Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык мүлккө чарба жүргүзүү укугу: сатууга болбойт, бирок башкарууга жол берилет

2023-11-07 / Муниципалдык менчик

Гүлнара САЯКБАЕВА, ЖДКЖ Долбоорунун эксперти

Муниципалдык менчиктеги мүлк, жергиликтүү бюджеттердин каражаттары, ошондой эле муниципалдык субъекттердин мүлктүк укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин түзөт. Муниципалдык мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биринчи кезектеги милдеттеринин бири, себеби муниципалдык мүлктү пайдалануудан алынган кирешелер толук көлөмдө жергиликтүү бюджетке түшөт.

Муниципалдык менчикти башкаруунун негизги программалык максаттары төмөнкүлөр:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин камсыз кылуу;
  • муниципалдык менчикти анын түзүмүн оптималдаштыруунун, башкаруунун бирдиктүү системасын түзүүнүн негизинде башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • жергиликтүү бюджетке кошумча киреше алуу;
  • инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Муниципалдык менчикти башкаруу пайданы же рентаны алууга эмес (бирок пайда да, рента да максаттуу жана кокустан чыга келиши мүмкүн), жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө

ашырууга багытталгандыгы принципиалдуу маселе. Мындан улам муниципалдык менчикти башкаруунун максаты көп жагынан биринчи кезекте жергиликтүү жамааттын артык- чылыктарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарынан, экинчиден – стратегиялык максаттардан жана жалпы республикалык өнүгүүнүн артыкчылыктарынан көз каранды.

Муниципалдык менчикти башкаруу процессинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык деңгээлде ырааттуу таасир этүүнүн уюштуруучулук- экономикалык механизми түзүлөт, ал өзүнө мыйзамдарга, максаттуу нормативдерге, салык салуу ченемдерине, социалдык стандарттарга, натыйжалуулук критерийлерине жана көрсөткүчтөрүнө, мүлккө ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу чөйрөсүндөгү чарбакер субъекттердин ишине өзгөртүүлөрдү камтыйт.

Муниципалдык менчиктеги объекттерди талдоо бул мүлктүн багыты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, жергиликтүү калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн көп функциялуу жана максаттуу мүнөздө экендигин көрсөтүүдө. Ошону менен катар ЖӨБ органы муниципалдык менчиктеги объекттердин менчик ээси болуу менен дайыма эле бул объектке оперативдүү башкарууну жүзөгө ашыра бербейт. ЖӨБ органы бул мүлктү ар кандай тараптарга, анын ичинде муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге өткөрүп берет. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, муниципалдык мүлк пайдаланууга жана ижарага, чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсе болот, ошондой эле ипотекага жана күрөөгө берилиши мүмкүн. Ошол эле маалда айрым бир учурларда муниципалдык менчиктеги объекттер кызыкдар тараптардын ортосунда талаш-тартыштардын предмети болуп калат. Муниципалдык ишканалар калкка кызмат көрсөтүү үчүн пайдаланган муниципалдык менчик объектилерине карата “укуктук тазалыкты” камсыз кылуу өзгөчө маанилүү, ошондуктан мындан ары муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген муниципалдык мүлк жөнүндө сөз болот.

Мүлккө чарба жүргүзүү укугу – бул ишкер субъектиге-ишканага чарбалык иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берген чектелген буюмдук укук. Мындай укуктан муниципалдык ишканалар гана пайдалана алат, башка типтеги уюмдарга бул укук жайылтылбайт. Муниципалдык ишкананы түзүп жатканда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик ээси катары мүлктү бөлүп берет, ал эми жаңы уюм – муниципалдык ишкана аны эксплуатациялоо жана сактоо үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.

Мүлктүн чарба жүргүзүү укугунда болушу менчик ээси ишкананы түзүү, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо, аны кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечет, ишкананын директорун (жетекчисин) дайындайт, ишканага таандык мүлктүн сакталышына жана багыты боюнча пайдаланылышына көз салат дегенди билдирет. Мүлктү чарба жүргүзүү укугу менен алган адам бул кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык (складдык) капиталына салым катары кошууга же менчик ээсинин макулдугусуз ал мүлктү башкача ыкма менен тескөөгө укуксуз.

Түзүлгөн учурда муниципалдык ишкана уюштуруучудан – ЖӨБ органынан ар кандай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, товардык- материалдык баалуулуктарды, арзан баалуу жана тез эскирүүчү буюмдарды менчик ээси менен муниципалдык ишкананын жетекчисинин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча алат.

Мыйзамдарда муниципалдык ишканалардын карамагында турган мүлктү максаттуу пайдалануу режими каралган. Ишкана кыймылдуу мүлктү жана даяр продукцияны өз алдынча, ал эми кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугу менен гана тескейт. Менчик ээси ишканадан мүлктү алып коюуга укуксуз, ал анын карыздары боюнча жоопкерчилик тартпайт (муниципалдык ишкана банкрот деп таанылган учурду кошпогондо).

Чарба жүргүзүү укугунда турган мүлктүн өзгөчөлүктөрүнөн аны менен түзүлчү бүтүмдөрдүн мүмкүнчүлүгү көз каранды. Чындыгында, чарба жүргүзүү укугу муниципалдык ишканага атайын укук жөндөмдүүлүгүнүн чегинде, аны түзүүнүн максаттарына жооп берген мүлктү гана пайдаланууга мүмкүндүк берет. Бул укуктун чегинен чыккан бүтүмдөр жараксыз болуп саналат. Менчик ээси ага макулдугун берсе да, эгерде негизги принцип бузулса, бүтүм жараксыз деп таанылат. Жалпак тил менен менен айтканда, айыл өкмөтү муниципалдык ишканага чарба жүргүзүү укугунда турган имаратты сатууга макулдук берсе дагы, бул бүтүм жараксыз деп табылат. Объектти муниципалдык ишкана эмес, айыл өкмөтү өзү гана сатууга укуктуу.

Чарба жүргүзүү укугу менчик укугуна караганда алда канча кууш. Укуктарды чектөө тескөөгө жана пайдаланууга карата жайылтылат, себеби ээлик кылуу укугун ишкана толук ишке ашырат: ишкана өткөрүп берилген мүлктү өз алдынча балансына бекитет, ал эми бул болсо мүлктү өзүнүн бухгалтердик балансына “отургузуу” үчүн ишканага тиешелүү коштоочу документ керек дегенди билдирет.

Мүлктү чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүп берүүнү жана аны кайра кабыл алууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ыйгарым укуктуу адам жүзөгө ашырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын же ыйгарым укуктуу адамдын буйругу же тескемеси жана муниципалдык ишкананын мүлкүнүн реестри муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүп берүү жана аны кайра кабыл алуу үчүн негиз болуп эсептелет, ал муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүү укугунда бекитүү жөнүндө келишимге тиркеме болуп саналат.

Муниципалдык ишкананын мүлкүнүн реестри – муниципалдык мүлктү каттоо боюнча тизимдин формасы (мындан ары – МИМР). МИМР муниципалдык ишкананын балансына муниципалдык мүлктү кабыл алуу үчүн бухгалтердик эсептин регистри болуп саналат. Муниципалдык мүлктү муниципалдык ишкананын балансына коюунун башка жолу жок.

Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору (мындан ары – ЖДКЖ долбоору) кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлеринин тарифтик саясатын өркүндөтүүгө, анын ичинде муну мүлктү натыйжалуу башкаруу аркылуу жасоого ЖӨБ органдарына жардам берип келатат. Муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүү укугунда муниципалдык ишканага туура бекитип берүү (өткөрүп берүү) мындай башкаруунун аспаптарынын бири болуп саналат. Ошондуктан Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын бардык өнөктөш айыл өкмөттөрүндө МИМР иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары талап кылгандай “мүлктү бекитип берүү” жол-жобосу жүргүзүлгөн.

Муниципалдык мүлктү МИМРге өткөрүп берүүнүн жол-жобосу жөнөкөй жана анча маанилүү эместей сезилиши мүмкүн. Бирок бул реестр процесстин бардык катышуучуларына мүлктү жүгүртүүнүн финансылык потенциалын кайра карап чыгууга, тактап айтканда мүлктү күнүмдүк тейлөө үчүн ички топтоо фондун түзүүгө мүмкүндүк берди. Алсак, “Масы-Тазалык” МИсинде, “Кызыл-Суу-Тазалык” МИсинде, “Бостери-Тазалык” МИсинде 2021-2023-жылдар аралыгында кыйла таасирдүү сумма топтолгон, бул акчаны ишканалардын жетекчилиги менчик ээсинин макулдугу менен жана тиешелүү жол-жоболорду жүргүзгөндөн кийин өз ыктыярына жараша пайдаланат.

Мүлктү башкаруунун мындай ыкмасы, ошондой эле мүлктү чарба жүргүзүү укугу менен башкарууга өткөрүп берүүнү тариздөө мыйзамдардын талаптарын аткаруудан тышкары, бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө да мүмкүндүк берди, анын ичинде негизги каражаттардын амортизациясы, машиналардын тетиктерин, эмеректерди жана жабдууларды оңдоого жана негизги каражаттардын амортизациялануучу бөлүктөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө шарт түздү. Ошондой эле салык салуу маселеси да талаш жаратпай калды. Бардык жүргүзүлгөн финансылык операциялар экономикалык ырааттуулукта ишканалардын чарбалык ишинде чагылдырылып турат жана салыктар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо, статистикалык эсепке алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аймактык органдар тарабынан эсепке алынат.

1-таблица. ЖДКЖ Долбоорунун өнөктөш ЖӨБ органдарынын муниципалдык ишканаларынын функциялары