Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик сатып алуулардын татаал процедураларын бардыгына түшүнүктүү тилге кантип “которууга” болот? USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун тажрыйбасы

2021-05-21 / Муниципалдык менчик
Мамлекеттик сатып алуулардын татаал процедураларын бардыгына түшүнүктүү тилге кантип “которууга” болот? USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун тажрыйбасы

Сайнагүл АБДЫМОМУНОВА, мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперт

Тарыхы

Ар бир мамлекеттин бюджетинин олуттуу бөлүгү товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жумшалат, жана мындай тажрыйба Кыргыз Республикасында да колдонулат. Алсак, жыл сайын республикалык бюджеттин 40%га жакыны мамлекеттик сатып алууларга сарпталат. Демек, натыйжалуу сатып алууларды өткөрүү, жеткирүүчүлөрдүн ортосунда атаандаштыкты кеңейтүү, тооруктарга бардык каалоочуларды тартуу жана мамлекеттик каражаттарды башкарган адамдар кызматын кыянаттык менен пайдалануусунан укуктук коргоону кепилдөө менен олуттуу көлөмдөгү мамлекеттик каражаттарды үнөмдөөгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар системасын жөнгө салуучу мыйзамды жаңыртуу ченемдик-укуктук актыларды жана аларды колдонуунун тажрыйбасын кылдаттык менен изилдеп чыгууну талап кылат, анткени мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам муниципалдык уюмдарга, мамлекеттик уюмдарга, ошондой эле мамлекеттин 50%дан ашык үлүшү бар акционердик коомдорго карата колдонулат1.

Кыргыз Республикасындагы бардык мамлекеттик сатып алуулар 2015-жылдан баштап, мамлекеттик сатып алуулар порталында http://zakupki.gov.kg электрондук формада өткөрүлөт. Дүйнөлүк тажрыйба конкурстук процедураларды колдонуу мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу мүмкүнчүлүгүн берерин тастыктайт, ошол себептен биздин мамлекетте каражаттарды натыйжалуу сарптоону камсыз кылуу максатында, мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн конкурстук тутуму киргизилген. Ал эми Кыргызстанда бюджеттик тартыштык орун алгандыгына байланыштуу, бул маселе өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Мындан тышкары, коррупциялык аракеттерге бөгөт коюу зарылдыгы актуалдуу бойдон калууда. Андыктан, биздин өлкөдө конкурстук тутумду киргизүүнүн зарылдыгы анык. 

Көпчүлүк эл аралык уюмдар мамлекеттик уюмдарга, анын ичинде ЖӨБ органдарына, башкарууну жакшыртууга, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү процесстерге ар тараптуу жардам берип келишет. Укуктук база, анын ичинде “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана бир катар ченемдик укуктук актылар, теориялык жактан конкурстук жана ачык-айкын сатып алуулар үчүн сапаттуу шарттарды түзөт. Анткен менен, бул ченемдик-укуктук актыларды аткаруу иши жакшыртууну талап кылат. ЖӨБ органдарында сатып алуулар процесси начар уюштурулган, кызматкерлер сатып алууларды натыйжалуу жүргүзүү үчүн жетиштүү билимге жана тажрыйбага ээ эмес. Кыргызстанда ЖӨБ органдары үчүн кадрлардын алмашымдуулугу, анын ичинде сатып алуулар боюнча адис-кызматкерлердин тез-тез алмашуусу чоң көйгөй болуп саналат. Натыйжада, ЖӨБ органдарына Финансы министрлигинин Окуу борборунда жаңы адистерди кайрадан окутууга туура келет, мамлекеттик сатып алуулар процедуралары боюнча билимди иш жүзүндө өздөштүрүү жана колдонуу үчүн убакыт талап кылынат. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуу курсу 5 күнгө гана созулуп, көптөгөн маалыматтарды камтыйт. ЖӨБ органдарынын көпчүлүк өкүлдөрү үчүн аны өздөштүрүү кыйын, натыйжада кийин сатып алууларды иш жүзүндө өткөрүүдө кыйынчылыктар жаралат. Көпчүлүк учурда, сатып алуулар процедуралардын баштапкы этабында начар пландаштырылат, ыкмалар туура эмес тандалып алынат, техникалык талаптар жана спецификациялар начар түзүлөт, бул сатып алуу процедураларынын бузулушуна, ошондой эле кээде администрациялык жана жазык жоопкерчилигине алып келет. Ошондой эле, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга дайыма өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип турарын белгилей кетүү керек, ЖӨБ органдарынын кызматкерлери мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү ар дайым көзөмөлдөп, иш жүзүндө колдонуп турушу зарыл. 

Кандай иштер жасалды?

2018-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде “Ийгиликтүү аймак” долбоору бардык 50 максаттуу муниципалитеттердин ЖӨБ органдарынын профилдик адистери үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча окууларды уюштурду. Мамлекеттик сатып алуулар процедураларына катышкан 178 адис окуудан өттү. Андан ары, долбоор тарабынан атайын тартылган консультант USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун бардык 16 өнөктөш бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрүп, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн конкурстарга катышуу боюнча консультацияларды берди.

Окутуунун алкагында угуучуларга акыркы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы бардык ченемдик укуктук актылар жөнүндө толук маалымат берилди. Өткөрүлгөн сатып алуулардын мисалдары каралды, ошондой эле тобокелдиктерди болтурбоо үчүн олуттуу жардам көрсөтүлдү. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун консультанты порталдын функционалына кенен токтолуп, мамлекеттик сатып алуулар порталында иш алып баруунун жолдорун үйрөттү. Окутуу иш-чараларынын катышуучуларына сатып алуулардын “жаман” тажрыйбасынын чыныгы мисалдары келтирилип, ошондой эле акыркы ченемдик укуктук актылардын толук пакети камтылган материалдар таратылды. Окутуудан кийин консультант электрондук почта аркылуу колдоо көрсөтүүнү улантты. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору менен кызматташуунун дагы бир ийгиликтүү натыйжасы катары – Жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча практикалык колдонмо иштелип чыгарылгандыгын айтууга болот. Колдонмо сатып алуучу уюмдардын да, потенциалдуу жеткирүүчүлөрдүн да колдонуусу үчүн ылайыкталган. Аталган Колдонмодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду эске алуу менен, мамлекеттик сатып алуулардын бардык жумушчу процедураларынын кыскача жана жеткиликтүү баяндамалары камтылган.

Эмне өзгөрдү?

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды тереңирээк түшүнүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда базалык жана кошумча курстардан өтүү максатка ылайыктуу. Ошого карабастан, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлгөн тренингдин катышуучулары алган билимдердин көлөмү дагы, сатып алуулар процедуралары жөнүндө түшүнүктөрдү кыйла жогорулатууга, курч суроолорго жооп алууга жана мамлекеттик сатып алуулар порталында иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болууга мүмкүнчүлүк берди. Мындан тышкары, катышуучулар башка муниципалитеттердеги өз кесиптештери менен тажрыйба алмашып, өз билимин кеңейте алышты. Ошол эле учурда, Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү боюнча практикалык колдонмо, өткөрүлүүчү конкурстардын эрежелерин ЖӨБ органдарында мамлекеттик сатып алуулар маселелери менен алектенген адистер үчүн түшүнүктүү кылууга мүмкүндүк берди. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун көмөгү менен иштелип чыккан колдонмо “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамын колдонууда ЖӨБ органдарынын тийиштүү адистери үчүн жакшы жардамчы болуп калды.

 
__________ 

1  «Жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү» практикалык колдонмосу