Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Анара КУЛЖАБАЕВА: “Аялдар эркектердин колунан келгенди жасай албайт” деген туура эмес көз караштан арылууга кез келди”

2021-06-01 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Анара КУЛЖАБАЕВА: “Аялдар эркектердин колунан келгенди жасай албайт” деген туура эмес көз караштан арылууга кез келди”

Активист аялдардын окуяларын 2021-жылы жергиликтүү шайлоого аялдардын катышуусун жогорулатуу боюнча маалымат кампаниясынын алкагында “Сокино” тартып алган жана Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА редакциялап чыкты. Окуялар ww.myktyaimak.gov.kg дареги боюнча ЖӨБдүн Мыкты тажрыйба порталында жайгашкан. Бардык суроолор боюнча office@dpi.kg электрондук дарегине кайрылыңыз.

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Анара КУЛЖАБАЕВА 2006-жылдан бери Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп иштейт. Анара эл арасында кадыр-баркка жетиш үчүн айланасындагы адамдардын да, өзүнүн да күмөн саноосун жана ишенбестигин жеңүүгө аргасыз болгон: “Албетте, үй-бүлөмө – күйөөмө, эки уулума жана кызыма мага эмне үчүн нервдин баарын короткон мындай иш керектигин, үй-бүлөм кыйналып калбай тургандай бул ишти аркалап кете аламбы же жокпу – ушуну түшүндүрүп берүү абдан кыйын болду. Аларга айыл өкмөтүнүн башчысы болуу ниетимди айтсам, балдар: “Апа, сиз эмне кыла аласыз? Айыл өкмөт башчысы болуу кыйын, алты айылды башкаруу керек, ал жакта көп жумуш, жоопкерчилик, түйшүк бар”, - дешти. Башка туугандарыма дагы бул ниетим жаккан жок: “Аял киши ушул ишти жасай алмак беле?” дешти. Бирок жолдошум мени колдоп, мен кызматка талапкерлигимди көрсөтүүнү чечтим. Мен өз талапкерлигимди койгондо, бардыгы таң калышты, “Бул эркектин иши, ал эми аялдар жетекчи болуп иштей албайт” деген стереотипке туш болдум. Бирок жетекчи кызмат ордуна талапкерлерди талкуулоо учурунда мен башка 15 талапкердин арасынан 5-орунду ээледим. Бул башталышы гана болду – коомдук саясатка тайманбас кадам таштагандан кийин, алар мени Олимпиадага катышкан спортчулардай эле тааный башташты. Кийин айыл өкмөт башчысынын орун басары болуп, социалдык маселелерди чечүүнү колго алдым”.

Эмнелер жасалды?

Анаранын машинеси да, такси жалдоого мүмкүнчүлүгү да жок болчу, жумушка жөө барып келчү, бул аны кыйынчылыктардан коркпоого үйрөттү: “Мен үчүн кыйын болгон жок, мен тартынган жокмун. Мен тез арада социалдык чөйрөдө көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерге жете баштадым. Анан буга чейин жергиликтүү саясатка аралашканыма каршы болгон туугандарым: “Биз сени айыл өкмөттүн башчысы кылып шайлашыбыз керек эле, көрсө сенин колуңдан көп нерсе келет экен, кабатыр болбо, эмкиде биз сени шайлайбыз” деп айтышты. Адам эч качан тагдырга, коомго жана өзүнүн үй-бүлөсүнө таарынбашы керек деп эсептейм. Жөн гана иштей бериш керек. Мен социалдык өнүгүү менен гана чектелбестен, кызмат көрсөтүү менен да алектенем. Мисалы, Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу менен Тогуз-Торо районуна барып, ал жерде муниципалдык ишкана түзүү тажрыйбасын үйрөндүк. Керектүү билимдерди алып, 2019-жылы Жаңы-Жолдо таштандыларды чогултуу жана чыгаруу маселелерин чечүү үчүн муниципалдык ишкананы ачууга жетиштик.

Жыйынтык

Бул кызмат көрсөтүүнүн экономикалык эффективдүүлүгү – кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджет эмес, кызматты пайдаланган жашоочулар төлөшөт. Социалдык жактан алганда, Анара КУЛЖАБАЕВА кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун татаал маселелерин чечүүдө өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, айылдагы аялдардын кадыр-баркын көтөрө алганы маанилүү. Административдик эффектти дагы көбөйтүш керек, бирок катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып кетүү кызмат көрсөтүүсү муниципалдык ишкана тарабынан көрсөтүлгөндүктөн туруктуу болуп калганы айдан ачык.

Каталар жана алынган сабактар

Анара КУЛЖБАЕВА адегенде элди коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө көндүрүү абдан кыйын болгонун, ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө кыйын болгонун мойнуна алат. Бирок бара-бара, салык органдарынын жана айыл аксакалдарынын жардамы менен, катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып кетүү үчүн акча төлөп берүү керектигине элди ишендирүүгө мүмкүн болду, эми төлөмдөр өз убагында алынат, таштанды айына эки жолу чыгарылат. Жалпысынан алганда, Анара аялдар айылдын өнүгүшүнө азыркы учурда байкалгандан дагы чоң салымын кошо алат деп ишенет: “Мен аялдардын жергиликтүү шайлоого катышуусун күчөтүү идеясын колдойм. Бул тарыхый, саясий кызыкчылык жана зарылчылык. Аялдар эркектердин колунан келгенди жасай албайт деген стереотиптер, коомдук аң-сезимден арылууга мезгил келди. Аялдар ишке келгенде абдан жоопкерчиликтүү болушат, ошондуктан мен аялдардын жергиликтүү кеңештерге көбүрөөк киришин колдойм”.

Окшош материалы: