Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мектеп бюджеттери тууралуу коомдук угуулар

2012-03-30 / ӨСИ жаңылыктары

2012-жылдын 16-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ленин айылдык аймагында «Мектеп бюджети: мектеп турмушунда ата-энелердин ролу» деген аталышта эки коомдук угуу болуп өттү

2012-жылдын 16-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ленин айылдык аймагында «Мектеп бюджети: мектеп турмушунда ата-энелердин ролу» деген аталышта эки коомдук угуу болуп өттү:

• Түшкө чейин Ленин айылындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде,

• Түштөн кийин Жыгач-Коргон айылындагы А.Тажибаев атындагы орто мектебинде.

Угуулардын даярдыктары жана өткөрүлүшү тууралуу «Муниципалитет» журналынын апрель айындагы чыгарылышынан окуй аласыздар.

2012-жылдын 18-мартында 70 адамдын катышуусунда «Мектеп бюджети – ачык-айкын бюджет. Мектептин турмушунда ата-энелердин ролу» деген аталышта коомдук угуу өткөрүлдү. Угуу Ысык-Көл облусунун Төрт-Күл айылдык аймагына караштуу Темир-Канат айылынын К.Тилеков атындагы орто мектебинде өткөрүлүп, ал угууларды өткөрүү демилгеси мектептин мугалимдер жамааты тарабынан «Бюджеттин ачыктыгы жана ал процесске коомчулуктун тартылуусу» деген аталыштагы тажрыйба алмашуу сапары менен семинар-тренингдин натыйжаларына негизделген. Иш сапардын жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу журналдын ушул чыгарылышында «Мектеп бюджети боюнча коомдук угуулар – талаш-тартыштардын жана жаңжалдардын алдын алуу механизми» деген макаладан кененирээк тааныша аласыздар.