Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Санарип аймак” Автоматташтырылган маалыматтык системасындагы муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри: муниципалдык мүлктү натыйжалуу башкаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

2023-11-07 / Муниципалдык менчик

Гүлнара САЯКБАЕВА, ЖДКЖ Долбоорунун эксперти

Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору (мындан ары – ЖДКЖ долбоору1), пилоттук муниципалитеттер жана муниципалдык ишканалардын атынан кызмат көрсөтүүчүлөр менен иштеп жатып, бир көрүнүшкө туш болду: көптөгөн айыл өкмөттөрүндө муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри (мындан ары – ММБР) жок же болсо да, туура эмес түзүлүп келет. Реестрдин жоктугу муниципалдык башкарууда терс көрүнүштөрдөн кабар бериши мүмкүн: шалаакы мамиледен жана мүлктү натыйжасыз пайдалануудан баштап, шалаакылыкка жана коррупцияга чейин көрүнүштөр пайда болду.

Муниципалдык мүлк өзүнүн табияты боюнча кандайдыр бир киреше алып келүүгө тийиш, ал акчалай же финансылык эмес формада болушу мүмкүн, же болбосо ЖӨБ органынын иштеши үчүн шарт түзүшү керек. Мүлктүн жүгүртүлүшүн туура эсепке алуу менен ЖӨБ органынын алкагында чыныгы статистикасын, абалын жана ички дүң продуктуну көрүүгө болот. Мындан тышкары, муниципалдык мүлк натыйжалуу башкаруунун жана туруктуу кызмат көрсөтүүнүн өзөгүн түзөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болуу жана аны жүргүзүү милдети “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган. ММБРди берүү өтүнүчүнө жооп катары муниципалитеттер бухгалтердик балансты, кандайдыр бир кагаз реестрин, тизмени, чарбалык китептерден көчүрмөлөрдү көрсөтүшкөн. Муниципалдык мүлк боюнча бардык документтер жогоруда саналган материалдар менен эле чектелип калган, ошол эле маалда муниципалдык объектилердин жалпы дүң наркын баары эле айта алышкан эмес. Муниципалдык мүлктү жүгүртүү негизи эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көңүлүн бурган жана көзөмөлүндө турган предмет болгон эмес. Мындай жагдай ЖДКЖ Долбоорун башкаруу процесстерин оптималдаштыруу жана ММБРди түзүүдө муниципалитеттерди колдоо боюнча ишти баштоого түрттү.

Биринчи этабында ЖДКЖ Долбоору өнөктөш муниципалитеттерге техникалык жана консультациялык колдоо көрсөтүп, ММБРдин укуктук табиятын, аны түзүүнүн талаптарын жана тартибин, мүлктүн туура жүгүртүлүшүн, амортизациянын чегерилишин, кызмат өтөө жана жарактуулук мөөнөтүн, эсептен чыгаруунун шарттарын жана тартибин түшүндүрүп берди. Натыйжада сегиз пилоттук ЖӨБ органында мыйзамдардын, бухгалтердик эсептин жана статистиканын талаптарына жооп берген реестр түзүлдү (1-таблицаны караңыз).

ММБРди киргизгенден кийинки жыйынтыктарды көрүп, Масы АӨ башчысы айыл өкмөтүндө жаңы түзүмдү – Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментин түзүү тууралуу стратегиялык чечим кабыл алды. Кызыл-Суу АӨдө дыкат талдоо жасалып чыгып, жыйынтыгында муниципалдык мүлк муниципалдык ишканага гана эмес, айыл өкмөтүнүн бардык субъекттерине да бөлүштүрүлүп чыккан. Мүлктү реестр боюнча муниципалдык мекемелерге жана реестр боюнча башка жеткирүүчүлөргө өткөрүп берүү жарандык мыйзамдардын ченемдерине шайкеш келтирилүүгө тийиш. Ошондой эле көп убакыттан бери чечилбей келген жер жана мүлк маселелери да жөнгө салынды. Теплоключенка АӨдө объектилер, предметтердин түрлөрү жана типтери, негизги каражаттар боюнча деталдаштыруу менен муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу жүргүзүлгөн. Бул тажрыйба жергиликтүү деңгээлде ченемдик укуктук актыны – Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө жобону иштеп чыгууга себеп болду.

1-таблица. 2021-жылдан тарта 2023-жылга чейинки мезгил ичинде мыйзам талаптарына ылайык иштелип чыккан жана ММБРге кабыл алынган динамикасы

 

ММБРди санариптик форматка өткөрүүгө колдоо көрсөтүү иштин экинчи этабы болду. Бул демилгени Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги колдоого алды. Мамагенттиктин ЖДКЖ Долбоору менен кызматташтыгы натыйжада “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасынын (“Санарип аймак” АМТ) “Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри” модулун (ММБР модулу) иштеп чыгуу, ишке киргизүүнү уюштуруу жана киргизүү боюнча үч тараптуу макулдашууга айланды. Программалык камсыздоону Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” муниципалдык ишканасы даярдоодо.

Модулду иштеп чыгып, ишке киргизүү 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иш- чаралар планын ишке ашырууга көмөктөшөт. Бул план Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №2-т тескемеси менен бекитилген.

Жалпы күч-аракеттердин натыйжасында “Санарип аймак” АМТнын “ММБР” модулу иштелип чыгып, ыйгарым укуктуу органдын буйругуна ылайык өлкөнүн 14 айыл өкмөтүндө пилоттук режимде ийгиликтүү сыноодон өтүп жатат. Пилоттук режимде биринчилерден болуп “ММБР” модулун “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун пилоттук айыл өкмөттөрү ийгиликтүү ишке киргизишти. Алар: Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол АӨ жана Авлетим АӨ, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук АӨ жана Масы АӨ, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш АӨ.

“ММБР” модулу реалдуу убакыт режиминде Кыргыз Республикасынын ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык мүлкүнүн курамы жана түзүмү жөнүндө маалыматтарды чогултууну, сактоону, иштетүүнү жана берүүнү камсыз кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бизнес- процесстерин автоматташтырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу “ММБР” модулунун негизги багыты болуп саналат.

“Санарип аймак” АМТнын “ММБР” модулу муниципалдык менчик объекттерин эсепке алуу процесстерин, муниципалдык менчик объекттери боюнча маалымкаттарды, отчетторду жана башка документтерди түзүүгө жана берүүгө байланышкан процесстерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин сапатын жакшыртуу жолу менен жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу кызмат көрсөтүү боюнча процесстерди электрондук форматка өткөрүү жаатындагы милдеттерди аткарат.

“Санарип аймак” АМТнын “ММБР” модулу ошондой эле муниципалдык мүлктүн абалын талдоо үчүн МАЖӨБМАнын маалыматтык-анали- тикалык ишин автоматташтырууга мүмкүндүк берет; жалпы республиканын алкагында муниципалдык мүлк боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө жол ачат; муниципалдык мүлктү эсепке алуу процесстерине байланыштуу кабыл алынган башкаруу чечимдеринин ыкчамдуулугун жана сапатын жогорулатат, муниципалдык менчик объекттерин эсепке алуу боюнча функцияларды аткаруу үчүн талап кылынган убакытты, адамдык жана башка ресурстарды кыскартат.

Модулду сынап жаткан маалда ЖӨБ органдарында көптөгөн керектүү документтер жетишсиз экендиги аныкталды. Мисалы, мүлктү рублден сомго которуп, сапаттуу кайра баалоо жүргүзүлгөн эмес, натыйжада мүлктүн амортизациясы боюнча маалыматтар бурмаланып калган. Мүлктүн абалын эсепке алуунун жана баалоонун жоктугу өз убагында капиталдык ремонт жасалбаганына, максаттуу пайдаланылбаганына, амортизациялык саясаттын, талаптагыдай документтердин жоктугуна алып келет. “ММБР” модулу аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн сапаттуу маалымат базасын түзөт, мындай ресурска суроо- талап абдан жогору болот, себеби статистикалык, салыктык, финансылык жана аны эсепке алуунун башка түрлөрү муниципалдык мүлктүн абалынын так жана туура берилген көрсөткүчтөрүнө көз каранды болот.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамаат, мамлекет жана башка кызыкдар жактар бул платформанын негизги пайдалануучулары болуп саналат. Системага киргизилген бардык маалыматтар туруктуу сакталат, буга чейин жазылып калгандарын өчүрүп салууга болбойт, бул болсо мүлктү туура эмес пайдалануу, кыянаттык жана коррупция кылуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтат.

“Санарип аймак” АМТнын “ММБР” модулун киргизүү Кыргыз Республикасынын муниципалитеттеринин инфраструктураларын өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп калмакчы. Эми жергиликтүү жамаатка таандык муниципалдык мүлк ачык жана айкын колдонулса болоору модулдун маанилүүлүгүнөн кабар берет. Коомчулук үчүн муниципалдык мүлктүн кыймылы тууралуу маалымат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтына жайгаштырылат.

1 ЖДКЖ долбоору жергиликтүү деңгээлде системалуу өзгөрүүлөрдү киргизүү жолу менен муниципалитеттердин өз элине берген кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга көмөктөшүүгө багытталган. Долбоор өлкөнүн муниципалитеттерине кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жеткирүү процессин өркүндөтүүгө жардам берүү менен ийгиликтүү иштешип келатат.