Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Тотуя-Торгой” жергиликтүү өнүктүрүү фонду: эң оор көйгөйлөрдүү өз күчүбүз менен чечебиз

2018-09-07 / Жамааттарды бириктүрүүнүн усулдары
“Тотуя-Торгой” жергиликтүү өнүктүрүү фонду: эң оор көйгөйлөрдүү өз күчүбүз менен чечебиз

Элеттиктерди эмне түйшөлттүү? Он-Арча айылдык аймагынын чегинде түзүлгөн коомдук жана коомдук эмес уюмдар көптөгөн пайдалуу демилгелерди ишке ашырып келатат. Мисалы, айыл элинин демилгеси менен түзүлгөн “ТотуяТоргой” коомдук фонду жашоочулардын өз каражатынан түптөлгөн. Ошол маалда фонддун акчасы 90 миң сом болчу. Акчага муктаж ар бир тургун каалаган учурда фонддон акча ала алмак. Айдап себүү жана оруп жыйноо учурунда айыл чарба техникасынын ремонту үчүн алар акчаны аз пайыз менен алса болот. Бүгүнкү күндө фонддун бюджети 250 миң сомго жетип калды.

Айылдардын саны  2   
Калктын саны  3 446
Жылдык бюджети 8 250,0 миң сом

2018-жылдын апрель айында айыл өкмөттүн демилгеси менен апрель жана май “тазалык айлары” деп жарыяланып, ар бир ишембиде айыл эли көчөлөрдү, үйлөрдүн айланасын, Эчки-Башы суусунун жээктерин, социалдык мекемелердин тегерек четин жана Бишкек-Торугарт автожолунун айыл аймакка тиешелүү жерлерин тазалап турушту. Айылдын төрт жерине таштанды төкчү жайлар жасалды. Аппарат кызматкерлери, мектеп мугалимдери айылдагы аял-эркектер бардык бак-дарактарды, мекемелердин короосунда өскөн бактарды актап чыгышты.

Эмнелер жасалды?

Чогулуш айылдын маданият үйүндө өттү. Айыл эли талааларды сугарган каналдарды тазалоо, аларды ремонттоо, таштандыны жок кылуу маселелерин талкуулашты. Жеке ишкерлер бала бакчанын имаратын оңдоп чыгууну жана жаңы конушта балдар аянтчасын курууну чечишти. Көйгөйлүү маселелер аныкталып, зарыл болгон иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Бардык иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тикелей катышуусу менен уюштурулду. Ар бир иш-чара үчүн жооптуу болуп айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери дайындалып, аларга зарыл документтердин баарын бүткөрүп берүү милдети жүктөлдү. Айылды таштандыдан арылтуу үчүн мектептин, бала бакчанын жамааттары жана аппарат кызматкерлери аймакты өз ара бөлүп алышты. Ар бир жаран өз үйүнүн айланасын тазалап турууга макулдугун берди. “Тотуя-Торгой” коомдук фондун түзүүгө ар бир уруудан бирден адам шайланып, тогуз адамдан турган комиссия түзүлдү. Өздөрү ичинен төраганы, катчыны жана бухгалтерди шайлап алышты. Дагы үч адам бир жылдык мөөнөт менен текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү болуп дайындалышты. Аларга акча каражаттарына көз салып туруу, акча кантип жана кандай максаттарда колдонулуп жатканын текшерүү милдеттери коюлду. Күзүндө элдик жыйналышта комиссия эл алдында отчет берет. Коомдук фонддун төрагасы Сабырбек КОЙБОРИЕВ, ал эми бухгалтери Назгуль АСАНГАЗИЕВА болушту.

Жыйынтыгы кандай болду?

Айыл тургуну Кылыч ЭСЕНАЛИЕВ “Абдылда Ата” бала бакчасына ашкана жана кампа куруп берди. Чыгымдардын жалпы суммасы 600 миң сомду түздү. Азамат КАЗЫБАЕВ айылдын жаңы конушуна 200 миң сомго бала бакча салып берүүгө убада берди. Нарын шаарында жашаган айылдык ишкерлер “Абдылда Ата” бала бакчасынын айланасын 100 миң сомго тосмолоп берээрин айтышты. Айыл тургуну Сулайман МАМБЕТАЛИЕВ 200 миң сомго парк куруп жатат. Айылдык жаштар айдоо аянттарына баруучу “Күмүш”, “Карбос”, “Байдулуу”, “Торгой” каналдарын ашар жолу менен тазалашты. Узундугу 3 км болгон “Күмүш” каналын тазалоого 35 адам тартылды, алардын эмгек салымын 45 миң сомго бааласа болот. Узундугу 4 км болгон “Карбос” каналын тазалоого 55 адам тартылды (эмгек салымы 60 миң сом болду). Узундугу 1 км болгон “Байдулуу” каналын тазалоого 75 адам тартылды. Жумушчулар жерди казып, целлофан төшөп, ал эми өзгөчө кооптуу жерлер бетондолду (эмгек салымы 250 миң сом болду). “Тотуя-Торгой”коомдук фонду өз ишин кызуу баштады. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана бизнести эми гана баштаган түгөйлөргө айдап себүү жана оруп жыйноо учурунда айыл чарба техникасын оңдогонго пайызсыз насыя берилип турат. Ал эми айылдын калган тургундарына фонддун туруктуулугу жана көбөйүшү үчүн аз пайыз менен насыя берилет. Акча алууну каалаган жарандар адегенде фонддун төрагасына арыз менен кайрылат. Төрага бул маселени тогуз адамдан турган комиссиянын кароосуна жиберет. Алар макулдугун бергенден кийин зайым сураган адамга акча берилет. Акча алган адам карызды арызда көргөзүлгөн мөөнөткө чейин кайтарып бериши керек. Фонддун финансылык колдоосу менен айылда төрт адам үчүн тигүүчү цех ачылды. Айылдагы төрт жерде таштанды ыргытчу жай даярдалып, ал эми айылдын өзү болсо таштандыдан арылды. Чарбактарда көчөттөр отургузулду. Айылда өткөн бул чогулуш жана демилге элге чоң таасирин тийгизди. Эки айлык тазалоодон кийин адамдар таштандыларды ар кайсы жерге ыргытпай, бул үчүн атайын бөлүнүп берилген жайларга төгүп калышты. “Тотуя-Торгой” коомдук фонду уюшулганын билген адамдар тай, торпок, кой беришип, фондду иши колдоого алынды.

Нарын облусунун Нарын районундагы Он-Арча айылдык аймагы (Эчки-Башы айылы) Касымбекова Элзат, Салтанат АРПАЧИЕВА

Окшош материалы: