. АР КИМИСИ ӨЗ ДҮЙНӨСҮНДӨ ЖАШАЙТ: БАЙЛАР Б АРДЫК ШАРТ¬ТАРЫ ТҮЗҮЛГӨН БЕШ ЖЫЛДЫЗДУУ ВИЛЛАЛАРДА, АЛ ЭМИ ЖАКЫРЛАР ӨП-ЧАП ТУРМУШТА КҮН ӨТКӨРҮШӨТ, БИРОК КУМЖЭЭККЕ КААЛАГАН УЧУРУНДА БАРА АЛЫШАТ.

Коом инклюзивдүү өнүгүү аркылуу коопсуздук маселесин чече албай, муну тикенектүү сым өт­көрүп, бийик дубалдарды тургузуу менен чечкен мисалдар дүйнөнүн булуң-бурчунан көрүүгө бо­лот. Трамптын тышкы чек араларга карата мами­леси да мунун бир мисалы. Латын Америкасын­да мындай социалдык эксперименттердин андан да узак траекториясы бар. Мисалы, Колумбия­да 20-кылымдын 60-90-жылдары мамлекеттик институттар иштебей калганынан улам айрым топтор бийликтин компетенциясында болгон ма­селелерди чечүүнү өз колдоруна алышкан. Бул өзгөчө шаарлар менен поселоктор деңгээлин­де өтө билинген. Бул планда Богота шаарынын контрасттары таң калтырат. Бардар райондордо турак жай комплекстери бийик дубалдар жана тикенектүү сымдар менен тосмолонгон. Адатта мындай комплекстер өтө жакшы коргоого алы­нып, анда бардык коммуникациялар, көп учурда атүгүл автономдуу энергия булактары да бар. Бул – тышкы көзгө жагымсыз реалдуулукка ара­лашпастан, өзүнүн чакан дүйнөсүнөн чыкпа­гандардын мейкиндиги. Мына ушунун натый­жасында коомдо өтө чоң ажырым пайда болду. Бөлүнүп, өздөрү үчүн коопсуз чөйрө түзүүгө ара­кеттенген шаардыктар обочодо калышты. Бул болсо коомдун андан ары маргиналдашуусуна жана катмар-катмар болуп бөлүнүшүнө алып келди. Бул процесстин кесепеттеринин бири – жарым кылымга созулган, миңдеген адамдар­дын өмүрүн алып кеткен жарандык согуш.

Богота шаарынын мисалы башкаруучулук мүнөздөгү ийгиликтүү тажрыйбаны көрсөт­көнү менен дагы кызыктуу болуп турат. Мэрлер Антанас Мокус (Antanas Mockus (1995-1997; 2001-2003) жана Энрике Пеньялостун (Enrique Peñalosa (1998-2000) жетекчилиги алдында алты миллион киши жашаган шаар машинелер үчүн эмес, адамдар үчүн ыңгайлуу мейкиндикке айланган. Урбанистиканын көз карашынан ал­ганда шаар кандай начар абалдан азыркы аба­лына келгенин “Богота керемети” деп атап койсо болчудай. Эффективдүү мэр келгенге чейин Бо­готада коом толугу менен деморализацияланып, мамлекеттик институттардын легитимдүүлүгү жоголуп, ички мигранттардын чоң агымы пайда болуп, ресурстары чектелүү жана инфраструк­турасы өнүкпөгөн шаарга катары саналчу. Бирок мындай терс көрүнүштөргө карабастан шаар кайра жаралды десек болчудай.

