Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Депутат Жыргал ЖУСУПБЕКОВА: “Кээде депутаттык иш ыйлаганга чейин жеткирет, бирок мен ишимди уланта берем”

2021-06-01 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Депутат Жыргал ЖУСУПБЕКОВА: “Кээде депутаттык иш ыйлаганга чейин жеткирет, бирок мен ишимди уланта берем”

Активист аялдардын окуяларын 2021-жылы жергиликтүү шайлоого аялдардын катышуусун жогорулатуу боюнча маалымат кампаниясынын алкагында “Сокино” тартып алган жана Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА редакциялап чыкты. Окуялар ww.myktyaimak.gov.kg дареги боюнча ЖӨБдүн Мыкты тажрыйба порталында жайгашкан. Бардык суроолор боюнча office@dpi.kg электрондук дарегине кайрылыңыз.

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Жыргал ЖУСУПБЕКОВА, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылынын тургуну, 2016-жылы жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Ал аялдардын жана балдардын биринчи кезектеги маселелерин чечүүгө аракет кылып жатып, бир топ кыйынчылыктарга туш болгон: “Жергиликтүү бюджеттин бөлүштүрүлүшү жөнүндө сөз болгондо, эркектердин пикири, алардын позициясы басымдуулук кылат, аялдардын муктаждыктары экинчи планга жылып калат. Жолду оңдоо, трактор сатып алуу өңдүү маселелер чечилиши керек болуп чыга келет (эркектердин көбүндө машине бар болгон үчүн бул маселелер биринчи катарда турганы түшүнүктүү да). Бирок клубга же мектепке келгенде эле акча калбай калат... Кошуна кеңештин ишине көз салып отуруп, арданып да кетесиң, анткени ал жакта бир нече аял депутаттар көптөгөн социалдык жана гендердик маселелерди коргоого жетише алышкан. Ал эми биздин кеңеште мен жалгыз депутат аял болчумун... Үгүт айылындагы мектеп 1973-жылы курулган, дааратканасы көчөдө, ал өтө оор абалда эле. Кышында ушул жагымсыз жайга жетүү үчүн кезекте тоңуп калууга мажбур элек, бирок башка айлабыз да жок эле... Мен кесиптеш депутаттардан даараткананы калыбына келтирүүгө каражат бөлүп берүүнү суранып, бирок көпкө чейин колдоо таппай жүрдүм. Айтканга да ооз барбайт, бирок ал тургай ыйлаганга да жетти, алардын мени укпаганын түшүнүү ушунчалык кыйын болду”.

Эмнелер жасалды?

Жергиликтүү кеңеште иштеп жүргөндө Жыргал эркек кесиптештерин акыры ынандыра алды. Көндүрүп сүйлөп, кээде ыйлап отуруп, акыры максатына жетти – жергиликтүү бийлик бала бакчаны жана мектепти оңдой баштады.

Жыйынтык

“Менин чакырылышымдын мөөнөтү аяктап жатат, соңку жыйынтыкты көрө элекмин, бирок материалдар сатылып алынды, мектепте жумуштар башталды. Дааратканага байланыштуу кырдаал өзгөрүп, кийинки кышта мугалимдер жана окуучулар эми мындай кыйналбайт деп ишенем. Ошондой эле бала бакчаны иретке келтирип, мектепке чейинки билим берүү шарттарын да оңдой алдык. Бош убакытты пайдалуу уюштуруу жана жолугушууларды өткөрүү үчүн шарттарды түзүү максатында клубду оңдоп-түзөш керек, - деп пландары менен бөлүштү Жыргал. - Оңдолгон даараткана, таза мектеп окуучулар менен мугалимдердин, айрыкча аялдардын жана кыздардын арасында ооругандардын санын азайтууга мүмкүндүк берет. Бул окуу жетишкендиктерине оң таасирин тийгизип, кыздарга өнүгүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериши керек. Ошондой эле Үгүт жергиликтүү кеңешиндеги эркектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарын гендердик жактан бөлүштүрүүнү жактаган жүйөлөргө көбүрөөк кулак сала баштаганы да абдан маанилүү”.

Каталар жана алынган сабактар

Жыргал ЖУСУПБЕКОВА жергиликтүү кеңеште аял-депутаттар көп болушу керек деп ишенет: “Жергиликтүү бюджеттин бөлүштүрүлүшү жөнүндө сөз болгондо, эркектердин пикири, алардын позициясы басымдуулук кылат, аялдардын муктаждыктары экинчи планга жылып калат. Жолду оңдоо, трактор сатып алуу өңдүү маселелер чечилиши керек болуп чыга келет (эркектердин көбүндө машине бар болгон үчүн бул маселелер биринчи катарда турганы түшүнүктүү да). Бирок клубга же мектепке келгенде эле акча калбай калат... Кошуна кеңештин ишине көз салып отуруп, арданып да кетесиң, анткени ал жакта бир нече аял депутаттар көптөгөн социалдык жана гендердик маселелерди коргоого жетише алышкан. Ал эми биздин кеңеште мен жалгыз депутат аял болчумун, пикириң эске алынышына жетишүү оор болгон... Бирок акыркы төрт жыл ичинде мен депутаттын ролун жакшы аткардым деп ойлойм, эгер эл колдоп берсе, депутаттыкка талапкерлигимди кайрадан көрсөтөм!”.

 

Окшош материалы: