Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Депутат Лаззат ТАБАЛДЫ кызы: “Аялдар мамлекеттин колдоосунан пайдаланып, жергиликтүү шайлоого тайманбастык менен катышуусу керек”

2021-06-01 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Депутат Лаззат ТАБАЛДЫ кызы: “Аялдар мамлекеттин колдоосунан пайдаланып, жергиликтүү шайлоого тайманбастык менен катышуусу керек”

Активист аялдардын окуяларын 2021-жылы жергиликтүү шайлоого аялдардын катышуусун жогорулатуу боюнча маалымат кампаниясынын алкагында “Сокино” тартып алган жана Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА редакциялап чыкты. Окуялар ww.myktyaimak.gov.kg дареги боюнча ЖӨБдүн Мыкты тажрыйба порталында жайгашкан. Бардык суроолор боюнча office@dpi.kg электрондук дарегине кайрылыңыз.

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Лаззат ТАБАЛДЫ кызы Сары-Көө айыл аймагынын Жекен айылында жашайт жана мектепте иштейт. Лаззат экинчи аракет менен жергиликтүү кеңештин депутаты болду – ал шайлоодон кийин дароо кеңешке кирген эмес, бирок кийинчерээк ал мандатын тапшырган эркектин ордуна депутат болду. Баса, мындай кырдаал Кыргызстанда өтө сейрек кездешет, адатта, тескерисинче болот: 2016-жылы жергиликтүү депутаттардын иш жүзүндө ансыз да аз аялдардын үлүшү мандаттар эркек депутаттарга берилишинен улам абдан азайып кеткен. Лаззат калыптанып калган эскичил көз караш жана аялдардын өзүнө болгон ишенимдин жоктугу аялдар үчүн жергиликтүү саясатка жигердүү катышуусуна негизги тоскоолдук болуп жатат деп эсептейт: “Мага элдер менен иштөө, биримдикке, жалпы жумушка чакыруу жагат. Эркектер: “Сен эмне кыла аласың? Эмнеге мектебиңде эле отура бербейсиң?” дешет. Бул сөздөр мени башында сүрдөтөр эле, бирок мен депутат болуп, көптөгөн пайдалуу иштерди жасай алаарымды сездим. Мен өзүм үчүн активдүү үгүт иштерин жүргүзгөн жокмун, бирок өз талапкерлигимди сунуштап, маалымат таркаттым. Анан мага эл өзү добуш берди. Менин үй-бүлөмдүн, мугалимдер жамаатынын жана көптөгөн айылдаштарымдын колдоосу мага кайрат болуп берди”.

Эмнелер жасалды?

Жергиликтүү кеңеште Лаззат бюджеттик комиссиянын мүчөсү болгон, айыл аймагынын бюджетин түзүүгө жана талкуулоого катышкан, мүмкүн болушунча ар бир иш-чарага катышууга аракет кылган, анткени ал эмне үчүн кеңешке келгендигин жакшы баамдап турган, жердештеринин алдында жоопкерчиликти сезген.

Жыйынтык

Лаззаттын айтымында, аялдар экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө эркектерден кем калышпайт. Эреже боюнча, аялдар үй-бүлөлүк бюджетти жакшы башкарышат, бул аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетин башкарууга оңой эле натыйжалуулук менен катышууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок аялдар социалдык өнүгүүдө өзгөчө маанилүү ролду ойношот: “Биз муниципалдык мекемелерге, мектептерге жана бала бакчаларга көбүрөөк көңүл бурууга аракет кылдык. Ошондой эле COVID-19 жайылышын токтотуу максатында киргизилген карантин учурунда социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө жардам бердик”. Административдик чөйрөдө Лаззат жерди башкаруу ишин ирээтке келтирүүгө умтулат: “Азыркы учурда эң чоң көйгөй – бир үйдө үч үй-бүлө жашаган учурлар бар, жеке турак жай куруу үчүн жер бөлүп берүү маселеси өтө курч турат, бул маселени чукул арада чечиш керек”.

Каталар жана алынган сабактар

Жергиликтүү кеңеште Лаззат – эки аял депутаттын бири, калган тогузу эркек. Лаззаттын айтымында, мындай көрүнүштү өзгөртүү керек: “Социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бюджетти бөлүштүрүүгө келгенде, кеңеште аялдар көбүрөөк болсо жакшы болмок. Эркек көрбөгөн нерсени аял байкайт. Жаңы мыйзамдар аялдарга 30% квота бергени абдан жакшы болду. Бирок аялдарда кооптонуу бар – шайлоо таза өтөбү? Көпчүлүк учурда аялдар жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтпөйт, анткени алар колдоо таппай калам деп коркушат. Аялдар мамлекеттин колдоосунан пайдаланып, шайлоого тайманбастык менен катышуусу керек. Келечек муунубуз бизди көрүп чоңоёт, ошондуктан ак ниет, чынчыл жана калыс иш алып барсак, айылдагы көптөгөн көйгөйлөр чечилет”.

Окшош материалы: