Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Борбор Азиялык гендердик контекст: Борбор Азиядагы жергиликтүү өнүгүүгө жана башкарууга аялдардын катышуусун күчтөндүрүүнүн регионалдык модели

2022-05-09 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Борбор Азиялык гендердик контекст: Борбор Азиядагы жергиликтүү өнүгүүгө жана башкарууга аялдардын катышуусун күчтөндүрүүнүн регионалдык модели

Серепчи-серептин автору: Надежда ДОБРЕЦОВА, “Өнүктүрүү саясат институту” КБ башкаруу төрайымы. Гендердик экспертизаны жүргүзгөн адис: Кайыргул САДЫБАКАСОВА. Талкуунун өлкөлүк фасилитаторлору жана рецензенттери: Махаббат ЕСПЕНОВА (Казакстан); Чолпон АКМАТОВА, Асель ДУНГАНАЕВА, Салтанат СУЛАЙМАНБЕКОВА (Кыргызстан); Рано ДЖУМАЕВА, Азиза ХОШИМОВА, Фарогат МУМИДЖОНОВА (Тажикстан); Дилдора АМИРКУЛОВА (Өзбекстан).

Бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүндө гендердик теңчиликке жетишүүгө кызыкдар тараптардын алдында универсалдуу баалуулуктарды өздөштүрүүнүн жолдорун издөө милдети турат, ал эми бул үчүн аялдардын жергиликтүү өнүгүүгө жана башкарууга катышуусун күчтөндүрүүнүн борбор азиялык регионалдык модели барбы деген суроого жооп берүү зарыл. Бул модель регион үчүн процессти тездетүүчү өзгөчө факторлорду камтышы керек. Бул сереп азырынча регионалдык гендердик контексттин айрым бир спецификалык белгилерин гана аныктады, аларды талдоонун негизинде Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууну тездетүү үчүн аялдарды колдоонун жумушчу моделдерин адаптациялоо, өркүндөтүү жана кеңейтүү боюнча кызыкдар тараптарга сунуштар берилген. Сереп Борбордук Азиянын төрт өлкөсүндөгү: Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын улуттук жана суб-улуттук (жергиликтүү) деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарына, жарандык коом уюмдарына жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө даректелген. Серепте талаштуу тыянактар болушу мүмкүн, бирок ал аймактагы гендердик теңчилик боюнча бардык суроолорго ачык-айкын жооп берүү эмес, региондогу гендердик теңчиликке жетүү кыйын болгон жоопсуз актуалдуу суроолорду көтөрүү максатын көздөгөн. Сереп ошондой эле региондо этногендердик изилдөөлөрдү уюштурууга жана жүргүзүүгө түрткү болуп бере алат, бул изилдөөлөрдүн өзөгүндө дисциплиналар аралык мамиле жатат, бул мамиле гендердик-ролдук жүрүм-турум маселеси менен түздөн-түз же кыйыр түрдө алектенген социология, тарых, психология, демография, искусство таануу, лингвистика чөйрөсүндөгү билимдерди бириктирет. Бул жагынан алып караганда, сереп академиялык жана илимий жамааттарга да даректелет.

“Муниципалитет” журналы серепти даярдоого өбөлгө болгон шарттарды жана анын кыскача мазмунун жарыялайт. Журналдын кийинки сандарында улуттук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жарандык коомго жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө даректелген кененирээк сунуштарды окуй аласыз.

Серепти даярдоого өбөлгө болгон шарттар

Борбор Азия өлкөлөрүндө аялдардын чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусун гана эмес, ошондой эле өзүн-өзү өнүктүрүү процесстеринде, ал тургай киреше алып келүүчү иш-аракеттерде да чектеген жалпы стереотиптер бар. Алар: жакырчылыктын жогорку деңгээли, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн чектелүүлүгү, салттардын таасири, төлөнбөгөн үй жумуштарынын үлүшү, билимдин сапатынын начардыгы жана ага жетүүнүн чектелгендиги, дагы башка факторлор. Региондогу өлкөлөрдүн элет жергелеринде аялдардын басымдуу бөлүгү социалдык-маданий чектөөлөрдөн улам өмүрүн үйдө өткөрүшөт, жалаң гана үй чарбасы жана балдарды тарбиялоо менен алектенишет. Мындан улам өз дараметин баамдабаган, тандоосу жок аялдардын жаңы мууну, ошондой эле элеттик аялдардын өнүгүүгө жана экономикага кошкон салымын тааныбаган эркектердин мууну өсүп жатат. Мунун баары аялдардын өзүнө гана эмес, шарттуу көз караштардан улам жаратман күчтү жоготуп жаткан өлкөлөрдүн коомуна жана экономикасына да терс таасирин тийгизүүдө.

Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк коомчулук менен биргеликте 2030-жылга чейин Күн тартибин ишке ашырууга милдеттенме алышкан, муну менен Туруктуу өнүктүрүүнүн бардык максаттарына жетишүүнүн негизги шарты – гендердик теңчиликти илгерилетүү экенин таанышкан. Бирок бул багыттагы көптөгөн аракеттер, анын ичинде гендердик теңчиликтин декларативдик талаптарына негизделген өнүктүрүү долбоорлорунун айрым күч-аракеттери ийгиликтүү болбой жатат, себеби алар эркектерден да, аялдардан да колдоо таппай калууда, алар жашоосун гендердик теңчиликтин принциптерине ылайык өзгөртүүгө дайыма эле даяр эмес.

Ошол эле учурда жер-жерлерде аялдарды өнүктүрүүгө тартуунун жергиликтүү шарттарына ыңгайлаштырылган практикалар түзүлүп жатат, аялдардын прогрессивдүү ислам топторун (Кыргызстандагы “Мутакалим” кыймылы) мисал катары келтирсе болот. Мындан тышкары, жалпы советтик өткөн чак жана тарыхый жалпылык фактору мааниге ээ, ал болсо алсырап баратат, бирок аны азыр да аялдардын улуу мууну менен иштөө үчүн колдонсо болот.

Аялдардын жергиликтүү саясаттагы жана жергиликтүү өнүгүүдөгү ролун, ошондой эле анын өлкөнүн экономикасына кошкон салымын коомчулук тааный турган деңгээлге жеткирүүгө багытталган келечекте жасалчу чаралар бар. Демократиянын жана гендердик теңчиликтин эл аралык таанылган ченемдерине гана эмес, ошондой эле жергиликтүү саясатка катышууга аялдардын укуктарын дагы эле четке кагып, ага каршы турган жергиликтүү жамааттардын көз карашын калыптандырган жүйөлөрдүн үстүнөн иштөө да сунушталат.

Бул ишти колго алган жактар Борбор Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү, жергиликтүү өнүгүүгө жана башкарууга аялдардын катышуусун күчөтүүчү факторлорду аныктап, жалпылап, системага салышы керек. Бул факторлор гендердик теңчиликти өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн “жумшак” кийлигишүү моделин түзүүгө жардам берет, бул модель Борбор Азия өлкөлөрүндө колдонула турган практикалардын жана аспаптардын жыйындысы болуп саналат. Моделди БАЖБАнын жардамы менен региондо гендердик теңчиликти жана басмырлоону болтурбоо тармагында иштеген бардык кызыкдар адамдар жана бейөкмөт уюмдар, ошондой эле донорлор, эл аралык уюмдар, БУУнун агенттиктери колдоно алышат.

Гендердик теңчиликке жетүү максатында натыйжалуу чечимдерди тездетүү жана кабыл алуу үчүн региондун өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүү талап кылынат. Бул гендердик теңчиликти кабыл алууда кандайдыр бир өзгөчө мамилени талап кылган объективдүү чектөөлөрдү жана субъективдүү факторлорду таанып, эске алуу үчүн зарыл. Аялдардын демилгелерин өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн сунушталган “жумшак” кийлигишүү модели таптакыр эле жаңы болбосо да, долбоордун жыйынтыктары кызыкдар тараптар үчүн пайдалуу болот.

Серептин кыскача мазмуну

Талкууга катышкан Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө – Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда расмий деңгээлде гендердик теңчиликке жетишүү жаатында тиешелүү мамлекеттик саясаттар жана программалар бар, бардыгы Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү процессинин алкагында иш алып барышат. Бирок гендердик теңчилик жаатындагы максаттарды аныктаган 5-максатка жетишүү деңгээлин өлчөгөн рейтингде Борбор Азиядагы бир дагы өлкө алдыңкы 10 же 20 мамлекеттин катарына кирген эмес.

Бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүндө гендердик теңчиликке жетишүүгө кызыкдар тараптардын алдында универсалдуу баалуулуктарды өздөштүрүүнүн жолдорун издөө милдети турат, ал эми бул үчүн аялдардын жергиликтүү өнүгүүгө жана башкарууга катышуусун күчтөндүрүүнүн борбор азиялык регионалдык модели барбы деген суроого жооп берүү зарыл. Бул модель регион үчүн процессти тездетүүчү өзгөчө факторлорду камтышы керек. Адамдын универсалдуу укуктарын аныктап, орнотуу процессинде ар кандай регионалдык контекст, кандайдыр бир спецификалык өзгөчөлүктөр жана мүнөздөмөлөр “тазаланып”, катышуучу өлкөлөр укуктарды өз шарттарына, контекстине ылайыкташтырып, кабыл алышкан. Укуктар чындап эле универсалдуу болуп, планетанын ар бир жашоочусу колдоно ала тургандай формулировкаланган, бул укуктарды идеалдуу кырдаалда каалаган мамлекет өркүндөтүп, толуктай алат, бирок бул иштер укуктарды азайтуу эмес, кеңейтүү багытында гана жасалышы керек. Дал ушул нерсе баалуулуктар системасынын күчтүү жагы болуп саналат. Бирок ошол эле учурда бул чакырык да болот, себеби өнүгүү контекстинде өтө чоң айырмачылыктарга ээ болгон жамааттар универсалдуу баалуулуктарды бирдей жана тең деңгээлде сиңире алышпайт, аларды дайыма эле кошумча күч-аракетсиз эле өз контексттерине интеграциялап кете алышпайт. Баалуулуктарды киргизүүгө колдоо көрсөтүү чаралары көбүнчө бирдиктүү мамилелерге жана регионалдык контексттерге чабал ыңгайлашкан чечимдерге негизделгендигине байланыштуу сиңирүү жөндөмдүүлүгү да азаят. Бардык адаптация көбүнчө лингвистикалык жана шарттуу-маданий тышкы көрүнүштөргө байланат, ал эми терең психологиялык, тарыхый, диний жана башка процесстер эсепке алынбай калат.

Сереп азырынча регионалдык гендердик контексттин айрым спецификалык белгилерин гана аныктоого мүмкүндүк берди: 1) баалуулуктардын өзгөчө иерархиясы, анын башында адамдын жеке укуктары эмес, үй-бүлө кызыкчылыктары турат; 2) кылымдар бою Борбордук Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү болгон жүрүм-турумдун мета-коддорунун жыйындысы (токтоолук, эмоцияны билдирбөө; көп сандагы тыюу салынган темалар; каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо ж.б.у.с.); 3) “гендер” түшүнүгү терс маанайда кабыл алынып, КЭУлардын терс имиджи түзүлгөн (“гендер=КЭУлар”, “КЭУлар=грант жегичтер жана чет элдик агенттер”, “гендер=ЛГБТ” ж.б.); 4) элеттик жамааттарда гендердик теңчилик жаатында жарыяланган жана иш жүзүндөгү саясаттын ортосундагы саясий ажырым бар, бул саясатты ишке ашыруу механизмдеринин жоктугу менен да, жетекчилердин гендердик адилеттүүлүктү камсыз кылуудагы алсыздыгы менен да шартталууда (мамлекеттик саясатты аткаруучулар жергиликтүү жамааттардын мүчөсү болуп туруп, улуттук деңгээлде саясатта жарыяланган баалуулуктарды жана багыттарды түшүнүшпөйт, ал эми кээ бир учурларда ал саясатка кошулушпайт); 5) санариптештирүүнүн борбор азиялык гендердик контекстке тийгизген таасиринин даражасы жана векторлору (маселе социалдык тармактардын жана Интернетке кирүүнүн таасири контекстинде гана талкууланды, бирок башка көптөгөн өңүттөрүндө ал ачык бойдон калууда жана багыттуу изилдөөнү талап кылат).

Дагы бир маанилүү жагдай байкалды: Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр өздөрүнүн позитивдүү улуттук калыптанып калган маданиятын баалашат жана гендердик теңчиликти сактап, дискриминацияга жол бербөө маселелерине маданий, кээде менталдык көз карашты колдонушат. Ошол эле учурда аялдын адам катары баалуулугу дагы эле “анын пайдалуулугу” же “анын өндүрүмдүүлүгү” менен кабыл алынып, байланыштырылып келет (төрбөгөн аялдар дагы эле коом тарабынан айыпталып келет, анын абалын түшүнгүсү келишпейт; аялдын өзүн өнүктүрүүгө, билим алууга укугу адатта алынган көндүмдөр жана билимдер үй-бүлөнүн материалдык абалын жакшыртса гана таанылат).

Этногендердик факторлорду1 эсепке албай туруп, гендердик теңчилик жаатында кандайдыр бир олуттуу жылыштарга жетишүү мүмкүн эмес. Бул изилдөөнүн маалыматтары өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрү үчүн актуалдуу болуп калды, алар биринчи кезекте аялдарга таасир этүүчү үч кошумча факторлор: билим берүүнүн сапатынын жана жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшү, жакырчылык, демография, исламдын маанисинин артышы жана ислам жарандык коомунун таасиринин күчөшү. Чөлкөм борбор азиялык гендердик контекстинин спецификалык өзгөчөлүктөрүн али талаптагыдай баамдай элек жана ушул сереп бул багытта кадам таштап жатат.

Талкууга катышкан Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандык коомунун өкүлдөрү жергиликтүү (суб-улуттук) деңгээлде колдонулуучу таасир этүүнүн жана кийлигишүүнүн бардык ыкмаларын трансформациялоо зарылдыгы өтө жогорку деңгээлде болгонун белгилешти. Борбор азиялык гендердик контекстти эске алып, реалдуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн трансформация зарыл. Бул тууралуу семинардын катышуучуларына БУУ-Аялдар түзүмүнүн Борбор Азиядагы өкүлү Улзийсурен ЖАМСАРАН да айтып, гендердик теңчиликти тездетүү, колдонулган ыкмаларды кайра карап чыгуу жана көп деңгээлдеги трансформация талап кылынарын белгиледи. Гендердик теңчиликке жетишүү процессинин субъекттери болгон бардык катышуучулар үчүн трансформациянын багыттарын аныктоо максатында талкуу-семинардын катышуучулары башкаруунун улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерине, коммерциялык эмес уюмдарга жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө даректелген төрт сунуштун топтомун беришти (сунуштардын топтому Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндөгү процесстин катышуучуларына даректелген). Серепте сунуштардын ар бир топтому деталдуу каралып, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан үчүн ар бир сунуштун актуалдуулугунун деңгээлине баа берилген. Сунуштардын көпчүлүгү өтө актуалдуу, курч көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган, бирок өлкөлөр боюнча айырмачылыктар да бар. 

____________ 

1 Этногендердик изилдөөлөрдүн өзөгүндө дисциплиналар аралык мамиле жатат, бул мамиле гендердик-ролдук жүрүм-турум маселеси менен түздөн-түз же кыйыр түрдө алектенген социология, тарых, психология, демография, искусство таануу, лингвистика чөйрөсүндөгү билимдерди бириктирет. Этногендердик изилдөөлөрдүн максаты “дүйнөдөгү гендердик мамилелердин ар кандай формаларынын реалдуу көп түрдүүлүгүн жана маданий жетиштүүлүгүн, бир катар чөлкөмдүк факторлордун (климаттык, ландшафттык, экономикалык, генетикалык, саясий ж.б.) таасири астында алардын пайда болушунун жана өнүгүшүнүн объективдүү шарттуулугун көрсөтүү (жана далилдөө). Шалыгина Н. В., Снежкова И. А. Орусияда этногендердик изилдөөлөрдүн калыптанышы жана өнүгүү келечеги // Власть. 2019. 27-том. № 4. 170-174-беттер. DOI: https://doi.org/10.31171/vlast.v27i4.6625.

 

 

Окшош материалы: