Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Борбор Азиялык гендердик контекст деген барбы?

2022-05-09 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу

2022-жылдын 13-апрелинде ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) платформасында “Борбор азиялык гендердик контекст: Борбор Азиядагы жергиликтүү өнүгүүгө жана башкарууга аялдардын катышуусун күчөтүүнүн регионалдык модели” деген темада онлайн талкуу өттү.

Талкууну1Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен биргеликте демилгелеп, 2022-жылдын февраль айында өткөрүлгөн онлайн талкуу семинарынын жыйынтыгына сереп салууга арналды.

Талкууга жарандык коомдун 30дан ашык өкүлү, эксперттер, жергиликтүү жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Талкууда Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы, БАЖБАнын кеңешчиси Надежда Н.ДОБРЕЦОВА модератор болду.

Катышуучулар менен саламдашуу сөзүндө БАЖБАнын директорунун милдетин аткаруучу Айнура ЧАНДЫБАЕВА “Жумшак гендер: Борбордук Азиядагы жергиликтүү өнүгүүгө жана башкарууга аялдарды тартуунун аймактык модели” долбоорун ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн Швейцария Өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, долбоордун максаттары жана милдеттери менен тааныштырды. Ошондой эле А.ЧАНДЫБАЕВА Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын эксперттери маалыматтарды чогултууга катышканын, элеттик жамааттарда гендердик теңчиликке жетишүү үчүн иш-чараларды трансформациялоо боюнча сунуштарды даярдоодо гендер боюнча эксперттин жана БАЖБАнын кеңешчисинин ролун белгиледи. “Борбор Азия өлкөлөрүндө жергиликтүү өнүгүүгө аялдардын катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү биздин долбоордун максаты болгон. Талдообуздун негизинде аялдардын укуктарын кеңейтүү чөйрөсүндө аймактык таасир модели боюнча сунуштарды даярдадык, аны бүгүн силерге беребиз. Биз бул серепти Борбор Азиянын төрт өлкөсүндөгү: Казакстандагы, Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы улуттук жана жергиликтүү өз деңгээлиндеги мамлекеттик башкаруу органдарына, жарандык коом уюмдарына жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жөнөтөбүз. Албетте, анда талаштуу тыянактар болушу мүмкүн, бирок ал аймактагы гендердик теңчилик боюнча бардык суроолорго ачык-айкын жооп берүү эмес, региондогу гендердик теңчиликке жетүү кыйын болгон жоопсуз актуалдуу суроолорду көтөрүү максатын көздөгөн. Бул багыттагы ишибиз биргелешкен күч-аракеттер менен уланат деп ойлойм. Жаңы иштелип чыккан “жумшак гендер” моделинин жардамы менен биз жамааттардын арасында гендердик теңчилик боюнча агрессивдүү реакцияны же айрым бир нерселерди танган көрүнүштү жок кыла алабыз же азайта алабыз”.

ADI өкүлү Аида ЖАМАНГУЛОВА: “Сереп чөлкөмдөгү гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иштерге башкача көз карашты калыптандырат, сизди ойлондурган башка пикирди жаратат”.

“Сорос-Кыргызстан” Фондунун программалык координатору Гүлнара ИСАБАЕВА: “Силер адамды ойго сала тургандай кылып, гендердик теманын өңүтүн козгодуңар. Мен буга чейин деле акыркы бир нече жылдан бери гендердик кырдаал начарлап кеткенин байкап жүрөм, тилекке каршы, бүгүнкү сереп менен таанышып чыккандан кийин байкоолорум тастыкталды. Бул багытта кандайдыр бир долбоорлорду ишке киргизүүдө донорлор жергиликтүү менталитетти, өзгөчөлүктү жана башка өңүттөрүн эске алышы керек”.

Махабат АЛЫМКУЛОВА, USAID, гендер маселелери боюнча кеңешчи: “Мен бүгүнкү талкуу менен чектелип калбай, бул талкууну улантууну сунуштайт элем. Атап айтканда, гендердик бюджеттөөнү трансформациялоо темасын карап чыгып, эркектерге карата сунуштарды киргизсе болот. Себеби, гендер деген аялдар гана эмес да, буга эркектер да кирет”.

_____________ 

1 Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясын (мындан ары – БАЖБА) Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу (мындан ары – ЖӨБ Союзу) жана Өнүктүрүү саясат институту (мындан ары – ӨСИ) түзгөн. Академия Борбордук Азия өлкөлөрүндө башкаруунун субулуттук деңгээлиндеги органдарынын кызматкерлеринин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана жергиликтүү жамааттардын лидерлеринин потенциалын өнүктүрүп, тажрыйба алмашуу максатында түзүлгөн. 2021-жылдын ноябрынан 2022-жылдын апрелине чейинки мезгил аралыгында БАЖБА Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте “«Жумшак» гендер: Борбор Азиядагы жергиликтүү өнүгүүгө жана башкарууга аялдарды тартуунун регионалдык модели” (Soft Gender: Regional Model of Women Involvement in Local Development and Governance in Central Asia) долбоорун ишке ашырды. Долбоор Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Чакан гранттар программасы тарабынан каржыланат. Долбоордун жалпы максаты – Борбор Азия өлкөлөрүндө аялдардын жергиликтүү өнүгүүгө жана башкарууга катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. “Борбор Азияда жергиликтүү өнүгүүгө жана башкарууга аялдардын катышуусун күчөтүү боюнча регионалдык модель” аттуу семинар долбоордун негизги иш-чарасы болду. Семинар 2022-жылдын 8-февралынан 18-февралына чейин өттү (жалпысынан үч сааттык 5 онлайн сессия өткөрүлдү). Семинарга Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышып, консультациялык жолугушуулар болду. Семинарга жалпысынан 71 адам катышты, анын ичинде Казакстандан 13, Кыргызстандан 42, Тажикстандан 9 жана Өзбекстандан 7 өкүл катышты.

Окшош материалы: