Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ Союзу байланышта

2019-01-27 / ЖӨБ Союзу байланышта

Кайсы нормалар жана мыйзамдар менен ЖӨБ органы ТСКАКБдын балансындагы инфраструктураны өзүнүн балансына которо алат? “ЖӨБ жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык калкты ичүүчү суу менен жабдуу жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына кирет. Ошону менен бирге аталган Мыйзамдын 19-беренесине ылайык, “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну берилип жаткан жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышынын каражаттарын же каржылоо булактарын бир убакта аныктоо жана өткөрүп берүү менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу”. “Ичүүчү суу жөнүндө” КР Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, айыл жерлеринде чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын (суу түтүктөрүн, курулуштарын) пайдалануу менчик (суу түтүктөрүнүн, курулуштарынын) ээси менен түзүлгөн келишим боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №59 “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” Токтому менен балансында айылды суу менен камсыздоо объектилери бар таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерине аларды белгиленген тартипте өз балансынан айылдык округдардын айыл өкмөттөрүнө балансына акысыз өткөрүп берүү сунушталсын деп каралган. Согласно статье 1 этого же закона, хозяйственно-питьевое водоснабжение – это деятельность соответствующих предприятий и организаций, направленная на обеспечение потребностей людей в воде для хозяйственно-питьевых и коммунально-бытовых целей. Бул токтомдо айылды суу менен камсыздоо системалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигине өткөрүп берилген учурдан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин башкаруусуна өткөрүп берери белгиленсин деп көрсөтүлгөн. Айылды суу менен камсыздоо системалары айыл өкмөттүн балансында болот, айыл өкмөтү анын ээси, ал эми ТСКАКБ башкарууну жүзөгө ашырат. ТСКАКБга башкарууну өткөрүп берүү макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.

  • Муниципалдык ишкананын директору жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаты муниципалдык ишкананын директору боло алабы?

“Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесине ылайык, “депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкына кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт”.

  • Бала бакча үчүн мектепке караштуу жер участогун бөлүп берүү жөнүндө

Бала бакча куруу максатында мектептин аймагынан жер тилкесин кантип бөлүп алса болот?

Эгерде мектеп муниципалдык мекеме болсо, КР Жер кодексине ылайык, ал жайгашкан жер участогу да муниципалдык менчикке кирет. Муниципалдык бала бакча курууга тыюу салынган эмес. Жер жалпы жоболордун негизинде бөлүнөт. Ошону менен бирге мамлекеттик талаптарга ылайык, мектептерде стадиондор болууга тийиш. Стадиондун аймагында бала бакчаны куруу мыйзамсыз болот. Мындан тышкары жеке бала бакчанын курулушу үчүн жер бөлүп берүү “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга каршы келет, себеби окуу жайларынын имараттары (жерлери) менчиктештирилбейт жана сатууга жатпайт.

  • Жергиликтүү кеңештер үчүн сот приставдары жөнүндө 

Аймактык сот приставдар бөлүмүн сот приставы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты боло алабы?

Сот приставдары жөнүндө мыйзамга ылайык, пристав мамлекеттик кызматчы болуп саналат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесине ылайык, депутат башка аймактагы мамлекеттик кызматта иштесе, жергиликтүү кеңештин депутаты боло алат.

Окшош материалы: