Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Элеттик аялдарды бизнеске тартуу

2018-09-07 / Аялдар жоопкерчиликтен коркушпайт
Элеттик аялдарды бизнеске тартуу

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Гүлистан айылдык аймагындагы Тутзар айылында 10 миңдин тегерегинде аял жашайт. Ал эми райондо аялдардын саны дээрлик 120 миң болот. Бул болсо ушул жердеги элдин 50,5% аялдар түзөт дегенди билдирет. Аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей болгонуна карабастан, бардык жерде эркектер басымдуулук кылат: жакшы кызматтарда да эркектер, бизнесте да эркектер. Мындан улам жесир аялдар, жаштар биригип, демилгелүү топ түзүп, гендердик көйгөй, тийиштүү иш-чараларды өткөрүү зарылчылыгы тууралуу маселени көтөрүп чыгышты. Натыйжада беш аялдан турган демилгелүү топ түзүлдү.

Айылдардын саны 
Калктын саны  19124  
Жылдык бюджети 15597,5 миң сом

Эмнелер жасалды?

Демилгелүү топ биринчи кезекте айылдык аймактар жана бейөкмөт уюмдар менен иш алып барууну чечти. Ноокат шаарында орун алган “Чернобыль” бейөкмөт уюмуна кайрылып, демилгелүү топ акысыз колдонууга бөлмө алды. Биздин максатыбыз – элеттик аялдардын көйгөйлөрү, алар үчүн иш орундарын түзүп берүү, ошондой эле чакан бизнес ачуунун жолдорун издөө болду. Сүйлөшүүлөрдөн кийин райондун жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү зарыл болгон иш-чараларды биргелешип өткөрүүгө макулдугун берди. Пландын негизинде бейөкмөт уюмдар менен биргеликте айыл өкмөтүнүн жана райондун өкүлдөрү үчүн тегерек стол талкуусу өткөрүлдү. Ал эми “Чернобыль” уюмунун колдоосу алдында окуу тренингдери уюштурулду. Тренингдер аялдарга бизнес план түзүү көндүмдөрүн үйрөтүү максатында өткөрүлдү. Натыйжада аялдар ишкерликтин үч багытын тандап алышты: туризмди өнүктүрүү, тигүүчү цехти ачуу жана таттууларды сатуу. Ошентип биргелешкен долбоордун бизнес планы түзүлүп, донорго жиберилди. “Чернобыль” уюмунун ыктыярчылары жержерлерде аялдар менен жолугушууларды уюштурушту.

Ошондой эле фестивалды өткөрүү маселеси да чечилди. “Чернобыль” уюму бөлүп берген бөлмөдө тигүүчү цех ачылды. Аялдар өздөрү үч тигүүчү машинени алып келишип, ошол замат иш кызыды. Ошентип төрт аял жумуш менен камсыз болду. ПРООН долбоорунун колдоосу менен окуулар уюштурулуп, ошондой эле кошумча үч тигүүчү машина жана тигүү үчүн зарыл болгон материалдарды сатып алууга 240 миң сом бөлүндү. Ыктыярчылардын жардамы менен Жаңы-Ноокат айылдык аймагындагы “Сахаба” эс алуу багында фестивалды өткөрүү пландалды. Демилгени ишке ашырууга 42 активист аял катышты. Алардын арасында жаш активисттер, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жеке ишкер аялдар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болду. Фестиваль коомчулуктун көңүлүн гендердик маселелерге, элеттик аялдарды иш менен камсыз кылууга жана аялдарды ишкерликке тартуу максатында уюштурулду. Мындан тышкары фестиваль жергиликтүү туризмди өнүктүрүү жана Кыргызстанга чет өлкөлүк туристтерди тартуу идеясын көтөрүп чыкты. Бул фестивалды ПРООН долбоору колдоого алып, иш-чарага Түркия, Индия жана Орусиядан коноктор чакырылды. Натыйжада 2018-жылдын 21-мартында – Нооруз майрамында фестиваль өтүп, анда аялдардын колунан чыккан буюмдар, ошондой эле улуттук кийимдер жана тамак-аштар тартууланды. Фестивалга 1700гө жакын адам катышып, алардын 1060ы (63%) аялдар болду. Район жетекчилиги, айыл өкмөтү жана чет өлкөлүктөр, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери, демилгелүү топтун мүчөлөрү, карапайым адамдар элеттик аялдардын чыгармачылыгын баалап, алардын көйгөйлөрүн кантип чечсе болоорун көрө алышты. Фестивалды өткөрүүгө жалпы жонунан 110 миң сом сарпталды. Демилгечилер 20 миң сом, айыл өкмөт башчылары 32 миң сом, жеке ишкерлер 60 миң сомго жакын акча кошушту.

Жыйынтыгы кандай болду?

Коомчулуктун, өкмөттүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин өкүлдөрү жана чет өлкөлүк коноктор гендердик маселелер боюнча маалымат алышып, келечекте биргелешип иш-чараларды өткөрүүнү чечкени бул фестивалдын башкы жыйынтыгы болуп калды. Ошондой эле мындай фестивалдарды жана форумдарды жыл сайын өткөрүп туруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Гүлистан жана Жаңы-Ноокат айылдык аймактарынын жетекчилери иш-чараларга катышып, финансылык жактан колдоо көрсөтүштү. Жергиликтүү калк фестивалга оң баасын берип, келечекте ушундай иш-чараларды өткөрүү сунушун колдошту. М. ЮЛЧИЕВ, Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын башчысы: “Бул фестиваль жакшы уюштурулду. Биз да колдон келген финансылык жардамыбызды бердик. Себеби бул туристтерди тартуу үчүн жакшы жарнама болуп берет жана аялдар үчүн жумуш орундарын түзүүнүн мыкты ыкмасы. Бул демилгени жыл сайын колдоп турууга аракеттенебиз”.

Ош облусунун Ноокат районундагы Гүлистан айылдык аймагы Угилай ГОИПОВА