Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жамааттын иштери

2023-04-27 / Жамааттардын иштери, аларды бириктүрүүнүн усулдары
Жамааттын иштери

Кыргызстандагы жамааттар биргелешкен күч-аракеттер менен көп нерсеге жетишүүдө. Бийликтен шарттарды түзүп берүүнү талап кылуу – бул да активдүүлүк, бирок адамдар тийиштүү колдоо болсо, байгерчиликти өз алдынча жаратууга даяр.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ

2019-жылдын сентябрында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамагенттик “ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө” типтүү жобону бекиткенде, ЖӨБ органдарында жарандык демилгелерди каржылоого жаңы укуктук мүмкүнчүлүк пайда болду.

Аламүдүн айылдык аймагы бул жобону ошол замат колдонууну чечип, демилгелердин конкурсун жарыялаган. Ошондо “Жаңы жылдык иш-чараларды уюштуруу” программасы менен Тамара ИСАКУНОВА жана Айнура МОЛДОЖАПАРОВА, “Маданий-эс алуу иш-чараларын уюштуруу” демилгесин сунуштаган Наталья БУБНОВА жеңүүчү болушкан. Аларга айыл өкмөтү 39 миң сомдон акчалай сыйлык берген.

Биринчи демилгенин лидерлери ар кандай курактагы музыканттарды жана таланттуу тургундарды тартып келген, алардын улуусу 75 жашта, сценарийди чогуу иштеп чыгып, “Тумар” ансамблин түзүшкөн. Кызыгы, уюштуруучулар тургундарды гана эмес, ишкерлерди да мобилизациялап, алар бюджеттен бөлүнгөн суммага 40 миң сом кошуп беришкен: бир бөлүгүн акчалай, башка бөлүгүн товар түрүндө берген, мисалы, ишкерлердин бири улуттук кийимдерди тигип берген. Ансамблдин катышуучулары да салым кошушкан: жеке каражатынан алар жомоктогу каармандардын костюмдарын тигип же ижарага алышкан.

Жаңы жылдык баннер менен кооздолгон транспортто артисттер Аламүдүн айылынын көчөлөрүн кыдырып, жаңы жыл менен куттуктап (үн күчөткүчтү колдонуп), элди театрлаштырылган концерттерге, спектаклдерге жана оюндарга тартышты. Алсак, 2019-жылдын 26-декабрынан 30-декабрга чейин аймакта ырлар, бийлер жана жаңы жылдык белектер менен жети иш-чара өткөрүлүп, аларга бир жарым миңден ашуун тургун катышты.

Тамара ИСАКУНОВА: “Адамдар көздүн жоосун алган улуттук кийимдерди жана жомоктордогу каармандарды көпкө чейин айтып жүрүштү. Адамдар көр тириликти унутуп, чын жүрөктөн кубанышты, ал эми балдар үчүн бул эсте калаарлык окуя жана чоң ачылыш болду, себеби алар биздин айылда биринчи жолу ушундай чыныгы майрамдык шоуну көрүштү. Ата-энелер кубанычын жашырбай, майрамдар бир аз да болсо балдарды телефондон алаксытканын айтышты”.

“Маданий-эс алуу иш-чараларын уюштуруу” демилгесинин лидери, 64 жаштагы Наталья БУБНОВА СССР маалында эле райондун маданият секторунун башчысы болуп иштечү. Ал 14 кишиден турган топту чогултуп, ага улуулар гана эмес, түрдүү курактагы балдар, аниматорлор жана концерттик топ да кирди. “Бул конкурс масштабдуулугу менен баарын кызыктырды. Бирок ошол эле маалда мындан ары да бардык маданий иш-чараларды сапаттуу деңгээлде өткөрүп туруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, кийим-кечелерди сатып алууга шарт түзүлдү, – деп мойнуна алат Наталья Алексеевна. Уюштуруучулар эки музыкалык колонканы, микрофондорду, төрт карнавалдык костюмду, чоң бенгал шамдарын, фейерверктерди, тарсылдактарды сатып алып, жарнама даярдап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 100 белек сатып алып, кварталчылар аркылуу таратып чыгышты. Ижарага алынган кичи автобусту “Жаңы жылдык каттам” катары кооздоп, аниматорлор жана концерттик топ жабдуулар жана майрам үчүн керектүү материалдар менен көчөлөрдү кыдырып чыгышты. 2019-жылдын 26-декабрынан 28-декабрына чейин Аламүдүн жана Садовое айылдарынын булуң-бурчунда беш театралдаштырылган оюн коюлду. Бул иш-чараларда элеттиктер ырдап, бийлеп, балдарга таттуу белектер таратылды. Үч иш-чара имараттын ичинде, ал  эми экөө көчөлөрдө өтүп, салюттар жана фейерверктер менен коштолду. Майрамга 800 адам катышты.

