Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Айылды өнүктүрүү-2017” конкурсу

2018-09-07 / Жамааттарды бириктүрүүнүн усулдары

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? “Айылды өнүктүрүү-2017” сынагын уюштуруунун негизги максаты – Ак-Муз айыл элинин ынтымагын, маданиятын, биримдигин бекемдөө, жашоо деңгээлин көтөрүү, ички тартип эрежелерин сактоо, санитардык абалды жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү, экологиялык абалын жакшыртуу, жарандарга кызмат көрсөтүүнүн ыңгайлуу шарттарын түзүү, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Айылдардын саны  1  
Калктын саны 3 998 
Жылдык бюджети  16 703,2 миң сом

Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн ишин баалоодогу сандык көрсөткүчтөрдү жакшы деңгээлге жеткирүүнүн натыйжалуу жолдорун издеп келген. Алар:

  • ички жолдордун абалы;
  •  коомдук жайлардын тазалыгы;
  •  жалпы коопсуздуктун абалы, кылмыштуулук көрсөткүчтөрүнүн төмөн болушу;
  •  жаз, күз мезгилдеринде мал жаюу тартибин сактоо;
  •  коомдук жумуштарга калктын жигердүү катышуусу;
  •  сууга, ар кандай жыйымдарга төлөнгөн акыны чогултуу көрсөткүчтөрү;
  •  маданий иш-чараларды өткөрүү;
  •  спорттук мелдештерди өткөрүү;
  •  айыл чарбасында жана жеке ишкерчиликти өнүктүрүү чөйрөсүндө жетишкендиктер;
  •  жергиликтүү маанидеги башка олуттуу маселелер.

Эмнелер жасалды?

Бул көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаты жана адам ресурстары чектелүү болгонун айтпаса да түшүнүктүү. Ошондуктан бул көйгөйлөрдү чечүүгө айыл тургундарын кантип тартса болот деген суроонун жооп издеп жатып, жергиликтүү кеңеш калкты шыктандыруу максатында сынак уюштурууну чечти. Бул ойду айыл өкмөтү жана активисттер менен талкуулап көрүп, натыйжада “Айылды өнүктүрүү-2017” деп аталган кароо сынакты өткөрүү тууралуу жобо иштелип чыкты. Жобону айыл өкмөтү даярдап, башчынын буйругу бекитилди. Жобонун шарттарына ылайык “Айылды өнүктүрүү-2017” наамына ээ болуу үчүн төмөнкү критерийлер боюнча мүмкүн болушунча эң көп упай чогултуш керек эле:

  • жыл ичинде маданий-массалык ишчараларды өткөрүү;
  •  айыл элинин ынтымагын, биримдигин сактоо;
  •  коомдук тартиптин, көчүү, конуу эрежелерин сактоо;
  •  жыл ичинде жайыт, суу акыларын, салык төлөмдөрүн төлөө;
  •  таштандыларды атайын бөлүнгөн жерге төгүү;
  •  арыктарды тазалоо боюнча иш-чараларга катышуу.

Сынакты уюштуруу жана өткөрүү үчүн атайын комитет түзүлүп, ага жергиликтүү кеңештин эки депутаты, айыл өкмөтүнүн үч кызматкери, эки ыктыярчы, мамлекеттик органдардын үч жетекчиси кирди. Сынак жана анын шарттары тууралуу жарыя 2017-жылдын май айынан тарта кеңири таратылып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча маалыматтык өнөктүк өткөрүлдү. Ар бир көчөгө жооптуу болгон айыл өкмөттүн кызматкерлери жашоочуларга сынактын шарттарын түшүндүрүп, эл арасында маалыматты таратып чыгышты.

Жыйынтыгы кандай болду?

Бул сынак абдан жакшы жыйынтыктарды берди: элдин ынтымагы чыңдалды; жайыт, таза суу акыларын, салык төлөмдөрүн чогулушун эл өзү көзөмөлдөдү (активисттер ар бир көчөдө салык кызматынын кызматкерлеринен, жайыт комитетинен жана “Сууканалдан” төлөмдөр тууралуу сурап турушту); жыл ичинде ар бир жыйырма күндө “Ыр кесе” сынагы өтүп турду; ар бир жаран өз жоопкерчилигин, милдетин түшүнүп, бадага уй кошуу, корукка малды киргизбөө өңдүү эрежелерди так сактоого аракет кылышты. Эң негизгиси конкреттүү көчөнүн көйгөйүн чечип алууга аракет жасалды. Жылдын аягында атайын комиссия түзүлүп, Жобонун шарттарына ылайык ар бир көрсөткүч боюнча упай берип, жеңүүчүлөр аныкталды. Биринчи орунду К.Керимов айылынын жашоочулары ээлеп, кубок жана 120 миң сом алышты. Экинчи орунду Т. Арзыгулов көчөсүнүн тургундары ээлешти. Аларга 90 миң сом жана диплом берилди. Үчүнчү орунду Б. Тайсалов, Н.Айтбаев, Календер-ата көчөлөрү өз ара бөлүшүп, 30 миң сом жана диплом алышты. Төртүнчү орунду Акмат уулу Осмонсадык атындагы көчөнүн тургундары ээлеп, диплом жана 30 миң сом байге алышты. Жыйынтыгында сынакты кийинки жылы да улантып, жеңүүчү деп табылган көчөнүн жолу толугу менен оңдолуп берилмей болду. Байге фондунун каражаттары толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланды жана жеңүүчү деп табылган көчөнүн ички инфраструктурасын жакшыртууга багытталмакчы. Бүгүнкү күндө байге фондунун каражатын жана жашоочулардын өз салымын чогултуп, көчөлөрдү жарыктандырууну жолго салуу пландалып жатат. Бул үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча веб порталга жарыя берилген. 2018-жылдын этегине чейин жумуштарды жыйынтыктоо пландалып жатат. Бул сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.КАЙЫПОВ Ак-Муз айыл аймагына келип, эл менен жолугушкан учурда берилген. КАЙЫПОВ сынактын жыйынтыктарына жогорку баасын берип, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк бул сынакты улантуу ниети бар экенин, тажрыйбаны облус деңгээлинде таратуу мүмкүн экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө бул тажрыйбаны башка айыл өкмөттөрү да өздөштүрүп, ушундай иш-чараларды өткөрө башташты. Бул сынактын алкагында 2018-жылдын 27-февралында айылды өнүктүрүү боюнча марафон өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен 600 миң сом чогулду. Марафонго Бишкек шаарында жашап, иштеп жүргөн Ак-Муз айылынын тургундары, айыл өкмөт башчысы, аппарат кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, айылдын демилгелүү жаштары катышты. Ушул тапта каражаттарды ачыкайкын колдонуу үчүн коомдук фондду түзүү, анын жобосун КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык даярдоо боюнча иштер жасалып жатат.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылдык аймагы Алмаз ОМУРОВ