Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялдар таштандыны жеңди

2018-09-07 / Аялдар жоопкерчиликтен коркушпайт
Аялдар таштандыны жеңди

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Айылды аралап аккан Араван-Сай дарыясы, айылдын талааларын жана бакчаларын, көчөлөрдү, жанаша жаткан жайыт адырларын сугарган канал мурдагыдай тазалыгын, кооздугун жоготуп, таштандыларга толуп калганы демилгени көтөрүп чыгууга себепчи болду. Заманыбыздын жетишкендиктерин колдонгон аялдардын түйшүгү азайып, мурдагыдай жалаяктардын ордуна “памперстерди” колдонуп жатса да, аларды утилизациялоо көйгөйү чечилбей келатат: көпчүлүк энелер “памперстерди” чогултуп, Араван-Сай дарыясына же жакын жердеги адырга ыргытып салышат. Бирок аны ким тазалайт деп ойлонгон адам жок. Акыркы мезгилде айыл тургундарынын экономикалык абалы оңолуп, көптөр ремонт жасап, курулуш иштерин кызыды. Бирок курулуш таштандысы да туш келди жерге ыргытылат.

Айылдардын саны  5  
Калктын саны 10 807  
Жылдык бюджети 12 046,0 миң сом

Айылда сегиз азык-түлүк дүкөнү иштейт. Бул дүкөндөрдөн балдар балмуздак, сагыз жана башка таттууларды сатып алып, “таштандыны ким жыйнайт?” деп ойлонбостон туш келди ыргыта беришет. “Улам тазалай берген жер эмес, эч ким булгабаган жер таза болот” деген эреже айылда сакталбайт. Бирок элеттиктер ар кайсы себептер менен чогулган учурда бул тазалык маселеси маалмаалы менен көтөрүлүп келатат: “Кайда карабагын айлана булганып, таштандыга толуп кетти. Айланачөйрөнүн тазалыгын кантип сактайбыз? “Памперстерди” өрттөш керекпи же көмүп салганыбыз эле туура болобу? Өзүбүз ансыз деле алты сотик жерде жашасак, кайсы жерге көмөбүз? Эгерде өрттөй турган болсок, анда анын жыты тегеректе жашагандардын нааразычылыгын жаратат да”. Мына ушундай маселелер айылдык чогулуштарда буга чейин көтөрүлүп келген эле. Ошентип бара-бара жамаат таштандыны чогултуп, чыгарып турууну чечти. Ошондой эле үйбүлөдө, мектепте айлана-чөйрөнүн тазалыгына олуттуу мамилени калыптандыруу зарыл экени, балдарга таштандыны ар кайсы жерге ыргытпай, атайын бир жерге таштаганды үйрөтүш керектиги белгиленди. Бул иштерди үч айдын ичинде жасап чыгууну чечишти.

Эмнелер жасалды?

А.Эшенкулов атындагы мектептин активдүү мугалимдери айылдагы түрдүү микроучастоктордо жашаган 20 лидер аял үчүн семинар өткөрүштү. Бул семинарда аялдар ар бир үй кожолук күнүнө, аптасына жана жылына канча таштанды чыгарарын, аны тазалоо үчүн кандай техника керектигин, таштанды жыйноонун графиги кандай болоорун, таштанды чыгарууга кеткен чыгымды ким төлөй турганын талкуулашты. Аялдар А.Анаров айыл өкмөтүндө таштанды чыгаруу боюнча оң тажрыйбаны изилдеп чыгышты. Ошондой эле аймакты таштандыдан арылтуу максатында ишембиликти Курман айттын алдында өткөрүү сунушталды. Семинардын 16 катышуучусу демилгелүү топ түзүп, ишке киришти. Андан соң алты айылдан таштанды жыйналып, райондук полигонго чыгарылды. Лидер аялдар ошол эле жерден таштандыны сорттоп чыгууну сунуштап, өрттөлө турган, металл, сына турган, курулуш таштандыларын жана “памперстерди” бөлүп алышты. Ар бир көчөдө таштандыны чыгарууну уюштурууга, график түзүүгө үгүттөгөн иш-чаралар өткөрүлдү.

2018-2019-окуу жылында А.Эшенкулов атындагы орто мектепте 290 окуучуга жана алардын ата-энелерине таштандыны бөлүп чогултуу, таштандынын айлана-чөйрөгө, адамдын ден соолугуна тийгизип жаткан терс таасири, таштандыны кайра иштетүү боюнча дүйнөлүк практика тууралуу кеңири маалымат берилди. 3-7-класстардын окуучулары арасында “Таштанды айылыбыздын көркүн бузуп жатат” жана “Таштандынын айланачөйрөгө тийгизген зыяны” деген темада тартылган сүрөттөргө сынак жарыяланып, жеңүүчүлөр тандалды. Байге фонду 15 700 сомду тузүп, бул акчаны демилгелүү топтун жигердүү катышуучулары өз чөнтөгүнөн чыгарышты. Окуучуларды таштандыны туш келди жерге ыргытпай, атайын бул үчүн бөлүнгөн жерге таштоого көндүрүү максатында мектепте эки чакадан 25 урна жасалып, окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаралар тууралуу мечиттерде, эл көп чогулган жерлерде (тойлордо, чогулуштарда) маалымат берилип, мектептин окуучулары аркылуу буклеттер таратылды.

Жыйынтыгы кандай болду?

Эми 4 миңге жакын адам жашаган аймакта кайрадан тазалык өкүм сүрүп, жаратылыш мурдагыдай эле элди суктандырып турмакчы. Бул демилгени айылдын бардык жашоочулары бир добуштан колдошту. 21 көчөдөн таштанды туруктуу чыгарылып, жашоочулар бул кызмат көрсөтүүлөр үчүн таштандынын көлөмүнө жараша 20 сомдон 200 сомго чейин акыны эч кечиктирбестен төлөп келатышат.

Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айылдык аймагы Махсуда ИЛЬГЕЛДИЕВА