Наталья БУБНОВА: “Жергиликтүү демилгелердин конкурстарын улантуу керек. Конкурстардын көптөгөн артыкчылыктары бар: аларга пайдалуу иш жасап, өздөрүнө да, башкаларга да жагымдуу маанай тартуулагысы келген адамдар катышат. Маданий жактан өнүгүп жаткан көрүүчүлөр моралдык канааттануу алышат. Ошондой эле жергиликтүү демилгелер аркылуу айыл өкмөтү менен биргеликте кварталдардын жана балдар аянтчаларынын аймактарын көрктөндүрүү, улгайган адамдар жана жаштар үчүн спорттук аянтчаларды түзүү өңдүү социалдык көйгөйлөрдү чечүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Жалпысынан алганда, шаардагы сейил бактардын зоналарындагыдай шарттар түзүлдү”.

Жергиликтүү демилгелердин биринчи тажрыйбасы катышуучулар үчүн эстен чыккыс болду. Адамдар жакшы маанай үчүн ыраазы болуп, ушундай иш-чараларды көбүрөөк өткөрүүнү өтүнүп жатышты. Уюштуруучулар көптөгөн таасирлерди жана иш процессинен ырахат алышты. Аниматорлор, концерттик топтун мүчөлөрү, артист балдар толкунданып, болгон күч-аракетин жумшап, өз талантын көрсөткөндөн тышкары жергиликтүү демилгелер чөйрөсүндө мол тажрыйба топтой алышты.

Нуриза АЙТИЕВА, социалдык коргоо бөлүмүнүн адиси: “Жашоочулардын демилгелери жамаатты социалдык жактан өнүктүрүү үчүн зарыл болгону шексиз. Адамдар эмгек же акча ресурстарын жумшашат: кимдир бирөө чуңкур казып, транспорт менен жардам берсе, башкасы курулуш материалдарын же көчөттөрдү алып келет, башкача айтканда, жаздын келиши менен баары “ойгонот”. Адамдар жигердүү жана демилгелүү болуп, маданиятты жана спортту өнүктүрүүнү, кооз көчөлөр менен скверлердин болушун, кыскасы, толук кандуу жашоо үчүн шарттардын болушун каалап жатканы кубандырат. Айыл тургундары мындай иш-чараларды көбүрөөк өткөрүү керектигин айтышты. Майрамдар азыркы жашоо шартынан улам бара-бара каада-салттарын унутуп бараткан жаш муундарды тарбиялоого жардам берет. Демилгелер конкурсуна катышуу активисттерге өздөрүн таанытып, ыраазычылык сөздөрүн угуп, ЖӨБ органдарынан колдоо табууга мүмкүнчүлүк берет”.

Ошентип, Аламүдүн айылдык аймагы жергиликтүү демилге конкурсун уюштурууда пионерлердин бири болуп калды. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жергиликтүү демилгелердин конкурстарын ишке ашырууда тажрыйба алып, калк менен натыйжалуу иштегенди үйрөнүштү.

Найзабек КӨЛБАЕВ, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы: “Мурда тургундар жергиликтүү бюджет туура эмес сарпталып жатат деп күмөн санаса же ишенбесе, азыр мамиле өзгөрдү. Бул – адамдарга коомдук-маданий иш-чараларды өз алдынча өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилгендин жыйынтыгы. Демилгечилер масштабдуу иш-чараларды өткөрүү, көп сандагы адамдарды чогултуу канчалык оор болгонун, көп акча кетерин түшүнүштү. Жарандардын мындай жигердүүлүгү улуттар аралык ынтымак үчүн, өзгөчө ар түрдүү этностордун өкүлдөрү жашаган Аламүдүн аймагы үчүн да маанилүү”.

2020-жылы Аламүдүн аймагына ар кайсы муниципалитеттерден 60 адам келип, бул практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшкөн.

Бекболот БЕКИЕВ, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу мүчөсү: “Жергиликтүү демилгелер – бул ЖӨБ органдарына калкка жакын болууга жардам берген, жарандарды демилгелүү болууга шыктандырып, жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусун колдогон аспап. Бул биргелешкен жаратуу процесси, мында адамдар бийликтин жардамы менен жалпы аймакка пайда алып келе турган бир максатка умтулушат”.

АКСАКАЛДАР СОТУ

Аламүдүн айылдык аймагында иштеген дагы бир элдик институт – аксакалдар соту. Аймакта элдик сот көптөн бери иштеп келатат, жылына 15ке жакын арыз каралат. Соттун негизги милдети – чыр-чатакты сотко жеткирбестен, жаңжалдашкан адамдарды элдештирүү.

Бурул АСАКЕЕВА 2021-жылдан бери аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштеп келет. Анын командасына 2023-жылы аймактын абройлуу тургундары Ширин САТУВАЛДИЕВА, Эмиль САТУВАЛДИЕВ, Курманбек ТЕЛТАЕВ, Рыспек РЫСАЛИЕВ, Кульмира КАНААТОВА, Шамиль ЯФАРОВ кирген. Буга чейин аксакалдар сотунда Аалы ТУРДАЛИЕВ жана Кундуз АКМАТОВА иштеген, ал эми Бактыбек АЙТКАНОВ аксакалдар соту түзүлгөндөн бери эмгектенип келген. “Аксакалдар сотунда иштегендердин баары чоң кызматтык жана турмуштук тажрыйбасы бар, даанышман, кадыр-барктуу адамдар”, – дейт АСАКЕЕВА.

Аксакалдар соту өз ишин аксакалдар соттору жөнүндө мыйзамдын негизинде жүргүзөт. Иш кагаздарында “кириш” жана “чыгыш” документтердин журналдары бар, протоколдорго жана актыларга номерлер коюлган.

2021-жылы аксакалдар сотуна он кишиден арыз түшүп, жаңжалдашкан тараптарды элдештирүүгө аракет кылган. 2022-жылы сотко 13 тургун арыз берген. Алардын үчөөнө сот райондук сотко доо арыз менен кайрылууну сунуштаган. Аксакалдар соту мектептер менен да кызматташат. Мисалы, 2022-жылы аксакалдар соту төрт окуучуну ата-энеси менен элдештире алган. 

Жакында эле болгон чырды алалы, 2023-жылдын 10-январында аял кошунасына даттанып, аксакалдар сотуна кайрылган. Экөө тең Аламүдүн айылынын Чугуев көчөсүндө жашашат. 

– Биз маселени сотко жеткирбей эле чечүүгө аракет кылдык, – дейт Бурул АСАКЕЕВА. – Көрсө, аял короосунда тоок бакчу экен. Бир күнү эртең менен ал 15 тоогу жоголуп кеткенин жана кошунасынын үйүнө бара жатып иттин издерин, тооктордун жүнүн жана кандын издерин байкаган. Мунун баары тооктор жөн эле жок болуп кетпегенинен кабар берип турду. Аял кошунасы менен сүйлөшүп көрүүгө аракет кылган, бирок бул сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес. Ошондой эле бул ит тоокторго мурда да  тиш салганы белгилүү болду – буга чейин 13 тоок да ушундай жагдайларда жок болгон. Иттин ээсине барганыбызда кошунасы мүшөккө өлгөн тоокторду салып койгонун көрдүк, алар үшүктөн тоңуп калышкан экен. Биз ошол заматта милиция кызматкерлерин чакырдык – мындай учурларда сөзсүз түрдө ушундай кылышыбыз керек эле. Бирок, аялдын кошунасы ага зыяндын ордун толуктап бергиси келген эмес. Ошондон кийин биз ал аялдын кошунасын – ишкер жигитти кеңсебизге чакырып, эгер чыр-чатак расмий сотко жетсе, азыркыдан бир нече эсе көп чыгымга учурай турганын айттык. Ал жагдайды түшүнүп, он тоок сатып берерин айткан. Башында аял кошунасы келтирилген зыяндын ордун толук толтурбаганына нааразы болуп, кошунасы сатып берген тооктор кары деп даттанган. Бирок биз ага жок дегенде ушуларды ала беришин, антпесе такыр эле эч нерсе албай калышы ыктымал экенин айттык. Бул чатак ушинтип чечилген. Тургундардын жалпы чатында аял болгон окуяны жазып, жардам бергендиги үчүн аксакалдар сотуна ыраазычылык билдирген.

Соттун төрагасынын айтымында, коңшулар адатта ички аймактарга жана участоктордун чек араларынын сакталбагандыгына байланыштуу урушат. Мындай шартта сот сөзсүз түрдө жер боюнча адисти чакырып, чыр-чатактын өзөгүн табуу үчүн талаш чыккан жерге чогуу барышат. Абдан оор чатак – бир эле жер участогу эки менчик ээсине берилген учурлар. Жакында эле ушундай окуя Кызыл китеби бар участоктун ээсинин пайдасына чечилди.

Башка бир учурду мисал келтирели: Алматы көчөсүндө “Асыл-Таш” деп аталган чоң соода борбору жайгашкан. Борбордо иштеген компрессордун үнү жакын жашаган адамдардын тынчын алып, алар аксакалдар сотуна кайрылышкан.

– Биз расмий кат менен кайрылып, мамтехинспекциядан, санэпидемстанциядан, өрт кызматынан адистерди чакырдык, – дейт АСАКЕЕВА. – Эксперттер менен бирге “Асыл-Ташка” бардык. Алар бардык документтерди карап чыгып, кандайдыр бир мыйзам бузууларды аныкташкан эмес. Бирок соода борборунун жетекчилигине адам катары кайрылып, кандайдыр бир чара көрүүнү өтүндүк.

АСАКЕЕВА кээде адамдар майда-чүйдө маселелер боюнча сотко кайрыларын же кырдаалды өз пайдасына көрсөтүүгө аракет кыларын мойнуна алат. “Мындай учурларда биз бул “майда-барат” чатакты карап чыгууга жөн эле убакыт кетиргенибиз үчүн айып сала албаганыбызга өкүнө баштайбыз.

– Жалкоо жарандар да бар, – деп кебин улантты АСАКЕЕВА. – Өз участогунда чоң бак өстүрүп, бак-дарактарды аралап, отун камдап алууга каражаты болбогонун айтып жардам сурап кайрылышат. Бул дарактардын оор бутактары ийилип, кошунасынын чатырына коркунуч жаратканын айтышат. “Бул биздин ишибиз эмес” деп, өзүнөн башка баарын күнөөлүү кылып коюшат. Бакты кыюу үчүн айылдык аймактын санитардык-экологиялык кызматына кайрылдык. Кызмат эки даракты аралап гана тим болбостон, отун да даярдап берди. Адамдар баарын бийликтен талап кылып көнүп калганына таң калам, – дейт сот. – Өзүң ойлонуп көрүшүң туура болсо керек: ал эми сен өлкө жана коом үчүн кандай иштерди кылдың? Өлкөнү айтпай эле коёлу, өз корооңо кам көрө албайсың, жада калса таза кармай албайсың. Ошондуктан ар бир адам биринчи кезекте өзүнөн башташы керек!