Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Үлгүлүү көчө

2018-09-07 / Жамааттарды бириктүрүүнүн усулдары
Үлгүлүү көчө

Элеттиктерди эмне түйшөлттүү? Айылдын 252 тургуну таштанды көйгөйүнүн азабын тартып жатышты. Бирок ар бири анын көчөсү таза жана кооз болушун каалап турган эле. Бул көйгөй айылдык чогулуштарда, айыл өкмөт башчысынын төрагалыгы алдында өткөн жыйындарда байма-бай көтөрүлүп келди. Таштанды маселесин айылдын бардык эли туура кабыл алып, чогулуштарда бул көйгөйдү чечүүнүн жолдору талкууланып, алты адамдан турган демилгелүү топ түзүлдү. Топ менен чогуу “Үлгүлүү көчө” долбоору боюнча иш-аракеттер планы түзүлдү. Демилгелүү топ өз жыйындарын өткөрүп, анда планды ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чаралар талкууланды. Мындан тышкары жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, адамдар көчөлөрүн көрктөндүрүүнүн үстүнөн иштей башташты. Жергиликтүү тургундар бул ишке билек түрө киришти.

Айылдардын саны  5  
Калктын саны 11 087  
Жылдык бюджети 11 039,0 миң сом

Эмнелер жасалды?

Көчөлөрдүн тургундары менен чогулуштар өткөрүлүп, таштанды тазалоо, жөө жүргүнчүлөр өтчү жолдорду калыбына келтирүү, жол боюндагы арыктарды кеңейтүү маселелери талкууланды. Зарыл болгон жерде арык суусу үчүн трубаларды орнотуу керектигин, ар бир үй кожолукка таза суу өткөрүү зарыл экенин чечишти. Ар бир көчөгө жарык берип турчу чырактарды илип, электр жарыгын өткөрүү зарыл деген пикирге келишти. Көчөлөрдү мындан ары да талаптагыдай абалда кармоонун жолдору кошо изделди. Чогулуштарда өтө көп кызыктуу демилгелер сунушталды. Бардык сунуштарды иш-чаралар планына кошуу үчүн жазып алышты. Айыл өкмөт башчысы жана айыл старостасы да демилгеге колдоосун билдирди. Адегенде уюштуруу маселелери чечилди. Ар бир үй кожолуктан 10 миң сомдон акча чогултулуп, ишке жөндөмдүү адамдар эл үчүн акы албай иштеп берүү ниетин билдиришти. Айылдагы үч кожолуктун колу жука болгондуктан алар ай сайын төлөнчү акыдан бошотулду. Бирок өз каалоосу менен 25 миң сомдон берген үй кожолуктар да болду – бул эки кожолуктун балдары учурда чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Көчөнүн дагы бир тургуну 50 миң сом берди. Жалпысынан жашоочулар 490 миң сом чогултуп, эмгек салымы 200 миң сомго бааланды. Демилгени ишке ашырууда гендердик баланс сакталды – демилгелүү топтун үч мүчөсү аялдар болду. Долбоорду ишке ашырууда аялдар өтө чоң ролду ойношту. Акча каражаттарын чогултууда, сарптоодо, кызматкерлерге ысык тамак даярдоодо аялдардын жардамы баа жеткис болду. Аялдар мына ушундай демилгелүү болбогондо, бул башталган иштер соңуна чыкмак эмес деп ишенимдүү айтса болот.

Жыйынтыгы кандай болду?

Натыйжада көчөлөрдүн тазалыгына көзөмөл орнотулду, жашылдандырылды, тротуарлар көрктөндүрүлгөндүктөн жолдордо коопсуздук бир кыйла жогорулады. Жол боюндагы арыктар казылып, бетондолду. Эми зарыл көлөмдөгү суу арык системасына келип, сугат үчүн уруш-талаштарга чекит койду. Таза суу үйлөргө жаңы трубалар аркылуу келип, көптөр суу жылыткыч жабдууларды үйүнө орнотуп алышты. Эми тургундардын үйүндө муздак суу гана эмес, ошондой эле ысык суу да чыгып калды. Мунун натыйжасында аялдардын үйдөгү түйшүгү да бир кыйла жеңилдеди. Ошондой эле таштанды төгүү маселеси да чечилди. Бул үчүн темир контейнерлер орнотулмакчы. Ошондой эле кечкисин көчөлөргө жарык берүү маселеси да чечилди. Айыл өкмөт башчысы биргелешкен иштердин жыйынтыгы боюнча айыл эли менен чогулуш өткөрүп жатып, эгерде тургундар ынтымактуу болсо, жылдар бою чечилбей келген көптөгөн көйгөйлөрдү өтө кыска убакыт ичинде чечсе болоорун белгиледи. Бул демилгени уланата бериш керек, башка көчөлөрдө, башка айылдарда да ушул тажрыйбаны жайылтуу зарыл деген пикирлер айтылды. Ал эми мындай демилгелерди ишке ашыргандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана калк дайыма байланышта болуп, бирибирин колдоп, көйгөйлүү маселелерди чогуу чече алышы керек. Бул демилгенин мисалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү калктын көйгөйлөрүнө, айыл ичиндеги маселелерге көбүрөөк көңүл бурушу керектиги белгилүү болду. Элеттиктердин көйгөйлөрүн чечүү жолдору ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жардам менен да табылды. Долбоор назарды жергиликтүү калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара байланышына бургандыктан, жашоо шарттары бир кыйла жакшырды. Ал арада калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы мамилелер оңолуп, өз ара жардам берүү, ишеним артуу, ачык болуу өңдүү белгилер пайда болду. Турмуш шартты оңдоо боюнча сунуштар жана пикирлер туура жана өз убагында кабыл алына баштады.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылдык аймагы Бердали КОНУРБАЕВ