Бир нече сериядан турган бул макала Анта­нас Мокус жана анын санаалаштары менен жеке баарлашуунун негизинде жазылды. Ошондой эле Мокус башында турган жана андан кийинки администрациялар тууралуу жазылган матери­алдарды изилдөөнүн жыйынтыгы болуп сана­лат. Бул макалада биз Бишкектин тургундарынажана Кыргызстандын башка шаарларына (бал­ким, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге да) үч бурчтуктун башында коом жана чөйрө ме­нен гармонияда жашаган адам турса, шаарды өнүктүрүүнүн жалпы траекториясын оң жагына өзгөртүү мүмкүн экенин көрсөткүбүз келди. Бул мисал пайдалуу болот. Анткени Бишкекте шаар­ды ийгиликтүү трансформациялоо үчүн айрым өбөлгөлөр бар. Сейил бак зоналарын коргоп ка­луу жана “Сорос-Кыргызстан” фонду жигердүү колдогон шаардагы тазалыкты сактоо боюнча шаардыктардын демилгелери буга мисал бо­луп берет. Коомдо жакшы жашоого суроо-талап бышып жетилди. Адамдарга жолдор, тротуар­лар, жарыктандыруу жана дүкөндөр түрүндө жөн гана инфраструктура аздык кылып калды. Коом түрдүү социалдык топтордун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эсепке алган толук кан­дуу жашоо үчүн ыңгайлуу жана коопсуз башка чөйрөнү талап кылууда.

Ал эми бул суроо-талаптар канчалык деңгээ­лде аткарылып жатканы бул башка маселе. Бул өзгөчө турак жай комплекстеринин алкагынан көрүнүүдө. Алар көбүнчө үйдүн тегерегин айып пулдар менен коркуткан жазуулар илинген каша­алар менен курчашууда. Айрым бир учурларда шлагбаумдар коюлуп жатат. Бул биринчи кезек­те машинелердин өтө көп саны жана токтотмо жайлардын жетишсиздигине байланышкан көй­гөйдү чечүүнүн табигый жолу. Экинчиден, бул өз короосун коомдогу айрым элементтерден коргоо аракети. Бул өзгөчө балдар жүргөн жерлер үчүн актуалдуу маселе. Маңызынан алып караганда мындай чечимдер өзүн актачудай. Бирок алар ушул чакан жамааттардын калктын негизги кат­обочолонуп калуусуна өбөлгө болууда. Ушундай чакан дүйнөдө жашаган шаардыктар үчүн коопсуздук маселеси экономикалык ба­кубатчылык менен байланыштуу болуп турат. Канчалык бакубат болсо, ошончолук өзүн ко­опсуздукта сезишет. Тышкы дүйнө менен кантип айкалышат? Мындай адамдардын жеке маши­неси бар, алар коомдук транспортту чанда гана колдонушат, анткени ал жакта өздөрүн коопсуз жана ыңгайлуу сезишпейт, 1 км аралыкка бир саатта жетсе да буга кайыл. Экинчи жагынан алып караганда, мындай адамдар бир нерсени мамлекеттик институттар жолу менен жасаса бо­лооруна ишенишпейт. Жергиликтүү да, улуттук да деңгээлдерде мамлекеттик институттар бери дегенде паралеллдүү дүйнөдө деп жашашат, айрым учурда легитимдүү катары эсептешпейт. Мындай көз караштагыларды жаңжалдарга ту­куруу жеңил. Башка шаардыктар менен жалпы байланыш жоголот. Натыйжада – короолордо, көчөлөрдө, дүкөндөрдө, атүгүл театрларда ло­калдуу жана жергиликтүү жаңжалдар орун алат. Адамдардын өз күчүнө болгон ишеними азаят. Чакан жетишкендиктер масштабдуу терс процес­стердин фонунда көрүнбөй калат. Өкүнүчтүүсү – жүрүм-турумдун жалпы ченемдерин бузуу нор­мага айланат, себеби бул эрежелерди эч ким сактабай калат.

Богота шаарында 20-кылымдын 80-жылдары­нын башында жана 90-жылдардын этегинде Ан­танас Мокус мэр катары келгенге чейин болжол менен ушундай кырдаал түзүлгөн. Жалпы пес­симисттик маанай коомдун буту-колун тушаган­дай болгон. Бул өз кезегинде антисоциалдык жүрүм-турумга таасирин тийгизген. Ар бир адам жалпы эрежелерди жана жүрүм-турум норма­ларын өз кызыкчылыгы үчүн бузуудан чоң пай­да көргөн. Мунун баары адамдардын басымдуу бөлүгү ушундай жүрүм-турумду кабыл алган фондо болгон. Натыйжада эрежелерди баары бузуп, ал эми бузбагандары азчылыкта кала бер­ген.

Сынган терезелер теориясына ылайык, таштандыны туш келди ыргытуу, вандализм, коомдук жайларда арак ичүү, метродо турни­кеттерден секирүү өңдүү майда тартип бузуу­ларга коомдун көз жумду мамилеси адамдарды ушул өндүү, же олуттуу тартип бузушуна түртөт. Күнүмдүк турмушта мындай чагымчылдыктын психологиялык механизми “Башкаларга уруксат болсо, эмне үчүн мага да болбосун?” деген су­роо менен коштолуп калат – мында адам баш­калар эрежелерди бузганда эч ким аны токтот­погонун көрүп, бул эрежелер ага да тиешелүү болбогондой кабыл алып калат (болгондо да өзү көргөн гана эмес, башка дагы тартип бузуулар). Ошону менен бирге коомдогу “көз жумуп коюугамүмкүн” тартип бузуулардын орточо чеги улам түшүп отуруп, эртеби-кечпи, акыры олуттуу кыл­мыштардын санынын көбөйүшүнө алып келет.Тескерисинче, майда тартип бузууларды ал­дын алуу жана өтө маанилүү болбогон эреже­лерди бузгандарды жазалоо боюнча жигердүү иштер (мындайча айтканда нөл сабырдуулук) жалпысынан тартип бузууларга бөгөт койгон маанайды жаратып, ал эми майда тартип бузуу­ларды болтурбоо боюнча иштердин өзү алардын кайра кайталанышына жол бербейт.

Европадагы шаарчалардын биринде «сынган терезе» теориясы боюнча жүргүзүлгөн экспери­менттин жакшы мисал боло алат. Эксперимент дүкөндөр жыш жайгашкан көчөлөрдүн биринде жүргүзүлгөн. Бул дүкөндөргө келген шаардыктар үйдүн бооруна өз велосипеддерин калтырыш­чу. Ошол үйдүн дубалында сүрөт тартууга тыюу салган жарык түстөгү, көзгө дароо илинген белги бар болчу. Адегенде дубал таза эле. Экспери­мент жүргүзгөндөр ар бир велосипеддин рулу­на (ал эми жалпысынан 77 велосипед бар эле) «Баарына көңүлдүү майрамдарды каалайбыз!» деген жазуусу бар кагаздарды жана спорттук то­вар саткан ойдон чыгарылган дүкөндүн логоти­бин илип чыгышкан. Көрүнбөгөн жерге жашынып алып, изилдөөчүлөр велосипед айдоочулардын реакциясына байкоо салып турушту. Көчөдө таштанды челектер болбогондуктан адам же кагазды жерге таштамак, же башка велосипед­ге илип кете бермек, же болбосо башка жерде ыргытып салыш үчүн чөнтөгүнө салмак. Биринчи эки вариант жалпы кабыл алган ченемдерди бу­зуу катары кабыл алынса, үчүнчүсү аларды сак­тоо катары каралган.

77 велосипед айдоочунун ичинен болгон 25и (32%) өзүн маданиятсыз катары көрсөткөн. Ан­дан кийин экспериментти ошондой эле аба ырай­ында, күндүн ошол эле маалында кайталашты. Бирок бул жолу алдын ала дубалга ар кандай сүрөттөрдү тартып салышты. Бул жолу 77 киши­нин ичинен 53ү (69%) кагазды жерге ыргытып кете беришкен. Бул айырмачылык жогорку дең­гээлдеги статистикалык мааниге ээ. Ошентип, дубалга сүрөт тартууга салынган тыюунун бу­зулушу адамдарды көчөдө таштанды ыргытпоо өңдүү жалпы тарабынан кабыл алынган эрежени бузууга түрткөн олуттуу стимул болуп калды. Ошентип, көчөгө таштанды ыргытпаш ке­рек, түкүрбөш керек, жол эрежелерин сакташ керек ж.б. ушул өңдүү чогуу жашоо эрежеле­рин бузууга түрткөн шаар тургундарынын өзүн өзү изоляциялоо практикасы андан да олуттуу эрежелерди жана мыйзамдарды бузуу менен түз байланышта болот деп ишенимдүү ырастай алабыз. Муниципалитеттердин негизги иш-ара­кеттеринин бири – майда тартип бузууларга көз