Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Депутат Элеонора СЫЙДАНОВА: “Аял – очоктун куту, ошол эле маалда аял өз айылын коргоп, өнүктүрүү жолун да билет”

2021-06-01 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Депутат Элеонора СЫЙДАНОВА: “Аял – очоктун куту, ошол эле маалда аял өз айылын коргоп, өнүктүрүү жолун да билет”

Активист аялдардын окуяларын 2021-жылы жергиликтүү шайлоого аялдардын катышуусун жогорулатуу боюнча маалымат кампаниясынын алкагында “Сокино” тартып алган жана Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА редакциялап чыкты. Окуялар ww.myktyaimak.gov.kg дареги боюнча ЖӨБдүн Мыкты тажрыйба порталында жайгашкан. Бардык суроолор боюнча office@dpi.kg электрондук дарегине кайрылыңыз.

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

42 жаштагы Элеонора СЫЙДАНОВА 2016-жылдан бери Беловодск айылдык кеңешинин депутаты катары өз жамаатына жардам берип келатат. Элеонора айылдын жашоосуна жигердүү аралашып, жергиликтүү калк менен тыгыз иштешкендин натыйжасында депутат болуп отурат: “Айылдыктар өздөрү мага депутат болууну сунушташып, талапкерлигимди коюуга көндүрүп, “сени колдойбуз” деп убада беришти. Чындыгында, мен шайлоого аттанганда, алардын колдоосун сездим. Шайлоого бир нече аял талапкер катышты, бирок кеңештин курамына мен гана кирдим – ушул чакырылышта мен 31 депутаттын курамында жалгыз аял болдум. Депутат аялдын өз милдетин аткаруу процессиндеги эң чоң кыйынчылыгы – аялды эркек кесиптештери кабыл албайт. Алар бул жөнүндө түз айтышпайт, бирок менин депутат катары ишиме карата сактык менен мамиле жасашарын сезем. Бирок, убакыттын өтүшү менен, сиз жанаша иштеп, жыйынтыктарга чогуу жетишкенде, бул чек жоголуп, сактык мамиле ишенимге жана өз ара сый-урматка өтүп калат”.

Эмнелер жасалды?

Элеонора жергиликтүү кеңештин депутаты катары шайлоочулардын тапшырмаларын аткарууга чоң маани берет, жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү процессинде айылдаштарынын пикирин болушунча кылдаттык менен эске алууга аракет кылат. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттер маанилүү артыкчылык болуп саналат: “Биздин райондогу 12 айылдык аймактын ар биринде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттерди түзүүгө жетиштик. Бул комитеттер үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жигердүү иш алып барышат”.

Жыйынтык

Элеонора аял очоктун куту жана жергиликтүү бюджеттин башкаруучусу катары өзүнүн бардык ролдорун оңой эле аткара аларына толук ишенет. Ошол эле учурда аял үй-бүлөнүн жана коомдун экономикалык жактан жигердүү мүчөсүнүн ролун ийгиликтүү аткарат. Элеонора үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу комитетинин ишине депутат катары аралашуу менен көптөгөн үй-бүлөлөрдөгү маанайды жакшы жагына өзгөртүп, социалдык олуттуу таасирин тийгизди. Административдик мааниде алганда, Элеонора ишине берилгендикти жана шайлоочулардын тапшырмаларына өзгөчө көңүл бурууну депутаттын маанилүү сапаты деп билет.

Каталар жана алынган сабактар

Элеонора СЫЙДАНОВА аялды чечим кабыл алуу процессине тартууда негизги тоскоолдук катары анын коркуу сезими деп эсептейт: “Аялдар коркушат. Коркууга себеп болбосо деле корко беришет. Биз билим алып, өзүбүздө ишенимди пайда кылып, зарыл болсо аймактык шайлоо комиссияларына кайрылышыбыз керек, эгерде ал да жардам бербесе, анда шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссияга кайрылууга тийишпиз. Бирок шайлоодо жеңишке жетүү үчүн кайраттуулук гана жетишсиз. Өз айылыңда кадыр-баркка ээ болуп, айылдаштардын сый-урматына жетүү зарыл, алар ишиңиздин жыйынтыгын көргүдөй болушсун. Ошондо алар же өздөрү сизге депутат болууну сунушташат, же шайлоодо сиздин талапкерлигиңизди колдошот. Азыр аялдар үчүн 30% квота жөнүндө мыйзам кабыл алынды, биз бул мүмкүнчүлүктү ишенимдүү пайдаланып, үй-бүлөбүзгө гана эмес, айылыбызга, мамлекетибизге пайда алып келишибиз керек”.

 

Окшош материалы: