Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ата-энелер, бала бакча, коом – келечекти бирге курабыз

2018-09-07 / Аялдар жоопкерчиликтен коркушпайт
Ата-энелер, бала бакча, коом – келечекти бирге курабыз

Элеттиктерди эмне туйшөлттү? Нуридинов атындагы бала бакча мындан туура он жыл мурда ачылган. Ага-Хан фонду түзгөн бул бакча элет жергесиндеги көйгөйлөрдү чечүүдө чоң мааниге ээ. Эгерде башында бакча мугалимдер жана медициналык кызматкерлер балдарга көз салып турат деген максатта ачылса, бара-бара балдардын эрте өнүгүүсү өңдүү маселе ата-энелерде кызыгууну жаратып, дээрлик ар бир үй-бүлө балдарын алып келе баштады. Бул көрүнүш ата-энелер бала бакчага ишене турганынын чыныгы далили.

Айылдардын саны  11  
Калктын саны 15210  
Жылдык бюджети 39503,8 миң сом

Эмнелер жасалды?

Райондогу башка бала бакчаларга салыштырмалуу бул мекемедеги жамааттын 80 пайызын адистер түзөт, жыйынтыкка багытталган окутуу системасы жолго салынган. Белгилүү педагог Сухомлинскийдин “Баланын акылы манжаларынын учунда” деген принцибин карманган тарбиячылар балдардын манжаларын иштетүүгө өзгөчө маани беришет. Музыкалык сабактарга, бийлерге, дене көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, пластилин жана аппликация менен иштөөгө, туура дем алганды үйрөтүүгө өзгөчө басым жасалат. Негизги көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн натыйжасында математикада, сөз байлыгын кеңейтүүдө, тил үйрөнүүдө, айланачөйрө менен таанышууда чоң ийгиликтерге жетүү мүмкүн болду. Ата-энелер үчүн ачык эшик күнүн өткөрүп, бала бакчанын кызматкерлери санитардык-гигиеналык шарттарды оңдош керектигине ынандыра алышты. Мунун натыйжасында бала бакчага суу жеткирилип, шейшептери жаңыланды, дагы запаска шейшептер сатып алынды. Мындан тышкары “Жайлоо” Өнүгүү борборун түзүү боюнча демилге да ишке ашты. Аталган борбор “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун мисалынын негизинде түзүлгөн. Мында тарбиячылар жыл сайын атайын окуудан өтүп турушат. Эгерде башында бул программаны ишке ашыруу үчүн боз үй ижарага алынса, акыркы жылдары бул маселе жеке ишкер Жаманкул ГАЛДЫБАЕВдин эсебинен чечилип келатат. Ишкер боз үйдү сатып алып, балдардын мекемесине өткөрүп берген. Жергиликтүү калктын сунушу менен бала бакча райондор арасында өткөрүлгөн «Мыкты бала бакча» сынагына катышып, биринчи орунду ээледи. Ошол эле жылы ушундай эле облустук сынакта экинчи орунду алышкан. Бала бакчанын тарбиялануучулары “Бешик ыры” аттуу облустук сынакта да жеңүүчү болушту. Ал эми Үпөл ИСАКОВА ушул сынакта “Мыкты чыгарма” деген номинацияда жеңүүчү деп табылган. Ошондой эле бала бакча Кытайдын каржылык жардамын алды. Бакчада шкафтар, стол, отургучтар, килемдер толугу менен жаңыланып, ашканага газ меши, суу кайнатуучу титан сатып алынып, жарык берүүчү лампалар алмаштырылды. Оюнчуктардын дээрлик баары жаңыланып, заманбап телевизорлор коюлду. Бала бакчанын короосунда эски дөңгөлөктөрдөн отургучтар жасалып, балдар таза абада ойной алышы үчүн шарттар түзүлдү. Бала бакчанын сыртында наристелердин кызыгуусун жаратып, көңүлүн бура турган сүрөттөр илинди. Бул сүрөттөр бакчага жаңы келген балдардын көнүп кетүүсүнө жардам берүүдө.

Айылдагы ар бир ата-эне бала бакчанын кызматкерлерине ыраазы болуп, аларга сый-урмат менен мамиле жасап келишет. Кызматкерлердин көпчүлүгү өнөрлүү адамдар, алардын арасында сүрөтчүлөр, бийчилер, жазуучулар жана акындар бар. Бала бакчанын өзгөчө сыймыгы – балдарга ар тараптуу өнүгүүгө жардам берип келаткан бий боюнча мугалим Мартаба ГАПАРОВА жана балдарга сүрөт тарткандан тышкары аппликация, пластилин менен иштегенди үйрөтүп келаткан Айгүл ТАШТАНБЕКОВА. Дене тарбия сабагына да өзгөчө көңүл бурулат, ал эми бул сабакты Уулжан ОТОРБАЕВА алып барат. Мындан сырткары ата-энелер үчүн да түрдүү темаларга сабактар өткөрүлүп турат. Мисалы, “Үч жашка толо элек баланын өнүгүүсү – ата-эненин негизги милдети”, “Ата-эне, сиз үчүн”, “Жети жашка чейинки баланы тарбиялоо”, “Ата-эне үчүн бала ким?”, “Баланы башынан сылай билүү – бул чыныгы тарбия” деген темаларда сабактар өтүп турат. Буга кошумча балдардын чыгармачыл борбору менен макулдашуунун негизинде бий ийрими да уюштурулган. Апта сайын ачык сабактар өткөрүлүп, анда мугалимдер тажрыйба алмашып турушат. Бала бакчада өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте чагылдырылып келет. Балдарга жана алардын ата-энелерине этнопедагогикалык тарбия берилет. Бул үчүн элдик салттар “Тушоо той”, “Чач өрдүрүү той”, “Баланын кыркын чыгаруу” өңдүү майрамдар аркылуу жеткирилип турат. Этнопедагогикалык тарбияны жайылтуу максатында 2017-жылы Үпөл ИСАКОВА илимийпрактикалык конференцияда баяндама жасаган. Бул баяндама кийин “Ыйык Ата Журт” коомдук фондунун финансылык колдоосу алдында басылып чыккан жыйнакка кирген. Мындан сырткары көмөкчү чарбанын иши да жолго салынып, беш уй жана 10 баш эчки багылат. Айыл өкмөтү бир гектар участок бөлүп берип, ал жерден жыл сайын мал үчүн тоют даярдалып турат. Буга кошумча 100 пресс чөп сатып алынган. Малдын башын көбөйтүү максатында 40 миң сомго торпоктуу уй да сатып алынды. 2018-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен бала бакчада капиталдык ремонт жасалып, жергиликтүү калк жардам берди. Бул ремонттун натыйжасында бакчанын бардык каалгалары жана терезелери алмаштырылды, ысык суу өткөрүлүп, кошумча септиктер орнотулду. Ашканада жана от жагуучу бөлмөдө кафель бастырылып, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптарына жооп берип калды. Ошондой эле ашканадагы идиш-аяктар толугу менен жаңыланды.

Педагогдорго балдардын күлкүсү канчалык кымбат болгонун сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Ар бир наристе бакчага кубанып келип кеткени алардын ата-энесин да бактылуу кылат деп эсептейт Үпөл: “Менин жашоом ушул балдардын кубанычтуу мүнөттөрү коштолгон күндөргө байланганы менен сыймыктанам. Келечекте биздин бакчадан тарбияланган бала коомго кызмат кыла алган, сөзсүз түрдө чыгармачыл бала болуп өсөт деп терең ишенем. Себеби мен ар бир баланын башынан сылап жатканда ушул тилекти айтып, ага бул энергияны жеткиргенге аракет жасайт. Ошол келечекти чыдамсыздык менен күтүп келем. Бала бакчабыз быйыл он жашка толуп жатканын эске алганда, биздин алгачкы тарбиялануучуларыбыздын алды 9-класска барып калды. Быйыл окуу жылынын башталышы менен “Бакчам он жашта” аттуу облустук семинарды өткөрүүнү пландап жүрөм. Эгерде демилгем жеңишке жетсе он жыл ичиндеги бардык ийгиликтерибизди баяндап берген тасма көрсөтүлүп, эмгектерибиз чагылдырылган китепчелер жарыкка чыгат деп үмтөтүп жүрөм. Бул тасма жана китепче тажрыйбабызды жайылтуунун дагы бир багыты болуп калмакчы. Өзүм да чыгармачыл адам болгондуктан балдардын жашоосунда китептер жана тасмалар болушун каалайт элем. Семинар үчүн даярдап жаткан китепчем бала бакчанын он жылдык тарыхын, илимий-билим берүүчү иштелмелерди, тарыхый сүрөттөрдү камтымакчы. Дегеним, китепче колуна тийген ар бир окурманым биздин бала бакчадагы ишмердүүлүк таасирдүү жана жайылтууга татыктуу болгонуна ынанмак. Биздин бакчада тарбияланган балдар келечекте Кыргызстанды башкарган адамдар болуп өсүшөт, дүйнөлүк экономикадан кабардар болуп, өлкөбүздүн маданий-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошушат”.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айылдык аймагы Үпөл ИСАКОВА