Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялдын саясий тагдыры жергиликтүү өз алдынча башкарууда

2021-06-01 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Аялдын саясий тагдыры жергиликтүү өз алдынча башкарууда

Жергиликтүү кеңештерде бир жыныстагы адамдар үчүн 30% квота орнотуу менен аялдар үчүн жаңы “мүмкүнчүлүктөр коридорун” түзгөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо биринчи жолу 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн.

Өнүктүрүү саясат институту “Аялдардын жергиликтүү шайлоолорго катышуусун жана алардын алдыдагы жергиликтүү шайлоолорго тартылуусун кеңейтүү боюнча маалыматтык өнөктүктү өткөрүү”[1]  Долбоорунун алкагында ар кандай аспаптарды жана маалымат каналдарын тартып, Кыргыз Республикасынын дээрлик жарым миллиондой жаранын камтыган ири маалымат кампаниясын өткөрдү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин ошол кезде иштеп жаткан аял депутаттар жана активисттер менен жеке жолугушуулары маалымат берүүнүн натыйжалуу аспаптарынын бири болду. Бул жолугушууларды даярдоодо ӨСИнин өнөктөшү “Сокино” компаниясынын командасы жергиликтүү өз алдынча башкарууда аялдардын саясий тагдыры жөнүндө видео-окуяларды жаздырышкан. Бул тасмада аял депутаттар кандай кыйынчылыктарга туш болгону жана өз милдетин аткарып жатканда эмнелерге жетише алганы баяндалат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлигин коюуга ниеттенген аялдарды жигердүү колдоо менен, Өнүктүрүү саясат институту аялдардын саясий жактан өсүшүндө ийгиликтин фактору эмне болуп, эмне тоскоолдуктар болуп жаткандыгы жөнүндө кызыктуу байкоолорду жана баштапкы корутундуларды жасоого мүмкүнчүлүк алды. Ийгилик факторлорунун баштапкы топтому төмөнкүчө:

  • аялдын курагы анын жергиликтүү шайлоого катышуусуна тоскоол болбойт
  • шайлоодогу жеңиш шайлоо өнөктүгүндөгү активдүүлүк менен эле эмес, буга чейин көрсөтүлгөн лидерлик сапаттар менен, айылдагы кадыр-барк менен камсыздалат
  • аялдарды коррупцияга азыраак айыпташат
  • көпчүлүк адамдар аялдар эркектерге караганда жүйөлүү убадаларды беришет деп эсептешет
  • аял талапкер үчүн жубайынын, балдарынын жана жакын туугандарынын колдоосу өтө маанилүү.

Ошол эле учурда ийгилик факторлорунун көпчүлүгү кош учтуу курал мүнөзүнө ээ экендигин белгилей кетүү маанилүү – алар аялга жергиликтүү кеңештин депутаты болууга жардам бергендей эле, тоскоолдукту да жаратат. Тоскоолдуктар кыйла түз жана алардын баштапкы тизмеси төмөнкүчө түзүлгөн:

  • жергиликтүү саясаттагы аялдардын ролун коомчулук тарабынан четке кагуу дагы деле кеңири жайылган көрүнүш бойдон кала берүүдө, бирок депутат аялдарга колдоону жок кыла албайт;
  • аялдардын шайлоого катышуу үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү азыраак;
  • аялдарга “кантип депутат болуш керек?” (шайлоо өнөктүгү) жана “КАНДАЙ депутат болуш керек?” дегенге байланыштуу маалыматы азыраак;
  • эркектерде шайлоочулар менен бейрасмий баарлашуу мүмкүнчүлүктөрү, эс алуу үчүн жайлар жана коомдук мейкиндиктер кыйла кеңейтилип, шайлоочуларга жетүү жана аларды ишендирүү мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк.

“Муниципалитет” журналы бул баштапкы тыянактар ​​гана экендигин жана алардын толук жана кеңири сүрөттөлүшү журналдын кийинки санында берилерин белгилейт.

Активист аялдардын окуяларын 2021-жылы жергиликтүү шайлоого аялдардын катышуусун жогорулатуу боюнча маалымат кампаниясынын алкагында “Сокино” тартып алган жана Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА редакциялап чыкты. Окуялар www.myktyaimak.gov.kg дареги боюнча ЖӨБдүн Мыкты тажрыйба порталында жайгашкан

Бардык суроолор боюнча office@dpi.kg электрондук дарегине кайрылыңыз.

_________________


[1] Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы ишке ашырган шайлоону колдоо программасынын гранты

 

 

Окшош материалы: