Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ноокат шаары муниципалдык башкаруунун жаңы, кыйла натыйжалуу ыкмаларына үйрөндү

2021-05-21 / Муниципалдык менчик
Ноокат шаары муниципалдык башкаруунун жаңы, кыйла натыйжалуу ыкмаларына үйрөндү

Жоомарт НУРДИНОВ, Ноокат шаарынын мэри

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү ЖӨБ органдарынын калк алдындагы негизги милдети жана жоопкерчилиги болуп эсептелет. Биринчи кезекте, жарандарга материалдык шарттарды камсыздоо маанилүү: ичүүчү таза суу менен камсыздоо, тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана утилизациялоо, коомдук жайларды көрктөндүрүү муниципалдык жолдорду, тротуарларды, эс алуучу жайларды (парктарды), скверлерди оңдоо ж.б.

Мына ушундай милдеттерди аткарууда USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун Ноокат шаарынын мэриясынын ишине салымы чоң болду. Эң оболу, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча ар түрдүү ар кандай иш-чараларга - тренингдерге, семинарлара, тегерек столдорго, окутуу сапарларына мэриянын кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, жигердүү жарандар, аялдар жана аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү катышып, ар тараптуу билимге жана практикалык тажрыйбаларга ээ болушту.

Аталган Долбоор менен Ноокат шаарынын мэриясы ортосунда эки тараптуу келишим түзүлүп, анын негизинде бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Атап айтканда, Ноокат шаарынын депутаттарынан, аппарат кызматкерлеринен, Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринен турган жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун мүчөлөрү шаардагы эң көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгышкан. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун стратегиясы Шаардык кеңештин сессиясында бекитилген.

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун стратегиясында төмөнкү маселелер артыкчылыктуу деп тандалган: 1) салыктык башкарууну жакшыртуу;  2) Ноокат шаарындагы тазалык кызматын жакшыртуу; 3) мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу;  4) спорт боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштурууну жакшыртуу.

USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоору менен кызматташуунун алкагында жүзөгө ашырылган дагы бир иш-чара - WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу калк менен кайтарым байланыш механизмин түзүү болду. Бул механизмди колдонуунун аркасында шаардын тургундары ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүүгө жана суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты. Ноокат шаары USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбооруна өнөктөш болгондон баштап, жумушка болгон көз карашыбыз жаңыланды деп айтууга болот. Бул долбоордун көмөктөшүүсүнүн менен 2019-2022-жылдарга Коммуникациялык стратегия да түзүлүп, шаардын тургундары мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштар туурасында толук маалымат ала башташты. Мындай үзгүлтүксүз маалымдоо шаар мэриясы менен тургундардын ортосундагы ажырымды кыскартууга мүмкүндүк берди. Маалыматтар социалдык тармактар, мессенджерлер ж.б. каналдар аркылуу жайылтылат.

“Ийгиликтүү аймак” долбоору менен кызматташуунун натыйжасында жетишкен олуттуу ийгиликтердин бири - инвентаризациялоо жол-жоболоруна үйрөнүү болду. Буга чейин муниципалдык мүлктү ар жыл сайын инвентаризациялоо иштери бизде таптакыр жүргүзүлгөн эмес. 

Ал эми азыркы учурда шаардын муниципалдык мүлкүнүн Бирдиктүү реестри түзүлүп, ЖӨБЭММАнын сайтына жайгаштырылды. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча Ноокат муниципалдык менчиги 129 044 148 сом түзөөрү аныкталды. Мүлктүн ээси катары Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти таанылды. 

Ноокат мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин жана мекеме-ишкана жетекчилеринин пикири боюнча, шаар дагы эки-үч жылга чейин долбоордун жардамына муктаж. Өзгөчө практикалык жана юридикалык жардам, анын ичинде муниципалдык мүлктү башкарууну андан ары жакшыртуу маселелеринде.

Долбоордун колдоосу менен шаар көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Мисалга алсак, бюджет боюнча коомдук угуу өткөрүү, жарандык бюджет үчүн маалыматты иштеп чыгуу жана таркатуу, таштанды чыгаруунун тарифин иштеп чыгып - субсидия алуу, бюджетти көбөйтүү максатында салыктык башкаруу, ишкана-мекемелерде инвентаризация жүргүзүү, жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу сыяктуу жумуштар жасалды. 

Шаар башчысы катары USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору менен кызматташтыктын жыйынтыктарын жогору баалайм. Чогуу иштешүүдө биз ЖӨБ органынын ишин жана жамаатты өнүктүрүүгө чоң салым кошо алдык деп эсептейм.