Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кара-Шоро жайлоосундагы “Аруужан” бала бакчасы

2018-09-07 / Аялдар жоопкерчиликтен коркушпайт
Кара-Шоро жайлоосундагы “Аруужан” бала бакчасы

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Жайлоодо бала бакча ачуу демилгесин 2017-жылы Большевик айылынын тургуну А.АБДУКАРИМОВА жана айылдагы энелердин демилгелүү тобунун мүчөлөрү Ч. АБДРАКАЕВА, Ч. ДЕРБАШЕВА, Т. ТУРАТОВА жана башкалар көтөрүп чыгышкан. Алар өз ара макулдашып алып, бул демилгени ишке ашырууга жигердүү катышты. Жай мезгилинде мал баккан ата-энелерде балдарын кароого жана татыктуу тарбия берүүгө убактысы да, мүмкүнчүлүгү да болбойт. Мына ушул көйгөй жайлоодо бала бакча уюштуруу демилгесин көтөрүп чыгууга себеп болду. Жайлоодогу бала бакчада наристелер тарбиячылардын көзөмөлү алдында ойдогудай тарбия алып, китеп окуп, ар нерселерди өз колдору менен жасап, курдаштары менен ойной алышмак эле.

Айылдардын саны  4  
Калктын саны 8214  
Жылдык бюджети 12305,0 миң сом

Эмнелер жасалды?

Демилгелүү топтун мүчөлөрү жайлоого кеткени камынып жаткандардын баарына бул демилгенин маани-маңызын түшүндүрүп беришти. Алар малчыларга өз кызматтарын – Кара-Шоро жайлоосунда наристелерди карай турган бала бакча ачууну сунушташты. Айыл тургундары идеяны колдоого алышып, эгерде жайлоодо бала бакча ачылса, өз балдарын жибере турганын айтышты. Идеяны “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду колдоого алып, балдарга жалпы жонунан 25 миң сомго китептерди, шахматты, шашка жана көптөгөн башка оюнчуктарды, зарыл материалдарды беришти. Мындан тышкары ыктыярчылар тобу жайлоого келип, сел жүрсө кандай чараларды көрүш керектигин түшүндүргөн мультфильмди көрсөтүп беришти. Жайлоодогу бала бакчага 37 бала тартылды. 2017-жылы бул тажрыйба ийгиликтүү болгондуктан кийинки жылы Кара-Шоро жайлоосунда бала бакча кайрадан ачылды. Бирок бул жолу бала бакча Качыралы участогунда ачылып, 45 бала кабыл алынды. “Компаньон” уюму балдарга түрдүү оюнчуктарды жана китептерди сатып берди. Демилгени ишке ашыруу үчүн 30 адам тартылды. Демилге болочок муунга татыктуу тарбия берүү, элин-жерин сүйүүгө, ата-энесин урматтоого үйрөтүп, табият менен тааныштыруу максатын көздөдү. Тарбиячылар ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүп, семинарлардын жардамы менен балдарга кандай мамиле жасаш керектигин, аларды түрдүү жугуштуу оорулардан коргоо жолдорун түшүндүрүп беришти. Ата-энелер да четте карап турбастан, бала бакчаны таза суу жана отун менен камсыздап, колдон келген жардамын аяшкан жок. Жайлоодогу бала бакчага Ак-Жар айыл өкмөтү да колдоо көрсөтүп, балдарды бала бакчага жеткирип, кайра алып келүү үчүн транспорт менен камсыздап, бир боз үй бөлүп берди.

Жыйынтыгында эмне болду?

Малчылардын балдары жана жайлоого чыккан үй-бүлөлөрдө өскөндөр ойдогудай тарбия алганы демилгенин башкы жыйынтыгы болуп калды. Буга чейин малчылардын балдарында мектепке чейинки тарбия алуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бул демилгеге райондук билим берүү бөлүмү да кызыкты. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан бул долбоорго кызыккан атайын өкүлдөр келип, тажрыйба алып кетишти. Андан соң алар да жайлоодо ушундай бала бакча ачышты.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылдык аймагы (Большевик айылы) Арууке АБДУКАРИМОВА